«азыркы кыргыз тили» курсун дистанттык окутууга даярдоонун технологиясы



Дата19.07.2016
өлшемі92.18 Kb.
#210024
Акунова А.Р.

Педагогика институтунун

ага окутуучусу, п.и.к.

E-mail: akunova@newmail.ru.


«АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ТИЛИ» КУРСУН

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУГА ДАЯРДООНУН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

XX кылымдан баштап билим берүүнүн традициялык формасы калктын улам өсүп келе жаткан муктаждыктарын толук камсыз кыла албай калды. Анын күндүзгү, сырттан окуу деген формалары дагы башка билим берүүнүн азыркы маалымат технологиялар, мобилдүүлүк, глобалдаштыруу заманында ыңгайлуу, ачык, эффективдүү жолдору менен коштолууга туура келүүдө. Мына ушундай жолдордун бири катары дистанттык окутууну атасак болот.

Дистанттык окутуу бул - маалымат билим берүү технологиялардын, телекоммуникация (компьютердик система, электрондук почта, телеберүү жана Интернет) жардамы менен ЖОЖго түздөн-түз барбастан педагогдун жетекчилиги астында өз алдынча билим алуу дегендик. Окуу материалдарын электрондук, же басма түрүндө алуу менен студент билимди үйүндө, жумуш ордунда, же атайын компьютердик класстарда ала алат.

Дистанттык окутуунун негизги өзгөчөлүктөрү:

  1. Атайын технологияларды жана каражаттарды колдонуу.

  2. Билим сапатын тест менен текшерүү.

  3. Экономикалык жактан натыйжалуу.

  4. Билим алуунун ийкемдүүлүгү.

  5. Билим алуунун параллелдүүлүгү.

  6. Билим алуунун индивидуалдуулугу.

  7. Билим берүүдөгү мугалимдин жаңы ролу.

  8. Билим алуудагы студенттин жаңы ролу.

  9. Маалымат булактарынын кеңири колдонулушу.

Дистанттык окутууда компьютердик системалар студенттен экзамен алып, каталарын көрсөтүп, практикалык жактан машыктырат. Электрондук китепканадан бир аз убакыттын ичинде эле керек болгон теманы таап, конспект түзөт. Студенттин жеке өзгөчөлүгүнө, муктаждыгына, бош убактысынын болушуна жараша окуу курстарынын жай, ылдам өздөштүрүлүшү дистанттык окутууну традициялык окутуудан сапаттуу, жеткиликтүү жана арзан болушун шарттайт. Ошондуктан азыркы билим берүү системасында маалымат технологияларын колдонуу абдан актуалдуу. Ал илимдин бардык тармагы гана эмес күнүмдүк турмушка да өзүнүн таасирин күндөн-күнгө күчөтүүдө. ЖОЖдордун «Кыргыз тили жана адабияты», «Журналистика», «Котормо», «Түркология», «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы», «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиктеринде кесиптик компоненттер катары өтүлүүчү негизги дисциплиналардын бири болгон «Азыркы кыргыз тили» курсу мына ушул жаңы технологиялар менен илимий-методикалык жактан иштелип чыгууга муктаж. Биз бул докладда ушул проблеманын үстүндө сөз кылмакпыз.

Педагогика багытындагы адистиктерде «Азыркы кыргыз тили» курсуна азыркы окуу пландарында жалпысынан төмөндөгүдөй сааттар каралат:



«АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ТИЛИ» КУРСУНУН КӨЛӨМҮ:



Дисциплина-нын аталышы

семестри

Күндүзгү бөлүмүндө

Сырттан окуу бөлүмүндө

Лекция

Практ.

сабак


Өз алдынча иштөө

Лекция

Практ.

сабак


Өз

алдынча иштөө



.

Азыркы кыргыз тили:

II-V I


198

132

328

78

50

528


1.

Фонетика

II

III


24

-


26

-


40

-


6

6


4

4


52

52


2.

Лексика

III

IV

V



24

24

-



10

10

-



40

40

-



-

6

6



-

4

4



-

52

52



3.

Морфолгия

V

V I


V I I

28

38

-



22

22

-



40

40

-



6

12

12



6

6

6



52

52

52



4.

Синтаксис

IV

V

V I



32

14

12



22

12

8



40

40

48



8

6

10



6

4

6



52

56

56


Мына ушул курсту дистанттык окутууга даярдоо үчүн төмөнкүдөй маселелер чечилүүгө тийиш:



  1. Окутуучу дистанттык окутуунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп, квалификациясын жогорулатуусу керек. Курсту дистанттык окутууга ылайыктап иштеп чыгуу жана ага ийгиликтүү жетекчилик кылуу үчүн окутуучу биринчиден, окутуунун бул технологиясын толук өздөштүрүүсү зарыл. Окутуунун бул формасында лекция, практикалык сабактар, консультациялар, текшерүү иштеринин төмөндөгүдөй өзгөчљлүктөрүн эске сала кетели:

Дистанттык окутуудагы лекция - традициялык аудиториядагы лекциядан айырмаланып студент менен окутуучунун жандуу пикир алышуусу болбой. Бирок мындан башка бир топ артыкчылыктары бар. Лекцияларды жазуу үчүн CD-ROM дисктери колдонулат. Жаңы маалымат технологияларын колдонуу мисалы, мультимедиа аркылуу лекцияларды көркөм жана көрсөтмөлүү кылат. Лекцияларды түзүү үчүн видео каражаттарын да активдүү колдонууга болот. Мындай лекцияларды каалаган убакытта жана аралыкта угууга болот жана материалды конспектилөө талап кылынбайт.

Дистанттык окутуудагы консультация-өз алдынча билимге ээ болуп жаткан студенттин окуу процессине жетекчилик кылуу жана жардам берүү. Ал үчүн үй же мобилдик телефон, электрондук почта колдонулат. Педагогдун окутуп жаткан студентинин жеке сапаттарын (интеллектин, көңүл буруусун, эске тутуусун, кабыл алуусун, ой жүгүртүүсүн ж.б.) баалоого жардам берет.

Дистанттык окутуудагы практикалык, лабороториялык иштер. Студенттин алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонууга көнүктүрөт, машыктырат. Студент компьютердин жардамы менен ар кыл көнүгүүлөрдү аткарат, талдоолорду жүргүзөт, жазуу иштерине (жат жазуу, изложение, сочинение ж.б.) көнүгөт.

Дистанттык окутуудагы текшерүү иштери- бул студенттин окуу материалды теориялык жана практикалык жактан өздөштүрүүсүнүн жыйынтыктарын текшерүү. Ал жазуу жүзүндө, тест аркылуу, реферат, доклад, курстук иштерди иштеп чыгуу ж.б. формаларында болот.

Экинчиден, компьтердик жактан сабаттуу болушу керек. Ал үчүн семинарларга, окуу курстарына катышуу, өз алдынча билим алуу, тажырыйба алмашуу, маалымат каражаттарын пайдалануу жакшы натыйжаларды берет. Натыйжада окутуучу керек болгон билгичтик менен куралданат. Мындан тышкары төмөнкү 3 шарт милдеттүү түрдө аткарылышы керек:

1)Үйдүн же мобилдик телефондун болушу;

2)Окутуучунун электрондук адресинин болушу;

3)Окутуучунун же институттун өздүк сайтынын болушу.

Ошондо гана окутуучу менен студенттин толук кандуу байланышы болот. Себеби, курсту өз алдынча үйрөнүп жаткан студенттин окутуучу менен болгон байланышы ар убак камсыз болуш керек. Ал эми сайт студент үчүн дисциплинаны өздөштүрүүдө маалымат булагы катары пайдаланылат, тиешелүү маселелерди чечүү үчүн керектелет.



  1. «Азыркы кыргыз тилинин» ар бөлүмү боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу. Бул курс күндүзгү бөлүмдө 8 семестр, сырттан окуу бөлүмүндө 10 семестр окутулат. Ал эми дистанттык окутууда курсту 5 семестрде окутуп жетишүүгө мүмкүн. Ал үчүн кыргыз тилинин фонетикасы (1семестр), лексикасы (2семестр), морфологиясы (2семестр), синтаксиси (2семестр) бөлүмдөрү боюнча конкреттүү программалар түзүлүп, ар бир бөлүмдүн мазмуну толук чагылдырылып, курсту үйрөнүүнүн максат, милдеттери баса белгиленип, студентке бул курсту өз алдынча өздөштүрүүдө көрсөтмө, жолдомо катары милдет аткарышы зарыл.

  2. Окуу китептери, окуу куралдары, методикалык колдонмолордун электрондук варианттарын түзүү. «Азыркы кыргыз тилинин» бардык бөлүмдөрү боюнча электрондук курстар түзүлүп, ага лекциялардын тексттери, практикалык машыгуу үчүн көнүгүүлөр, тапшырмалар системасы, студенттердин өз алдынча кошумча окуусу үчүн темалар, курс боюнча жазылуучу текшерүү, курстук, дипломдук иштер тематиксы, тиешелүү адабияттар, тесттин варианттары камтылат. Студент үчүн лекцияларды өздөштүрүү, өз алдынча иштерди аткаруунун методикалык көрсөтмөлөрү берилет. Электрондук китептер аудио, видео тиркемелери менен коштолсо, студенттердин билим алуусунун натыйжасы артат.

  3. Курс боюнча көрсөтмө куралдарды иштеп чыгуу. Электрондук китеп сөзсүз түрдө көрсөтмөлүүлүк менен коштолушу керек. Азыркы мезгилде кыргыз тилинин ар бир бөлүмү боюнча таблицаларды, таяныч схемаларды, дидактикалык материалдарды колдонуу менен студенттин билим алуусуна жеңилдик болсо, компьютер техниканын мүмкүнчүлүгү менен аны абдан көркөм, жеткиликтүү, натыйжалуу формада сунуштоого болот. Курстун негизиги милдеттеринин бири болгон- лингвистикалык талдоолорго машыктырууда тиешелүү көрсөтмө куралдары иштеп чыгуу, мен сүрөт боюнча эссе, кластер, синквейн түзүү, ж.б. интерактивдүү ыкмалар менен көрсөтмөлүүлүктү чагылдыруу керек.

  4. Курс боюнча электрондук китепкана түзүү. Азыркы кезде кыргыз тилинин ар бир бөлүмүн окутууда 15-20дан кем эмес адабиятты окуп чыгуу сунушталууда. Мына ушулардын ичинен негизги делген 5-10 адабияттын электрондук вариантын Интернет дүйнөсүнө киргизип, курсту үйрөнүүчү студент үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу электрондук китепкана түзүлүшү керек. Тилекке каршы, азыркы студенттердин адабияттар менен төмөнкү деңгээлде камсыз болуп жаткан учурда, кыргыз тилчилери, методисттери тарабынан кеңири түрдө окуу китеп, окуу куралдарынын электрондук варианттары ачык сунушталбай, өздүк сайттарынын, электрондук адрестеринин болбошу бүгүнкү күндө өтө курч маселелерден десек болот. Мындай китептер И. Арабаев атындагы университеттин электрондук китептер каталогунда саналуу гана. Алар «Тил илимине киришүү», «Азыркы кыргыз тили. Фонетика», «Азыркы кыргыз тили. Лексика» курстары боюнча.

Мына ушул милдеттерди ишке ашыруу үчүн азыркы заманбап компьютердик аудиториялар, жогорку ылдамдыктагы Интернет түйүнү менен студенттин да, окутуучунун да эркин колдонуу мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл шарт экени түшүнүктүү. Мына ушул шарттын жетишсиздиги жана дагы да болсо мектеп окуучуларынын, ЖОЖдун мугалимдеринин компьютердик сабатсыздыгы, өз алдынча билим алуунун жетиштүү пропагандаланбай, билим алуучунун көз карашындагы жаңылануунун өнүкпүй жатышы дистанттык окутуунун жайылышына кедерги болууда.

Жыйынтыктап айтканда, студент 5 семестр ичинде, тактап айтканда, II - VI семестр аралыгында эне тилинин сырларын теориялык жактан үйрөнүп, практикалык жактан машыгып, ал эми калган семестрлерде (бакалавриат боюнча VII - VIII семестр) башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуу курсу менен параллель практикалык, лабороториялык (талдоонун түрлөрүнө, байланыштуу речин, кеп маданиятын өркүндөтүүгө) иштер менен аракеттенсе, кыргыз тилин мыкты билген адис чыгарына ишенсек болот. Биз канчалык советтик мезгилдеги билим берүү системасын мактабайлы, артыбызды улам карап эңсебейлик, XXI кылымдагы илим-билимдин, маалымат технологияларынын заманында улам дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр, жаңылануулар билим берүү системасына да өз таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан азыркы дүйнөлүк цивилизациядан, тездик менен өсүп жаткан маалымат билим берүү дүйнөсүнөн оолак калбай, азыркы заманга ыңгайланышып, алдыга кадам шилтейли демекчибиз.
Колдонулган адабияттар:

  1. Асипова Н.А., Казакбаева З.М. Инновационные технологии по жизнеобрегающему образованию. // Вестник Иссык-Кульского университета. Материалы 3-ей республиканской научно-практической конференции «Модернизация содержания, технологий обучения и воспитания в средней и высшей школе».-№14, 2005

  2. Особенности формирования информационной компетентности студентов вуза.// Инновации в образовании, №4, 2004

  3. Панкова Г.Д. Технология интерактивного обучения в электронном учебном курсе «Информационные технологии в экономике». Учебно-методическое пособие.-Бишкек: ИИМОП КНУ им.Ж.Баласагына,2003








Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет