Жогорку окуу жайларда окутуунун



жүктеу 1.99 Mb.
бет1/9
Дата20.07.2016
өлшемі1.99 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9


И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ

ОКУТУУНУН ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ

АКУНОВА АЙНУРА РЫСБЕКОВНА


КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФРАЗЕОЛОГИЯСЫН

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ОКУТУУНУН

МЕТОДИКАСЫ

БИШКЕК 2008

УДК 811.51

ББК 81.2 Ки

А 44
Рецензиялагандар: педагогика илимдеринин доктору,

профессор Осмонкулов А.О.,

филология илимдеринин кандидаты,

профессор Эгембердиев Р.Э.



Акунова А.Р.

А 44 Кыргыз тилинин фразеологиясын жогорку окуу жайларда окутуунун методикасы.-Б.:2008.-150 б.

ISBN 978-9967-04-291-9

Бул эмгекте жогорку мектепте кыргыз тилинин фразеологиясын тереңдетип окутуунун ыңгайлуу методикасы сунушталып, ЖОЖдордун кыргыз филологиясы, педагогика, журналистика, котормо факультеттеринин кыргыз тили окутуучулары, студенттери, изденүүчүлөр, магистранттар жана аспиранттар, орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине арналат.



А 4602020400-08 УДК 811.51

ББК 81.2 Ки



ISBN 978-9967-04-291-9 © Акунова А.Р.,

2008

МАЗМУНУ


КИРИШҮҮ ………………………………………………………………………….3
БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ИЗИЛДЕНИШИ ЖАНА

АЛАРДЫ ЖОЖдордо ОКУТУУНУН АБАЛЫ


    1. Кыргыз тилинин фразеологиясынын

изилдениш тарыхынан……………………………………............11

    1. ЖОЖдун окуу план, программаларында

жана окуу китеп, окуу куралдарында

кыргыз фразеологиясынын берилиши………………………….22


ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФРАЗЕОЛОГИЯСЫН ЖОЖдордо ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ

2.1. ЖОЖдо кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди окутуу:

2.2. Фразеологияны тереңдетип окутуу үчүн тандоо

курс, атайын семинарларды уюштуруу……………….…119

КОРУТУНДУ………….………………………………………………………… 157

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ …………….………..161

ТИРКЕМЕЛЕР……………………………………………………………… …..171




КИРИШҮҮ

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында окутулат. Анын тармактары боюнча теориялык, практикалык, методикалык багыттагы ар кандай изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз тилинин өзүнчө бир тармагы болгон фразеология боюнча да бир топ эмгектер жаралды. 1956 - жылы Ж.Шүкүровдун «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» аттуу илимий макаласы аркылуу кыргыз фразеологиясын изилдөөгө алгач чыйыр салынган. Андан соң, окумуштуулар Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, А.Сапарбаев, Ж.Мукамбаев, Р.Эгембердиев, Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж. Чыманов, Г.Жамшитова, И.Исабеков ж.б.лар чакан макалалардан тарта, кандидаттык диссертацияларга чейин жаратышты. Тилдеги фразеологизмдерди чогултуу жана аларды сөздүк кылып чыгаруу иши да жакшы жолго коюлган. 1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнөн» тышкары 1990-жылы Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдордун мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 2000-жылы Г.Жамшитованын «Кыргызча-орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү», 2001-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» толукталып 2-жолу Ш.Жапаров, Ж.Осмонова, К.Конкобаевдер тарабынан жарык көрдү. Бирок ушул күнгө чейин фразеологизмдерди окутуу ишине методисттер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Жалпы билим берүүчү мектептерде фразеологизмдерди окутуу боюнча Р.Эгембердиевдин «Фразеологияны 11- класста окутуу» (1992) аттуу чакан методикалык колдонмосу, А.Р.Акунованын «Орто мектептерде фразеологияны окутуунун методикасы» (1998) деген темада корголгон магистрдик диссертациясынан башка барандуу эмгек жазыла элек. Демек, кыргыз тилинин фразеологиясын методикалык өңүттөн изилдөө иши учурдагы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Дегеле ары татаал, ары кызыктуу болгон тилдеги фразеологизмдердин табияты али толук изилденип бүтө элек, ал үчүн көптөгөн теориялык, практикалык, методикалык аспектидеги илимий эмгектер илимпоздор тарабынан жаралууга тийиш.

Кыргыз элин башка элдерден айырмалап турган улуттук өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон - эне тилин өсүп келе жаткан жаңы муунга чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүү, үйрөтүү мурунку муундун адамдарынын, айрыкча тилди үйрөтүп жаткан педагогдордун ыйык милдеттеринен. Күнүмдүк турмушта пайдаланууда эч кандай чечмелөөсүз эле түшүнүүгө боло турган сөздөрдөн айырмаланып, фразеологизмдер ата-бабадан мурас катары элдин турмушун, каада-салтын, үрп - адатын, адеп - ахлагын, диний ишенимдерин өз ичине камтыган татаал тилдик бирдик, көркөм каражат болуп саналат. Мындай сөздөрдүн тарыхын билип, маанисин атайын чечмелемейин толук түшүнүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз тилинин көркөмдүгүнө, элестүүлүгүнө, таасирдүүлүгүнө өз салымын кошкон бул сөздөрдү билим берүүнүн бардык баскычтарында терең окута баштоого кезек келди. Себеби, бул татаал табияттагы сөздөрдү улам кийинки муундардын оозеки жана жазуу кептеринде азыраак колдоно баштаганы, көркөм сөз өнөрүнөн алыстап бара жаткандыктары байкалат. Муну биз педагогикалык тажрыйбабыздагы студенттерден ар кыл жазуу иштерин алуунун, оозеки кептерине байкоо жүргүзүүнүн, мектептерде, ЖОЖдордо жүргүзүлгөн анкеталык сурамжылоонун, эксперименттердин жыйынтыктарына таянуу менен айта алабыз. Өз кезегинде орус окумуштуусу В.В. Радлов суктангандай, дүйнөдө теңдеши жок алп Манас баштаган дастандарды жараткан, Арстанбек, Калыгул, Жээренче чечен, Асанкайгы, Толубай сынчы, Жеңижоктон тарта Э.Турсуналиев, Уркаш Мамбетов, З.Үсөналиев, А.Абдуманов, Ж.Токтоналиев сыяктуу өнөр алды - кызыл тилди туу туткан элибиздин улуу муундан калган көркөм сөз берметтерин эне тилибиздин улуттук байлыгы, өзгөчөлүгү катары кийинки муунга үйрөтүү ишине аздыр – көптүр болсо да өз салымыбызды кошолу деген максатта ушул эмгекти иштеп чыктык.

Фразеология боюнча терең билими бар ЖОЖдун окутуучусу өз студентине, ЖОЖду бүткөн ал адис өз кезегинде окуучусуна бул багытта жетишээрлик деңгээлде тиешелүү билимин бере алат. Ошондуктан учурдун талабы болгон окутуунун сапатын көтөрүү, улуттук дөөлөттөрдү жандандыруу маселесин чечүүдө адистерди чыгарып жаткан ЖОЖдо эне тилден сабак берген окутуучунун жалпы лингвистикалык-педагогикалык деңгээлине көңүл буруу закон ченемдүү иш.

ЖОЖдордо кыргыз тилинин фразеологиясын окутууга карата иштелип чыккан методдордун, ыкмалардын, каражаттардын жыйындысы ЖОЖдун окутуучусуна эффективдүү, кызыктуу сабак уюштурууга жардам берет; изилдөөдө берилген материалдар, сунуштар бул багыттагы иштердин жандануусуна, жайылуусуна түрткү болот; иштелип чыккан окуу курал, методикалык колдонмолор республиканын жалпы билим берүүчү мектептерине жана ЖОЖдоруна таралып, тилдин бул бөлүгүн тереңдетип окутууга көмөкчү болмокчу.



БИРИНЧИ БӨЛҮМ
  1   2   3   4   5   6   7   8   9


©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет