Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



бет5/7
Дата27.06.2016
өлшемі6.12 Mb.
#159908
1   2   3   4   5   6   7

АЛАН КЄЄ жана НААЛЫ ЭЖЕ

Экинчи окшоштук Алан-Кєє менен Наалы эженин ысымдарында жатат. Алан оодарылып "нала", "наалы" формаларына єтїшї мїмкїн.

А балким Алан Кєєнїн ысмы адегенде "Налан" же "Налын" формасында айтылгандыр? Анткени, кыргыз тилинин мыйзамы боюнча кээде "найза- айза", "найман - айман", "ногой - огой" делип, "н" тамгасы тїшїп айтылган учурлар арбын. Ошентип, тилдин жогоруда биз кєрсєткєн мыйзамы менен Налы - Налын - Налан - Н-алан - Алан формасына єтїшї ыктымал?

Профессор О.Каратаевдин этнографиялык сєздїгїндє "нал" монгол тилинде "кызыл асыл ташты"37 билдирери жазылган. Эгер ысмы боюнча ой жїгїртсєк, анда Наалы энебиз аброю бийик, касиеттїї жан болгонун боолгоп билїї кыйын эмес.

Мисалы, Ыйык Баянда анын ысмы тїп эне катары айтылып "Алан-эхэ"38 деп жазылып турат. "Апа" маанисин билдирген монгол тилиндеги ошол "эхэ" деген сєз кыргыз тилинде "эже" формасында айтылып калган.

* * *


Алан кєєнї алыстан Добун Мергендин агасы Дува Сохор кєрєт. Ал: "Їстї жабылган арабада бир касиеттїї кыз келатат, барып сураштырчы ким экен" дейт.

Наалы эжени да Ичке-Суу тараптан бир жолоочу келатып, айылга кайрылып, суусун жутат да, ордо ойноп аткан жигиттердин кызыгына батып, бир аз туруп калат. Ошол кезде "зор денелїї чачын беш кєкїл кылып єрдїрїп, такыя кийип, їкї тагынган кыз бир їйдєн чыгып, экинчи їйгє кирип кетет". Кыз менен келиндин айырмасы єрїлгєн чачынан, кийген такыясынан билинет. Кызга кєзї тїшкєн жолоочу: "Ой тигил чоў кыз - кимдин кызы?" деп сурайт. Анткени, ал кезде кыздарды 13-14 жаштарында эле кїйєєгє беришчї. "Аны сурап эмне кыласыў, ал Тагай бийдин турмуш кура элек чачына ак кирген эжеси "39 дейт бир тилин тартпаган жигит элге угуза. Муну уккан Тагай чычалап, элден алыс алып чыгып, тигил жигитти єлтїрмєк болот. Ошондо тигил жигит минтип айтат: "Деги кудайды карасаўчы, Тагай бий. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Сєздї аягына чейин угуп тур. Наалы эжеў быйыл туура 32 жашка чыгат. Сенин каарыўан коркуп хандар кудаа тїшкєн жок. Мага окшогон карапайым адамга бербейсиў. Мен ошол эжеўи кїйєєгє бер деп сага угуза айтканымдын жєнї ошол. Ага терикпе. Жанагы эшигиўдин алдында бири жылкыўды, бири коюўду кайтарып жїргєн эки жигит хандын тукумдары. Наалы эже ошол экєєнїн Кєкєсїн жактырат. Алар сен баягы касташып жїргєн Кылыч хандын балдары40" дейт.

Жїйєєлї сєзгє Тагай бий жыгылып, эжесинин маакулдугу менен аны Кєкєгє алып берет.

Алан Кєє да, Наалы эже да атактуу тектен. Наалы эженин эшигинде кызмат кылып жїргєн Кєкє менен Тайыр - Кылыч хандын балдары.

Ал эми адегенде кїйєєсїнє, анан Алан Кєєнїн алдында кызмат кылып жїргєн "сары чач Малик Байаттын" теги ким экени белгисиз? Бирок, ордо ойноп жаткан жигит айтканга чейин Кєкє менен Тайырдын тегин да адегенде эч ким билген эмес. Сыягы, жакшы кєрїп, жактырып жїргєнїнє караганда, Наалы эже Кєкєнїн ким экенинен кабары болгон. А чынында санжыранын кээ бир варианттарында, балдар кимдер экенин качып келери менен эле айтышат. Б.а. алардын ким экенин кєпчїлїккє маалым болбосо да, Адыгине, Тагай жана Наалы эже билишкен41.

Дал эле ушул ой Алан Кєєгє да тиешелїї. Анткени, Малик Байаттын ысмы анын жєн адам эмес экенин айтып турат. Малик - "малчы"42 . Ал эми "байат" байыркы огуз урууларынын биринин тилинде "кудай"43 дегенди тїшїндїрєт. Мындай ысымды илгерки мезгилдерде малайлар, кулдар алып жїргєн эмес. Сары чач, кєк кєз Малик Байат, тїндїктєн нур болуп куюлуп тїшкєн "сары адамдын" эле єзї болушу толук мїмкїн? Албетте, анын ким экенин Алан Кєє гана билген. Ошол їчїн ал мурунку кїйєєсїнєн тєрєлгєн балдарга: "Оозуўарга эмне келсе, ошону сїйлєй бербегиле. Бул балдардын ким экенин кийин "хандардын ханы", "бектердин беги"44 болгондо, эл анан тїшїнєт" деп атат.

Єўї-тїсїнє караганда, монгол санжырасындагы Малик Байат - кыргыз. Ал эми єгєй энесинин кысымынан улам качып келген кыргыз ханынын тукуму - Кєкє, Тайырдын уругу - нойгут45.

* * *


Эми Кєкє, Тайырдын ысымдары тууралу.

Эки аялдын(Алан Кєє менен Наалы эже) теў їй алдында иштеп жїргєн кызматкерлери бар. Биринде - Малик Байат болсо, экинчисинде - Кєкє, Тайыр.

Эгер Кєкє, Тайырды бир адамдын ысмы катары карасак, анда анын атынын туура айтылышы - "Кєкє Тайыр" деп биригип айтылат. Эў кызыгы бул ысым Кєкє Теўирдин Кавказ элдериндеги айтылган формасы болуп чыгат. Анткени алар Теўирди - "Тейир", "Тайыр" формаларында сїйлєшєт.

А чынын айтканда, Алан Кєє тууралу мифте да эки адам бар. Алар: Малик Байат жана тїн ичинде тїндїктєн нур болуп куюлуп тїшкєн "сары адам". Менин оюмча, кыргыз санжырасында ал "сары адам" - Кєкєгє, ал эми Малик Байат - Тайырга айланган.

Демек, Нур адам менен Кєкє - бир эле адам. Ал эки элге эки вариант менен тарап кеткен. Кыргыз санжырасында ал "кєкє", монгол санжырасында ал - "нурга" айланып тїшкєн сары адам.

Ошентип, байыркы огуз тилинде "кудай" маанисин билдирген Малик Байаттын аты менен кыргыз - тїрк тилдеринде "кудайдын" маанисин билдирген Кєкє, Тайырдын ысымдары тїбїндє бир эле адамдын аты болгонуда шек жок.

Дал ушул кєз караштан алганда, Алан кєє энебиз менен Наалы эжебиз да бир эле адам болуп чыгат. Алан Кєє тууралу миф - мифтин алгачкы варианты. Ал Кыргыз жерине келгенде(сыягы мусулман дининин таасири болуу керек?) "кїйєєсїз тєрєгєн Алан Кєєдєн" кїйєєгє чыгып тєрєгєн Наалы эжеге айланган. Аты да єзгєрїлїп, Алан эже - "Налы эже"(Алан кєє - Налы кєє) болуп калган. Т.а. бул - бир эле ысымдын эки тилде айтылышы.

Алан Кєєнїн мурунку кїйєєсїнєн: Белгунотай, Бугунотай деген эки уулу бар.

Алар кыргыз санжырасындагы Наалы эженин Адыгине, Тагай деген эки бир тууганы катары баяндалат.

Алан кєє кїйєєсї жок їч уул тєрєйт. Алар: Бугу Хатаги, Бухату-Салчи жана Бодончар46.

Хатагиден - катаган, Салчиден - салчит(салжак-мен Б.Т.), Бодончардан - боржигин(баргужин-мен Б.Т.) уруусу тарайт47.

Наалы эже кїйєєгє тийип, эки уул тєрєйт. Алар: Моўол жана Дор. Менин жеке пикирим боюнча, бул жалпы айтылып калган ат. Белгилїї ойчул жазуучу Ч. Ємїралиевдин жазганы боюнча "дор" кыргыз тилиндеги кєптїктї билдирїїїч "лар" мїчєсїнїн эле єзгєргєн тїрї48.

Керей ханына жазган бир катында "кєк тырмактуу турналар" 49 деген образдуу ат менен Чынгыз хан катаган, коўурат, дурмен урууларын єзїнїн эли катары атайт.

Монгол тарыхчысы Санан Сецендин маалыматы боюнча да, коўураттар "Улуу Монголдун" "кєк монгол" деп аталган бутагынан келип чыгат. "Кєк" деген сєздї кээде тарыхчылар "кєк тїс"(голубой), кээде "асман" маанисинде которуп жїрїшєт. Сыягы анын экинчи мааниси туура. Коўурат уруусунун ичинде "кєктїн уулу"50 деген урук бар. Мунун єзї чын эле коўураттар да, Чынгыз хан сыяктуу эле Теўирдин эрки менен жаралган эл экенин айтып турат. Жєн жеринен Чынгыз хандын энеси жана аялы - Борте коўурат уруусунан эмес экени ушундан улам болуу керек.

Мына ушул "кєк монголдор" - монгол санжырасы боюнча, боз їйдїн тїндїгїнєн нурга айланып тїшкєн "сары адам"- Малик Байаттын, кыргыз санжырасы боюнча, Кєкєнїн урпактары.

* * *


Бул санжырага Совет бийлигин орнотууга катышкан алгачкы кыргыз интеллигенциясынын єкїлдєрї да кайрылган. Мисалы, ал тууралу А. Сыдыков минтип жазган: Илгери бир замандарда Адыгине, Тагай, Мунгуш деген їч бир тууган жана алардын Наалы эже деген карындашы жашаптыр. 15-16 жаштарга чыкканда Наалы Адыгиненин улуу аялынын жардамы менен алардын їйїндє кызмат кылып жїргєн бир малай жигит менен жолугушуп жїрїптїр. Кээ бир айтым сєздєргє караганда ал малай жигиттин ысмы - Кєкє экен. Ошентип жїрїп, бир кїнї Наалы эже бир эркек уул тєрєйт. Агасынын ачуусунан корккон Наалы жигитке баланы їйдєн алыс талаага алып барып ташта дейт. Жигит Наалы айткандай кылат. Ошол кїнї Адыгине ууга чыгат да, талаада баратып, баланы таап алат. Їйїнє апкелип, аялына берет да, багып алышат. Акыры сыр ачылып, баланын ата-энеси кимдер экени билинет. Бирок Адыгине ага ачууланбай, тїшїнїї менен мамиле жасайт. Ошентип могол уруусу келип чыгат51.

А. Сыдыковдун ой жїгїртїїсї боюнча, Адыгиненин малайы, Моголдун атасы - Кєкє, монгол тегинен чыккан адам болуп саналат.

Менин пикиримде атактуу "кєк монголдордун" теги дал ушул кыргыздын Кєкєсїндє жатат? Ал эми Кєкєнїн ысмынын єзї анын жєн адам эмес экенинен кабар берип тургансыйт. Анткени, илгеркилер ысымды адамга баш-аламан эле бере берген эмес. Ал башка кыргыз санжыраларында айтылган хандын уулу экени чын болуу керек. Аны Наалы эже билген. Ошондуктан элге сєз болгонуна карабай, ал аны менен кошулууга барган.

* * *


Атактуу санжырачы Абдишарип Тургунбай уулуна таандык санжырада Наалы эже бир кїнї тїндє сыртка чыгып, тїн жарымында Кєкє уктап жаткан їйдєн жарык чыгып турганын кєрєт. Акырын барып караса, Кєкєнїн башында шам кїйїп туруптур52. Ал муну кєп жолу байкап, анын жєн адам эмес экенин билет.

Кыргыз санжырасындагы бул кєрїнїш монгол санжырасындагы тїн жарымында Алан Кєєнїн їйїнїн ичинен чыккан жарыкты эске салат. Алан Кєє єзї балдарына айткандай "тїн жарымында тїндїктєн алтын нур куюлуп тїшчї да, анан бир сары кишиге айланып, анын курсагын сылачу..." Ошентип ошол сары кишиге "курсагын сылатып" жїрїп, Алан Кєє андан їч бала тєрєдї.

Кыргыз санжырасы менен монгол санжырасы бир эле адамды айтып жатканын ушул окшош сюжеттерден кийин кантип шек кылууга болот? Б.а. кыргыз санжырасындагы "башынан нур чачырап" уктап жаткан Кєкє менен монгол санжырасындагы "тїндїктєн алтын нур" болуп куюлуп тїшкєн "сары адам" - бир эле киши. Дагы бир жолу айтамын, Кєкєнїн "кєктєн келген адам" экенин анын ысмы да ырастап турат.

Сєзїбїз куру болбосун їчїн кыргыз санжырасынан дагы бир мисал тартайын. Бул санжырада Кєкєнїн теги айтылуу Арстанбапты жердеген кыпчактын "тору кыпчак" деген уругунан Султан Жалил деген бийдин уулу Султан Кылыч деген хан53 экени айтылат. Анын уулу - Кылыч Арыстан єз убагында Єзгєнгє мунара, Ат-Башыга 40 бєлмєлїї "таш рават" ж.б.д.у.с. кєптєгєн имарат, кїмбєздєрдї салдырган хан болуптур. Жунгарлардын мезгилинде кожо, молдолор Кылыч Арыстанды "калмактын динине кирип, буркан болуп кетти" деген ушак-айыў таратып, аны єлтїрє турган болушканда, азыркы казактын Ак-Дєбє(Актюбинск) деген жерине качып келип туруп калат.

Кылыч Арыстандын эки аялы бар экен. Анын улуу аялынан їч, кичїї аялынан Дайыр жана Кєкє деген эки уулу бар эле. Улуу аялынын балдары кичїї аялынын балдарын жектеп, кєп урушат экен. Аны билген Кылыч Арыстан єлєрїндє эки баласына "мен єлгєндєн кийин єз жериўерди тапкыла" деген керез сєзїн айтат. Атасынын кєзї єткєндєн кийин эки бала издеп отуруп, Адыгине, Тагайга келишет. Алар эки баланы єз катары кабыл алып, малдарын бактырып, элге аралаштырып коюшат.

Санжырада Кєкє эр жїрєк, ары баатыр, балбан жана олуя чалыш касиети бар адам экени айтылат. Ошол мезгилде кыргыз менен кытайдын ортосунда жер талашып, уруш болот да, ошол чабышта Кєкє чоў эрдик кєрсєтєт. Ошондон кийин Адыгине менен Тагай ага жылуу мамиле жасап, аларга жакын болуп калат.

Ушул учурларда Кєкє менен Наалы эже да бири бирин жактырып, жолугушуп жїрїшкєн экен. Сыягы сєз чыккан болуу керек, Адыгине, Тагай аялдарынан "сурагылачы, эжемин жактырган кишиси болсо, айтсын, нике кыйдырып коёлу" дешет. Анда Наалы эже: "Мага эки жактан кїйєє издеп убара болбогула, єз баладай болуп калды, мынабу Кєкєгє эле нике кыйып койгула" дейт.

Биздин муну кеп кылып жатканыбыздын себеби, бул санжырада Кєкєнїн бир єзгєчє касиети тууралу айтылат. Ал: бет алдынан киши караганда анын боор-эти айнектен кєрїнгєндєй кєрїнїп турчу экен. Ошондуктан ал аялы Наалыга: "Мен сууга киринип жатканда, аялдык кылып, алдыман карабай жїр" дейт. "Эмне себептен минтип айтат" деп аялы ага кайра кызыгып, бир кїнї Кєкє жуунуп жатканда тешиктен караса, жїрєк-боору айнектен карагандай кєрїнїп туруптур. Аны Кєкє билип, жуунуп бїткєндєн кийин сыртка чыгып: "Эми кїнїм бїттї. Караба десем, карадыў. Ичиўдеги бала эркек болсо, атын Моўол кой" дейт да, кєп узабай эле дїйнєдєн кайтат. Наалы эркек тєрєп, кїйєєсїнїн айтканы боюнча, баланын ысмын Моўол деп коёт54.

Ушул эле санжырада Дор бир урушта колго тїшїп келген калмак жигити экени айтылат. Моўол менен Дордон тараган урпактар жанаша аралаш жашап, кийин "моўолдор" деп бир аталып кетет.

Ал эми Жаўыбай уулу Сапарбай абанын санжырасында Наалы эженин бир эмес: Моўол, Мунгуш жана Черик55 деген їч баласы болгону баяндалат. Бирок, эмнегедир монгол санжыраларында Алан Кєєнїн улуу баласы катары саналган катагандын ысмы кыргыз санжыраларында анын уулу катарында айтылбайт?

* * *

Бул санжырадагы жаўы сєз Кєкєнїн теги "кыпчак" экени. Экинчи тактай турган нерсе, Єзгєн мунарасы Карахандар дєєлєтїнїн тушунда курулган Х кылымдарга таандык курулуш. Ал эми Таш-Рават 16-кылымга таандык эстелик.



Эгер карахандар бийлигинин мезгилинде ислам "мамлекеттик дин" катары кабыл алынганын эске алсак, анда ага кирбеген адамдар мамлекеттин территориясынан куугунтукталганы єзїнєн єзї тїшїнїктїї.

Экинчиден, монгол элинин келип чыгышы да дал ушул мезгилдерге таандык. Чынгыз хандын санжырасы боюнча андан нары тїпкї энеси катары айтылган Алан Кєєгє чейинки убакты56 санасак, мезгил 9-10 к.к. аралыгы болуп чыгат.

Бул Тїштїк Сибирдеги улуу Кыргыз державасынын кїч-кубатка ээ болуп, батышы азыркы Ала-Тоо аймагынан, чыгышта Сары Деўизге чейинки жерлерди мыкчып турган учуру эле.

Биз їчїн бул макалада монгол элинин келип чыгышын тактоо максат эмес. Биз їчїн анын теги канчалык деўгээлде кыргызга тиешеси бар экенин аныктоодо турат. Бул санжырада да Кєкє касиеттїї киши экени айтылууда. Биз дагы бир жолу монгол санжырасы менен кыргыз санжырасындагы моўгол элинин келип чыгышына байланышкан маалыматтын тїпкї теги бир экенине кїбє болуудабыз. Менимче, монгол санжырасындагы тїндєсї "нур" болуп тїндїктєн куюлуп тїшїп, таўга маал чыгып баратканда "сары итке" айланып кетип жїргєн "алтын киши", кыргыз санжырасындагы уктап жатканда башынан нур чачырап, "шам" болуп кїйїп турган же жуунуп жатканда "жїрєк-боору айнектен карагандай" кєрїнїп турган Кєкєнїн эле єзї.

Кєкєнїн башындагы кїйїп турган "шамдын" кыргыздарга таандык экенин тастыктаган дагы бир мындай маалымат бар. Ал атактуу араб саякатчысы Абу- Дулафтын жазганы менен байланышат. Анын жазганы боюнча, кыргыздар "жагылган шамды єчї єчмєйїнчє єчїрїшпєйт. Алардын єлкєсїндє тїндєсї їйдї жарык кылып турган бир асыл таш бар"57. Шамдын ордуна кєбїнчє ошону колдонушат. Изилдєєчїлєрдїн белгилегендерине караганда мындай таш тууралу башка элдердин тарыхында айтылбайт. Демек мындай ташты кыргыздар гана алып жїрїшкєн.

* * *


Тотемдик жана тїстїк белгилер боюнча ой жїгїртсєк, тїндєсї тїндїктєн "алтын нур" болуп куюлуп тїшїп, таўга маал "сары итке" айланып чыгып кетип жїргєн адам кыргыз санжырасындагы Кыргыздын "кызыл иттен" тараганы тууралу мифти эске салат. Тїстїк символикада кызыл ит кээде "сары ит" болуп да айтыла берет. Ошондуктан дал ошол монгол санжырасындагы "сары ит" кыргыз санжырасындагы "кызыл иттен" тараган Кыргыздын урпагы болушу толук мїмкїн? Ал эми "ит" же "бєрї" тууралу кеп кылсак, анда ал байыркы турандык кєчмєн элдердин мифтеринде "жоокердик тотем" катары белгилїї ыйык жаныбар.

Чынгыз хандын тїпкї теги Кыргыз менен байланыштуу экенин єз убагында атактуу орус окумуштуусу Кычанов58 да белгилеген болчу. Ал аны тотемдик белгиге эмес, "тїстїк белгиге" карата айткан. Анткени, ошол кезде монголдор кара чач, кара кєз эл эле. Ал эми Чынгыз хан кебетелїї "сары чач, кєк кєз" адамдар негизинен кыргыздар болчу.

* * *

Дагы бир эске сала турган нерсе: тарыхта "монгол уруулары" деп айтылып келаткан моўол(могол), катаган, коўурат, найман, нойгут ж.б. уруулар кыргыз санжыралары боюнча бїт кыргыз уруулары катары айтылып, бїгїн да анын элдик курамын тїзїп турушат.



Эў кызыгы - монгол санжырасында Чынгыз хандын теги, тїпкї энеси болгон Алан - Кєєдєн тарта баяндалат да, ал эми Алан-Кєєнїн єзї59 жана монгол уруусунун кайдан, качан келип чыкканы жєнїндє кабар эч жерде кеп кылынбайт(?). Андан да кызыгы атактуу кол башчы аксак Темирдин урпагы улуу астроном окумуштуу Мирза Улугбектин "Тєрт улус тарыхы" аттуу китебиндеги жазылган маалымат болуп саналат. Анда "кыргыздар монгол тегинен"60 тараган эл катары айтылат. Мисалы китепте мындай делет: Болжол менен Угуз хандын мезгилинен миў жылдай убакыт єткєндєн кийин эл кыргынга учурап, Элхандын уулу Кыян61 жана анын асыранды уулу Нєкїз экєє аялдары менен тирїї калышты. Ушул кыргында алардан башка дагы "40 нєєкєр кыз" бир тарапка кетип, "30 жоокер жигит" башка тарапка качып чыкты. Уламышта ошол "40 кыздан" кийин кыргыздар, "30 жигиттен" кийин "отуз уул" тарады62 деп айтылат.

Дал эле ушул маалымат Є. Караевдин жазганы боюнча ХЇк. таандык "Шажарат ал-атрак"("Родословная тюрков")63 деген эмгекте да учурайт. Айырмасы: "отуз уул" - "кырк кыздын" "отуз уулунан" тараган" делет.

Улугбек мырзанын санжырасы кыргыз менен монгол тїбї бир эл экенин кабарлайт. Б.а. кийин Кыян менен Нєкїздєн - монгол, "40 кыздан" - кыргыздар келип чыкты делет.

Ал эми "30 уул" кыргыз санжыралары боюнча Кыргыздын "Оў-Сол" канаттарынын жалпы аты. Албетте, ошол эле учурда монгол уруусу саясий аренага жаўыдан чыга баштаган мезгилде "отуз уул" - "отуз татар" деп аталышы да мїмкїн экенин эстен чыгарбоо керек. Бирок, Улугбек "отуз татар" деп айтпастан, аны "отуз уул" деп айтып жатканы биз їчїн єтє кызык.

Є. Караевдин жазганы боюнча, Чагатай улусунун аймагында негизинен тїрк жана тїрктєшкєн монгол уруулары жашашкан. Алардын Маверанахрда жашагандары єздєрїн "чагатайлар" деп, ал эми Моголстандын кєчмєндєрї єздєрїн "монголдор" же ортоазиялык тил менен айтканда "моголдор" деп аташкан64. Т.а. Чагатай улусунун чыгыш бєлїгїндє жашаган монгол урууларын тїрктєштїрїї процесси Темирландын жана анын урпактарынын мезгилинде аяктап, Мухаммед Хайдардын мезгилинде Моголстандын бардык эли єздєрїн "моголдор", мамлекетин Моголстан дешкен. Анда жашашкан элдер "єздєрї кайсы уруудан жана уруктан экенин жакшы билишкени" менен ХVI кылымда могол этноними Моголстандын элинин жалпы атына айланган. Ошондон улам Мухаммед Хайдар: "Кыргыздар єздєрї могол уруусунан болсо да, ханга баш ийбегендиктен алардан бєлїнїп кетишти. Бїт моголдор мусулман динине єтїп, ислам жолундагыларга кошулушту, ал эми кыргыздар болсо мурункудай эле бул динге ишенбеген бойдон калышты. Алар ушул себептен улам эки жакка ажырашты"65 деп жазат.

Белгилїї окумуштуу В.П. Юдин да "Мухаммед Хайдардын: "моголдор менен кыргыздар тїбї бир эл" деп айтканына кошулуп, "кыргыздар ислам динин кабыл албаганы мындай турсун, чагатай хандарына баш ийишпегенин да"66 белгилейт.

Анан эки элдин єтє окшоштугун айтып келип, "сыягы кыргыз элинин келип чыгышын тїшїндїрїїдє терминди кубалап67 изилдєє жїргїзїї" ката дейт. Автор оюн улантып, казактардын андай кєз караштан баш тартышканын туура деп эсептейт68. Албетте, бул пикир казактар їчїн туурадыр, бирок кыргыздар їчїн єтє калпыс идея. Биз В. Юдин белгилеген: "баарын, балыкчы, барак, дуулат, керейит, кушчу, монгол69, монголдор70, нойгут"71 ж.б. уруктар жана уруулар монгол уруулары болгону їчїн эле "моголдор" деген аталышты ала албайбыз. Анткени, кыргыздар моголдордун эмес, тескерисинче моголдор кыргыздардын ичине сиўген. Экинчиден, жогоруда В. Юдин санаган уруулардын ичинен кимиси чыныгы "монгол" тегинен чыкканын да тактоо керек. Їчїнчїдєн, "ким кимден чыккан" деген суроого биздин изилдєєлєр кыргыздар монголдордон эмес, тескерисинче, монголдор кыргыздан келип чыкканын кєрсєтїїдє. Чынында эле ата баладан чыкпагандай эле, байыркы эл жаўы элден чыгышы мїмкїн эмес. Дал ушул кєз караштан алганда монгол элин байыркы кыргыз тамырынан бутактап єсїп чыккан бир улуу урпак катары кароо туура.

* * *


Жогоруда профессор С. Аттокуровдун пикирин келтиргенбиз. Анын жазганы боюнча, "моўолдор уруусу Монгол империясы кулай баштаган мезгилде кыргыз чєйрєсїндє пайда болгон "жаўы" уруулардын бири"72. Ал эми Наалы эже тууралу айтылган кыргыз санжырасы биздеги "моўол", же "могол" деп аталган уруу Монгол империясы кулап жатканда эмес, тескерисинче, монгол уруусу "моўол" деген аталыш менен жаўыдан жарык дїйнєгє баш баккан учурун айтып отурат. Т.а. кыргыз санжырасында монгол уруусунун тїпкї теги, келип чыгышы тууралу сєз жїрїп жатат.

Ошентип биздин изилдєєлєр монгол санжырасындагы Алан-Кєє менен кыргыз санжырасындагы Наалы эже бир адамдын ысмы экенин тактоодо.

* * *

Акырында айтарыбыз бул: "Куттуу айыл - Куланак" деген китептин авторлору монгол этнониминин этимологиясын "тїбєлїк уул" маанисин билдирїїчї "мэнгї"73 сєзї менен байланыштырышат. Сыягы монголдун бул сєзї "таза", "тїбєлїк" деген маанилерди тїшїндїрїїчї кыргыздын "мєнгї" деген сєзї менен тамырлаш болуу керек?



Чынгыз хандын тушунда монголдор "асыл тукум", ак сєєк элге айланганы тарыхта жакшы белгилїї. Ошол учурда монгол этнониминин этимологиясы "муўдуу кулду" эмес, "тїбєлїк элди" тїшїндїрїп, адегенде "мэнгї уул", "мєнгї уул" деп айтылышы толук мїмкїн? Кыргыз ичинде бул уруу тууралу: "моўолдор элдин уюткусу", "моўол элдин калысы" деп айтылганы да ошондон улам экени шексиз.

Моголдор сырттан эмес, ичтен чыккан эл болгону їчїн кыргыз элинин биримдигин, жеринин бїтїндїгїн талашып, намысын коргоп жїргєн уруулардан болгон. Мисалы З. Закировдун китебиндеги санжырада Кєкє, Тайыр Нарындын башын жайлаган Адыгине, Тагайга качып келишкени айтылат. Дайыр - тєє, Кєкє - уй кайтарып жїрєт. Экєєсї теў малчылар.

Бир кїнї калмактын ханы той берип: "жеўсеў жериўди таштап кетем, жеўилсеў Улуу-Тоо, Керме Тоону мага бересиў" дейт. Ошол намыс талашууда Кєкє калмактын балбаны Шаброну жыгып, Кыргыз жерин сактап, алып калат74.

Кече эле кыргыздын басыз уруусуна байланыштуу айтылган сєздєрдє да, моўолдордун бир мезгилде кыргыз ичинде єзгєчє орду болгону белгилениптир:

Жаўакты басыз терчї эле

Жегенди моўол билчї эле

Ээрди басыз кылчу эле

Мингенди моўол билчї эле

Жакшы чыгып Жаныбек

Басыздар элге теўелди

Мактанган моўол жоголду75

Ал эми кыргыздардын Чагатай тегинен єзїнє хан кєтєрбєгєнї, аларды ээрчип исламга кирбегени жана моголдорду сїрїп, єздєрї мезгилинде "Моголстандын жапайы арыстандары" деп аталганы кыргыз атын алып турган элдин монголдордон байыркы экенинен, улуу экенинен, анын тамыры экенинен кабар берип турат деп ойлойм.



1 Эренжен Хара-Даван, Чингис-хан как полководец и его

наследие, Алма-Ата, "КРАМДС-Ахмед Яссауи", 1992г., с-36.



2 Санжырада "бугу эне" деп айтылат. А чынында бугунун

ургачысын кыргыздар деле "марал" дешет.



3 Тєрєкан уулу Эсенкул, Кыргыздын кыскача санжырасы,

Бишкек, Мамлекеттик "Учкун" концерни, 1995ж., 20-бет.

Санжырада аялдын ысмы - Зууракан (Зулайка) сарттын

кызы делет.



4 Кыргыз санжырасы ("Ала-Тоо" журналынын тиркемеси),

Бишкек, 1994ж., 242-б.



5 Кыргыз санжырасы("Ала-Тоо" журналынын тиркемеси),

Бишкек, "Ала-Тоо" журналынын редакциясы, 1994ж., 243-б.,

жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоў тарыхтан бир їзїм.

6 Ошол эле китепте, 246-б.

7 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина.

8 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 12-б.

9 "Байыркы монгол тилинде гуа - "сулуу"(прекрасный), байыркы

тїрк тилинде кува - "куу"(лебедь), (Цыденжапов Ш.Р., Тайна

Чингисхана, Улан-Удэ, 1992г., 32-б.)" билдирет.

10 Монгол тилинде "бат" - "бекем", "катуу", "ишенимдїї" дегенди

билдирет. Менимче экинчи сєз "чиган" кыргыздын "чыгаан"

деген эле сєзї менен тектеш сыяктанат? - Б.Т.

11 монгол тилинде: Аучжам Бороул

12 Тєрєкан уулу Эсенкулдун санжрасында: "Наалы эженин кїлїк

Коўуркула аты жана Таманак аттуу мыкты тайганы болгон"

деп айтылат. Э. Тєрєкан уулу, Кыргыздын кыскача санжырасы,

Бишкек, мамлекеттик "Учкун" концерни, 1995ж., 39-бет.



13 Ыйык Баянда бул сєз "догум" деп берилет. Бирок башка ада-

бияттарда бул сєз: "токум", "тукум" формасында айтылат.

Бул кыргыз тилиндеги "тукум" деген сєз. Ал "урук", "уруу"

маанисинде.

Баргучин - токум, кээде Баргужин - токум деп айтыла берет.

Кыргызча: "Баргы адамынын тукуму", "баргы уругу" дегенди

тїшїндїрєт. Монгол тилиндеги баргут, кыргыз тилиндеги

"баргылар" деген маани менен барабар; Рашид-ад-Диндин

жазганы боюнча, баргы, хори жана тєлєс уруулары кошуна

жашашкан(Рашид-ад-Дин, Сборник летописей, М-Л, 1952г.,

т-1, кн.-1, с-121.); Аларды жалпы жонунан "баргуттар" деп

атай беришкен. Ошентип, негизинен Чыгыш Сибирдин тїштїк

аймактары жалпы - "Баргужин -Токум" аталган. Кыргызча:

Баргы тукуму же уруулары деген сєз. Албетте, маселе Кыргыз

ичиндеги, адыгине уруусунун курамындагы баргы уругунун

канчалык деўгээлде ушул аймакта жашаган баргуттар менен

байланышы бар, мына ошону тактоодо турат.

Ыйык Баяндагы ойрот, булагат, эхирит жана хорин уруула-

рынан турган союзду башкарган жана Гол-Баргужин - Токум-

дун башчысы - Бархудай Мерген тарихий инсан Барга батыр

болушу мїмкїн. Анткени, тарыхта Байкал аймагында жаша-

ган уруулар кийин монгол курамынын єзєгїнє кирген. Улуу

кол башчы Чынгыз хандын минтип айтканы да жєн жеринен

эмес: "Баргужин-Токумдун Онон жана Керулэн жээктеринде

тєрєлгєн ар бир эркек уул жаратылышынан кайраттуу, эр

азамат, билги, тапкыч болуп чоўойот. Ар бир кыз табиятынан

чачтары таралбаса деле сулуу, эч кандай эндиксиз эле кызыл

жїздїї, чыйрак, изги жандар болот"(Рашид-ад-Дин, Сборник

летописей, М-Л, 1952г., т-1, кн.-2, с-264.)

14 Арих-Усун топонимин кээ бир изилдєєчїлєр Байкалдын

байыркы монголчо айтылышы дешет (Цыденжапов Ш.Р., Тайна

Чингисхана, Улан-Удэ, 1992г., 35-б.)

15 Хорилер менен хори, хоорай, хонгорай элдери менен тектик

байланшы болушу мїмкїн.-Б.Т.



16 Эсептесек, Бєртє Чинодон Добун Мергенге чейин Чынгыз

хандын "12" атасы єтїп жатат - Б.Т.



17 Булардан кийин тарыхта улуу Жунгар мамлекетин тїзгєн

калмак эли келип чыкккан- Б.Т.



18 тексте: Маалих Баяуд. Маллах - монгол тилинде "малчы", "мал

караган адам" дегенди билдирет. Маалихтин ысмы ушул сєздєн

келип чыгышы мїмкїн деп ойлойм?-Б.Т.

19 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 13-14-б.б.

20 Ыйык баянындын орсуча котормосунда "Бугу Хадаги" деп

берилет(мен-Б.Т.).



21 Ыйык Баяндын орусча котормосунда "Бухату Салжи"(мен-Б.Т.)

22 Ыйык Баяндын орусча котормосунда "Бодончар"(мен - Б.Т.)

23 Бахадур А., Тїрк санжырасы, Кыргыздар деген китептин

1-тому, Бишкек, Кыргызстан, 1993ж., 38-бет.кыргызчага

котор. Ч.Ємїралиев.

24 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 16-17-б.б.,

кырг. rоторгон мен-Б.Т.



25 "Манас" эпосунда: "Кыргыз, кыпчак, катаган, баарыбыз бир

атадан" деп айтылат. Бирок, эпостогу кыпчактар да, катаган-

дар да єздєрїн жалпы "кыргыздар" деп айтышат.

26 Кычанов Е. И., Завоеватель Вселенной: Чингис - хан, "Власти-

тели Азии" деген китепте, изд. Фирма "Восточная литература",

РАН, 2004г., 283-стр.

27 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, "Кыргызстан",

1995ж., 126-б.



28 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, "Кыргызстан",

1995ж., 126-.б.



29 ошол эле китептин, 127-б.б.

30 Башка варианты боюнча, "Муўгуш Адыгиненин кїў аялынан"

делет(Кыргыз санжырасы("Ала-Тоо" журналынын тиркемес),

Бишкек, "Ала-Тоо" журналынын редакциясы, 1994ж., 240-б.,

жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоў тарыхтан бир їзїм)



31 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., "Печатник",

61-б.


32 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., "Печатник",

64-65-б.б.



33 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, "Кыргызстан",

1995ж., 112-б.



34 Кыргыз санжырасы("Ала-Тоо" журналынын тиркемес),

Бишкек, "Ала-Тоо" журналынын редакциясы, 1994ж., 243-б.,

жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоў тарыхтан бир їзїм.

35Иран тилинде "мырза" - ак сєєк текке тиешелїї адамды билдирет.

36 Монгол тилинде "сайд" - "министр" деген сєз.

37 Каратаев О., Эралиев С., Кыргыз этнографиясы боюнча сєздїк,

Бишкек, "Бийиктик", 2005ж., 359-бет.



38 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 25-б.; ушул

эле жерде Учжин-эхэ деп да айтылат; монгол тилинде эхе -

"эне" деген сєз(С.Сыдыков, Монгольско-тюркские языковые

параллели, Фрунзе, 1983г.,"Илим", 32-б.)



39 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., "Печатник",

65-б.; ошондо Наалы эже 32 жашка чыккан болот.



40 Ошол эле жерде, 65-б.

41 Тєрєкан уулу Э., Кыргыздын кыскача санжырасы, .....26-бет.

42 Монголдун "маллах" деген сєзїнєн болушу мїмкїн экенин

жогоруда айтканбыз. Бул сєз - "малчы", "мал караган адам"

дегенди тїшїндїрєт. Демек анын ысмынын мааниси - "малдуу

бай" болуу керек? Байат - анын уруусунун атын билдириши да

мїмкїн? - Б.Т.)

43 Т.К.Чоротегиндин "Махмуд Кашкари(Барскани) жана анын

"Дивани Лугати ат-тїрк" сєз жыйнагы"(1072-1077), Бишкек,

"Кыргызстан", 1977-ж., 134-бет., деген китебинен алынды.

44 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 14-б

45 Манас эпосу боюнча ой жїгїртсєк, нойгут - байыркы кыргыз

урууларынын бири.



46 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 13-б.

47 Ошол эле китептин 16-бети.

48 Жумабаев Б., Ємїралиев Ч., Куттуу айыл - Куланак, Бишкек,

"Бийиктик", 2007ж., 110-бет



49 Тынышпаев М., Материалы к истории киргиз-казкского народа,

Ташкент, "Восточное отд. Киргиз. Гос. Изд.", 1925г., 18-б.



50 Ошол эле жерде, 18-б.

51 Абдыкерим Сыдыков - национальный лидер, авторлору:

З.Курманов, В.М. Плоских, С. Бегалиев, Ч. Ногойбаева,

З.Ф. Сорокина, Бишкек, "кыргызстан", 1992ж., 88-бет.

52 Абдыракманов С., Доор аяны, Бишкек, 2008ж., 146-бет. Автор

бул санжыраны атактуу санжырачы Абдишарип Тургунбай

уулунан жазып алган.

53 Тєрєкан уулу Э., Кыргыздын кыскача санжырасы, Бишкек,

Мамлекеттик "Учкун" концерни, 1995ж, 24-бет.



54 Ушул эле санжыранын 26-27-беттери.

55 Жаўыбай уулу Сапарбай, "Кыргыз санжырасы", Ош дубандык

басмаканасы, 1993ж., 19-бет.



56 Санжырада Чынгыз хан Алан Кєєнїн 12-муундагы урпагы

экени айтылат.



57 Абу-дулаф, "Рисале"("Записки"), "Кыргыздар" деген китептен

алынды, 10 томдук жыйнак, тїзїїчїлєр: Є. Караев жана

К.Жусупов, ОАО "Учкун", 2004ж., 9-том, 41-бет.

58 Е.И. Кычанов, Властители Азии, М., "Восточная литература"

РАН, 2004г., 283-стр.



59 Ыйык Баянда Алан Кєє - "хори" уруусунан экенин баш жагында

кеп кылганбыз. Бирок хори уруусунун теги кайсы элде жатары

белгисиз? Эгер хори уругу, профессор В.Я. Бутанаев кыргыз

экенин далилдеген байыркы хакас элинин уламышындагы

"тогуз уруу хоорай"(ал "хонгорай" деп да айтылат) эли менен

байланыштуу болсо, анда хори уруусунун тамыры - кыргыз - Б.Т.



60 Улугбек М., Турт улус тарихи(єзбек тилинде), Тошкент, 1994г.,

57-б.


61 Бул этноним кээ бир санжыраларда "кыят" формасында

айтылат-Б.Т.



62 Улугбек, ...ушул эле 57-бетте

63 Караев Є., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,

Бишкек, "Кыргызстан", 1995ж.,135-бет.



64 Караев Є., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,

Бишкек, "Кыргызстан", 1995ж., 44-бет.



65 Караев Є., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,

Бишкек, "Кыргызстан", 1995ж., 44-бет.



66 Юдин В.П., Центральная Азия в Х1Ї - ХЇ111 в.в. глазами

востоковеда, Алматы, "Дайык-Пресс", 2001ж., 287-бет.



67 Юдин В.П., ..88-бет. Автор "кыргыз элинин келип чыгышын

анын "кыргыз" аталышына байланыштырып изилдєє жїргїзїї

туура эмес" деген пикирде.

68 Юдин В.П.,...88-бет. Казактар єздєрїнїн "кыргыз" аталышы-

нан баш тартканын айтып жатат - Б.Т.



69 Могол-Б.Т.

70 Моўолдор - Б.Т.

71 Автор, Абрамзондун "Этнический состав киргизского населе-

ния Северной Киргизии" деген эмгегине шилтеме берет. Ал эм-

гек "Труды Киргизской археолого-этнографической экспеди-

ции", т-4, М., 1960г., 3-137-беттеринде жарыяланган.



72 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, "Кыргызстан",

1995ж., 126-.б.



73Жумабаев Б., Ємїралиев Ч., "Куттуу айыл - Куланак", Бишкек, "Бийиктик", 2007ж., 100-бет.

74 Закиров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, КЭ нин Башкы

редакциясы, 1996-ж., 211-14-беттер



75 Закиров С., Кыргыз санжырасы, .... 211-14-беттер.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет