5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет64/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   60   61   62   63   64   65   66   67   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

2-бѳлүм 
Бала болгон окуяны башынан аягына чейин айтып келип: «Ошол байбачаны 
чакырсаңыз эле, сѳздүн калп, чынына кѳзүңүз жетет» деди. Хан баягы ѳлдү деген 
байбачаны чакыртты эле, сопсоо, салам айтып кирип келди. Ал эми аялы айткан 
чуңкурду каздырса эчкинин башы чыкты. Хан байдын карыз дилдесин кечип, вазир 
менен аялды кууп жиберди да баягы баланы ѳзүнѳ баш увазир кылып дайындады. 
Арадан ай ѳтпѳй, хандын аялы ѳлүп, башка аялга үйлѳндү. Ал аял хандын 
казынасынан алтын уурдап бер деп балага сѳз салды эле: «Атам туз арамы кылба 
дебеди беле» деп анын сѳзүнѳ кѳнбѳй койду. Анда аял баладан ѳч алмак болуп: 
«Таксыр ханым, ушул увазирдин шүйкүмү бузук, сенин байлыгыңа кызыгып жүрѳт, 
акыры ѳзүңѳ зыян кылбасын» деп чагым салат. Хан аялдын сѳзүнѳ ишенип аны 
ѳлтүрмѳк болот да, наабайчысын чакырып: «Эртең менен үрүл-бараңда биздин үйдѳн 
ким барса да дандырга салып ий» деп буйрук берет. Эртеси хан баланы наабайчыга 
нанга жумшайт. Бала эчтекеден кабары жок келе жатса, бир үйдѳн түтүн булап, бир 
кемпир түндүк тартып жол карап туруптур. Кемпир баланы кѳрүп сүйүнүп: «Балам, 
бүгүн күнгѳ жума, жалгыз балам ѳлдү эле, ошого куран окуп, даам сызып кет» деди. 
Бала отурайын десе нандан кечигип кала турган. Хандын каарынан коркот
отурбайын десе кемпирдин кѳңүлүн кыйбайт. Ошондо атасынын: «Эртеңки ашка 
күйсѳң күй, бүгүнкү ашка күйбѳ» деген сѳзүн эстеп, макул болуп кемпирди ээрчий 
үйгѳ кирет. Хандын аялы бала нанга кеткенден кийин « ѳлѳр алдында бир кѳрүп, 
табалап калайын» деп артынан кошо чыгат. Наабайчы «хан айткан киши ушул киши 
экен» деп дандырга салып ѳрттѳп жиберет. 
Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя
кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. Үчүнчү бѳлүм окулат. 
3-бѳлүм 
Бала антип-мынтип тамак ичип, куран окуганча күн шашке болуп калат. Андан 
чыгып шашкан бойдон наабайчыга келип, нанды алып ханга келет. Хан анын аман-
эсен келгенин кѳрүп аябай таң калып, «кѳз кѳрүнѳѳ ѳлүмдѳн аман калган адам бекер 
адам эместир» деп сѳздүн чынын айтып, аялын чакыртса аялы жок болуп чыкты. Бала 
болгон иштин жагдайын ханга тѳкпѳй-чачпай айтып берип: «атам туз арамы кылба» 
деди эле, «туз арамы кылган жокмун» деди, хан балага аябай ыраазы болуп, ѳзүнүн 
кылган ишине уялып калды. 
Күндѳрдүн биринде эл арасына «Мисир шаарына соода кылууга барган киши
алып барган мал-мүлкүн жакшы соодалап келет имиш» деген сѳз тарады. Бул кабар 
ханга да жетет. Хан бир чети жер кѳрмѳк, бир чети соода кылмак болуп, жанына баягы 
увазир баланы, жигиттерин алып Мисир шаарын кѳздѳй жѳнѳп калат. Ой менен, чѳл 
менен жүрүп олтурушат, бирок суу жок, мал да, жан да суудан аябай тукулжурап
чаалыгып чаңкашат. Акыры жүрүп олтуруп, чѳлдѳгү бир кудукка келишет. 


85 
Суу алмак болуп кудукка түшкѳндѳрдүн башы жок, тулку бою эле чыгат. Муну 
кѳрүп хандын жигиттери дүрбѳлѳңгѳ түшүп калат. Бала тобокелге бел байлап 
«кудукка мен түшѳм» деди. Хан кыйылып жатып макул болду. Ал кудукка түшүп суу 
сүзүп алайын десе, кудуктун түбүндѳ олтурган эки аялдын бири: «Сууну алуудан 
мурда биздин табышмагыбызды чечип бер» деди. Бала: «Талашыңар эмне?» деп 
караса, бирѳѳнүн алдында бака, бирѳѳнүн алдында жылан жатат. Бирѳѳ жыланды 
түртүп коюп, ийрилип калса эле жалынып жалбарып калат. Экинчиси бакага үйрүлүп 
түшѳт. Аңгыча аялдын экинчиси: «Жылан менин балам, бака мунун баласы. Экѳѳнүн 
кайсынысы жакшы?» деди. 
Бала ойлонуп туруп: «Атам калыстыгыңдан жанба» дебеди беле», деди да: « Ар 
кимдики ѳзүнѳ, ай кѳрүнѳт кѳзүнѳ» деген экен.
Ошондо эки аялдын тең жарпы жазылып: «Оп бали, сѳзүң сѳз эмес бекен, бая эле 
ушинтип айтышпайбы?» деп кудуктан суу алууга уруксат бериптир.
Бала сууну алып, аман-эсен кудуктан чыгып келет. Андан жүрүп отурушуп, 
Мисир шаарына барышып, бир пулун эки эсе пулдап кайра тартышат. Элге келгенден 
кийин хан: «Сен хан болууга ылайык калыс экенсиң» деп балага хандыгынан түшүп 
берген экен. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   60   61   62   63   64   65   66   67   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет