Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



бет6/7
Дата27.06.2016
өлшемі6.12 Mb.
#159908
1   2   3   4   5   6   7

НУРБЕК ТУРАН,

тарых изилдёёчу, геосаясатчы.

Ж. Баласагын атындагы КМУ.

ПЕЧЕНЕКТЕР

«Кубулдун алты уулу бар, ъчънчъсу Пичене. Пиченеден Саруу деген эл».

Тоголок Молдо

Тарыхый документтерде, жыл наамаларында жана географиялык баяндамаларда печенектер тёмёнкъ аттар менен белгилъъ: кытый булактарында: Pei-ju1, бичан2, тибет. Be-ça-nag3, грек. ιί, ιάалардын турган жери ιαί4,латын. Pincenates, Pizenati, Petinci, Pezineigi же Petinegi, Pincinati, Pinzinaci, Pincenarii, Pizenaci, Pecenaci, Pedenei, Pecinei, Pezenati5, поляк. Piecinigi, Pieczyngi, Pincenakiti6, евр. Пацинак, Пуцигак, Парцинак7. алеман. Pezineigi, Pezenegi, Pedenei, Petinei8, мажар. Besenyő, Bisseni, Besseneu, Bessynew, Bessi, Bysseni, Picenati, Wisseni9, славян. жана орус. Печензи, Печенези, Печенеги10, араб. Баĵнāк (ﺑﺟﻐﺎﮎ)11, перс. Баĵанāк, Бïĵïнак (ﺑﺟﻐﺎﻙ)12, армян. Pacinnak, груз. Pac’anig, осетин. Bedzänäg, тюрк. (ﺑﺟﺎﺫﻙ) Бэĵэнäк же Бäĵäнак13, ал эми кыргыз. – Пичене, Пичине (Бечине)14.

Жогоруда санап айтылган печенектердин ар търдъъ аттарына караганда, алардын баарысынын негизинде бэĵэнäк же бäĵäнак деген форма, б. а. М. Кашгаринин «Дивани лугат ат-търк» китебинде келтирилген беченек формасы жатат.

Беченек деген сёздън келип чыгышы жёнъндё бир жаьсыл ой жок. Атайын каралган адабияттарда бул суроого жооп ъч-тёрт этимология менен гана чектелген, бирок алар печенек этнониминин келип чыгышын толук тъшъндърё албайт.

Биринчилерден болуп печенек этнонимин тъшъндъръъгё аракет кылган швед офицери И. Страленберг болгон. Ал орус тилинде жок «печ»(балким ал «пёс» деген орус сёзъ менен чаташтырган) - «собака» деген сёздён келип чыккандыгын белгилейт. Ал эми Д. П. Европеис болсо мындай деп тъшъндърёт, «печенек» - угор тилиндеги bitšeŋ (ng) – jax, «карагай эли» б.а. «карагайлуу токойдо жашаган эл»15.

Венгр профессору Г. Вамбери «печенек» сёзънън алгачкы формасы бiчiн «маймыл» болгон десе, З. Гомбоц мырза адам ысмы Бэченин, кыскартылган формада айтылганын белгилейт.

Академик В. В. Бартольд печенектердин атын, търк сёзъ баĵϊнак – «бажа» менен салыштырат. Муну О. Прицак да колдоп, печенектерди кадайдыр бир артыкчылыгы бар уруу катарына кошуп, уруулар союзунун ичинде, башкаруучу урууларга колуктууларды берип туруучу уруу катары эсептейт.

Совет илимпозу С. П. Толстов печенек этнонимин Страбондо кездешкен апасиактар менен байланыштырат да, apa-š’aka деген этнонимди тёмёндёгъдёй реконструкциялайт: (←[a]paš[akâ]+ana). Ошентип печенек этнониминин келп чыгышын кёрсётёт: (IV-I кк. б. з. ч.) apa-š’aka (’Απασιάκαι) (б .з. I к.) päs’äkä (Πασικαι~ Paesicae)  päš’änä (Πασιαναι)  (алгачкы орто кылым) päs’änа|| päсänä (ﺑﺟﮫ) päсänä + k (ﺒﺨﺫﮏ) печенек16.

Туркмен оозеки чыгармалары «Огуз-наме» жана «Деде Коркут»та печенектер «Ит-Бечене»- деп айтылат. Мындай дешет: "Бечене уругу, ёздёръ ёздёрънън ичинен ёкъмдар (möpä) кётёръшъп, салор элине душман болушту; алар бири-бирине кол салышты. Беш-алты муун аралыгында эки элдин ортосунда кастык болуп турду. Бечене эли салор эллин жеьди, ошол себептен салор эли Бечене элин – Ит-Бечене дешти"17.

«Бичи» ульчин (тунгус-маньчжур) тилинде «камчы» дегенди тъшъндърсё18. «Бūчэн» деген сёз тунгус-манжур тилдеринде «элик» деген маанини берет 19. Кыргыз тарыхчысы О. Каратаев буга тайанып, беченек этноними «элик уруусу», «эликтин тукуму» дегенди тюнтат да, байыркы тотемистик ишенимди чагылдырат деген ойун айтат20.

Казах тарыхчысы Касым Масими печенектер менен кыргыздар жёнъндё ёз китебинде минтип жазат: «Жер-жерлердеги кётёрълъштёрдъ басуу жана жазалоо операцияларын жъргъзъъ ъчън атайын дайындалган тъмёндёр болгон. Алар ёзгёчё, атайын терилип алынган, ишенимдъъ ак сёёк жоокерлерден турган. Ёз милдеттерин ётё так жана кылдаттык менен аткаргандыктан, алар ёзънън атынан башка атка конушуп, аны менен тарыхка киришкен. Мисалы: «печенек – пачэнэк» жана «кргиз – кыргыз». Биринчиси уйгур сёзъ «пачэ», «бёлък, ъзъм, кесим» дегенди, экинчиси «кыр» - «жок кыл» деген маанини берет. Мындан «пачэнэк – печенек – печенег» талкалоочу, сындыруучу, таш-талканын чыгаруучу, баш ийбести, ал эми «кыргыз – кргиз» - жок кылуучу, багынбасты»21.

Каракалпак тилчиси Даулен Айтмуратов печенег этнонимин минтип тъшъндърёт: 1) «ёрългён чачтуулар» орустун «косоплет» деген сёзънён, 2) «камчы» орустун «бич» деген сёзънён негизинде22.

П. Пелльо боюнча печенектер Pei-ju (пей-жу) деген ат менен, En-ch’ü (оногурлар) жана A-lan (аландар) уруулары менен бирге, VII к. кытый жыл наамасы "Суй-шу"да, теле уруу тобуна арналган бёлъктё эскерилет. Мында П. Пелльо Pei-juдан Pek-nziwok = Peçnek’ти чыгарат. 23.

Кытай тюркологу Цэнь Чжуньмянь ёзънън китебинде «Бейши» жыл наамасынын 99 бапына шилтеме берет, ал жерде Алтайдын батышында жашаган уруулар саналып, алар теле тобуна киргендиги, аларды VIII к. кытый географы хунндардын урпактары деп санаган. Анын маалыматтары боюнча, «Кан мамлекетинин тъндъгъндё, Адэ дарыясынын боюнда хэдэ, хэцзэ, боху, бичань, чжуйхай, хэбиси, хэно, суба, емо, хэда уруулары жашашат. Алардын бардыгы ъч тъмёндъ тъзъшёт (б. а. 30 миь аскер)24. Эгерде Кан мамлекети Амударья жана Зеравшан ёрёёндёрън ээлеген болсо, анда жогоруда аталган телес тобундагы уруулар Алтайдын батышы, Орто Азиянын тъндъгъ болгон азыркы Батыш жана Борбордук Казахстандын талааларында кёчъп жъръшкён болот. Аталган уруулардын ичинде бичань дегенге кёьъл бурсаьар бул печенек экенинде эч кандай шек жок. Демек печенектер кытай жыл наамаларында «бей-жу» жана «бичань» деген аттар менен белгилъъ болушкан.

Печенег бул сармат ысмы, ал «тез, бат, ылдам жана ат чаап бараткан эр» дегенди тъшъндърёт25 - десе, «sene» – индоарий тилинде «жоокер, аскер, кол»26дегенди тъшъндърёт. Жапон сёзъ «san»-самурай, жоокерди билдирет.

Башынак, Бешынак – «Баш «(ы)инак» - деп, монголдордо жакын жъргён нёёкёрън айтышкан27. Монголчо «ынак» - «жакын дос», «ишеничтъъ», «съймёнчък» деген маанини берет28. Проф. А. Вамбери боюнча «инак»тын тъз мааниси «ини»29. Хива хандыгында бул термин бухаралык «аталык» терминине туура келип30, жъз жылдап ёзънън маанисин ёзгёртъп турган: уруу башчысы ~ хандын жашыруун кеьешчиси ~ тактын мураскору ~ провинциянын же шаардын башкаруучусу деп. Хивада XVIII к. «инак» наамы мурас катары берилип турган31. Кэз-кезде инактар мамлекеттик бийликти узурпациялап алышкан. Мисалы: 1755 ж. Хивада тёнкёръш болуп, бийлик хандыкта толугу менен инактардын колуна ёткён32.

Чуваш тилиндеги «пичче» деген сёз тёмёнкъ маанилерди берет: 1) ага, аке, байке 2) аба, 3) ёзънён улуу адамга болго кайрылуу 33.

«Беше» башкурд тилинде «москоол», «къчтъъ, кубаттуу» деген тъшънъктёрдъ берсе34, кыргыз тилиндеги «пеш», «беш» деген сёздёр да ошондой эле 1) куч, кубат, ал, кайрат 2) зордук деген маанини беришет35. Ал эми кыргыз тилиндеги «пешене», «бешене» - маьдай, чеке, баш – дегенди тъшъндърёт.

«Бичэ» караим тилинде «каныша» деген тъшънък берсе36,«пиче» хакас тилинде «эже» деген мааниде колдонулат37.

Кыргыз тилинде «байбиче» жана «апиче» деген сёздёр бар, мында бай – чоь, улуу, биче~бийке – каныша, апиче~апа+эже – улуу эжэ деген маанини тъшъндърёт. «Байбиче» деген сёз, азыркы убакта алгачкы маанисинде колдонулбайт, ал эми «апиче»(а-пиче) деген сёз, жалгыз гана сол канат кыргыздарда «эже» деген мааниде колдонулат. Демек печенектерде матриархаттык тзълъштън элементтери бар экендигинде шек жок. Эмне дегенде тарыхый булактарда мындай деп жазылат «тынчтык мезгилде печенектерди аялдар башкарат, ал эми согуш учурунда аялдар улуу кол башчыны шайлашып, ага башкарууну ёткёръп беришет, согуш аяктары менен бийлик кайрадан аялдардын колуна ёткён».

Рум императору Константин Багрянородный мындай дейт: «… печенектер Кангар (Κάγγαρ) деп да аталышат, бирок бардыгы эмес, алардын ъчёёсъ: Жабдыэртим, Куэрчичур жана Кабукшингила, башкалардан айрымаланып эр жърёк, кайраттуу жана асыл элдер, ошондуктан алар Каьгар деген атак атка ээ38. Демек, бул ордолордун башчылары: Ваицу (бороон), Куел (кучтуу эл) Куркута (беру), печенек жериндеги эь атактуу жана кубаттуу кандар болгон39. Анда эмесе печенектердин алгачкы аты – кангар (же гандар) деген этнониминин келип чыгышын карап кёрёлъ.

Кангар жана Кангюй.

Кангар этноними, Борбордук Азиянын ёлкёлёръ менен элдеринин эь байыркы тизмеси, биздин заманга чейинки VI к. аягы – V к. башындагы шынаа сымаал байыркы перс жазууларында кездешет. Алардын эь байыркысы, Дарий I-нин Чоь Бехустан жазуусусунда – Gandāra, Дарий I-нин Персеполь жазуусунда – Gadāra, Дарий I-нин Нахш-и Ръстём жазуусунда – Gadāra, Ксеркс I-нин жазуусунда – Gadāra формасында кездешет40.

Скифтердин убагында Геродотко печенектердин алгачкы этнонимии белгилъъ болгон. Ал минтип жазат: «Бул атчан чабарман кабарчыларды перстер «ангарейон» дешет. Бул сёз хангар~кангар деген търк этнониминен жаралган. Хангарлар перстердин арасында чабарман катары кызмат кылышкан, ошол себептен перс тилинде «чабарман» деген мааниде «хангар» деген сёз сакталып калган»41.

Геродоттун «Тарых» китебинде Ахемен империясына кирген ёлкёлёр менен элдердин эки толук тизмеси бар. Гандарийлер (Γανδάριοι) империянын VII сатрапына башка ъч эл мене кошо кирген.

Геродот гандарий жёнъндё мындай деп жазат: «гандарии ъч башка эл (саттагиды, дадики и апариты) менен бирге Дарий I-ге, 170 талант салык тёлёп турушат. Алар Ксеркстин аскеринде Артабан уулу Артифийдин кол башчылыгынын астында парфян, хорезм жана согдылыктар менен бирге болуп, женил чуштугуй калпак кийишип, кыска найза жана жаа менен бактриялыктардай куралданышкан»42. Демек гандарийлер Бактрия менен чектеш жерде жашашкан.

Ал эми Плиний жана Птолемей аларды Кардарлар же Кандарлар, дагы бир окулушу Гандарлар дешет. Птолемей аларды, Гигон жана Сигон дараяларынын аралагына, Бактриянын курамыны кирген Согдианада жайгаштырат43.

Гезихий VI к. жазылган «Грек лексикону» деген эмгегинде «гандарийлер Индияга жакын, тоодо турушат». Ошондой эле Индияда гангариды (Гангес дарыясынын аты боюнча) деген эл бар. Гандарийлер букаларга окшоп ётё кубаттуу жана кайраттуу»44 .Жылкы ёстъръъчълук менен атагы чыккан гандхар эли Кабул дарыясынын ёёрёёнън мекендешет45.

Кыргыз санжырачысы Орозбек Айтымбет «Кара Кыргыз» деген китебинде кангарлар жёнъндё минтип жазат: «Тээ илгерки доорлордо ушул эле Сыр боюнан Эки Дарыя аралыгына ооп кеткен илгерки кёчмёндёръбъздъ тияктагы башка элдер «какгар» же «кеьгер» деп атаса, алар эзелки дуйнёнън тарыхына «шумгэр» деген ат менен тъшкён»46. Чынында эле Шумердин алгачкы аты «Кенги» болуп, байыркы дъйнёдё Кенгир цивилизациясы болгондугун археологдор тастыктайт. Бара бара «Кенги» «Шумир» деген ат менен алмаштырылат. Ал эми семит элдери Шумерди толук басып алгандан кийин, «Кенги»ни мекендешкен кенгерлердин бир бёлъгъ Индияны карай бет алышат. Буга далил катары ири шумеролог С. Н. Крамердин айтканын мисал келтирсек болот. Ал мындай дейт: «… шумерийлердин (семиттердин – Н. Т.) катуу кысымы астында обеид доорундагы элдер Месопатамиядан Инд ёёрёнънё бет алышты, кийин ал жерде жаьы цивилизациянын ёнъгъшънё търткъ болду» - дейт. Мындан башка далил, бул Месопатамиядан Индияга чейин Кан, Канди, Кандры, Канговар, Кандагар, Гандар, Гандхара деген топонимдер кедешет47. Демек байыркы «кеьгерлер» (шумерлер) менен кийинки «каьгарлардын» (печенектердин) ортосунда этникалык ётё тереь байланыш бар экендиги айкын.

Даниялык тарыхчы Петр Фридрих Сум кангар деген атты Ганг дарыясынын аты менен байланыштырып, печенектерди Индиядан келип чыккан дейт. Анын оюнча кангар перс тилинин «кандавар» – «къчтъъ», «эр» деген сёъдён келип чыккандыгын айтат48. Кийичерээк орус археологу С. П. Толстов да, «канг» сёзънън этимологиясын Ганг дарыясы менен байланыштырат49. Ал эми И. Маркварт болсо, кангарды Канг + äр, б. а. «Канг эли» деп карап, аларды Орхон рун жазууларындагы кенгерес менен байланыштырат. Ошондой эле ал кангар менен кенгерес Яксарттын байыркы аты (Канг – Н. Т.) менен баланышы бар экендиги жёнъндёгъ ойду айтат50. Академик В. В. Бартольд да, кангарды Сырдарыянын тёмёнкъ агымы – Канг менен байланыштырат51.

Иоанн де Плано Карпини (XIII к.) «кангит», Вильгельм де Рубрук (XIII к.) «канглы», «Купуя сырда» «канглин», Рашид ад-дин (XIV к.) «канлы», Абу-л-Гази Бахадур-хан (XVI к.) «канкли», «канглы», деген кангар атынын вариаттарын беришкен52.

Жердешибиз Бабур падыша Индияны багытууга кол баштап бара жаткан мезгилде, ага афгангандар жана гакхарлар (гандарийлер) кошулат.53. Ушул жоокерлер менен Бабур 1526 жылы апрель айында, Панипат талаасында, Ибрахим Лодинин ъстънён жеьишке жетип, Индиянын ёкъмдары болуп калат.

Канглы уруу бирикмесинин келип чыгышы боюнча XIX акырынан бери эки илимий кёз караш бар. Биринчиси, канглы уруу союзу XI-XII кк. Арал боюндагы чёлдёрдё печенек-огуздардын негизинде пайда болот, жана канглы этноними печенегдердин байыркы аты кангар менен жакындаштырылат. Ошондой эле канглдардын этникалык тъзълъшънё кыпчыктардын ролу чоь экендигине басым жасалат. Бул кёз карашты В. В. Бартольд жана П. В. Голубовский менен негизделип, кийин С. П. Толстов жана Т. А. Жданко менен ёркъндётългён54.

Экинчи гипотеза Н. А. Аристов менен иштелип чыгып, Н. А. Бронников менен колдоого алынган55. Канглдар, бул концепция боюнча, Сырдарыяга жана ага чектеш болгон жерлерге Кангюй мамлекетин тъзгён, кангюйлердин этникалык орун басуучусу. Канглдардын кангюйлерден келип чыгыш идеясы, кёпчълък археологдор (Бернштам А. Н.) менен кабыл алынып, акыркы убакта В. В. Востров жана М. С. Мукановдун изилдёёлёръндё жаьыдан ёнъгъъдё. Алар кангюйлёрдъ търк тилдъъ эл катары эсептешип, мындай деп жазышат: «канглдар баягы эле б. з. чейинки II кылымдагы кангюйлер»56.


Печенектер.

Печенектер кыргыздардай эле 40 уруудан туруп, эки канатка (оь жана сол) бёлънъшкён, ар бир канат 4 уруудан, 4 уруудун ар бири 5 урукту бирикирген. Днепрден Итилге чейин оь канат (Куэрчи Чур, Сары Кулбай, Бёръ Тилмач, Чопон), сол канат – Орустар менен Болгариянын коьшусу (Жазы Гопон, Кабугшин Гила, Кара Бай, Жабды Эртим). Кээ бир уруулардын аттары азыркы туркмен урууларынын аттарында сакталып калгандай: эртем (у сарыков), гапан (у эрсари, геклен, эпрели, теке), бечене 24 огуз уруусунда. Ал эми ёзънън эски этноними – кангар деген ат менен туркмендерде: канглы, конгур (гонур) Текиндерде, казактарда: канглы Улуу Жъздё; каракалпактарда: канглы Кыпчакта, кыргыздарда: канды Сарууда57, пичине (бечине) Чон багышта58, каьгды59 Ичкиликте - сакталып калган.



X к. араб тарыхчысы Мас´уди печенектердин сегиз уруусун белгилейт: äртiм, чур, јула, кÿlлпэi, каробоi, талмач, копон (же кобон), чопон (же чобон)60. Ушул эле мезгилде Рум императору Константин Багрянородный негизинен так ушундай эле печенектердин урууларынан кабар берет: ερτίμ (эртiм), τζούρ (чур), γύλα (јула), κάλπεη, κουλπεη (кälлпэi, кÿlлпэi), χαραβοη (харабоi), ταλμάτ (талмат), χοπόν (хопон), τζοπόν (чопон). Ошондой эле печенектер 40 майда урууларга бёлънъп, алардын ар биринин башында ёз уруу башчысы бар дейт61.

Ал эми XI к. Кедрин печенек уруулары жёнъндё башкача маалыматтарды берет. Ал минтип жазат: Алар (печенектер – Н. Т.) – скиф эли, болгондо да падыша скифтерден, узун бойлуу жана ётё кёп санда, аларга каршы бир да башка скиф уруулары туруштук бере алышпайт. Алар 13 урууга бёлънъшёт, жалпысынан печенек аталганы менен, ар бир урууу ёзънън уруу башчысынын аты менен аталат. Алар Дунай менен Днепрдин аралыгын Паннонияга чейин мекендешет, бир орундан экинчи орунга кёчъп, чатырларда жашашат62. Кедрин печенектердин 13 уруусу жёнъндё айткан менен, биз андан эки гана уруунун атын билдик: Белемарнис жана Пагуманис.

921-922 жж. Булгар мамлекетине аббасид  халифи аль-Муктадир жёнёткён элчиликтин катчысы Ахмад ибн-Фадлан печенектер жёнъндё мындай эскерет:

«Бул байкуш кудайсыздар, Алла-таалага тазим кылышпайт, илимпозчулукту баалашпайт жана эч нерсеге ишенишпейт. Бирок улууларын сыйлашат, аксакалдарын ётё урматташат. Эгерде кимдир бирёё аксакалдардан кеьеш сураса, ал минтип кайрылат: «О бек, мындай же тигил иште мен эмне кылышым керек?». Ёз жумуштарын алар кеьештин жардамы менен чечишет. Бирок эь кызыгы: алар жаьы бир маселени чечишип, бир бътъмгё келишкенде, кечигип келип калган бирёёсънън макул эместиги менен, чечилип калган маселени жокко чыгарат». Ал эми кимдир бърёёсън бёдё кырсык басып калса, ал башын асманга каратып «о бир Теьирим» - деп жалбарат»63.



Печенектердин ёлкёсъ.

Ибн Руста, Инб Фадлан жана Мас´уди печенектердин алгачкы жашаган жерин, Сырдарыя менен Амудария аралыгына жана Арал деьизинин бойлоруна жайгаштырышат. Алар IX кылымда (893 же 898 жж.) огуздардын кысымы астында Итил дарыясынын оь жээгине кёчкёнгё чейин бул жерде жашашкан64.

Ал эми уйгур элчилеринин отчётунун тибеттик котормосу боюнча, печенек уруулары (be-ca-pag) VIII к. Балхаш кёлъ менен Сырдарыянын аралыгнда жашашкан65.

К. Багрянородный (Х к-дын 40-чы ж.) мындай деп жазат: «Алгач печенектер Ατήλ (Итил) жана Γεηχ (Жайык) дарыяларынын жашап, хазар жана огуздар менен чек аралаш болушкан». Ал эми араб географтары ´Ауфи менен Истахри (Х к.) мындай маалыматтарды беришет: «Арал деьизинин бойлорунан Итилдин оь жээгине ёткён печенектер тъштък орус талаасын ээлеп66, мажарларды батышка съръшкён». Кийинчерээк печенектер Венгрияга, тъндък орус жэрлерине, Дон, Днепр жана Дунай дараяларынын бойлоруна отрукташат. Ал эми XI к. алардын бир бёлъгъ Дунай дарыясынан ётъп азыркы Румыния, Болгария жана Сербияга чейин кирип келишкен67.

Печенектердин батышта касыл жерге чейин баргандыгы жёнъндё так маалыматтар жок. Бирок алар орто кылымдагы франсуз эпосу «Роланд жёнъндё поэма»да «Жапайы печенек ордосу» - деп эскерилет. Ал эми Ибн Хаукаль печенектер «Испан жэрине» кол салышкандыгы жёнъндё айтат. А. Куник буга каршы мыдай деп жазат: « Балким Галлияга угорлор менен бирге печенек ордолорунун бири кирип баргандыр, бирок алар Пиренейди ашкан эмес»68.

Орус жыл наамаларында печенектер биринчи жолу 915 жылы, акыркы жолу 1169 жылы Ипатьев жыл наамасында эскерилет69. Бул жыл наамаларында негизинен печенектер менен орус княздарынын ортосунда болгон согуштар баяндалат. Мисалы: Печенек князы Коркут орус князы Святославды колго тъшъръп ёлтрългёндъгъ, анын баш сёёгън алтын менен калактап, шарап ичъъчъ идиш катары колдонгон. Идиште «Ким бирёёнън байлыгына кёз артса, ал ёз байлыгын жоготот» - деген жазуу бар дешет70.

Печенектер огуздырдын кысымы астында батышка сърългёндё экиге бёлънъшёт: чыгыш жана батыш печенектер, же «търк»(бачанäк-i турк) жана «хазар» (бачанäк-i хазарϊ) печенектер деп71. Чыгыш же «търк» печенектери печенек урууларынын аз эле бёлъгън тъзъшкён. Алардын кийинки тагдыры табышмактуу жана алар жёнъндё маалыматтар жокко эсе. Ошондой эле ушул чыгыш же «търк» печенектер менен каракалпактадын этникалык байланыштары бар экендиги жёнъндё илимий чёйрёдё ар търдъъ кёз караштар бар72.

Ал эми батыш же «хазар» печенектери болсо орус, рум, поляк жана араб жыл наамаларына тъшъшёт. «Худуд ал-Алам»дын (Х к.) автору «хазар» печенектеринин жерин минтип сърёттёйт: «алардын чыгышында Хазар тоолору73, тъштъгъндё – аландар, батышында – Гурдж деьизи, тъндъгъндё – Мирват». Негизинен ушундай эле маалыматты К. Багрянородный берет да, буларды кошумчалайт: «Печенктер тёмёнкъ Дунайдан (Сарат жана Бурат дарыялары) Саркелге чейин, Дондогу хазар чеби, Боспор менен Херсондон Орус жерине чейинки мейкиндикти контролдошот.» « Печенекстан Огузия менен Хазариядан 5 кън аралыкта, Аланиядан 6 кън, Мордиядан 10 кън, Орус жеринен 1 кън, Търкиядан74 4 кън, жарым кън Булгариядан, Херсонго жакын, ал эми Боспорго ётё жакын»75. «Печенектердин ёлкёсъ 30 къндък аралыкка созулат. Анын ар кайсы тарабында чектешкен эл бар: чыгышында – кыпчактар, тъштък батышында – хазарлар, батышында – славяндар76» - деп жазат ал-Гардези (Х к.).

Печенктердин тёмёндёгъдёй шаарлары болгон: Аспрон, Тункаты, Кракпакаты, Сакакаты, Салмакаты, Саркел, Гизукаты, Банамуни, Тэйгуа.

Демек, жогорку айтылгандарга, заман бап тарыхый иликиёёлёргё жана археологиялык ачылыштарга таянсак, печенектердин ёлкёсъ – «Печенекстан»IX – XI кк. чыгышта – Итил дарыясынан батышта Дунай дарыясына чейин, тъндъктё азыркы Калуга, Киев шаарларынан тъштъктё Кара (X-XI кк. «Печенек» деьизи деп айтылган)77 жана Азов деьиздерине чейинки мейкиндикти гана ээлешбей, азыркы Молдавия, Румыния, Венгрия, Болгария, Сербия Словакия, Австрия жана Полша ёлкёлёръндё да ёз издерин калтырышкан. Мисалы: Pečenjága жана Pečceneška – Румынияда, Pečenoge жана Pečenévce – Сербияда, Печенежинь – Молдавия, Печенея, Печенюги, Печенеги, Печенга – Украинада, Печиничино, Печенегово, Печенеги – Орусияда. (№1 Картаны карагыла).




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет