2012-жылдын жыйынтыктары боюнча 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясын жүзөгө ашыруунун иш-чаралар Планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат



жүктеу 238.49 Kb.
Дата24.02.2016
өлшемі238.49 Kb.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын “___”____________

№________ буйругуна

тиркеме


2012-жылдын жыйынтыктары боюнча 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясын жүзөгө ашыруунун иш-чаралар Планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген. Стратегия эгемендүү Кыргызстандын бүткүл тарыхында социалдык коргоо чөйрөсүндөгү биринчи программалык документ жана элдин социалдык жактан аялуу катмарларынын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан.

Стратегиянын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- турмуштук кыйын кырдаалдагы үй-бүлөлөрдүн жана балдардын мамлекеттик социалдык төлөмдөргө, балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыз кылууга багытталган кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн арттыруу;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана төлөмдөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, коомдук турмушка катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган шарттарды түзүү;

- улгайган жарандарды социалдык төлөмдөрдүн татыктуу деңгээли менен камсыз кылуу жана аларга сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү;

- тобокел топко тиешелүү болгон адамдарды профилактикалоо жана социалдык реабилитациялоо боюнча жеткиликтүү социалдык инфраструктураны түзүү.

Стратегиянын Иш-чаралар планы, жалпысынан 10 бөлүмдөн, 12 милдеттен, 67 иш-чарадан турат, мында 111 аракет каралган, иш-чаралардын эң чоң үлүшү, дээрлик 60 %ы Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине бекитилген. Ошондой эле, иш-чаралардын негизги жана тең аткаруучулары болуп 14 аткаруучу бийлик мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкталган.

Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Стратегиянын иш-чараларын аткаруу боюнча 2012-жылдын жыйынтыгында берилген отчетторунун негизинде жүргүзүлгөн талдоо Иш-чаралардын планы 64 %га, негизги индикаторлор боюнча максаттуу көрсөткүчтөр – 27 %га, негизги мыйзамдык демилгелердин тизмеси - 50%га аткарылганын көрсөттү.

Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө тиркелген матрицалык маалыматта мөөнөттөрү 2012-жылга карата (48,6 %), 2012-2013-жылдарга жана 2012-2014-жылдарга карата көрсөтүлгөн Иш-чаралар, ошондой эле аткаруу убактысы туруктуу мүнөздөгү (51,4 %) иш-чаралар чагылдырылган.

Жалпысынан мамлекеттик бюджеттин кыйла тартыштыгына, ошондой эле калкты социалдык коргоо системасында болуп жаткан көйгөйлөргө карабастан министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Стратегияда белгиленген иштин негизги артыкчылыктуу багыттарынын 4-пунктун аткаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзшкөн.


  1. Кыйын турмуштук кырдаалдагы балдарды жана

үй- бүлөлөрдү социалдык коргоо

Стратегияны ишке ашыруу алкагында 2012жылдын 1-ноябрынан тартып кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмү 370 сомдон 580 сомго чейин жогорулатылган (өсүш 210 сом же 56,8 %). Балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун (АҮЖП) өлчөмү 2011-жылга салыштырмалуу 52 %га өскөн жана 463,7 сомду түзгөн, бул Стратегияны ишке ашырууда олуттуу жетишкендик болуп калды.

Жеңилдиктердин ордуна мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды төлөөнүн альтернативалуу механизмдерин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бул механизмге банктык система аркылуу сыноо жүргүзүлгөн. 2013-жылдын 1-январына карата банк системасы аркылуу социалдык төлөмдөрү алуучулардын жалпы саны республика боюнча 1475 адамды түздү.

Кыйын турмуштук кырдаалда болгон балдарды социалдык коргоо жагында ченемдик укуктук базаны түзүү боюнча олуттуу иш жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин демилгеси менен балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенция ратификацияланган.

2012-жылдын 10-июлундагы № 100 Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси кабыл алынган. Бул Кодекстин 37-беренесине ылайык жетим балдар интернаттык мекемелерге соттун чечими боюнча гана жөнөтүлөт, бул чара баланы үй-бүлөдө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү такыр болбогон учурда гана аргасыз чара катары колдонулат, муну менен балдардын интернат мекемелерге жиберилишине мамлекеттик контроль күчөтүлөт.

Калктын керектөөлөрүн жана жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 «Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы №691 “Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө” токтому менен кыйын турмуштук кырдаалда болгон балдарга социалдык кызматтарды көрсөткөн мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минимум стандарттар бекитилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 “Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө” токтому менен Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жобо бекитилген, аны ишке ашыруу ата-энесинен камкордугусуз калган балдардын жана кыйын турмуштук кырдаалдагы балдардын үй-бүлө чөйрөсүндө жашоо жана тарбиялануу укугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 “2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө” токтому менен 2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планы бекитилген. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасында интернаттык мекемелерди деинститутташтыруу үчүн негиздер түптөлгөн.

Мыйзам менен келишпестиги бар балдар үчүн социалдык коргоо чараларын түзүү жана өнүктүрүү боюнча тийиштүү иш жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2012-жылдын 17-майындагы № 70 буйругу менен мыйзам менен келишпестиги бар балдарды реабилитациялоо программасы бекитилген. Бул Программаны социалдык өнүктүрүүнүн райондук жана шаардык башкармаларында пилоттоо башталды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин линиясы боюнча жождордун бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруучу жетим балдар үчүн квоталар көбөйтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 “Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен Социалдык кызматкер жөнүндө жобо бекитилген, бул калкты социалдык тейлөө жагында иштеген адамдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө мүмкүндүк берди. Жер-жерлерде социалдык кызматкерлер үчүн шарттарды түзүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп калды. Алгылыктуу мисал катары, социалдык кызматкерлер үчүн сумкаларды алуу жана комплектилөө, велосипеддерди, униформаларды жана электрскутерлерди сатып алуу үчүн акча каражат бөлгөн Талас, Баткен шаарларынын мэрияларынын ишин айтса болот.

Социалдык коргоо боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан Ош жана Жалал-Абад региондоруна баруу менен тандап өткөрүлгөн мониторинг Ош облусунун Кара-Суу районунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациялары, ошондой эле Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылдык аймагы тарабынан калкты социалдык коргоо маселелерине чоң көңүл бурулуп жатканы көрсөттү. Райондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларды өнүктүрүү программаларында социалдык коргоо маселелери чагылдырылган, ошондой эле Социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан, 2012-жылдын жыйынтыгында алардын ишке ашырылышы боюнча отчеттор берилген.

Ошол эле убакта, негизги аткаруучулар тарабынан көрсөтүлгөн 2012-жылдын жыйынтыктары боюнча Стратегиянын Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду талдоо “Кыйын турмуштук кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо” бөлүмүндө иш-чаралар 53 %га аткарылганын, 47 %ы аткарылбай калганын көрсөттү.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан социалдык коргоо системасында аудитордук текшерүү механизмдерин жакшыртууга тиешелүү иш-чаранын 1-3-пунктту аткарылган эмес;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдорунун долбоорлору иштелип чыккан эмес:

- “Кыйын турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоонун жана социалдык камкордукка алуунун тартиби жөнүндө”;

- “Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”.

Төмөнкү механизмдер иштелип чыккан эмес:

- көзөмөлсүз калган балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча;

- ата-энесинен камкордугусуз калган балдардын жеке эсептерин ачуунун, ошондой элое алардын резиденттик мекемелердеги мүлктүк укуктарын коргоо боюнча;

- кыйын турмуштук кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарды аккредитациялоо боюнча.

Мында бул иш-чараларды аткаруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылбарын өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

Ошондой эле, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу улуттук жана эл аралык асыроо менен кошо камкорчулук, көзөмөлчүлүк маселелерин андан ары иштеп чыгуу талап кыларын белгилей кетүү керек.

Социалдык коргоо боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү берген мониторингдик материалды региондорго чыгуу менен талдоо кыйын турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоонун жалпысынан үзгүлт экендигин жана системалуу эместигин көрсөттү. Аларды аныктоонун тартиби эмдигиче жөнгө салынган эмес, аларды табуунун арыз берүү формасы сакталууда. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кыйын турмуштук кырдаалда болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдардын маселелерин чечүүдө министрликтердин жана ведомстволордун жер-жерлердеги аймактык түзүмдөрүнүн ишин контролдоо жана координациялоо маселелери начар коюлган.

Айыл өкмөттөрдүн социалдык маселе боюнча адистери менен социалдык өнүктүрүүнүн райондук башкармасынын кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттердин так бөлүштүрүлбөгөнү алардын иштеринде татаалдыктарды жаратып, функциялардын каталанышын жаратууда. Мисалы, турмуштук татаал кырдаалдагы үй-бүлөлөр жана балдар менен жеке иштөө пландарын түзүүнү жана алардын аткарылышын контролдоону Ош облусунун Кара-Суу райондук райондук социалдык башкармасынын кызматкерлер 2012-жылдын декабрында гана башташкан, аларга бул функциялар аларга 2011-жылдын башында эле өткөрүп берилген эле.

Райондук башкарманын бир социалдык кызматкери орточо алганда айына кыйын турмуштук кырдаалдагы 5-7 бала менен иш жүргүзөт. Мындан тышкары башкарманын социалдык кызматкерлери балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана алардын ата-энелеринин паспортторун кайра калыбына келтирүү менен иштөөгө аргасыз болушууда.

Сурамжылоо ушундай эле функцияны айыл өкмөтүндө социалдык маселе боюнча адистер да аткарарын көрсөттү.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кыйын турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды табууну айыл өкмөттөрдүн социалдык маселе боюнча адистери жүргүзүшөт, алар жеке иш жүргүзүү пландарын да иштеп чыгышат жана анын аткарылышын контролдошот.

Ошол эле райондук башкарманын социалдык кызматкерлери жеке иш жүргүзүү пландары боюнча ишти ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен өткөрүлгөн окутуучу семинарлардан кийин 2013-жылдын январынан тартып гана башташкан.

Эки райондо тең бакубат эмес үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин усулдук жактан, үй-бүлөлөр менен жеке иштөө пландарын иштеп чыгуу боюнча усулдук коштоосу жана анын аткарылышына контроль жок экендигинин фактысын белгилеп коюу керек. Кыйын турмуштук кырдаалда болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды табуу жана социалдык коштоо боюнча функциялар өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, социалдык кызматкерлердин функциялык жүгү ушул кезге чейин кайрадан карала элек.

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармаларынын социалдык кызматкерлеринин негизги функциялары болсо мурдагыйда эле, жалгыз бой улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейлөөдө турат.

Орточо алганда бир социалдык кызматкерге 10-15 жалгыз бой улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар туура келет, аларга айына 1-2 жолу барып турушат.

Эми райондук социалдык өнүктүрүү башкармасынын бир социалдык кызматкерине 15-22 улгайган жалгыз бой жаранды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды, ошондой эле турмуштук татаал кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо боюнча иш тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы №535 “Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому кабыл алынганына карабай, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул токтомду ишке ашыруу боюнча буйругу алигиче жок. Методикалык колдонмо да иштелип чыккан эмес. Ушул себептен калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жергиликтүү деңгээлдеги муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоо өткөрүлбөй келет.

Ош жана Бишкек шаарларында, Ысык-Көл жана Баткен облустарында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу стандарттарын, усулдарын жана аларды каржылоо механизмдерин жайылтуу боюнча кыйын турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөр жана балдар үчүн пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылган иш-аракеттери жок.

Анын кесепетинен мыйзам менен келишпестиги бар балдарга, иштеген балдарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө кызматтарды көрсөткөн көптөгөн борборлор 2013-жылы өз ишин токтотту. Мисалга алсак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы “Келечек” борбору 2012-жылы ЮНИСЕФтин колдоосунда мыйзам менен чыр-келишпестиги бар балдарга кызмат көрсөтүп жаткан. Ошондой эле, Кара-Суу районундагы борбор «EveryChild» колдоосу менен иштеген балдар үчүн кызматтарды көрсөтүп жаткан. Бул борборлор жабылып калган жана кыйын турмуштук кырдаалдагы 500гө жакын балдар жардамы жок калды.



  1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды

социалдык коргоо

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптык проблемаларын аныктоого жана чечүүгө мамилени өзгөртүү боюнча иш башталгандыгын белгилей кетүү керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (мындан ары ДМЧА), өзгөчө балдарды социалдык жөлөкпулдар менен камтуу боюнча иш жакшыртылган. Бүгүнкү күндө, майып балдарды бирдей социалдык жөлөкпул менен камтуу 99,9 %ды түзөт. Социалдык жөлөкпулдарды төлөө банктык система аркылуу жүргүзүлөт, бул да жетишкендик.

Кыргыз Республикасында майыптыкты аныктоо системасын реформалоо жана медициналык-эксперттик комиссияларды түзүмдүк жактан өзгөртүү максатында эл аралык эксперттердин катышуусу менен масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча майыптыктын алдын-алууга багытталган тийиштүү иштер жүргүзүлгөн. Инфраструктураны жакшыртуу, зарыл медициналык шаймандар менен жабдуу жана республиканын төрөт үйлөрүнүн/бөлүмдөрүнүн медициналык персоналын окутуу жолу менен төрөт үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Курсактагы баланын кемтиктерин эртелеп аныктоонун ыкмасы катары кош бойлууларды скринингдөө киргизиле баштады, жаңы төрөгөн аялдарды жана ымыркайларды багуу шарттарын жакшыртуу боюнча иш башталды, айылдык, бийик тоолуу жана алыскы региондордо бир топ төрөт үйлөрдүн инфраструктрасы жакшыртылды.

Бишкек шаарынын бардык төрөткө көмөкчү уюмдарында натыйжалуу перинаталдык технологиялар киргизилген, алар далилдик медицина принциптерине негизденет жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган. Кечиктирилгис акушердик кырдаалда аракет алгоритми иштелип чыккан.

Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илимий-изилдөө институту калктын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды дарылоо жана калыбына келтирүү үчүн эң жаңы жабдуулар жана аппаратура (9 аталыштагы) менен жабдылган.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын дене тарбия инфраструктурасына, билим берүү, социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин линиясы боюнча жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен болгон майыптыктын жаңы пайда болууларынын алдын алуу үчүн жолдо жүрүү эрежелерин бузгандардын жоопкерчилик чараларын күчөтүү максатында, жолдо жүрүү эрежесин бузгандарды видео көзөмөлдөө жана фото фиксация системасы киргизилип жатат, мектепке чейинки курактагы балдарды ташуу үчүн балдар олтургучун колдонуу боюнча мыйзам демилгелери киргизилүүдө. Ошондой эле Бишкек шаарында Жолдо жүрүү коопсуздугунун башкы башкармасы даярдаган үн чыгаруучу тажрыйбалык түзүлүш орнотулган, полу төмөн 21 троллейбус сатып алынган.

Каракол шаарынын мэриясы тарабынан светофор үчүн үн сигнал берүүчү түзүлүштөр орнотулган. Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн «Гарант» такси иштейт. Заказдан түшкөн ар бир 6 сом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аз камсыз адамдарды колдоого жөнөтүлөт.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин линиясы боюнча бөлүнгөн квотанын чегинде (115 орун), жогорку окуу жайларына 43 абитуриент кабыл алынган. Булар жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар, ата-энесинен камкордугусуз калган балдар жана I, II топтогу ДМЧА.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды 6 эл аралык спорт иш-чарага катыштыруу уюштурулган. Алар Лондон шаарындагы Параолимпиада оюндары, Сеул шаарындагы дүлөйлөр арасында VII Азия оюндары, Денвер шаарындагы пауэрлифтинг боюнча дүйнөнүн чемпионаты, Удайпур шаарында пауэрлифтинг боюнча Азиянын чемпионаты, Любляна шаарындагы «Атайын шлем» столдо теннис ойноо боюнча эл аралык турнир, Сууда сүзүү боюнча Казакстан Республикасынын ачык чемпионаты. Бул эл аралык спорттук иш-чарага 20дан ашык ден соолугунун мүмкүндүгү чектелүү спортсмендер катышышкан.

2012-жылы 172 мамлекеттик жана муниципалдык обьектилерде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында пандустар жана атайын түзүлүштөр орнотулган.

Бирок талдоо көрсөткөндөй, бир караганда көрүнгөндөй баары эле жакшы эмес.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы майыптыктын жаңы учурларынын алдын алуу максатында эмгектин зыяндуу шарттары бар ишканалардын тизмесин (менчигинин түрүнө карабастан) ушул кезге чейин түзүшкөн эмес. Коопсуздук ыкмаларынын сакталышына, милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүнө жана жумушчулардын коопсуздугу үчүн иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигине контроль да жүргүзүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ушул кезге чейин үй куруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мыйзамдык деңгээлде сунуштарды киргизе элек, алар имараттарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кирип-чыгышын камсыз кылуу үчүн курулуш стандарттарын камсыздоо боюнча талаптарды аткарбай келишет.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Стратегиянын тийиштүү пункттарын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көргөн жок. Жаңы имараттарды ишке киргизүүгө кабыл алуу боюнча комиссияга финансылык каражаттарды талап кылбаса да, ден соолугунун мүмкүндүгү чектелүү адамдардын өкүлдөрү киргизилген эмес жана жаңы имараттарды келүүчү жолдорсуз жана пандустарсыз эксплуатацияга кабыл алуу уланууда.

Райондук администрациялар тарабынан Бишкек шаарынын аймагында ДМЧА үчүн пандустарды жана атайын түзүлүштөрдүн болушуна өткөрүлгөн изилдөөлөр атайын түзүлүштөр 5 мамлекеттик органда орнотулган эместигин көрсөттү, алар: Бул Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Экономика министрлиги, Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармасы, ошондой эле ЖОЖдор, кесиптик орто окуу жайлар жана башка чарбачыл субьекттер.

Бишкек шаарынын мэриясы үн сигнал берүүчү светофорлорду жетиштүү санда орноткон эмес.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптарга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча алган милдеттердин көпчүлүк бөлүгүн аткарбай келет:

- программалык камсыз кылуу негизинде ДМЧАнын бирдиктүү базасы түзүлгөн эмес;

- медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (МСЭК) түзүмдүк өзгөртүүлөр жана ДМЧАны күбөлөндүрүү системасын прогрессивдүү ыкмаларды эске алуу менен реформалоо жүргүзүлгөн эмес;

- азыркы күнгө чейин ДМЧА үчүн күндүзгү туруу борборлорунун типтүү жоболору жок;

- атайын интернаттык мекемелерде каржылоонун жаңы принциптерин пилоттоо баштала элек.

Өкмөттүк эмес уюмдарда (мындан ары – ӨЭУ) ДМЧА менен иштөөнүн жетиштүү тажрыйбасы, практикасы жана прогрессивдүү методу бар жана ал ыкмалар республиканын бардык аймактарында жайылтылып жатат. Бирок, тилекке каршы алар Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан тийиштүү дэңгээлде көңүлгө жана колдоого алынбай келет. Мисалга алсак, Майып балдардын ата-энелеринин бирикмелери, “Максат” майып балдар менен жана жаш өспүрүмдөр менен иштешүүчү атайын реабилитациялык борбор сыяктуу өкмөттүк эмес сектордогу уюмдардын иши жактырууга татыйт.



3. Улгайган жарандарды социалдык коргоо

2012-жылы пенсиялар этап-этабы менен көбөйтүлүп, ал пенсиялардын орточо өлчөмүн 2011-жылга салыштырмалуу 3760 сомдон 4270 сомго чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди (өсүш – 510 сом же 13,5 %). Ноябрдык жогорулатуунун жыйынтыктары боюнча пенсиянын орточо өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунан 110,6 % түздү (3858,28 сом).

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан “Пенсионердин картасы” пилоттук долбоор “Элкарт” төлөмдөр пластикалык картасы менен ишке ашырылууда. Бул кызмат улгайган адамдарга бул долбоор үчүн атайын иштелип чыккан тейлөөнүн ыңгайлуу шарттары менен пенсияны карталык эсепке алууга мүмкүндүк берет. Республикадагы пенсионерлер өзүнүн каалоосу менен “Элкарт” жана “Алайкарт” банктык төлөө карточкалары аркылуу тейлөөгө өтүшсө болот.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун демилгеси боюнча 2012-жылдын 8-августундагы № 156 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзам менен 2013-жылдан тартып 2020-жылга чейин камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын этап менен жогорулатуу варианты каралган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө” токтому кабыл алынган. Бул токтомго ылайык, 2013-жылдын 1-январынан тартып Социалдык фонд белгиленген тартипте Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп бере башталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Социалдык станционардык мекемелерде турган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүдө минималдуу социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыккан жана кароо стадиясында турат.

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында, улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча борборлорду колдоо үчүн өкмөттүк эмес уюмдардан 25тен ашык долбоорлор келип түшкөн, алардын ичинен 3 долбоор Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы конкурстук комиссиянын тандоосунан өттү жана 740 миң сом суммасында каржыланган. Атап айтканда, бул уюмдар: Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы “Сары-кол” коомдук фонду 252 миң сом суммада; Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы “Сары-Нат” коомдук уюму 200 миң сом суммада; Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы “Андаш” коомдук фонду 290 миң сом суммада.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан улгайган жарандар үчүн күндүзгү болуучу борборлорду түзүү маселеси иштелип жатат.

Бишкек шаарында мамлекеттик социалдык колдоого муктаж улгайган адамдарды жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен тейлөө үчүн “Ардагер” пансиону иштеп жатат, Чүй облусунун Москва районунда Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбордун базасында, “Бабушка эдопшн” коомдук кайрымдуулук фондунун базасында өз ара жардамдашуучу 5 топ түзүлгөн.

Жалпысынан Стратегиянын “Улгайган жарандарды социалдык коргоо” бөлүмү боюнча 16 иш-чара кабыл алынган, анын ичинен аткарылганы – 1, аткарылбай калганы – 6, жарым-жартылай аткарылганы – 3, аткарылууда – 6.

Мисалы, бардык пенсия алуучулар үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнүн бирдей өлчөмүн белгилөө боюнча иш-чараны кошумча финансылык каражат менен камсыз болбогондуктан ишке ашыруу кыйын болууда.

Карылык боюнча социалдык жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө функциясын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өткөрүп берүү жөнүндө сунуш Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия тарабынан (2012-жылдын 30-ноябрындагы № 18 протокол) колдоого алынган эмес жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун негизги функцияларын өзгөртүүсүз калтыруу сунушталган.

Формалдуу эмес экономикада иштеп жаткан жарандарды мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу менен толук эмес камтыбагандык курч маселелердин бири болууда. Баа берүүчү маалыматтарга таянсак, формалдуу эмес экономикада иштеген жарандардын 50 %ы социалдык чегерүүлөрдү жүргүзүшпөйт. Өзүн өзү иш менен камсыз кылган, айыл чарбасында иштеген (34,2 %) жарандардын камсыздандыруу чегерүүлөрүнүн деңгээлин жогорулатуу маселесин илгерилетүү боюнча чоң иш алдыда турат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тараптан эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги бул маселедеги чабал жери болууда.

Ошондой эле калктын социалдык аялуу топторуна социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча минималдуу социалдык стандарттарды кабыл алуу жана ишке киргизүү жол-жоболору боюнча ишти улантуу зарыл.

Бийликтин борбордук органдарынан, тактап айтканда министрликтерден жана ведомстволордон айырмаланып жер-жерлерде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык сектор менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселеси боюнча өз ара байланышта иштешүүсү начар экендигин белгилей кетүү керек. Алсак, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жай деңгээлде, эл аралык донорлор колдогон айрым коммерциялык эмес уюмдардын иштеринин натыйжасында гана жүрүп жатат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн, тактап айтканда, аны ишке ашырууга акча каражат бөлүү жолу менен “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселеси үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.

Башкаруунун бардык деңгээлдеринде социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу менен байланышкан маселелер кечиктирбестен чечүүнү талап кылат, ошондой эле социалдык кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын жолго коюу зарыл.


4. Опурталдуу топтогу адамдарды социалдык коргоо

Стратегияга ылайык, опурталдуу топко балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү, эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошонгондор, турак-жайынан айрылган адамдар, иш издеп жана татыктуу жашоо издеп республиканын башка региондорунан келген мигранттар киргизилген.

Стратегиянын иш-чаралар планын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан үй-жайсыз жарандар менен иштөө боюнча, анын ичинде социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча, үй-жайсыз жарандарды эсепке алуу, документтерин калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү жана аларды убактылуу же туруктуу жашаганга жайгаштыруу функциялары бардык деңгээлдердеги социалдык өнүктүрүү органдарынын түзүмүнө киргизилген.

Ошондой эле, волонтерлордун катышуусу менен донорлордун колдоосунда республиканын ири шаарларында үй-жайсыз жарандардын санын белгилөө боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Жарандардын бул категорияларынын пайда болушунун негизги себеби болуп экономикалык себептер, атап айтканда жумуш издеп айылдан шаарга ички миграциянын чоң агымы, эркиндигинен ажыратылган жайлардан чыккан адамдарда күбөлөндүрүүчү документтердин жоктугу, насыяларды өз убагында төлөөгө ресурстардын жетишсиздиги, спирт ичимдиктерин көп ичүү эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан республиканын бардык чоң шаарларында бир күндүк рейд өткөрүлгөн жана туруктуу жашаган жери жок 191 адам табылган, алардын ичинен эркектер 144 жана аялдар 47. Курагы боюнча: 18ден 30 жашка чейин – 24 адам, 31ден 45 жашка чейин – 62 адам, 46дан 60 жашка чейин – 78 адам жана 60 жаштан өйдө – 28 адам. Туруктуу жашаган жери жок адамдардын негизги көйгөйлөрү болуп социалдык начарлоо жана моралдык деградация, күчөп кеткен бир топ ооруларынын болуусу, жашоо-турмушун өзгөртүүгө каалоосунун жоктугу, туруктуу ички миграция эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан опурталдуу топко кошулуунун алдын алууга багытталган иш-чаралар өткөрүлгөн. Мисалы, 2012-жылы республиканын аймагында “Селсаяк”, “Кам көрүү”, “Саламатсыңбы, мектеп” деген аталыштагы 366 рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кайырчылык кылган 218 жана селсаяктык кылып жүргөн 2258 жашы жете элек балдар аныкталган. Селсаяктык жана кайырчылык менен алектенгени аныкталган жашы жете электердин ичинен балдар мекемелерине – 22, социалдык борборлорго жана баш паанектерге – 28 бала өткөрүп берилген, 164 бала Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жашы жете электерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборуна жеткирилген. Ошондой эле, мектепте окубаган 262 бала аныкталган, алардын ичинен билим берүү мекемелерине – 104 жөнөтүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан жасалган 53 кылмыш ашкереленген (адам өлтүрүү – 2, уурдоо -12, тоноо – 8, башка кылмыштар – 31). Дайынсыз жоголгон 58 жашы жете элек бала табылган. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 65-беренеси (Жашы жете элек балдарды тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча ата-энелерине карата 80 ден ашык администрациялык протоколдор түзүлгөн.

Жалал-Абад шаарында туруктуу жашаган жери жоктор үчүн 10 орундуу убактылуу социалдык баш паанек ачылды. Акча каражаттын тартыштыгына байланыштуу туруктуу иштей турган баш паанек ачууга мүмкүндүк жок болууда. Каракол шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 20 орундуу убактылуу баш паанек борбору ишке кирди, ага мамлекеттик социалдык заказ аркылуу 1,0 млн сом бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте жазаны эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп жаткан адамдарды камалган жерден чыкканга чейин ким экендигин билдирүүчү документтер менен камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде иш-чараларды жүргүзүп жатат. 2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча мекемелердин юридикалык даректери боюнча каттоого коюу менен 1525 соттолгон адам паспорт алышкан. Андан тышкары 2547 соттолгон адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык бөлүмдөрүндө персоналык идентификациялоо номери берилген.

Ушуну менен бирге, адамдардын ушул категорияларына сапаттуу социалдык кызматтарды өз убагында көрсөтүү жана жардамдашуу үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр зарыл экенин белгилөө керек, алар:

- үй-жайсыздыктын алдын алуу жана социалдык тейлөө боюнча ченемдик-укуктук базаны түзүү;

- иштеп жаткан баш паанектер жана борборлор аркылуу опурталдуу топтогу адамдардын маалымат базасын түзүү;

- үй-жайсыздардын маселелери боюнча иштеген өкмөттүк эмес уюмдарга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- үй-жайсыздарды үй-бүлөлөрүнө, туугандарына кайтаруу маселелерин иштеп чыгуу;

- турак-жай жана жумушка орноштуруу маселелерин чечүү.

Белгилей кетчү нерсе, Стратегия жалпысынан орто мөөнөттүү мезгилге карата иштин негизги артыкчылыктуу багыттарын чагылдырат.

Ошол эле убакта. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бир катар көйгөйлөр белгиленген, алар Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча 2012-жылдагы иштин жыйынтыктарына таасирин тийгизди.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги берген маалыматтар боюнча, берилген отчетторду талдоо максаттык көрсөткүчтөргө жетүүдө жана Стратегиянын иш-чаралар планын аткарууда көйгөйлөрдүн бири мамлекеттик бюджеттин тартыштыгында экендигин көрсөттү.

Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү жолунда негизги тоскоолдук кызматкерлердин эмгек акысы аздыгынын кесепетинен кадрлардын кетүүсү жана иштөөгө кызыгуусунун жоктугу болуп жатат. Райондук звенонун деңгээлинде жетектөөчү адистин эмгек акысы 2880 сомду, башкы адистики 3360 сомду, бөлүм башчыныкы 5280 сомду түзөт. 2012-жылдын экинчи жарымында эле райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармаларында 430тан ашык кызматкер бошонуп кеткен, алардын ичинен 30га жакыны башкармалардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, 200дөн ашык башкы жана жетектөөчү адис, 135 социалдык кызматкер.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Дүйнөлүк Банктын, көз каранды эмес эксперттердин пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен, Стратегиянын иш-чаралар планынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде финансылык каражат каралбаган айрым иш-чараларын алып салуу зарыл деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төмөнкү сунуштар киргизилген:

(а) Стратегиянын иш-чаралар планын жана тиркемелерди (негизги индикаторлор, негизги мыйзамдык демилгелер планы, финансылык план) иштеп чыгуу;

(б) Стратегиядан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды социалдык интеграциялоо боюнча маселелердин бир бөлүгүн белгилеп жана аны реалдуу мөөнөт менен (10-15 жыл) узак мөөнөттүү Стратегия катары бекитүү. Мында иш-чараларды этаптарга бөлүү зарыл (уюштуруучулук даярдоо, жардамдын түрүнүн же кызмат көрсөтүүнүн моделинин натыйжалуулугун апробациялоо үчүн пилоттук долбоорлорду жүргүзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана социалдык жардамдын көлөмдөрүн өнүктүрүү) жана конкреттүү каражат бөлүү;

(в) индикаторлор системасын карап чыгуу жана калктын жашоо деңгээлинин жана сапатынын ар кандай жактарын жалпысынан же айрым аймактар боюнча бөлүү менен чагылдыруучу көрсөткүчтөрдү Стратегияга киргизүү. Бул көрсөткүчтөр стратегиялык пландоо үчүн маанилүү жана социалдык коргоо чараларынын бүтүндөй комплексинин максаттуу жыйынтыктарын чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги киргизген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясын 2012-жылдагы ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоо боюнча координациялык кеңештин 2013-жылдын 12-мартындагы кезектеги жыйынында каралган.

Координациялык кеңештин жыйыны Координациялык кеңештин мүчөлөрү айткан сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына киргизилген материалдарды жеткире иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды, алардын күчү менен Стратегиянын иш-чаралар Планын аткаруу боюнча кошумча мониторинг жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты аларды толуктап иштеп чыккан жана азыркы түрүндө сунушталган.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 “2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуш Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоо боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок. Анткени, ал токтомдо Стратегияны ишке ашырууга жыл сайын мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча зарыл болсо ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар берилээри каралган.



Жыйынтыкта, азыркы түшүнүк боюнча социалдык саясат – бул баарынан мурда экономикалык саясаттын бир бөлүгү экенин, ал экономикалык өсүштүн абдан маанилүү фактору экенин жана бардык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү мамилени жана өз ара иш-аракетти талап кылаарын баса белгилөө керек.
___________________________________________________




©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет