Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры



бет3/10
Дата17.06.2016
өлшемі1.02 Mb.
#143314
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

– Өзүңдү порядкага келтирип ал. Анан түз эле бул коридор менен сыртка чыгасың. Эми сен бошсуң. Төрт тарабың тең куула.

Таяк жегени аз келгенсип, үч күн күндү көрбөй бир жерде саргайып отурганы бир жылга тете болгонсуду. Уурулуктун туздуу даамын татып, ал уудай ачуу экенин биринчи жолу сезди. Бирөөнүн кылы жатса аттабайынчы деп ойлонду ичинен. Бирок бүгүн кайда барат? Кантип тамактанат? Кимден акча сурайт?.. Анан калса бүт денеси оор салмактанып иш кылууга кымындай даремети жок.

Көчөгө ыргытылган таштандыдай бопбоз болуп көчөнүн бир чекесинде көпкө отурду. Курсагы ачып ашказаны кемирип кесип баратат. Шамшум эте турган бир нерсе табылар деп баягы үйрөнгөн Ош базарына келди. Тааныш бирөөлөр чыгабы деп көзү күйүп турду.

– Э-эй, культурный жигит, кандайсың? – деген жанынан үн чыкты. Баягы тачкачан Нанай. Кубандык көрөрү менен сүйүнүп кетти. Жүк сүйрөп бараткандыктан Нанай токтолуп сүйлөшө алган жок. Мен азыр келем деди да, кара терин аарчыбастан Ош базарынын ичине кирип кетти.

Нанай ак көңүл дайыма кабак кашым дебеген жайдары адам. Бирок акчага келгенде өлөсө зыкым. Бир тыйын бирөөгө карызга бербейт. Ал турсун тапкан акчасын тапкандай чөнтөгүнө салып үстүнөн эринбей тигип салат.

– Кызыксың Нанай чөнтөкчүлөр тиккениңе карайбы. Керек болсо тилип деле алып кетет. Убараланбасаңчы дешет жолдоштору. Нанай алардын сөзүн угуп да койбойт. Өз оюна келгенин иштегени иштеген.

Нанай негедир тачкасын кампага эрте токтотуп бат эле келип калыптыр.

– Мен ишиңе тоскоолдук кылган жокмунбу? – деди Кубандык Нанай жанына басып келери менен.

– Эч кандай тоскоолдук кылган жоксуң. Сенин жолук­каның жакшы болду. Аялым эркек төрөптүр. Төрт жылдан бери бала көрсөк деп көзүбүз чачырап жүрчү элек. Кудайым бере салганын көрбөйсүңбү! – деп Кубандыкты өйдө-өйдө көтөрө кетти.

– Ой, ой! деп жаны чыккандай бакырып алды Кубандык.

– Эмне, эмне болгон сага?!.

– Ө-өх! – деп Кубандык бир аз дем ала түштү да анан:

– Менттердин колуна бирөө менен мушташып түшкөм.

Денемди жанчып таштаптыр. Жакшы эле суммадагы акчамды да алып коюшуптур. Минтип эмне кыларымды билбей отурам.

– Акча жерге кирсин. Ден соолугуң болсо болду. Алтын баш аман болсо алтын аяктан суу ичет дейт. Акчаны ойлонбой, ден соолугуңду ойлон. Андан көрө жүр үйгө. Аял жокто кенен кесир сүйлөшүп отуралы, тас карындарды кызытып,– деп Нанайдын чече­кейи чеч.

Үйгө баргандан кийин Нанай бат эле чай кайнатып бар тамагын столдун үстүнө кое салды. Лапылдата нанды уруп жаткан Кубандыкты көрүп күлүп жиберди.

– Эй, өзөгүңө түшүп кетпесин абайласаңчы бай болгур...

– Ичиң тарып жаткан жокпу?

– Ой, ой Кубандык, андай жаман ойду кой. Мен сага бүгүн чай, нан эмес эт салып берем. Балалуу болуп атсам. Сенден эмнени аяйт элем. Андан көрө мөлмөл суудан соголу.

– Жаным жер тартып баратат. Тамакты ичип эле тиги кроватыңа кулайын.

– Жо-о-ок! Мен балалуу болуп жатканда сен кандай ичпеске акың бар. Айтчы мага. Базарда миң киши, бирөө менен гана учурашат дегендей көздөй көрүп сени үйүмө ээрчитип келсем, анан сен ичпей коесуңбу я?

– Наке болду, болду. Сиз уу берсеңиз да ичейин.

– Ошентет эле дейм да,– деп Нанай Кубандыкка бир стаканды карматып:

– Кана баланын келечеги үчүн,– деп тартып жиберди. Кубандык да аппак алып, денеси жайыла түштү. Эки үч стакан ичкенден кийин ооруган жерин билбей көңүлү ачыла түштү. Мындайда кудайым Нанайга жолуктуруп койгонун айтпайсыңбы деп сүйүнүп калды ичинен Кубандык.

Үч күн Нанайдын үйүнөн чыкпай жатты. Нанай эч жакка кетпе, жүрө бер деп чебеленгени менен чарк чамасы жыргаган эмес эле. Анын үстүнө аялы төрөт үйүнөн чыгып келип калса, тапкан эч нерсеси жок дардайып кантип жүрөт. Кантсе да үч күндүн ичинде кадимкидей калыбына келип калыптыр. Эми жумуш иштеш керек. Кайда? Каерге? Кандай жумуш туш келет? Башы маң. Эмне эле мен талаалап жүрөм? Түпкө агамдардыкына барам. Ал арак ичип жүрсө жүрө берсин. Мен жерин иштетсем бир жылда канча пайда. Агамдын жана анын үй-бүлөсүн мен эле багып кетем. Кой аман-эсенимде кетейин. Бирок жолго кимден акча сурайм? Ушундай заманда ким кимге акча бере коет. Тачканы бир эки жума сүйрөп акча таап кетип калсамбы. Антейин десем кампа башчы­сынын кыжырына тийип албадым беле. Ал бере коебу. Кубандык түбү жок түркүн ойлорго түшүп, Нанайдын үйүнөн чыкты да түз эле үйрөнүп калган Ош базарына келди.

Күн аркан бою көтөрүлүп калган менен эт базарында элдер азайбаптыр. Эт тарта турган таразанын жанында баягы «Москвич» дагы турат. Багажниги этке толо эмес, болгону бир койдун тушу. Өзү арык болгон менен тулку бою чымыр келген, чап жаак кара кишини дароо тааныды. Ал баягыда бир тушун алдырып ким алганын билбей калган киши. Дагы эле тиги жоон сары менен бир койдун этинин баасын чыгара алышпай кыйкылдашып жатат. негедир уурулук сезим ойгоно түштү Кубандыкта. Муну алса жол кирелүү да болот, агасы менен жеңесине аз да болсо кийим кечек алып сүйүндүрөт. «Иним келип калыптыр» деп арак менен болсо да агасы майрам кылып жиберери анык. Алды менен кайсы жер менен алып чыгып кетерин, кайсы жер оңтойлуу экенин көз жүгүртүп карап алды да, шап этти кармай салып бекинүүгө оңтойлуу жерди көздөй бет алды. Бирок... Бирок бирөөнүн карулуу колу ыйыгынан апчый кармады. Бурула берип жаны чыгып кетти. Эттин ээси. Этти тыштай салып качайын дегенде эки жигит эки колтугунан кармай калды.

– Эй, дос этти каерден алсаң, ошол жерге коюп кой. Эмесе...

Кубандык көзүн алаңдатып койдун этин ордуна койду. Тигил экөө Кубандыкты колтуктап кабинага киргизип эки жагына отуруп алышты.

– Мени кайда апарасыңар, кое бергиле. Экинчи уурулук кылбайм. Уурулук ушул болсо энесин урайын.

– Эй бала, тише, сөгүнбөй отур. А то оозу мурдуң канжалап кетет.

– Милицияга апарганча ушул жерде уруп алгыла. Мына башымды тосуп берем. Кана,– деп жулкунду Кубандык.

– Атаман аке бул баланы эмне кылабыз? Бизге тынчтык бербей жинденип жатат,– деди жанагы кара кишини чакырып.

– Бир аз сабыр кылгыла. Эт мына сатылды. Бир аздан кийин жолго чыгабыз,– деди ал.

«Булар эми сөзсүз баягы мен түшкөн милиция бөлүмүнө алпарат. Алар мени дароо тааныйт. Эми мага ырайым кыла коебу»,– деп ойлонду ичинен. Бардык күчү менен оң жактагы жигитти катуу түртүп жиберди. Кабинанын эшиги ачылып, тигил жерге оңкосунан сайылды. Кубандык бир бутун жаңы эле сыртка чыгарганда кабинадагы жигит экинчи бутун кармай калды. Кубандык жыгылган жигиттин дал үстүнө түштү. Тиги кара киши далбастап чуркап келип, кулак тушка коюп калды эле Кубандыктын кулагы тунжурап башы айлана түштү.

– Өгүздөй күчтүүлүгүн. Ээн чыгарайыкчы, атасын тааныталы,– деп ызырынды жыгылып калган жигит. Эмнеден чатак чыгып калганын түшүнүшпөй базардагылар карап калышты.

– Эмне эле кино көрө тургансып чогулуп калдыңар. Тарагыла! – деп бакырды Атаман.

Багаждагы эт сатылып жолго чыгышты төртөө. Кубандык ойлонгондой милиция жакка багыт албай, шаардан чыгып чоң кара жолго түштү машина.

– Көзүн байлагыла. Жолду таанып алып качып кетип жүрбөсүн деди кара киши. Экөө шапа-шупа көзүн байлап бир эки муштагылап калды.

– Эй-эй абайлагыла. Өлүп калып жүрбөсүн,– дейт кара киши буйрук берип. Кубандык болсо: көзүмдү го байлады. эми машинадан ыргытып жиберип өлтүрүп койбосо болду деп ойлоп коет. Он саат жол жүрүп машина токтоп калды. Кубандыкты чоң темир дарбазанын ичине киргизип, көзүн ачты. Тегерегин караса бардыгы темирден жасалган бийик тосмо. Адам эмес чычкан жөргөлөй албайт.

– Силер эми бара бергиле, бул жигит менен өзүмчө сүйлөшөм,– дейт кара.

Атаман Кубандыкты ээрчиткен бойдон үйдүн ичине киргизди.Ичи укмуштай жасалгаланган. Коридор менен басып бара жатып оң жактагы бөлмөгө киргизди. Узун стол. эки жагына коюлган жумшак креслолор.

– Айта бер арманыңды,– деди Атаман.

– Эмнени айтайын?

– Эмнени айтмак элең, өмүр баяныңды, анан баягыда кантип этти уурдап кеткениңди айт.

– Өзүм жөнүндө го айтам. Ал эми этти мен уурдаган эмесмин.

– Сары көйнөк, кара шымчан эмес белең. Аны жакшы эстеп калдым. Ал эми сенин көздөн кайым болуп кеткениңе таң калгам. Ошол сары көйнөктү али үстүңдөн түшүрбөй кийип жүргөн турбайсыңбы.

Кубандык кантип актанарын билбей башы шылк дей түштү.

– Мындан кийин мага чындыкты гана айтып жүргүн. Саал эле калп айтсаң башыңдан ажырап каласың.

– Тамакты апкелейинби? – деди бир аял кирип.

– Апкел ушерге эле. Өзүм да чарчанып келдим,– деп Атаман креслого чалкалай отурду.

Кандай адам апкелди, эмнеге апкелди, максаты эмне Кубандык түшүнбөй отурду. Эмнеси болсо да өлтүрбөй житирбей аман койсо болду деп ойлонуп коет Кубандык.

Нан, чай анан бал каймак дегендерди асты менен дасторконго коюп анан булоолонгон куурдакты бир патнүскө апкелди. Мындай тамактарды Кубандык түшүндө көрбөсө өңүндө көргөн эмес. Шуңкуруп кирди дейсиң, Атаман карап эле аңкайып калды.

Тамак ичкенден кийин Кубандык өткөн турмушунун ийне жибине чейин айтып берди. Атаман да эч нерсе жашырбай башынан өткөргөн оор күндөрүн, өлүм менен жашоонун ортосунда ойноп келатканын, азыр да андан алыстабай жашап жатканын айтты. «Жүрөк күчтүү экен, анан калса ден соолугум мыкты экен, бардык коркунучтарды чым дебей көтөрүп келатам. Баамымда сен да күчтүү, жүрөктүү да окшойсуң. Дене бойду да кудай таалам келиштирип берген экен. Баралыңа келгенде бул күчтүн үзүрүн көрөсүң,– деди Атаман.

Менин чын атым Акмолдо, өзүң уккандай Атаман дешет. Антип аттарыбызды бурмалабасак оңой эле колго түшүп калабыз. Жанагы балдардын да кличкасы бар. Биринин аты Шумкар, биринин аты Аккүзөн. Тайлак, Жылаан, Карга, Пил, Желтаман, ал турсун Чочко деген аттар бар. Андай аттарга күлбөй эле кой. Сага да өзүңө жараша ат табылат. Эми сен эс ал. Кечке маал балдар келет. Алар менен бирге машыгууларды өткө­рөсүң. Сен эми шайкалардын тобуна кошулдуң. Мындан ары бул шайкалардан бөлүнүп кетем деп ойлобо. Жердин түбүнө кирип кетсең да таап алабыз. Башың сайда калат. Түшүндүңбү Кубандык балам.

Ыраса оңбогон жерге туш келген турбаймынбы. Өлсөм өлүгүмдү таппай кала турган жерге келипмин. Тачка сүйрөп нан таап жүргөнүм бейиш тура деп ойлонду Кубандык жумшак диванга барып куланганда.

Кечке маал беш жигит келишти. Кадимки спортсмендердей болуп чуркашып, анан ар түрдүү көнүгүү­лөрдү аткарышты. Атайын коюлган тренажердо машыгышты. Жекеме жеке мушташуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүштү. Бычакты ыргытып саюу, таамай атуу окшогон машыгууларды өткөрүштү. Баарына жетекчилик кылып Акмолдо үйрөтүп жүрдү. Кечки тамакка баары бир отурушуп, анан ар-ар жакка житип кетишти. Ушинтип айдан айга уланды. Тулпарды таптаган саяпкердей Акмолдо да эч жакка жылган жок.

Тамакты баптап жегени менен бир короодон эч жакка чыкпай, Кубандык жадап кетти. Биердин түрмөдөн айырмасы жокко деп ойлонду ичинен. Айылга кеткиси келди. Байкуш агам эмне гана тиричилик кылып жүрдү экен? Өзү менен бирге окуган классташтарын сагынды. Алар да өзүндөй чоң жигит болуп, окуганы окуп, иштегендери иштеп айылда жүргөндүр. Кыздардын баары турмушка чыгып кеткендир. Анын ичинен Сыя деген кызды жактырчу. Чачы узун, көзү бакыракай, кара тору кыз эле. Биринчи эле аны алакачып кеткендир. Кокус айылда эле жүргөн болсо тим эле чер жазыша сүйлөшөт элем. Аттиң тагдырдын татаал жолу ай! Өзүнчө үшкүрүнүп, анан Нурду эстеди. Ал менин ууру экенимди өз көзү менен көрбөдү беле. Эми ага кайсы бетим менен барам. Э, койчу аны, аны менен биротоло иш бүттү...

Бир күнү машыктырган жигиттерди мушташтырып көрдү Акмолдо. Өчөшүп бирөөсү үстөмдүк кылып өлтүрө жаздап баратканда мушташты дароо токтотуп, алакан тийиштирип жараштырып койду. Мындайда көзү өткүр, курч. Ким канча даражада ыкмаларды өздөштүргөн, күчү канчалык экенин билип алат. Айрыкча Кубандыктын ар бир кыймыл аракети жакты. Анын үстүнө ичкен жегени жарашканбы сыналып да, толуп да кетти. Токсон эки килограммга жеткенин өзү да таң калды. Теректей ичке бою билинбей болтоюп калганын өзү да күзгүдөн көрүп күлүп койду.

Минтип бордокудай бага бербейт ко. Бул куулук-шумдугу күч Акмолдо, буларды он эсе кайрып алат чыгар деп ойлонуп койду. Дал ошондой болду. Баягы Ош базарынан кармаган эки жигит – Шумкар менен Аккүзөн кирип келди. Деги мурда көрүшүп кадыр-баркы сиңишип калган достордой болуп кучак жайып кучактап саламдашты:

– Сен баягы муштумдарды кектеп калган жоксуңбу я? – деди Шумкар.

– Эмнеге кектейин. Көп деле өзөртө урганың жокко,– деп жооп кылды Кубандык.

– Эмне деген кличка койду Атаман аке?

– Бегомот деп.

– Ыраса ат тапкан. Бегомоттой семирип алыптырсың го. Ох-о-о, муну анча мынча киши көтөрө албайт карасаң Аккүзөн деп Кубандыкты өйдө-өйдө силкилдетти. Ошентип тамашалашып жатканда Акмолдо өз бөлмөсүнө чакырып калды.

– Куда кааласа бир-эки айлык жумуш бар,– деп кудуңдап койду Шумкар.

Акмолдо айылдын бүт картасын көрсөтүп, кайсы жерде кайсы мал бар экенин, канча экенин ага кайсы жол менен барыш керек экенин ийне жибине чейин аныктап тактап берди. Ал жердеги кишисинин атын атады.

– Эми жолуңар болсун. Казакстан жакка кеткен Пилдин да келер маалы болуп калды. Мен аны күтөм.– деди Акмолдо шакирттерин узатып жатып.

Ошентип Шумкар баштаган топ күн ара, же ар жумада бирден экиден ат уурдашып он эки башка жеткиришти. Анын ичинде Акмолдо дайындаган Алапар деген күлүк да бар болчу. Алапарды көрүп Акмолдонун сүйүнгөнүнөн айтпа.

– Сага жеттимби Алапар, сага жеттимби Алапар. Тулпарым менин, шумкарым менин,– деп көкүлүнөн сылап мойнунан тырмалап жатты.

– Күлүк болгон менен муну көкбөрүгө же жарышка сала албайсыз го. Өзү ак ала экен. Ээси бир көргөндө эле тааныйт, деди Кубандык.

– Мунун ээси бар. Бизде эмес, чет мамлекетте. Мен аны чоң мелдештерде гана көрүп турсам болду. Муну кармап чыкканыңарга таң калам. Жанына ээсинен бөлөк жан адамды жолотчу эмес эле го,– деди Акмолдо.

– Кубандык алып чыкты. Адам бою секиргенин карайбы Кубандык «жинин» кагып алды. Азыр койдон жоош болуп турганын көрбөйсүзбү,– деди Аккүзөн.

– Жер астындагы тамга алпарып чөп салып байлап койгула,– деп Акмолдо үйгө кирип кетти. Бирөө жетелеп, экөө ээрчишип жер астындагы тамга киришти. Кубандыктын бул жерге биринчи кириши. Ушунчалык чоң. Анан тазалыгын айтпа. Кой, уй, ат бага турган жер өз өзүнчө. Мал сое турган, тазалай турган, иле турган жерлер да бар экен.

– Биердин баары бир күндө эле толуп кетет. Кайра жок болот,– деп Шумкар Кубандыкка көрсөтүп жатты.

Чогуу Акмолдо отурган бөлмөгө киришти. Аккүзөн белинде байланган жоолукту чечип алды да, оромосунан чыгарып акчаларды Акмолдонун астына койду.

– Табышыбыз эки жүз миң сомго бир аз жетпей калды, чыпчыргасын коротпой апкелдик.

– Булардын баары силердики. Макул десеңер Алапарды эле бергиле. Буйруса он миң доллар болуп туру го.

– Ал сатылса дагы бөлүшөсүз да Атаман аке.

– Ай, Аккүзөнүм ай, сенин ач көздүгүң калбайт экен го. Ошол ач көздүк бир күнү сенин түбүңө жетеби дейм. Сатылбай жатып акчасын сурайсың. Ай-ай, Аккүзөн. Бекер Аккүзөн деп ат койбоптурмун.

– Койдум аке, койдум. Экинчи ооз ачпайм. Тигил экөө машинага түшүп кеткенден кийин Кубандык эч жакка чыккан жок. Көптөн бери ушул Акмолдонун үйүнө баярлап келет. Көбүнчө тренажердук залда болуп, машыгууларды тердеп тепчип чарчаганча өткөрөт. Акмолдо да анын ден соолугу бекем, күчтүү болушуна ынтызар. Бош боло калганда Кубандык менен кошо машыгып жекеме жеке кармашууда жыгып алуунун, колу, бутту кайруунун ыкмаларын үйрөтөт. Ошентип экөө ата баладай болуп кеткенин билбей калды.

Акмолдо үч аял алды. Үчөө тең Акмолдонун залимдигине чыдай албай коюшкан. Саал эле катуу сүйлөп койсо кызыл камчыга алып кудайга үнүн угузчу. Бул төртүнчү аялы. Жети жылдан бери жашап келет. Сулуу десең сулуу, адамкерчилигине баа жетпейт. Бирок кудай таалам багын ачпай койду. Согончогу канап Акмолдонун ордун басып, үй-жайына ээ болуп кала турган бала же кыз төрөй элек. Аттиң арман! Бири кем дүнүйө ушу эмеспи!..

Бала үчүн кое бергиси келет Акмолдонун. Бирок мындай аял ченде чыгат. Төгөрөктү төрт кыдырса да таба турган эмес. Үстүңө аял киргизейин. Ал сенин айт­кандарың аткарып, айдаганыңа жүрө турган кылам,– деген чай ичип көңүлдөрү жай отурганда. Мени кетирип маа десең он аял ал деп койгон аялы. Ошондон бери Акмолдонун тили кыска. Ичинен күйүп жүргөнү менен аялына сыр бербейт. Ушундай ахвалда жүргөндө Кубандыктын келип калганын кара. «Ушерде жүр. Бизге бала бол, десе эмне дээр экен? Ансыз да бизге ылым тартып калды го» деп ойлоп жүрдү Акмолдо.

Кубандыктын ою таптакыр башка болчу. Дүнүйөсү менен жерге кирсин, өсөрүнөн көрү жакын бул тирликтен кантип кутулар экем. Алыс-алыс бир мам­лекетке житип кетсем таба албай калышаар эле дейт ичинен.

Убакыт токтоп турмак беле. ай-айдан жылга айланып кетти. Акмолдонун командасындагылардын далайы камалып, темир торго түшкөндөрү темир торго түшүп, атылып же асылып калгандары улам угулуп калып жатты. Ар бир баласы үчүн жаны ооруп, Акмолдо үч-төрт күн арак ичип төшөктөн турбай калат. Андайда Кубандык тигил «эки буттуу бөрүлөргө» башчылык кылып калат. Муну командадагылар жактырышпай кечээ эле келген баланы Атаман эмнеге башкартып койду дешип жактырышпайт. Айрыкча Пилдин ичи күйгөнүн айтпа. Сары ооз баланы көрсөтпөсөмбү деп ызырынат да жүрөт. Эки-үч жолу жакалаша кеткенде Акмолдо өзү басып койгон. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн түшүнгөн Акмолдо Пилди Кубандык менен бетме бет чыгууга чакырды. «Ыраса болду, эки чайнап бир жутуп мен ким экенимди Атаманга көрсөтөйүн» деп ойлонот Пил. Ал жүз төрт килограмм. Менден он эки килограммга оор. Бирок ушунчадан бери талыкпай эмнеге машыгып жүрөм. Мен сөзсүз үстөмдүк кылып жеңишим керек. Эгер бүгүн жеңилсем анда асылып өлөм» деп чечим чыгарды Кубандык. Ошондуктан бул кармашуу от менен ойногон баладай өлүм же жашоо эле Кубандык үчүн. А Пил мындай мушташууну башынан далай өткөргөн. Жеңсе жеңдим деп мактанбай, жеңилсе жеңилдим деп ызаланчу эмес. Ошондуктан бул кармашуу ал үчүн эч нерсеге турбайт. Болгону орун талашуу деген кеп.

Бул кабарды Казакстандагы, Өзүбекстандагы, башка жерлердеги Акмолдо менен байланышы бар адамдар угушту. Ошондуктан белгиленген убакта ар жактан машиналары менен келип калышты. Өздөрүнчө судьясын шайлашып, спорттун кулатуу таймашынын негизинде мушташ башталды. Пил Кубандыкты эки жолу көмөлөтө коюп баса жыкканы калды.

– Пил пилдик кылат го байкуш баланы ушул жерден сүйрөп чыгарбасак болду,– дешет катар тизилип отургандар. Кубандык андан буйтап качып кезек-кезек тээп калат. Пил кээде оңтоюн келтирип күрсүлдөтө урганда Кубандыктын башы эңги деңги боло түшөт. Мына дагы бет талаштыра урду эле мурду канжалап кетти. Ага карабай Кубандык бир бурчтан бир бурчка качып Пилди жолотпойт. Ага Пилдин ачуусу ашынып, кармаса эле кабыргасын кабыштырып кое тургансыйт.

– Эй, судья ушундай да болобу? Мушташса мушташпайбы алдагы Бегемот. Жеңишти Пилге бергиле. Алдагы эмне маймылдай ойноп жүрөт,– деген кыйкырык чындап күчөдү. Ары-бери чуркаганда Пил эми күшүлдөп-бышылдап калды. Үстүнөн тер куюлуп кетти. Убагы эми келди деди Кубандык. Чардайган курсагына бир тепти эле ыңк дей түштү. Экөө эми кармаша кетти. Пил оңтоюн таап басып алды да эки, үч жолу муштап жиберди. Мурдундагы каны ого бетер жайылып чыкты.

– Токтотсоңорчу байкуш баладан айрылып калабыз,– деген уу-дуу күчөдү.

– Эмнеге токтотобуз, али Бегемотто шансы бар,– деди кээ бирөөлөрү. Ошол учурда Кубандык балыктай астынан суурулуп чыгып жонуна минип калды. Кулак талаштыра Пилди урганда анын көзүнөн от чагылып кетти. Пил колу менен жонундагы Кубандыкты чапчый урганда Кубандык шап колунан кармай калып артка бурай кармады. Бир колу менен муунтуп, бир колун сындыра бураганда Пил эмне кылар айласын таппай алсырагандан алсырай түштү. Кубандыктын каруулуу колдору жиптей оролуп, үстүндө тегирмендин ташы жаткандай Пилди эки жакка бурултар эмес. Көзү караңгылап, көөдөнүнө жел кирбей калганда, бир колун килемдин үстүнө араң ургулап, башы шылк дей түштү.

– Суу апкелгиле, суу апкелгиле,– деп шашылып калды карап тургандар. Кубандык ордунан көтөрүлүп, Пилдин башынан аттап өттү. Эсине келе албай сулап жаткан атаандашын аң-таң болуп карап турду. Карап тургандар «өлүп калдыбы» деген кыязда өң далелеттери жок. Анткен менен жеңишти жарыя кылуу парс эмеспи. Акмолдо Кубандыкты килемдин ортосуна алып келди да, Кубандыктын колун көтөрүп:

– Мына чыныгы балбан. Мындан нары буга баш ийип жүргүлө. Кокус башыма кырсык келсе силерге ушул бала атаман болот. Он кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да угуп койгула.

– Оозунан сарысы кете элек сары ооз бала кечээ жакында келгенине карабай дароо атаман боло калабы. Атаман аке мунуңуз туура эмес. Бизге сизге окшогон иш билги, амалкөй, башка кыйынчылык келгенде кыяматтын кыл көпүрөсүнөн да алып өтөр акылдуу жан керек. Ал эми мунуңуз-менттерге кармалган күндүн эртеси эле баарыбыздын шорубузду шорподой кайнатат. Деги биздин арабыздан сиздин орунуңузду баса турган эч ким табылбай калдыбы? Мен бул орунга Илбирсти көрсөтөр элем. Кандай мыкты жигит! Канча жылдан бери мал уурдап келатат бир жолу да колго түшсөчү чиркин...

– Эй Барс! Сөзүңдү токтот! Эмне мени эртең эле өлтүрүп койгуңар келип жатабы! Сенден акыл үйрөн­бөйм. Азыр чыгып кеткин!

Акмолдонун ачууланганын көрүп. Барс куйругун капчыган иттей сыртка чыгып кетти.

Пил бир аз жаткандан кийин акылына келип ордунан турду. Акмолдо экөөн кучакташтырып достоштурду да, тургандардын баарын сый тамакка чакырды. Бардыгы суусап калгандай арак ичишип, бөлмөнүн ичин чылымдын түтүнүнө толтуруп жиберишти. Пил үстөкө-босток аракты ичип, мас абалында Кубандыктын жанына отура кетти. Жанагы кармашуудан кийин ичине кек сактап калдыбы деп өзүнчө бушайман боло түштү Кубандык.

– Бегемот, кана, менин жеңилишим, сенин жеңишиң үчүн стакандашып коелу. Кандай дейсиң?..

– Мен ичпейм. Же бир жерден ичкенимди көрдүң беле.

– Жок көргөн эмесмин.

– Анда кыйнаба.

– Болду, болду акеси. Арак менин да түбүмө жетип баратпайбы. Баарынан каруу, күчтү алып койгонун айт. Эмесе колумду сага буратпай, сенин колуңду бурап алат элем го.

– Мага ачууланып турган жоксуңбу? Канткен менен мен таш боорлук кылып койдум.

Жо-о-жок, ачууланганда эмне, жекеме жеке мушташуунун шарты ушундай болгондон кийин таш боорлукка чейин барабыз да. Андан көрө бир туугандай болуп жүрөлү.

Пил Кубандыктын мойнунан кучактап бетинен өпкүлөй кетти. Кек сактабай кайра минтип жатканына бир жагы таң калып, бир жагы «достошо турган жигит экен» деп ойлоп койду. Сообу соо бойдон, масы мас бойдон келгендердин баары машиналарына отурушуп жөнөп кетишти. Алар отурган столдо желген тамактардын калдыктары, ичилбеген суусундуктар менен арактар гана калды.

Үч күнгө чейин башына арак коюп ичти Акмолдо. Аялы Зыябү кээ бир аялдардай мас болгонун күнөөлөп иттей ыркырап беттен алган жок. Кайра чыракка айланган көпөлөктөй күйөөсүнүн жанынан чыкпай, даамдуу тамактарды даярдап астына кое коет. Бетинен өпкүлөп «тынч жатчы, эс алчы, көп ичпесең» дей берет. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык аялдын ыймандуулугуна, тунук сүйүүсүнө, адамкерчилигине суктанып «аттиң менин аялым да ушундай болсочу» деп коет ичинен. Анан дароо Нур эсине түшө калат. «Азыр кайда жүрүп, кандай турмушта жашап жатты экен? Мени таптакыр унуткандыр. Анын үстүнө арадан эки жыл өтүп кетпедиби. Ал он биринчи классты бүтүп коюп бир окуу жайда окуп же бир жерде иштеп жаткандыр. Мени таптакыр эсинен чыгаргандыр. Кудай уруп ошонун көзүнчө колго түшүп менттердин «Ууру» деп сүйрөгүлөгөнүн айтпайсыңбы. Эми кайсы арым менен ага бармакчымын».

Төртүнчү күнү Акмолдо төшөгүнөн туруп, Кубандыкты ээрчитип алып бөксө тоодун чокусуна чыгып отурушту. Бул жерден тоонун этегине салынган Акмолдонун үй-жайы короо сарайлары, андан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоңташ айылы алаканга салгандай көрүнүп турду.

– Кудай таалам өзү ушу жерге жеткизди.– деди Акмолдо,– айыл жакка көз чаптырып,– Союз урагандан кийин баш аламандыктар көп болбодубу. Чабандардын тамы, короо сарайлары ээн калып, көп өтпөй бомба түшкөндөй талкалана баштады. Казахстанда качып жүргөнүмдө капысынан Эрхан деген таанышым жолугуп калды. Сүйлөшүп отуруп эли журтуңду сагынган жоксуңбу? – деди. «Сагынган менен айла канча уурулук менен качып жүрөм. Эки жолу түрмөгө түштүм. Үчүнчү жолу түшкүм келбейт. Анын үстүнө Казакстан кенен жер эмеспи. Менин уурулук кылганым кыпынга турбайт. Бир жерден уурулук кылсаң, экинчи бир алыс жагына кетип каласың,– дедим. Ага Эрхан элиң тап деп болбой койду. Кыргызстанда паспортто иштеген досум бар. Эптеп паспорт алып берем. Анан көп эле алкымыңды ача бербей акырын-акырын иш кыл. Кээде гана мага жана паспортто иштеген досума союш жеткизип турсаң болду,– дейт ал. Союш жерге кирсин. Ал көз ачып жумганча табылат. Андан көрө паспорт алып берсе эле болду,– дедим. Аны өз мойнума алайын бол кеттик дейт ал. Ошентип Эрхан паспорт алып берүүгө жарады. Анан мен көп өтпөй ушул короо сарайларды бүтүндөй сатып алып, эми көрчү бейиштин төрүндөй жайга айландырдым. Эски досторумдун башын бириктирип «бөрүлөр» жамаатын түздүм. Иш жүрүп кетти. Азыр көрүп жүрөсүң үч жүзгө жакын кой, он чакты уй, он чакты күлүк чыкма аттарым бар. Ал аттарды жакшылап багып табына келтирсем, жөн эле он миң доллардан алып кетет. Анткен менен адамдын көзү дүйнөгө тойбойт тура. Өзүң көрүп жүргөндөй уурулардын атаманымын. Мен мындан чыга албайм. Мен бирөө, алар жүзгө жакын. Анткен менен мен алардан өйдөмүн. Оозумда сөзүм, тайманбастыгым бар. Жүрөк отум күчтүү. Акыл жана амал менен кандай гана адам болбосун бутума чөгөлөтүп коем. Жекеме жекеге келгенде эч ким тең келе албайт. Мен ушундаймын Кубандык. Сенде да ушундай кудурет болбосо бат эле башың өлүмгө байланып калат.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет