Эмгектик мертинүүгө дуушарланган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар атайын транспорт каражаттарды алышына медициналык



Дата21.06.2016
өлшемі18.83 Kb.
#152159
8-тиркеме
Эмгектик мертинүүгө дуушарланган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар атайын транспорт каражаттарды алышына медициналык көрсөткүчтөрдүн тизмеси


  1. Эки сандын же шыйрактын мултугу, анын ичинде Пирогов, Сайм боюнча операциядан кийинки мултугу.

  2. Ар кандай деңгээлде жана протездөөгө жарактуулугуна карабастан бир сандын мултугу.

  3. Ар кандай деңгээлде жана протездөөгө жарактуулугуна карабастан бир шыйрактын мултугу.

  4. Таман сөөктүн туура кеткен муунунун деңгээлинде эки тамандын мултугу.

  5. Сөөктөрдүн жана муундардын оорусу, турууну жана басууну кыйла татаалданткан буттардын деформациясы.

  6. Жалган муун, сандын же шыйрактын эки сөөгүнүн ири сөөк дефекти, салаңдаган жамбаш менен кашка жиликтин ашташы же тизе мууну, даана байкалган контрактура же жамбаш менен кашка жиликтин ашташындагы же тизе муунундагы анкилоз, башка буттун функциялары сакталуу менен буттун 10 жана андан ашык сантиметрге кыскарышы.

  7. Эки буттун анкилозу же тизе муундарынын өтө көрүнүп турган тырышуусу (контрактура).

  8. Эки буттун шалы жана парези, кыймылдоону кыйла татаалданткан параплегия, гемипарез, гемиплегия.

  9. Бир буттун шалы же байкалган парези.

  10. Кыйла трофикалык бузулуулары менен эки буттун нерв-кан тамыр түйүнүнүн бузулуусу (айыкпаган терең жара).

  11. Турууну жана басууну кыйла татаалданткан омуртканын оорусу, деформациясы.

  12. Буттун ири муундарын патологиялык процесске тартуу менен анкилоздук спондилоартрит.

  13. Буттагы кан жана лимфа тамырларынын көңдөйүнүн ичкериши,  стадиядагы жана кыйла байкалган оорулар (тромбооблитерация).

  14. Хирургиялык дарылоо мүмкүн болбогон же ийгиликке алып келбеген учурда тромбофлебит же трофикалык бузулуулар менен татаалданган эки буттун кан тамырларынын варикоздук кеңейиши.

  15. Эки буттун тери клеткаларынын калыңдашы.

  16. Кардиопульмоналдык II даражадагы кемтиги менен өпкөнүн эмфиземасынын оор формалары (пневмосклероз)

  17. Калкандуу жүрөк.

  18. Байкалган атаксия, гиперкинетикалык, амиостатикалык синдром.

  19. Жамбаш менен кашка жиликтин ашташындагы же эки тизе муундарынын эндопротези.

  20. Жуп патологиядагы бир буттун патологиясынын тешик жарасы бар өнөкөткө айланган (2 жылдан ашык) остеомиелити, секвестри бар көңдөйлөрү менен айкалышы.


Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет