Жогорку окуу жайларда окутуунун


КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ИЗИЛДЕНИШИ ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЖдо ОКУТУУНУН АБАЛЫ



бет2/9
Дата20.07.2016
өлшемі1.37 Mb.
#211545
1   2   3   4   5   6   7   8   9

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ИЗИЛДЕНИШИ ЖАНА АЛАРДЫ ЖОЖдо ОКУТУУНУН АБАЛЫ


1.1. Кыргыз тилинин фразеологиясынын изилдениш тарыхынан.

Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Байыртадан эле ата-бабаларыбыз кептеринде уюткулуу накыл сөздөрдү, таамай, курч сөз каражаттарын кеңири колдонуп келишкен. Укумдан-тукумга оозеки түрдө айтылып, мурас катары бизге жеткен элдик чыгармалар буга күбө боло алат. Бирок өзүнчө бир көркөм каражат болуп кылымдар бою жашап келе жаткан тилибиздеги бул сөздөргө кыргыз тил илиминде 1950-жылдарга чейин атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Фразеологизмдердин табиятын тактоодо, классификациялоодо, тилден алган ордун белгилөөдө орус окумуштуулары өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. 1946-жылы В.В.Виноградовдун «Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины» деген эмгеги орус тилиндеги фразеологизмдерди изилдөөгө негиз салып, башка тилдердеги мындай сөздөрдү изилдөөдө жана классификациялоодо кеңири пайдаланылып келе жатат.

Орус фразеологиясын изилдөө, иликтөө иши ошол мезгилден тартып көптөгөн окумуштуулардын колдоосуна алынган. Б.А.Ларин, В.Л.Архангельский, И.Ожегов, А.М.Бабкин, Н.М.Шанский, А.И.Молотков сыяктуу ондогон окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр тил илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Ошентип ХХ кылымдын 40-50-жылдары фразеология - тил илиминин бир бөлүгү катары таанылып, изилдөө объектилери белгиленип, ага байланыштуу илимий иштер кеңири кулач жайган.

Түркологиянын тарыхында мындай изилдөөлөр алгачкы жолу С.Кенесбаев тарабынан жүргүзүлгөн. Анын «Казак тилинин тыянактуу сөз тиркештери»,«Казак тилинин идиомалары менен фразалары тууралуу» (1944) деген эмгектери фразеологияга арналган баалуу эмгектерден.

Өзбек тилчиси Ш.У. Рахматуллаевдин «Азыркы өзбек тилиндеги этиштик фразеологиялык бирдиктердин грамматикалык жасалуу өзгөчөлүктөрү» (1952) деген темада коргогон кандидаттык диссертациясы түрк тилдериндеги фразеологизмдердин грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен семантикалык структурасын изилдөө иштерине жол салган эмгек болуп саналат.

Тил илиминде фразеологияны изилдөө иштеринин актуалдуулугу жөнүндө 1959-жылы 15-18-сентябрда Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетинин тил кафедрасынын демилгеси менен эл аралык конференция уюштурулуп, Самаркандда өткөн. Ал түрк тилдериндеги фразеология маселелерине гана арналбастан, жалпы эле тил илиминдеги такталууга, талкууга муктаж болгон фразеологиянын изилденишин кызуу талкууга алган. 3 секция боюнча (орус тилинин фразеологиясы, түрк тилдеринин фразеологиясы, роман-герман жана иран тилдеринин фразеологиясы) 36 доклад жана маалымдоолор окулган. Катышуучулар ошол кездеги актуалдуу болгон фразеологизмдин түзүлүшү жана чеги; фразеологиялык түрмөктүн эркин сөз тизмегинен, татаал сөздөн, туруктуу метафоралык сөз тизмегинен айырмасын тактоо; фразеологизмдердин лексика-семантикалык жана грамматикалык түзүлүшүнүн табиятын таануу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан. А.Тихонов: «Конференция помогла наметить основной путь и направление по которым должна вестись работа над фразеологией в ближайшие годы» - деп белгилегендей [ 103 ], конференцияда фразеология боюнча илимий иштер системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Анын материалдары «Вопросы фразеологии» деп өзүнчө жыйнак болуп чыгып, ага С.Н. Муратовдун «Түрк тилдериндеги туруктуу сөз тизмектери» деген доклады кирген.

Андан бери түркологияда фразеологияга арналган теориялык жана методикалык багыттагы көптөгөн эмгектер иштелди жана иштелип жатат. Мисалы: Алмамедов А. «Двухкомпонентные глагольные номинативные фразеологические единицы в современных английских и туркменских языках» (Ашхабад, 1982), Мамедова К.А. «Фразеологическая синонимизация в современном азербайджанском литературном языке» (Баку, 1983), Сопиев З.Т. «Фразеологическая работа на уроках русского языка в национальной школе с углубленным изучением предмета» (Душанбе, 1988), Ахметжанова Ф.Р. «Фразеологические единицы типа «относительное прилагательное плюс существительное» в казахском языке» (Алмата,1988), Аллахвердиева Э.М. «Лексикографическая и структурно-семантическая эквивалентность в художественном переводе (на основе переводов романов А.М.Горького на азербайжанском языке)» (Баку, 1987), Джапарбекова С.А. «Фразеология в двуязычных словарях» (Алмата, 1990) ж.б. кандидаттык диссертацияларды атоого болот. (Түрк тилдериндеги мындай изилдөөлөрдүн тизмеси тиркелет. (Тиркеме 1).

Эми кыргыз тилинин фразеологиясынын изилденишине токтолсок.

50-жылдарга чейин фразеологизмдер өзүнчө илимий талдоого алынбаса да, практикалык жактан изилденип келген. К.К.Юдахиндин 1940-жылы жарык көргөн «Кыргызча – орусча сөздүгүндө» фразеологизмдер кеңири кездешет жана алар башка сөз каражаттарынан айырмаланып ромб белгиси менен белгиленген. Автор китептин баш сөзүндө: «В словаре богато представлен иллюстративный материал: пословицы, поговорки, устойчивые словосочетания, идиоматика, отдельные фразы и цитаты из произведении», - деп жазат [124, 7-б.]. Сөздүк толукталып, 1965-жылы 2-жолку басылышында фразеологизмдердин саны дагы көбөйгөн.

Тилдеги сөздөрдүн лексикалык, семантикалык, стилдик нормасын белгилеген «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» (1969) да фразеологизмдер бир кыйла берилген. Ал эми окумуштуу А.Жапаров «Азыркы адабий кыргыз тилиндеги сөз айкаштарынын грамматикалык структурасы» (1955) деген эмгегинде фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксисттик функциясына кыскача токтолгон.

Кыргыз тилчилеринен фразеологизмдерди атайы изилдөөгө биринчи жолу аракет кылган окумуштуу Ж.Шүкүров болгон. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» (1956) деген макаласы кыргыз тилиндеги бул багыттагы алгачкы эмгек болуп саналат. Бул макалада автор фразеологизмдин туруктуу сөз тизмектеринин башка түрлөрүнөн (макал-лакаптардан, татаал сөздөрдөн) айырмалануучу белгилерин аныктап, фразеологиялык айкалыштардын түзүлүү жолдоруна көбүрөөк токтолуп, «бир макала менен кыргыз тилиндеги фразеология маселесин камтуу мүмкүн эместигин, фразеологиялык айкалыштардын бардык маселелерин толук жана терең чечүү үчүн эң зор изилдөө жүргүзүү керектигин» [115, 29-36-б.], ушул мезгилге чейин бул сөздөрдү изилдөөгө арналган эмгектер жоктугун, кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди топтоо, классификациялоо, өздөштүрүү сыяктуу иштер тилчилер үчүн негизги маселелерден экендигин баса белгилеген.

Андан бери көптөгөн жылдар өттү. Фразеология тилдеги өзгөчө көркөм сөз каражаттарды изилдей турган тил илиминин өзүнчө бир салаасына айланды. Изилдей турган объектиси тилдеги фразеологизмдер боло тургандыгы такталды. Жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, сөздүктөр түзүлүп, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды.

Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерге байланыштуу изилдөө иштери, Ж.Шүкүровдун аталган макаласынан кийин, 60-жылдардын аягында Ж.Осмонованын демилгеси менен улантылат. Анын фразеологизмдердин өзгөчө түрү болгон идиомаларды изилдөө иштерине арналган «Идиомалардын макал-лакап менен карым-катышы» (1969), «Кыргыз тилиндеги идиомалар жөнүндө» (1969), «Идиомалардын лексикалык варианттары» (1970), «Идиомалардын синонимдери жөнүндө» (1970) ж.б. макалалары биринин артынан бири жарык көрөт. «Кыргыз тилиндеги идиомалар» деген темада кандидаттык диссертация (кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге арналган алгачкы диссертация) коргоп, 1972-жылы «Кыргыз тилиндеги идиомалар» аттуу монографиялык эмгеги басылып чыгат. Ж.Осмонованын эмгектери фразеологизмдерди теориялык планда изилдеп, өзүнүн так, даана корутундулары менен идиомалардын табиятын так ачып бергендиги менен баалуу.

Андан соң Ж. Мамытовдун «Кыргыз тилинин фразеологиясы» (1969), А.Сапарбаевдин «Метафора менен фразеологиялык синонимдердин катышы» (1973), Ж.Мукамбаевдин «Идиомалар, учкул сөздөр»(1974), Б.Суранчиеванын «Фразеологиялык синонимдер»(1978) деген макалалары жарык көрүп, алар негизинен кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин түрлөрү, алардын лексика-семантикалык табияты, башка тилдик сөз каражаттарынан өзгөчөлүгү сыяктуу маселелерди изилдешип, атайын кыргыз тил жана адабият мугалимдери үчүн теориялык жактан жардам катары сунушталган материалдардан болгон.

Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерди теориялык жактан да, методикалык жактан да кеңири иликтөөгө алган окумуштуу Р.Эгембердиев болду. Анын «Фразеология-тил илиминин бир бөлүгү»(1974), «Өнөр алды-кызыл тил»(1977) деген макалалары жалпы тил илиминде (анын ичинде кыргыз тилинде) фразеологизмдердин изилденишине, айрым фразеологизмдердин маанисин чечмелөөгө арналса, ал эми «Манас» эпосундагы фразеологизмдер»(1976) деген макаласында эпосто кеңири кездешкен бул сөздөрдү колдонуудагы стилдик жактан өзгөчөлүктөрү такталган. Ушул маселени терең изилдөө менен Р.Эгембердиев 1979-жылы «Манас» эпосундагы фразеологизмдер» деген темада кандидаттык диссертациясын коргойт. Бул эмгек элдик оозеки чыгармаларда, көркөм адабиятта фразеологизмдерди колдонуудагы өзгөчөлүктөрдү иликтөөчүлөр үчүн салынган чыйыр болду десек болот. Анткени башка элдерде бул темага байланыштуу бир топ эле эмгектер бар. Алсак, Вирясова Л.С. «Фразеологизмы в произведениях М.А.Шолохова (Самарканд, 1960), Григорьеса А.Д. «Фразеология поэта Пушкина» (Москва, 1969), Гусейнов С.С. «Лексика и фразеология в произведениях Гасумбека Закира» (Баку,1973), Дуйсетаева К. «Семантико - стилистическая характеристика особенностей казахских фразеологизмов (на материале перевода романа-эпопеи М.Ауэзова «Абай жолы» на русском и английском языке)» (Алмата,1977), Ахмедов Ф.З. «Язык М. В. Видади. (Лексика и фразеология)» (Баку,1978), Каххарова Х.А. «Фразеология Абдуллы Кадыри» (Ташкент,1985), Мамедов Забит Теймур оглы «Лексика и фразеология рассказов Сулеймана Сани Ахундова» (Баку,1983), Гусимова Г. «Фразеологизмы в казахском эпосе» (Алмата,1991) ж.б. илимий иштерди көрсөтсөк болот. Бул багытта кыргыз тил илиминде жогорудагы Р.Эгембердиевдин эмгегинен сырткары, Ж.Мукамбаевдин «В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар»(1981), И.Н.Исабековдун «Сынган кылыч» романындагы фразеологизмдердин орус тилине которулушу» (2001), «Ж.Мамытовдун ырларындагы фразеологизмдердин стилистикалык функциясы» (2004) деген макалалары бар.

80-жылдары фразеологизмдердин мүнөздүү белгилеринин бири болгон - эмоционалдык – экспрессивдүүлүк касиетин иликтөө иштери А.П.Назаров тарабынан жүргүзүлдү. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдору»(1982), «Фразеологизмдердин арасына сөз, же сөз айкашын кыстаруу»(1983), «Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар»(1987), «Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилдик максатта катар колдонулушу»(1989) сыяктуу макалалары фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдорун илимий түрдө изилдеген эмгектерден. Көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасы болгон «Художественно- функциональные основы экспрессивности фразеологических единиц

(на материалах кыргызкого языка)» деген темадагы кандидаттык диссертациясын 1985-жылы коргогон.

Кыргыз лексикографиясында фразеологизмдерди иликтөө иши улантылып, 1980-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 1990-жылы Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» жарык көрүп, окуучулар, студенттер, тил жана адабият мугалимдери, илимий изилдөөчүлөр, дегеле жалпы калайык-калк үчүн пайдалуу китептерден болуп калды десек болот. «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» 1980-жылы «Илим» басмаканасынан 2000 нускада жарык көргөн. Сөздүк Э.Абдулдаев, А.Биялиев, А.Курманалиева, Т.Назаралиев, Ж.Осмонова, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлүп, 4000ден ашык фразеологизмди камтыйт. Окумуштуу Ш.Жапаров: «Иштин максаты- элдик байлыкты элге тартуулоо, же болбосо элден алып, элдин өзүнө берүү. Демек атам замандан бери элде оозеки түрдө жашап келген кенчти топтоп, кагаз бетине түшүрүп, системага салып, сөздүк (жыйнак) түрүндө кайра казына ээсине – элге сунуш кылуу. Өз кезегинде мындай аракет элдин маданиятын жогорулатууга көмөк берет»,- деп белгилегендей [ 57,10-б.], сөздүк жарык көргөндөн эле жалпы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынат. Бул сөздүктүн акыркы учурда сейрек кездешкен китептердин катарына киришин, анын жетишсиздигин жана айрым толуктоо, тактоолорго муктаждыгын эске алышкан окумуштуулар Ж.Осмонова, К.Конкобаев, Ш.Жапаровдор бул сөздүктүн 2-басылышын иштеп чыгышкан. Сөздүк КРнын азаттыгынын 10 жылдыгына карата белек катары Кыргыз-түрк «Манас» университети тарабынан каржыланып, 2001-жылы 1000 нускада басылып чыгат. Сөздүктө эми 7980 фразеологизмдер камтылган. Авторлор: «Экинчи жолу басылып жаткан бул сөздүктө кыргыз тилинин фразеологиялык айкалыштарынын түрлөрү, варианттары мүмкүн болушунча толук камтылган. Алардын түшүндүрмөлөрү адабий чыгармалардан, мезгилдүү басма сөздөрдөн, саясий, илимий ж.б. адабияттардан, оозеки тилден алынган мисалдар (цитаталар) менен бекемделген. Толукталып жаңыдан даярдалган бул сөздүк мектеп мугалимдерине, университеттердин студенттерине, окутуучуларына, аспиранттарга, окумуштууларга, басма сөз өкүлдөрүнө, мамлекеттик кызматчыларга, жалпы эле окурмандардын калың катмарына сөз байлыгын кеңейтиш үчүн көмөкчү боло алат» - деп белгилешкендей [89,6-б.], чындыгында бул сөздүк кыргыз фразеологиясынын азыркы кездеги абалын тактоодо жана аны андан ары иликтөөчүлөр үчүн баа жеткис эмгектерден десек жаңылышпайбыз.

Дагы бир ушундай кызматты аткара турган эмгек Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү». Жогорудагы cөздүктөрдөн айырмаланып, бул эмгек атайын мектеп окуучулары үчүн жазылып, 1990 - жылы 7000 нускада басылып чыккан. Бирок, тилекке каршы, мектептерде бул сөздүктөр жетишсиз. Көпчүлүк мугалимдер фразеологияны окутууда бул каражатты колдонушпайт. Мындай көрүнүш албетте, окуучунун билим алышына өз таасирин тийгизбей койбойт.

Фразеологияны окутуудагы баалуу каражаттардын бири- Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген сөздүгү. Көп жылдык изденүүнүн натыйжасында жаралган бул сөздүк тууралуу автор: «Бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган тил байлыгын чогултуу, анын түйүнүн чечүү менен өмүр бою алпурушуп келдим. Биринчи кезекте «Манастан» башка эл чыгармачылыгы, унутулуп бараткан макалдарды, жалпылап айтканда накыл сөздөрдү жыйноого, анын маанисин чечмелөөгө көп аракет кылдым. Билимдердин жетишинче чечмелөөгө, ар бир накыл сөздүн капкагын ачып, илгерки маанисин тактоого чоң аракет жасадым» - деп жазат [ 46,5-б.]. Бул сөздүктө айрым фразеологизмдердин тилде пайда болушуна кандай шарттар өбөлгө болгондугу жөнүндө кызыктуу окуялар баяндалуу менен кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, диний ишенимдери жөнүндө да кабар берилет.Бул сөздүктүн 1-китеби 1982-жылы, 2-китеби 1987-жылы «Накыл сөздөр» (Тил казынасынан баян) деген ат менен жарык көргөн. 2 китеп кошулуп, толуктоолор менен «Сорос» фонду тарабынан 1995-жылы 2-жолу басылып чыккан.

2000-жылы жарык көргөн кыргыз тилин мамлекеттик тил катары үйрөнүүчүлөргө жардам бере турган, фразеологизмдерди үйрөтүүнүн практикалык жагын көздөгөн Г.Жамшитованын «Кыргызча - орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү» өз ичине 1,5 миң сөздү камтыйт. Г.Жамшитова кыргыз тилиндеги кыймыл-аракетти туюндурган этиштик фразеологизмдердин 102 маанилик типтерин ажыратып (мисалы: тынчсызданууну, кыялданууну, урушууну, кайгырууну туюнткан фразеологизмдер), сөздүктүн 1-бөлүгүндө орусча котормолорун, б.а. синоним сөздөрүн, ал эми 2-бөлүгүндө орус тилиндеги этиш сөздөргө кыргыз тилинен туура келген фразеологизм- дерди көрсөтүү менен кыргыз тилинин фразеологиясы боюнча алгачкы котормо сөздүгүн жараткан.

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык, практикалык жактан иликтөөгө арналган бир топ иштер иштелди. Ал эми фразеологияны мектептерде, окуу жайларда окутууга байланыштуу методикалык өңүттөгү изилдөө иштери солгун журуп жатат. Мындай эмгектер саналуу гана, атасак: Ж.Мукамбаев, А.Осмонкулов «Азыркы кыргыз тили» (методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы)(1979), Ж.А.Чыманов «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери»(1982), «Сөз маданияты жана фразеология»(1988), А.Калдымолдоева «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо» (3-5-курстун студенттери үчүн)(1989), Р.Токсоналиева «Эсептик маанидеги фразеологизмдер»(1993), Р.Эгембердиев «11- класста фразеологизмди окутуунун өзгөчөлүктөрү»(1976), «Фразеология» (6-класста фразеологияны окутуу)(1988),«Фразеологияны 11-класста окутуу» (мугалимдер үчүн методикалык колдонмо)(1992).

«Азыркы кыргыз тилинде» «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп өзүнчө бөлүм берилип, анда эркин жана туруктуу сөз айкаштарынын айырмасы, фразеологизмдин бөлүнүштөрү, алардын изилдениши жөнүндө кыскача айтылып, он чакты ар түрдүү көнүгүүлөр берилген.«Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмодо» эркин сөз айкашынан айырмаланып, туруктуу сөз айкашы сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара тургандыгы, фразеологизмдер синтаксистин изилдөө объектиси боло албастыгы жөнүндө айтылып, мисалдар келтирилген.

Жогоруда аталган эки эмгек ЖОЖдун студенттерине арналган. Ал эми «Эсептик маанидеги фразеологизмдер» деген макалада Р.Токсоналиева мектепте кыргыз тили сабагында сан атоочту өткөндө «бир тыйынга татыбаган; бирди көрсөтүү; эки колун мурунга тыгуу; үч уктаса түшүнө кирбеген; төрт тарабы кыбыла; беш өрдөгүн учуруу» сыяктуу сан атоочтор катышкан фразеологизмдерди колдонуп өтүү менен окуучуларды сабакка кызыктырып, кругозорун өстүрүп, кыргыз тилиндеги мындай сөздөрдүн көрктүүлүгүнө, таасирдүүлүгүнө, элестүүлүгүнө көңүлдөрүн бурдурууну сунуш кылат.

Мектептердин окуу пландарына ылайык 6-11- класстарда фразеологияны окутуу боюнча Р.Эгембердиевдин эмгектери колдоого татыктуу. Окуу программасында бөлүнгөн сааттар боюнча сабактарды өтүү ыкмалары, теориялык жактан баалуу маалыматтары, методикалык сунуштары менен азыркы учурда мектеп мугалимдери үчүн пайдалуу эмгектерден болуп кызмат өтөөдө. Бирок окуу программасынын өзгөрүшү менен бул эмгектердин айрым бөлүктөрү оңдоолорго жана толуктоолорго муктаж.

Ж.А.Чымановдун «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери» деген илимий-практикалык конференцияда жасаган докладында мугалимдердин фразеологияны окутуудагы милдеттерине жана окуу китептеринде (6-класста) бул бөлүмдүн үстүртөдөн жана кыска берилгендиктен дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарына токтолгон. «Сөз маданияты жана фразеология» деген макаласында окуучулардын кептеринде фразеологизмдерди туура колдонууга үйрөтүү керектигин баса белгилеп, мугалимдерге фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жөнүндө теориялык маалыматтарды берүүнү максат кылган.

Ал эми башка тилдерде, айрыкча орус тилинин фразеологиясын окутуу боюнча, бир топ илимий иштер иштелди. Айрымдарын атасак: Орлова В.И. «Фразеология в курсе современного русского языка на филологическом факультета национального вуза» (1975), Хмельницкая Н.Л. «Методика преподавания русской фразеологии в 4-6 классах киргизской школы» (1975), Расстегаева Ф.Г.«Лингво-методические основы изучения русской фразеологии на факультативных занятиях в 7-8 классах средней школы» (1976), Быстрова Е.А. «Теоретические основы обучения русской фразеологии в национальной школе» (1981), Назарова О.Р. «Обучение фразеологии в практическом курсе русского языка в национальных группах языкового вуза» (1981), Барабаш В.Г. Методика изучения русской фразеологии в школах с украинским языком обучения» (1982), Христенко Т.И. «Методические оновы преподавания специального курса «Современная русская фразеология с точки зрения её происхождения» в национальных группах педагогических вузов» (1984), Башатова Н.А. «Обогощение русской речи студентов-узбеков неязыковых вузов общественно-политической фразеологией» (1987), Бессчетнова Л.В. «Отбор фразеологического минимума и активизация его в речи учащихся начальных классов казахской школы»(1992) ж.б. көптөгөн ар кыл аспектиде корголгон кандидаттык жана докторлук диссертацияларды атоого болот. (Окутууну теориясы жана методикасы адистиги боюнча корголгон диссертациялар тиркелет. (Тиркеме 1.)

Жыйынтыктап айтканда, фразеологиянын өнүгүшү жана изилдениши жөнүндө: «Фразеология – как наука систематически развивается, идет от ступени к ступени, углубляется и расширяется. Так если 40-годы нашего столетия определялись семантические особенности фразеологии, и в этом направлении шла их классификация, то в 50-е годы внимание исследований привлекла сфера употребления в художественной литературе и уточнялись специфические отличие фразеологизмов от других языковых единиц, начиная с 60-годы глубокому изучению подверглись морфологические, синтаксистические особенности фразеологизмов, а сама фразеология еще более упрочила свое положение, как важная и самостоятельная отрасль языкознания» [120,17-18-б.] - деген окумуштуу Р.Эгембердиевдин оюн толуктап, кыргыз тил илиминде 70-жылдардан тарта ушул күнгө чейин фразеология маселесин изилдөө иши окумуштуулар тарабынан кызуу колдоого алынып фразеологиянын ар кыл аспектиси боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө, дагы да кыргыз тилинин фразеологиясында толук изилдене элек, колго алынбаган маселелери боюнча теориялык, практикалык, методикалык жактан бир топ илимий иштер жүргүзүлүүгө тийиш демекчибиз.
1.2. ЖОЖдун окуу план, программаларында жана окуу китеп,

окуу куралдарында кыргыз фразеологиясынын берилиши.

КРнын билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан бекитилген (18-ноябрь 2003-жыл № 1012/1) жогорку кесиптик толук билим берүүнүн «Убактылуу мамлекеттик билим берүү стандартында» 540301 «Кыргыз тили жана адабияты», 540302 «Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде», 540605 «Башталгыч класстардын мугалими» адистиктерине кесиптик билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимуму катары «Азыркы кыргыз тили» дисциплинасы боюнча «Лексика жана фразеология» материалдарын студенттерге окутуу көрсөтүлгөн [35,301-б.]. Демек, ЖОЖдо кыргыз тилинин фразеологиясын азыркы кыргыз тил илиминин жетишкендиктерине таянып терең окутууга, стандартта бекитилген минимумдун колдон келишинче көбөйтүп, иш-аракеттерди уюштурууга болот. Ал үчүн ар бир ЖОЖ өз алдынча иш-кагаздарынын нормативине ылайык мамлекеттик стандарттын негизинде окуу планын (базистик жана негизги) түзүшөт. Базистик окуу планы - ЖОЖдогу окуу предметтеринин тобу, курс боюнча ар бир предметке бөлүнгөн сааттардын саны (жалпы, аудиториялык, өз алдынча иштөө боюнча), семестрлер боюнча өтүлүү ырааты, отчеттуулуктун формасы көрсөтүлгөн министрлик тарабынан бекитилген документ. Базистик окуу планы ЖОЖдун негизги окуу планын түзүүгө кызмат кылат. Бул план узак мөөнөткө жана ЖОЖдун өзгөчөлүгүн чагылдырып түзүлүүгө тийиш.

«Азыркы кыргыз тили» дисциплина катары өтүлгөн жогоруда аталган адистиктерди даярдап чыгаруучу ЖОЖдордо фразеология лексикологиянын бир тармагы болгондуктан, анын составдуу бөлүгү катары окутулат. Демек фразеологияны окутуунун көлөмү «Азыркы кыргыз тилинин лексикология» бөлүмүнө бөлүнгөн сааттардын санынан көз каранды болот.

Республикадагы айрым ЖОЖдордун окуу пландары менен таанышып, биз изилдеп жаткан предметтин окутулуш көлөмү жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык:



ТАБЛИЦА 1.1

ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ КҮНДҮЗГҮ БӨЛҮМДӨ ОКУТУУНУН КӨЛӨМҮ



ЖОЖдун аты



«Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» дисциплинасы боюнча

( анын ичинде фразеология )

Факультети

сааттардын жалпы саны

лекция

практ. сабак



семестри

отчеттуулугу

1

Ж.Баласагын атындагы КМУУ

Кыргыз филологиясы

54(6)

36(4)

18(2)

2

экз.

2

И.Арабаев атындагы КМУ

Мамлекеттик тил жана мада- ният институту

66(6)

36(4)

30(2)

3

экз.

Педагогика

48(3)

26(2)

22(1)

3

экз.

3

Х.Карасаев атындагы БГУ

Түркология

50(6)

30(4)

20(2)

3

зачет

4

Кыргыз-түрк «Манас» университети

Котормо

70(6-7)

(бөлүнбөйт)

2,3

экз.

5.

К.Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы

42(4)

22(2)

20(2)

3

экз.

Педагогика

84(6)

46(2)

38(4)

3,4

экз.

6

Нарын мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы

54(6)

28(4)

26(2)

2

экз.

Педагогика

46(4)

18(2)

28(2)

2

экз.

7

Талас мамлекеттик университети


Гуманитардык


54(8)

30(4)

24(4)

4

экз.

Педагогика

48(3)

26(2)

22(1)

3

экз.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет