Жогорку окуу жайларда окутуунун


Тема: Орто мектептерде фразеологияны окутуунун актуалдуулугу



бет5/9
Дата20.07.2016
өлшемі1.37 Mb.
#211545
1   2   3   4   5   6   7   8   9
Тема: Орто мектептерде фразеологияны окутуунун актуалдуулугу.

Лексикологиянын бир тармагы болгон фразеологияны окутуунун максаты, милдеттери баяндалат. Бул теманы окутуунун азыркы күндөгү актуалдуулугу, практикалык мааниси ачылып берилет. Фразеологизмдердин окуучулардын сөз байлыгын көбөйтүүгө, кебинин көркөмдүгүнө, эне тилинин тарыхын билүүгө тийгизген таасири ачылат.


2- лекция (1 саат)

Тема: Фразеологиянын окуу программаларында жана окуу китептеринде берилиши.

Орто мектептердин 6- жана 11-класстарында окула турган бул теманын программаларда жана окуу китептеринде канча саат көлөмдө жана кандайча берилгендиги менен студенттер кеңири таанышат. Окуу китептеринде берилген теориялык материалдар, ар кыл көнүгүүлөр талданат.



3- лекция (1 саат)

Тема: Кыргыз фразеологиясынын изилдениш тарыхынан.

Бул лекцияда К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү» фразеологиялык айкалыштарынын берилишинен тартып, азыркы кезде жүрүп жаткан бул темага байланыштуу илимий иштерге кыскача обзор берилет. Кыргыз тилиндеги бул багыттагы эң алгачкы Ж.Шүкүровдун макаласы, Р.Эгембердиевдин, Ж.Осмонованын, Б.Назаровдун кандидаттык диссертациялары жана башка тилдерде жүрүп жаткан бул багыттагы иштер жөнүндө сөз болот.


4- лекция (1 саат)

Тема: Фразеологизмдерди кыргыз адабият сабагы менен байланышта окутуу.

11-класста «Фразеология бөлүмү» окулуп жаткан кезде адабият сабагында Ч.Айтматовдун чыгармалары өтүлүп жаткандыгын эске алуу менен бул теманы окутууга бөлүнгөн предмет аралык байланышты кантип уюштурса болот? деген суроонун тегерегиндеги талкууну уюштуруу. Бул боюнча атайын иштелип чыккан сабактын планы, методикалык көрсөтмөлөр берилет.


5- лекция (2 саат)

Тема: Фразеологизмдер, алардын мүнөздүү белгилерин жана түрлөрүн окутуу.

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуу планына ылайык фразеологиянын материалдарына бөлүштүрүлгөн 10 сааттык сабактардын темасы, формасы, сааты, колдонулган методдор (проблемалык, оюн, көрсөтмөлүүлүк ж.б.), каражаттар (таблицалар, карточкалар, көнүгүүлөр) жөнүндө кеңири сөз болот. Бул теманы өздөштүрүүдө кездешкен кыйынчылыктарга көңүл бурулуп, аларды чечүү жолдору көрсөтүлөт.



6- лекция (2 саат)

Тема: Кыргыз фразеологиясын окутууда сабактын стандарт эмес түрлөрүн колдонуу.

Окутуунун жаңы методдору кеңири пропагандаланып, жайылтылып жаткан азыркы мезгилдин талабына ылайык билимди даяр түрүндө эмес өз алдынча иштөө аркылуу, же болбосо сабактын тажатма бир формасы гана өтүлө бербестен, окуучунун активдүүлүгүн ойготуп, кызыгуусун туудурган сабактын стандарт эмес түрлөрү жөнүндө сөз болот. Кыргыз фразеологиясынын бөлүмүн жыйынтыктоо сабагын «сабак – мелдеш» формасында уюштуруунун болжолдуу план-конспектиси сунушталат.


7 - лекция (2 саат)

Тема: Алкоо, каалоо-тилек, айтууда колдонулган фразеологизмдер жана алардын тарбиялык мааниси.

11 - класстын окуу китебине кирбей калган мындай фразеологизмдер лексика-семантикалык жактан чечмеленип, турмушта колдонуудагы мааниси, алардын айрымдарынын пайда болуу тарыхы жөнүндө сөз болот. Мындай фразеологизмдерди жаш муундарга үйрөтүүдөгү өз элинин каада-салтын, үрп-адатын, диний ишенимдерин сыйлоо, тарбиялоо маселеси каралат.

Ал эми практикалык максатта семинардык сабактарды уюштуруу үчүн 10 көнүгүү, 8 таблица, «Фразеологизмдердин пайда болушу тарыхынан» (Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» китебинен алынган) тиркемеси колдонулат. Көнүгүүлөрдүн ар кыл аспектиде түзүлүшү студенттердин ишмердүүлүгүн активдештирет; таблицалар материалдарды бир ирет кайталап өздөштүрүүгө, эске сактап калууга таасирин тийгизет. Фразеологиялык талдоону жүргүзүүнүн ыкмасы үйрөтүлөт. Фразеологиялык минимум сунушталат.

Акырында, фразеологиянын теориясын жана аны орто мектепте окутуунун методикасын тереңден үйрөнүү менен студент өзүнүн кеп маданиятын, сөз байлыгын өстүрөт. Келечектеги мугалим катары өзүнүн окуучуларына да, тилибизди үйрөтүүдө таасирин тийгизбей койбойт.

ЖОЖдордо фразеологияны окутууну тереңдетүү маселеси эне тилинин сөз байлыгына кызыккан ар бир студент тарабынан колдоого алынып, муктаждыкты туудурса, жогорку аталган темалардын ар бири боюнча окутуучу тарабынан кошумча тандоо курстарын уюштурууга болот. «Кыргыз тилиндеги зоонимдер катышкан фразеологизмдер» деген темада курсту окууга илимий-теориялык материалдарды, методикалык сунуштарды иштеп чыктык.

Тандоо курсу окуу планына ылайык ЖОЖдун 5-курсунун студенттерине өтүлсө болот. Анда 6 саат лекция, 6 саат практикалык сабак көлөмүндө төмөнкү материалдар окутулат жана мезгилдин талабына шайкеш келген компьютерлештирип окутууну сунуштайбыз:



ТАБЛИЦА 2.9

ТАНДОО КУРСУ: «ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР»



Лекция, практикалык сабактын темасы

Көлөмү,

метод,ыкмасы

1

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк:

1. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери;

2. Фразеологиялык ширешме, фразеологиялык бирдик, фразеологиялык тизмек.


2 саат лекция

кайталоо,

мээге чабуул


2

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика - семантикалык түзүлүшү:

  1. Адамдардын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер;

  2. Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер;

  3. Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер;

  4. Сын-сыпатты туюндуруучу фразеологизмдер;

  5. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирүүчү фразеологизмдер.

4 саат лекция

талкуу, сынчыл

ойлом


3

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика - грамматикалык түзүлүшү:

  1. Компоненттеринин сөз түркүмдөрү боюнча бөлүштүрүлүшү;

  2. Сүйлөмдө аткарган синтаксистик кызматына карай бөлүштүрүү.

4 саат практ.

сабак


грамматикалык

талдоо, өз

алдынча

иштөө


4

Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан.

2 саат практ.

сабак


чыгармачыл-изилдөөчүлүк,

сөздүктөр менен иштөө



Бул семинар боюнча өтүлүүчү 1-тема жөнүндө иштин 2.1. бөлүмүндө кенен сөз болгон. Бул теманын кайрадан кайталанышы биринчиден, 2- курстагы алган билимди 5-курста эске түшүрүп алуу максатын көздөcө, экинчиден, кыргыз тилинин морфологиясы, синтаксиси окулуп фразеологизмдерге грамматикалык жактан анализ жасоо үчүн фразеологиядагы негизги маселелердин бири - анын табияты жөнүндөгү терең билимди талап кылгандыгы менен түшүндүрүлөт. Айырмасы, келтирилген мисалдар дээрлик зоонимдер катышкан фразеологизмдерден алынат. Мисалы:



Фразеологиялык ширешмелер:

биттин ичегисине кан куйган; битин сыгып канын жалаган; оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу; көзүнөн чаар чымын учуу; кой оозунан чөп албаган; мурдунан эшек курту түшө элек; эшек такалоо; жылын төө кылуу; кой терисин жамынган; беш өрдөгүн учуруу; куркулдайдын уясын табуу; үкүнүн уясын табуу; кырк жылкы; ичине ит өлүү; итке минип калуу; эшектин кулагынан түз ж.б.



Фразеологиялык бирдиктер:

сары ооз балапан; жыландын куйругун басып алуу; жыландын башын кылтыйтуу; жөргөмүштүн торуна чалынуу; бөрү этектен, жоо жакадан алганда;чычкан мурду жөргөлөгүс; мышык сопу; оозуңа жылан уялагыр; элик сүтүн берүү; үкүсү чыгуу; чычканга кебек алдырбаган; үрүп чыгаар ити жок; чычкан мурдун канатпоо; ат кара тил болгондо; түлкү тиштемей; түлкүсү түштө улуу; ит арка; төөнүн куйругу жерге тийгенде; кой үстүнө торгой жумурткалоо ж.б.



Фразеологиялык тизмектер:

чилдей тароо; куландан соо; коёндой окшош; эгиз козудай; тай чабым; сагызган изи; үй күчүк; кутурган ит байласа токтогус; Ат байгелүү болсун!; уй түгүндөй; ийне жеген иттей; жылкы кыял; жылан сыйпагандай; коён жүрөк; уйдун бөйрөгүндөй; уйга килем жапкандай; бөрү тил; атка жеңил, тайга чак; сүткө тойгон күчүктөй; чар көпөлөк айлануу; иттин кара капталындай; төө көрдүңбү – жок, бээ көрдүңбү – жок ж.б.

2-лекция «Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика-семантикалык түзүлүшү» деген темада өтүлөт. Жумушчу программада көрсөтүлгөн лекциянын планына ылайык окутуучу студенттерди тиешелүү илимий-теориялык материалдар менен тааныштырат. Бул лекциянын болжолдуу тексти төмөндөгүдөй:

«Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер, алардын ичинен жан-жаныбарларга, канаттуу, курт-кумурскалардын аттарына байланыштуу, б.а. зоонимдер катышкан фразеологиялык айкалыштардын семантикасына токтолсок. Мында мифологиялык, диндик, фольклордук традициялардан, тотемдик көрүнүштөрдөн улам зоонимдерге байланыштуу сөз айкаштары пайда болгондугун байкоого болот. Зоонимдер катышкан фразеологизмдерден адамдардын сырткы, ички туюмдары, мүнөздөрү жана мамилелерин билсек болот.

«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» (1980) пайдалануу менен 150дөй зоонимдер катышкан фразеологизмдерди карточкага түшүрдүк. Эгерде бул сөздүккө кыргыз тилиндеги бардык фразеологизмдер камтылбагандыгын эске алсак, зоонимдер катышкан фразеологизмдердин саны мындан да көп экендигине көзүбүз жетет. Колдо болгон фразеологизмдерди семантикалык жактан төмөндөгүдөй бөлүштүрдүк:

I. Адамдын мүнөз, сапат белгилерин билдирүүчү фразеологизмдер.

II. Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер.

III.Адамдардын ортосундагы мамилелерди билдирүүчү фразеологизмдер.

IV. Сын-сыпатты билдирүүчү фразеологизмдер.

V. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирүүчү фразеологизмдер.

Биз жогоруда айтып кеткендей, фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө караганда эмоционалдуу-экспрессивдүүлүк касиетке ээ. Айрыкча адам мүнөзүн чагылдыруучу фразеологизмдер айтайын деген ойду ары курч, ары таасирдүү, ары образдуу кылып көрсөтө алат. Бул оюбузду төмөндөгү мисалдар менен далилдесек. (Тиркеме 4)

Мындан сырткары тилибизде: Ат байгелүү болсун! Оозуңа жылан уялагыр! сыяктуу каалоо-тилек, каргыш иретинде айтылган; ат токуур, кырк жылкы, бөдөнөнүн сүтү сыяктуу аталыштарды билдирген; каада-салттардын негизинен келип чыккан ит аяк кечирүү, уй мүйүз тартуу, ат жалына казан асуу, элик сүтүн берүү, төөсү ак тууду ж.б. фразеологизмдер кездешет.



Жогорудагыдай элибиздин каада-салты, үрп-адаты, диний ишеними, күнүмдүк жашоо турмушунун тажрыйбасынын негизинде пайда болгон зоонимдер катышкан фразеологизмдердин берген маанисин түшүнүү, пайда болгон тарыхын билүү ары кызыктуу да, ары пайдалуу. Көчмөн элибиз илгертеден эле жан-жаныбарларды турмуш-тиричилигинде кеңири пайдаланып, аларга сыйынуу-табынуу сыяктуу ишенимдерде болгон. Бул жөнүндө ушул фразеологизмдерди изилдөө менен көп нерсеге түшүнүүгө болот. Айрыкча мал жандуу кыргыз эли ат-жылкыга (ат тезегин кургатпоо; ат жалына казан асуу; ат жалын тартуу; атка жеңил тайга чак; ат жабуу болуу; атка мингенде эле көчүгү кыйшык эле; аттын кашкасындай; ат токур; ат үстүнөн; аттын кулагы менен тең ойноо; ат тери кайтпоо; ат салышуу; ат кара тил болгондо; ат соорусун салуу; ат майы; кырк жылкы; жылкыңа карап ышкыр; тай чабым; бээ саам ж.б.); койго (кой үстүнө торгой жумурткалоо; кой маарек тартуу; козулуу кой; кой терисин жамынган; көк ала койдой союу ж.б.); төөгө (төө бастыга алуу; төө көрдүңбү - жок, бээ көрдүңбү - жок; төө кыядан өтүү; төөнүн куйругу жерге тийгенде; төөсү ак тууду; төө чечкендей болуу; жылын төө кылуу; жылаңач төөнү бучкакка чапкандай ж.б.); уйга (уй түгүндөй; уйдун бөйрөгүндөй; уйга килем жапкандай; уй мүйүз тартуу ж.б.); эчкиге (эчкинин жашындай жаш калуу; кара теке сүзүү ж.б.); өгүзгө (өгүз догун карматуу; өгүз өлбөсүн, араба сынбасын ж.б.), эшекке (эшек куртун кагуу; эшек такалоо; эшектин кулагынан түз;эшектин мээсин жеген ж.б.), жырткыч жаныбарларга (карышкырга кой кайтартуу; бөрү тил; бөрү этектен, жоо жакадан алганда; жолборс жүрөк; түлкү тиштемей; ит талаган түлкүдөй болуу; түлкүсү түштө улуу ж.б.); канаттуу куштарга (карга-кузгунга жем болуу, үкүнүн уясын табуу; куркулдайдын уясын табуу; беш өрдөгүн учуруу; үкүсү чыгуу; сагызган из; балапан түгү түшө элек, балапан жүнү бата элек ж.б.), майда жандыктарга (коён жүрөк, коёндун аягын жегендей, коёндун жатагына чейин; коёндой окшош; чычканга кебек алдырбаган; чычкан мурдун канатпоо; чычкан мурду жөргөлөгүс; жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген; жылан сыйпалагандай; жылан чакпай, жылкы теппей; жыландын башын кылтыйтуу; жыландын куйругун басып алуу ж.б.), курт-кумурскаларга (кумурсканын улутунганын билет; чымын учса угула турган; кумурскадай кайноо; аарынын уюгундай; чымыны бар; кыл курт; чымын конгондой да көрбөө; кумурска бел; чар көпөлөк айлануу; аарынын уюгуна тийүү; чымын-куюн болуу; жөргөмүштүн торуна чалынуу; бити-битине батпоо; биттин ичегисине кан куйган; битин сыгып, канын жалаган ж.б.) байланыштуу көптөгөн фразеологизмдерди жаратышкан. Айрыкча мындай сөздөрдүн ичинен итке байланыштуу пайда болгон фразеологизмдер бир кыйла. Алардын берген мааниси, туюндурган түшүнүктөрү да ар түрдүү», - деп окутуучу төмөндөгү мисалдарды келтирүү менен cтуденттерде пайда болгон суроолорго жооп берүү менен сабакты жыйынтыктайт. Мисалы:

Сүткө тойгон күчүктөй

Мантайган, борсойгон, сүймөнчүлүктүү

Сүткө тийген күчүктөй

Күнөөлүдөй четтеп, коомайлап турган

Иттин чүкөсүндөй

Дене бою түз эмес

Иттин арткы шыйрагындай

Кебете-кешпири чүрүшкөн, абдан жаман, өтө начар

Ийне жеген иттей

Абдан арык, илмийген

Үй күчүк

Үйүнөн чыкпаган, элге аралашпаган

Ит жандуу

Жаны бек, чыдамкай

Ит оору

Өнөкөт болгон жаман адат, жүрүш-туруш

Ичине ит өлүү

Бирөөгө астыртан, тымызын кастык кылуу

Иттин мурду өткүс

Абдан калың, жыш

Ит өлгөн жер

Өтө кыйынчылык менен араң жете турган жер

Иттин кара капталындай

Абдан көп, арбын, мол

Ит арка

Ыркы жок, ынтымагы жок

Итке минип калуу

Колдо болгон нерсенин бардыгынан ажырап, эч нерсеси жок томаяк болуп калуу

Ит жебеген бокту жешүү

Колунда эч нерсе жок, өтө жарды

Сокур ит бок жалаганча

Ыплас сөздөр менен урушуу

Иттин үнү угулган жер

Анча алыс эмес жакын эле жер

Ит куйругун түйүштүрүү

Бирин-бирине кайраштыруу

Иттен чыгаруу

Эптеп жөнөтүү, куру жооп айтуу, алдап жолго салуу


3- лекция

Тема: Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин лексика-грамматикалык түзүлүшү.

Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштардын структурасы эки компоненттүү, үч компоненттүү, төрт компоненттүү болуп бөлүштүрүлөт. Бирок, 5,6,7,8 компоненттен турган да сөз айкаштар кездешет. Ал эми зооонимдер катышкан фразеологизмдерди:



  1. 2 компоненттүү;

  2. 3 компоненттүү;

  3. 4 компоненттүү;

  4. 5-6 компоненттүү деп бөлүштүрүүгө болот.

Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштардын составындагы компоненттерди сөз түркүмдөргө ажыратып кароодо:

2 компоненттүүдө: зат атооч+ зат атооч;

зат атооч+ сын атооч;

зат атооч+ этиш;

сын атооч+ зат атооч;

сан атооч + зат атооч;

3 компоненттүүдө: зат атооч+сын атооч+этиш;

зат атооч+ зат атооч+ этиш;

сын атооч+ зат атооч+ этиш;

зат атооч+ этиш (өзгөчө формасы) + этиш;

4 компоненттүүдө: сын атооч+ зат атооч+ зат атооч+этиш;

зат атооч+зат атооч+ кызматчы сөз+этиш;

сан атооч+зат атооч+ сан атооч+зат атооч;

5 компоненттүүдө: зат атооч+ жандооч+ зат атооч+этиш+байламта;

зат атооч+зат атооч+жандооч+зат атооч+этиш;

зат атооч+сын атооч+зат атооч+жандооч+этиш;

ат атооч+зат атооч+жандооч+тактооч+этиш;

сан атооч+зат атооч+сан атооч+зат атооч+этиш;

6 компоненттүүдө: ат атооч+зат атооч+этиш, ат атооч+зат атооч+этиш;

ат атооч+зат атооч+этиш+зат атооч+ат атооч+зат атооч+этиш;

7 компоненттүүдө: зат атооч+ сын атооч+зат атооч+этиш+сын атооч+зат атооч+этиш формалары учурайт.

Ал эми зоонимдер катышкан фразеологизмдер төмөнкүдөй түзүлүшкө ээ:

2 компоненттен турган фразеологизмдер:


  • Зат атооч+зат атооч: мышык сопу, коён жүрөк, жолборс жүрөк, сагызган из, кыл курт, кумурска бел, бөдөнөнүн сүтү, жылкы кыял, тай чабыш, бээ саам, доңуз айбат, үй күчүк, ит оору, ит арка, ит жыгылыш, ит балдак, ит тартыш, ат токуур, ат майы, бөрү тил ж.б.

  • Зат атооч+сын атооч: коёндон окшош, аарынын уюгундай, уйдун бөйрөгүндөй, уй түгүндөй, иттин чүкөсүндөй, ит жандуу ж.б.

  • Зат атооч+тактооч: ат үстүнөн;

  • Сын атооч+зат атооч: кырк жылкы;

  • Зат атооч+этиш: түлкү тиштемей, жылан сыйпагандай, үкүсү чыгуу, чымыны бар, доңуз коп, иттен чыгаруу, ит кылуу, эшек такалоо, ат салышуу, ат коюу, ат арытуу ж.б.

Мында зат атооч+зат атооч структурасында компоненттер бири-бири менен айрым учурларда жөндөмө мүчөлөрүнүн (-нын;-ны;-дан) жалгануусу менен, айрым учурда алардын түшүп калуусу аркылуу байланышат.

3 компоненттен турган фразеологизмдер:



  • Зат атооч+зат +этиш: элик сүтүн берүү, өгүз догун карматуу, коөндун аягын жеген, чычканга кебек алдырбаган, чычкан мурдун канатпоо, чычкан мурду жөргөлөгүс, оозуңа жылан уялагыр, жыландын башын кылтыйтуу, ажыдаардын куйругун басуу, куркулдайдын уясын табуу, үкүнүн уясын табуу, аарынын уюгуна тийүү, чымын-куюн болуу, жөргөмүштүн торуна чалынуу, бити-битине батпоо, кой терисин жамынган, эшектин мээсин жеген, жылын төө кылуу, уй мүйүз тартуу, ат жалын тартуу, ичине ит өлүү, иттин мурду өткүс, ит куйругун түйүштүрүү, ити май жебеген, ит өлүк кылуу, ит аяк кечирүү, эшек куртун кагуу, ат тезегин кургатпоо, ат соорусун салуу, ат тери кайтпоо, төө кыядан өтүү;

  • Сын атооч + зат атооч+этиш: кара теке сүзүү, чар көпөлөк айлануу;

  • Зат атооч + тактооч + этиш: төө чечкендей болуу, түлкүсү түштө улуу;

  • Зат атооч + этиштин өзгөчө формасы +зат атооч: ит өлгөн жер, сүткө тойгон күчүктөй, өгүз өлтүргөн балта.

  • Зат атооч +тактооч+ сын атооч: иттин арткы шыйрагындай;

  • Зат атооч+зат атооч+сын атооч: эшектин кулагынан түз;

  • Зат атооч+ байламта+сын атооч: ит менен мышыктай;

  • Сан атооч+сын атооч+этиш: беш өрдөгүн учуруу;

  • Зат атооч+зат атооч+жандооч: коёндун жатагына чейин;

  • Зат атооч + сын атооч + этиш: төөсү ак тууду, Ат байгелүү болсун!, кой маарек тартуу;

  • Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы + этиш: жылкыңа карап ышкыр, ит көрбөгөндү көрүү, итке минип калуу, кумурсканын улутунганын билет, бака маңдабай калуу ж.б.

Мында айрым компоненттер бири-бири менен мүчөлөрдүн, этиш сөздөргө атоочтук мүчөлөрдүн жалганышы менен байланышты.

    1. компоненттүү фразеологизмдер:

  • Зат атооч + зат атооч + зат атооч + этиш: биттин ичегисине кан куйган, кой оозунан чөп албаган, ит терисин башына каптоо, ит-кушка жем болуу, ат жалына казан асуу, төөнүн куйругу жерге тийгенде, карга-кузгунга жем болуу;

  • Зат атооч + зат атооч + этиштин өзгөчө формасы + зат атооч: иттин үнү угулган жер;

  • Зат атооч + этиш + зат атооч + этиш: өгүз өлбөсүн, араба сынбасын; жылан чакпай, жылкы теппей, битин сыгып, канын жалаган; бээ десең, төө дейт;

  • Зат атооч + этиштин өзгөчө формасы + кызматчы сөз + этиш: чымын конгондой да көрбөө;

  • Зат атооч+зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+этиш: ат жалын тартып минүү, балапан түгү түшө элек;

  • Сын атооч+зат атооч+зат атооч+этиш: ак төөнүн карды жарылган, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай, cокур ит бок жалаганча;

  • Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+зат атооч+этиш: иттин арткы шыйрагы болуу, кой үстүнө торгой жумурткалоо;

  • Зат атооч+сын атооч+зат атооч+этиш: ат кара тил болгондо;

  • Сын атооч+зат атооч+этиш+этиш: кутурган ит байласа токтогус ж.б.

4 компоненттүү фразеологизмдерде компоненттер бири-бири менен жөндөмө мүчөлөр, таандык мүчөлөр жана кызматчы сөздөр аркылуу байланышат.

5-6 компоненттүү фразеологизмдер аз санда кездешет. Мисалы:



  • Зат атооч + зат атооч+зат атооч+зат атооч+ этиш:

Бөрү этектен, жоо жакадан алганда ж.б.

  • Зат атооч +зат атооч+жандооч+тактооч+этиш:

Аттын кулагы менен тең ойноо ж.б.

Жогоруда айтылган байланышуу жолдорунан айырмаланып, көп компоненттен (6-7) турган фразеологизмдер түзүлүшү жагынан сүйлөм, айрымдары татаал сүйлөмгө да окшошуп, интонация аркылуу да ажыратылат. Айрыкча макал-лакаптарга окшош сыяктуу сезилет. Ошондуктан тил илиминде фразеологизмдердин табияты так такталганга чейин, кээ бир окумуштуулар фразеологизмдерге макал-лакап, учкул сөздөрдү да киргизип келишкен. М: Б.А.Ларин, А.И. Ефимов ж.б.лар. Ж.Осмонова жазгандай: «Фразеологизмдер менен макал, ылакаптардын арасынан айрым жалпылыктар жана олуттуу өзгөчөлүктөрдү да көрдүк. Алардын жалпылыгы экөөнү бир топко кошууга, фразеологизмдерди кең мааниде түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми экөөнүн ортосундагы олуттуу өзгөчөлүктөр алардын коммуникативдик же номинативдик мааниге ээ болушунан, составындагы сөздөрдүн санынан, дидактикалык мүнөзгө ээ болуу же ээ болбоо өзгөчөлүгүнөн, ар бир компоненттин тике маанисин сакташы же сактай албай калышынан, синтаксистик жактан өзүнчө милдет аткарышынан же аткара албастыгынан, бир сөзгө синоним же антоним болуу даражасынан кандайдыр бир сөз түркүмүнө тиешелүү болушу жагынан байкалат. Бир катар окумуштуулардын фразеологизмдерди кең мааниде түшүнүп, ага макал-лакаптарды кошкондугу ушул өзгөчөлүктөрдүн негизинде пайда болуп отурат» [ 84].

Фразеологизмдерге мүнөздүү негизги белгилеринен бири: сүйлөмдүн синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы, анын составындагы компоненттеринин ар бири өзүнүн тике маанисин туюндурбастан, жалпы биригип келип фразеологиялык маанини бергендигинен, б.а. ар бир сөз өз алдынча бүтүн нерсе катары каралбастан (ошондуктан компонент деп аталат), бүтүндү түзүп турган составдуу бөлүктүн кызматын аткарып тургандыгынан келип чыгат.

Фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксистин функциясын ажырата билүү үчүн тилибиздеги мындай сөздөрдүн өзүн колдон келишинче көбүрөөк өздөштүрүүнү талап кылат, себеби фразеологизмдер биз жогоруда айткандай, канча компоненттен тургандыгына карабастан, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн кызматын аткарышат. Алар кадимки сөздөр сыяктуу эле, сүйлөмдүн баш же айкындооч мүчөлөрү боло алышат. Мисалы:



Ээнин милдетин аткарышы:

  1. Өңчөй беш өрдөгүн учургандар, битин сыгып канын жалагандар, кой терисин жамынгандар чогулуптур. («Чалкан»)

  2. Ит жыгылыш болду, кайра күрөшкүлө.

  3. Ким төрөлдү? Ат токурбу, же кырк жылкыбы?

  4. «Өгүз өлтүргөн балта мына, алдыңызга койдук, көп күнөөбүздү кечириңиз», - деп кудалар сөз башташты.

  5. Тил албаган ит оорусу бар. Ит оорусу кармады.

Баяндоочтун милдетин аткарышы:

  1. Көрөсүң, кой үстүнө торгой жумурткалайт.

  2. Бурма - жабуулуу кара инген.

  3. Жаңжал башталды. Эки сугатчы ит жебеген бокту жешти.

  4. Эмгиче ушул ишти бүтүрө албай, бул жерде эшек такалап жүрөсүңбү?

  5. Уулунун аскерден келе жатканын угуп, эне байкуш бити – битине батпайт.

Аныктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Бир күнү эл чогулат. Ошол желмогуздан качан кутулабыз деп кейишет. Кеңешке кой оозунан чөп албаган момун да келет. Тили менен жер шыпырган шыпыр да, өлүп кетейин деген жалакор да болот. (Жомоктон)

  2. Эми менин сизден суранаарым, кандай болсо да менин иним Хасемжанды ошол битин сыгып, канын жалаган кунасадан эптеп куткарып бериңиз. (М.Абд.)

  3. Алар жарым жолго жетип, кук эткен кузгун, как эткен карга жок бир тоонун арасын келе берген кезде чоң бороон болду. ( К.Б.)

  4. Ушул битин сыгып, канын жалаган чирик бойдок баласы мага күйөө болмок беле, эжеке? (Каимов)

  5. Эр Манастын кырк баатыр,

Кара таңдай калмакты

Кайра айдап сапырды. ( «Манас»)



Толуктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Кантейин ичтен чыккан ийри жыланды кыя албадым.

  2. Бөдөнөнүн сүтүнөн анча мынча жутушту!

  3. Кошчу уюму атка минерлер менен күрөшүп жатат.

  4. Ал баягы жылкы кыялын дагы карматып, басып кетти.

  5. Жаңы салык үрүп чыгар ити жокторго катуу азап салды.

Бышыктоочтун милдетин аткарышы:

  1. Каны качып, ыраңы купкуу, көзү ачууга толуп, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып сүйлөп жатты . ( М.Абд.)

  2. Бул иш төөнүн куйругу жерге тийгенде бүтчүдөй. Петруха бул жердин коён жатагына чейин билет көрүнөт. (Ч.А.)

  3. Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? ( «Чалкан»)

  4. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып жан багуу, сага окшогон адамдардын колунан келет деди. ( А.Т.)

  5. Жамал мени качан келет десе, төөнүн куйругу жерге тийгенде келет деген. ( Р.Ш.)

Ал эми сөз түркүмдөрү боюнча зоонимдер катышкан фразеологизмдер төмөндөгүчө классификацияланат:

  1. Заттык мааниде колдонулган фразеологизмдер.

  2. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер.

  3. Сан өлчөмдү билдирген фразеологизмдер.

  4. Кыймыл - аракетти, ал - абалды туюндурган фразеологизмдер.

  1. Заттык мааниде колдонулган фразеологизмдер:

Ат токур - эркек бала деген мааниде;

Кырк жылкы - кыз бала деген мааниде;

Ит оору - өнөкөт болгон жаман адат;

Үй күчүк - үйүнөн көп чыкпаган адам;

Өгүз өлтүргөн балта - кандайдыр бир иштин болушуна себепкер – болгон адам.


  1. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер:

Жылкы кыял - урушчаак, мүнөзү терс;

Кумурска бел - бели ичке;

Чымыны бар - өнөрлүү;

Сагызган изи – абдан жука;

Жылан сыйпалагандай - такыр эчтекеси жок;

Жолборс жүрөк – эч нерседен коркпогон;

Коёндой окшош - абдан окшош;

Коён жүрөк – өтө коркок, өтүмү жок;

Козулуу кой – эптеп-септеп, иши кылып;

Бөрү тил - ичкерээк, учтураак;

Ит арка - ынтымагы жок;

Ит жандуу - чыдамкай;

Эшектин кулагынан түз - туптуура;

Уйга килем жапкандай – жарашыксыз, одоно;

Сүткө тойгон күчүктөй - мантайган, сүймөнчүлүктүү;

Сүткө тийген күчүктөй - күнөөлүүдөй;

Чычкан мурду жөргөлөгүс – абдан калың, өтө жыш;

Чычканга кебек алдырбаган – абдан зыкым, сараң;

Кой үстүнө торгой жумурткалоо - жыргалчылык, бейпилчилик;

Ак төөнүн карды жарылган - берекелүү, молчулук;

Атка жеңил, тайга чак - жеңил желпи, эптүү, тил алгыч;

Үрүп чыгар ити жок - абдан кедей;

Балапан түгү түшө элек - өтө жаш;

Чымын учса угула турган - абдан тынч, жымжырт;

Кой оозунан чөп албаган - абдан жоош;

Биттин ичегисине кан куйган - өтө бышык, абдан тың;

Ити май жебеген - чириген бай;

Иттин мурду өткүс - абдан калың, жыш;

Күлгө оонаган күчүктөй - кара ала, тору ала болуп булганган;


  1. Сан - өлчөмдү билдирген фразеологизмдер:

Уй түгүндөй – өтө көп, сансыз;

Иттин кара капталынан - абдан көп, мол;

Кара таандай – абдан көп, сан жеткис;


  1. Кыймыл-аракетти , ал-абалды туюндурган фразеологизмдер:

Үкүсү чыгуу - кебетеси кетүү;

Түлкү тиштемей – түрдүүчө амал менен алдоо;

Ат арытуу - узак жол жүрүү;

Эшек такалоо- эч нерсе кылбай бош жүрүү;

Беш өрдөгүн учуруу - калп айтуу;

Ит кылуу- уят кылуу, жаман абалда калтыруу;

Түлкүсү түштө улуу - бир нерседен жолу болуу;

Төө бастыга калуу- көптөп кетүү;

Ат жалын тартуу – бойго жетүү, чоңоюу;

Жылын төө кылуу – баалануу, бой көтөрүү;

Бити-битине батпоо - аябай сүйүнүү;

Жөргөмүштүн торуна чалынуу - кутула алгыс азапка туш келүү;

Чымын-куюн болуу - өтө катуу жүгүрүү;

Аарынын уюгуна тийүү - ачуусуна тийүү;

Ажыдаардын куйругун басуу - каарына калуу;

Элик сүтүн берүү – өзү төрөбөсө да, өз баласындай багуу;

Иттин арткы шыйрагындай – абдан уят болуу;

Чымын конгондой да көрбөө - тоготпоо, сезип да койбоо;

Көк ала койдой союу - абдан катуу уруу, сабоо;

Ит терисин башына каптоо - аябай ызалап, кыйнап кордук көрсөтүү;

Төө чечкендей болуу - аябай уят болуу, маскарасы чыгуу;

Ат бороюн сыдыруу - ат арытып, узак жол жүрүү;

Ат тери кайтпоо - эмгеги текке кетүү, куру убара болуу;

Ат соорусун салуу - артын карай качуу, чегинүү;

Ат тезегин кургатпоо - көп убакыт өткөрбөй, тез-тез каттап туруу;

Эшек куртун кагуу - көрбөгөндү көрсөтүү, жинин кагуу;

Ит куйругун түйүштүрүү – бири-бирине каршылаштыруу, араздаштыруу;

Ичине ит өлүү – бирөөгө астыртан тымызын кастык кылуу;

Уй мүйүз тартуу - тегерек тартып кырка отуруу.

(Чыгармалардан мисалдар келтирилип, фразеологизмдердин сөз түркүмү катары аткарган кызматы такталат).

Жыйынтыктап айтканда, зоонимдер катышкан фразеологизмдер жалпы эле фразеологизмдер сыяктуу эле морфологиялык түзүлүш жагынан ар кыл моделдерге жана синтаксистик жактан бардык эле сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарууга жөндөмдүү келишет».

Аталган семинардын жыйынтыктоочу лекциясы катары «Зоонимдер катышкан фразеологизмдердин пайда болушу» деген темада өтүлүүчү сабакта окутуучу студенттерге айрым фразеологизмдердин келип чыгышы тууралуу маалыматтарды берет. Ал үчүн Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген эмгегинде «ат кара тил болгондо», «атка жеңил, тайга чак», «бээ десе, төө деген», «жабуулуу кара инген», «жылын төө кылуу», «ит жатак», «ит менен мышыктай», «ит тартыш», «кара көпөлөк айдоо», «кара теке сүзүү», «кой үстүнө торгой жумурткалоо», «кошоматка кой союу», «көк ала койдой союу», «көк чычканы бар», «үстүнө чымын конбогон», «чар көпөлөк болуу» сыяктуу зооним катышкан фразеологизмдердин этимологиясы жөнүндөгү маалыматтарды пайдаланса болот.







КОРУТУНДУ

Учурда өлкөбүздөгү айрым ЖОЖдор көп мамлекетте жарактуу болгон квалификациялуу адистерди диплом менен камсыз кылууда боллон процессине, кредиттик системага өтүп жатышат. Анын себебин адистер: «Кыргызстанда азыркы учурда да Советтер Союзунан калган университет модели улантылууда. Бул модель башкаруу жактан алганда абдан борборлошкон формада болуп, өз убагында алдыңкы система болсо да, учурда программалар, окутуу, баалоо, билим берүүнүн сапаты, технология, маалымат булактары ж.б. боюнча заманбап өнүгүүдөн артта калууда», «Республиканын билим берүү системасынын анын ичинде жогорку билим берүү тармагынын учурдагы абалын аныктап алуу эң орчундуу маселелерден болууда. Советтер Союзу тарагандан кийин, көз каранды эместигин жарыялаган Кыргызстанда да, башка Орто Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле мурдатан белгилүү болгон экономикалык, саясий жана социалдык проблемалар азыр деле чечилбестен келе жатат. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жараша ар кайсы иш тармагында көбөйгөн жарышта өз ордун таба ала турган жогорку сапаттуу инсан күчү талап кылынууда», - деп түшүндүрүшөт [21].

Андыктан мезгил талабына ылайык кыргыз тилинен терең билими бар адистин жаралышы үчүн ЖОЖдогу билим берүү формасына ылайык (күндүзгү, сырттан окуу, дистанттык окуу) окутуунун жаңы технологиялары менен куралданган тилдин бардык тармагы боюнча теориялык, методикалык эмгектер жазылып, алар практика жүзүндө кеңири жайылтылууга тийиш. Ушул багытта кыргыз тилинин лексикологиясынын бир тармагы болуп фразеологияны ЖОЖдо азыркы лингвистика, педагогика, методика илимдердин жетишкендиктерине таянуу менен иштелип чыккан бул илимий иш төмөндөгүдөй мазмунду өз ичине камтыды.

Иштин биринчи бөлүмү «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилдениши жана аларды ЖОЖдо окутуунун абалы» деп аталып, анда кыргыз фразеологиясы боюнча жүргүзүлгөн алгачкы иштен тарта, азыркы учурга чейинки теориялык, практикалык, методикалык өңүттөгү иштер анализге алынды жана кыргыз тилинин бул бөлүмүн ЖОЖдо окутуунун учурдагы абалы (окуу план, программалар, окуу китептери) жөнүндө маалыматтар берилип, жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу жыйынтыктар чыгарылды.



Иштин экинчи бөлүмү иштин негизги өзөгүн түзүп, кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди ЖОЖдо окутуунун ыңгайлуу методикасын иштеп чыгууну көздөдү. Теориялык маалыматтар менен бирге конкреттүү методикалык сунуштар, инновациялык ыкмаларды колдонуу, кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу ж.б.у.с. кеп-кеңештер айтылды. Иштелип чыккан методиканын алгылыктуу жактары белгиленди. Мындан тышкары, фразеологияны тереңдетип окутуу үчүн атайын курс, семинарларды уюштуруу менен студенттердин тилдин бул бөлүмү боюнча теориялык жана практикалык билимдерин, көнүмдөрүн, адаттарын кеңейтип, тереңдетүүгө жетишүүнүн жолдору сунушталды. Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары жана сунуштары төмөнкүлөр:

  • «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсунун чегинде окутулган кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди ЖОЖдун күндүзгү бөлүмүндө тереңдетип окутуунун методикасы иштелип чыкты. Анда кыргыз фразеологиясынын соңку изилдөөлөрүн камтыган илимий теориялык материалдар менен бирге лекция, практикалык сабактарды салттуу жана жаңычыл методдорду айкалыштырып уюштуруунун ыңгайлуу жолдору сунушталды;

  • ЖОЖдун 5-курсунун суденттерине кыргыз тилинин фразеологиясын тереңдетип окутуу максатында «11-класста фразеологияны окутуунун методикасы» жана «Кыргыз тилиндеги зоонимдер катышкан фразеологизмдер» деген темалардагы атайын курс, семинарларды өткөрүүнүн план, программасы, тиешелүү материалдар жана методикалык көрсөтмөлөрү менен кошо иштелип чыкты.

  • ЖОЖдордо кыргыз тилинин лексикологиясын окутуу боюнча стандарт типтүү программа түзүлүп, мазмуну окуу китептери менен окуу куралдарында толук чагылдырылып, күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы лексикология боюнча материалдар 1 курс чегинде (2 семестр) толук окутулуп, натыйжада фразеологияга бөлүнгөн саатардын саны көбөйсө жана бул бөлүм тилдин фонетикасы, морфологиясы, синтаксиси менен тыгыз байланышта каралса, ЖОЖдордо фразеологияны тереңдетип окутууга шарт түзүлөт;

  • Кыргыз тилинин фразеологиясын окутуудагы кошумча каражаттардын жетишсиздигин жоюу үчүн жаңыдан иштелип чыккан ар түрдүү көнүгүүлөр, тапшырмалар, кроссворддор, карточкалар, таблицалар, фразеологиялык талдоо жүргүзүүнүн ыкмасы, ага мисалдар, фразеологиялык минимум жана анын түшүндүрмө сөздүгү ЖОЖдо бул бөлүмдү окутуучу педагог үчүн үлгү материал болуп кызмат кылат. Алар студенттин алган теориялык билимдерин кайталоого, бышыктоого, практика жүзүндө сыноого жардам берип, алган билиминин бекем жана терең болушун шарттайт;

  • Студенттерге кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин туюнткан маанилери, пайда болуш тарыхы, колдонуу ыкмалары менен сан жана сапаттык жактан терең тааныштыруу, тиешелүү кошумча каражаттарды кеңири колдонуу - алардын сөз байлыктарын арттырып, кептеринин көркөм, элестүү, таасирдүү болушун шарттайт; күнүмдүк турмушта бул сөздөрдү орундуу жана активдүү колдонууга машыктырат; кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлагын, диний ишенимдерин үйрөнүүгө багыттайт, натыйжада көркөм сөз өнөрүнүн, кыргыз этнографиясынын бир өңүрүн таанып-билген адамдар тарбияланат.

Жыйынтыктап айтканда, ЖОЖдо кыргыз тилинен сабак берген окутуучу «Тил ойду туюнтуу менен бирге эс-акылдын калыптанышында да, өсүп жетилишинде да, укумдан-тукумга өтүшүндө да негизги курал иретинде да баа жеткис мааниге ээ. Тилди практикалык жактан билүү менен аны илимий жактан талдоонун айырмасы чоң. Ал үчүн илимий даярдык керек», - деп белгилүү лексиколог Жээнбай Муканбай уулу белгилегендей [46,5-б.], кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин лингвистикалык татаал табиятын таанып, аны тилдик көркөм бай каражаттардын бири катары, элибиздин этнографиясын чагылдырган ата-бабанын мурасы катары өсүп келе жаткан муундарга үйрөтүүнүн ыңгайлуу жолдорун өздөштүрүү - педагогикалык ишмердүүлүктүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат.
Жыйынтыктардын жарыяланышы

Окуу куралдары:

  1. Акунова А.Р., Намазбеков О, Өмүрова А.М. Азыркы кыргыз тили. Фонетика (Дистанттык окутуу).- Бишкек, 2001.- 5 б.т.

  2. 11-класста фразеологияны окутуунун методикасы (Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ЖОЖдун студенттери үчүн). – Бишкек, 2004. – 5 б.т.

  3. Акунова А.Р., Раимбекова М. Азыркы кыргыз тили. Лексика (ЖОЖдун педагогика адистигин сырттан окуган студенттер үчүн окуу куралы).- Бишкек, 2005. – 6,75 б.

  4. Осмонкулов А., Акунова А.Р. «Өнөр алды – кызыл тил» (ЖОЖдун студенттери үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимумдун түшүндүрмө сөздүгү).- Бишкек, 2007.- 10 б.т.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет