5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет66/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Энемди ыраазы кыла алдымбы? 
Бир адам акылманга келип: 
-Эй даанышманым! Энем ѳтѳ карып калды. Кыялы жаш баладай, балдарга 
окшогон иштерди кылат. Ордунан тура албайт. Ага ѳз колум менен тамак ичирем, 
дааратына жардам берем, андан кийин намаз окуган жерине кѳтѳрүп алып барам. 
Айтканын жасайм. Эй даанышман, мен энемдин сүтүн актай алдымбы, ыраазы кыла 
алдымбы, жокпу? – деп сурады. 
Ал даанышман: 
-Энеңдин акысынын жүздѳн бирин дагы актай албагансың, -деди.
Ал адам: 
-Эмне үчүн? Эй даанышман! Мен энемдин айтканын эки кылбайм. 
Даанышман: 
-Энең сага: «Уулум ѳсүп чоңойсун, улуу адам болсун, ѳмүрлүү болсун» - деп 
кызмат кылып жүрдү. Сен болсо ага качан кѳз жумат, кѳз жумса кутулат элем деп 
кызмат кыласың. Булардын арасында тоодой, асман менен жердей айырма бар. Сен 
энеңе канча кызмат кылсаң дагы анын сүт акысын актай албайсың. Муну жакшылап 
билип ал. Эч бир перзент ата-эненин акысын актай албайт. Ушуну жакшы билгин сен 
энеңе кызмат кылсаң, Алла сага кѳп соопторду берет. Ата менен эненин 
ыраазылыгын алган адам жараткандын ыраазылыгына карк болот, ыраазылыгын 
алат, -деди. 
Суроолор: 
1. Сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы дегенди кандайча түшүнѳсүң? 


87 
2. Кандай учурда эне сүтүн актоого болот? 
3. Эмне үчүн энесине канчалык кызмат кылса дагы анын акысынын жүздѳн 
бирин дагы актай албады?
4. Ата менен энени ыраазы кылган адам Алланын ыраазылыгын алат дегенди 
кандайча түшүнѳсүң? 
Келгиле балдар, ата-энебиздин улуулугун даңазалап ѳз калемибизден кѳркѳм 
чыгарма жараталы. Аны ата-энебизге окуп берип, батасын алып алардьш 
кубанычына ортоктош бололу. «Менин сүйүктүү ата-энем» деген темада дилбаян
жазып кѳрѳлүчү. 
Ѳзүңѳ ишен, калемди колго ал! Тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптарын сен да жаратасың. 
Эне ыйык 
Эне ыйык жашообуздун жарчысы, 
Эне -дайра, биз булактын тамчысы. 
Бешиктеги балтыр бешик баланын,
Эне ѳзү жүрѳгүнүн жартысы. 
Эне кымбат чындыгында баарынан, 
Бир мүнѳткѳ бѳлѳк болсо сагынган. 
Эне сүтүн эмип жатып наристе, 
Ыракаттанып кѳзүн ачпай уйкудан. 
Эне күйѳт, эне сүйѳт баласын, 
Энең кыдыр таалай жолун табасың. 
Аска зоодой чалкып жатса эмгеги
Кыялданып, толкунданып каласың. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   62   63   64   65   66   67   68   69   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет