Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



бет7/7
Дата27.06.2016
өлшемі6.12 Mb.
#159908
1   2   3   4   5   6   7

Печенектер жана Кыргыздар.

Жогоруда биз «печенек» этнониминин келип чыгышын жана «печенек» деген эмнени тъшъндърёрънън вариаттарын талдадык.

Этнонимия менен бирге эле этногенетикалык изилдёёлёрдё уруулук атрибуттар: тамгалар (алардын аталыштары), дарактар, куштар, ураандар чоь ролду ойнойт. Этнонимикалык салыштыруулар кылдаттык менен изилденген тарыхый шартта жъргъзълъп, буга тил жана этнографиялык кёрънъштёргё башланышкан материалдар кошумча далил катары талап кылынат.

Эгерде уруулук кёрсёткъчтёр – тамга, куш, дарак, ураан же болбосо алардын бир бёлъгъ, этнонимден сырткары, дал келишсе, анда этнонимдик параллелдердин генетикалык келип чыгышы далилденген десек болот.

Анда эмесе биз азар печенек жана кыргыз урууларынын жалпычылыктарын карап кёрёйлък.

Огуз-търкмён дастандарында (шежере) Печенек Кёк хандын экинчи уулу (биринчиси Байындыр) катары белгилъъ болуп, Сол канатка кирген78. Ал боз ъйдън ичинде хандын сол жагына отуруп, сол сан этин (сол каптал) алган. Анын ёзънчё тамгасы жана тотем кушу болгон (№1, таблицаны карагыла).

Кыргыздар да Оь жана Сол канат деп бёлънъшёт79. Кыргыздардын Сол канатына: Саруу, Кушчу, Кытай, Мундуз, Басыз, Тёбёй, Жетиген уруулары кирет.

Биз булардын ичинен Саруу уруусу (кирген уруктарды) менен печенектердин тамгаларын салыштырып кёрёйлък.

Саруу уруусунун: алакчын, беш каман, жети уруу, кырк уул, келдей, мачак, колпоч, бош моюн ж.б. уруктарынын тамгалары печенек урууларынын IX – XVII кылымдардагы тамгалары менен дал келишип турат. Ошондой эле №1. Таблицада Печенек жана Саруу урууларынын (уруктарынын) тамгалары орхон, енисей, талас жазууларындагы H, R, S, V тамгалар менен окшоштуктары бар экендиги дана кёрсётългён.


Таблица № 1.

Печенектердин онгону(тотем кушу), жеген жилиги жана тамгасы.

Авторлор

Аталышы

Тотем кушу

Жеген жилиги

Тамгасы

Саруу80 уруусуна кирген уруктардын тамгалары

Махмуд Кашгари81,

IX к.


Беченек [Печенек] - жасоокер

Шумкар




,

, ,

,

Рашид-ад-дин82,

XIV к.


Бичинэ [Бедженэ] –иштерман

Шумкар

Сол каптал



,

Абу-л-Гази83,

XVII к.


Бечене – тырышчаак

Ала шумкар

Сол сан эти





Язынджи-Оглу-Али84, XVIII к.

Бичене –согушчан жоокер

Шумкар

Сол каптал



,

Орхон-Енисей85 жазууларындагы H, R, S, V – там-галар, V-VII кк.

Kängäräs (кенгерес)













Эмесе биз печенектердин шаары Саркелден (Sarkel) табылган археологиялык буюмдар: идиш-аяк, карапа жана кыштардагы белгилер менен таанышып, аларды кыргыз урууларынын тамгалары менен салыштырабыз.

Саркел шаары хазарлардын шары деп, атайын адабияттарда айтылганы менен, кёёбъраак ал печенектерге тиешелъъ. Себеби Саркел алгач Хазар мамлекетин коргоочу чеп катыры курулган, анда хазарлар жалдаган печенек жоокерлери турган. Хазар мамлекети кулагандан кийин эки кылымга чейин печенектердин колунда калат. Саркел орус княздарынын колуна ёткёндён кийин деле, ал жерде орустар жалдаган печенек жоокерлери турган.

«Саркел» хазар тилинде «Ак ъй» дегенди берет, ал эми грек жана орус жыл наамаларына «Белая Вежа» деп тъшкён. Бирок академик Н. Я. Марр мындай деп жазат: «Хазарстандын «борбору» Sarkel’ди, биз мындай гана т ъшънёбъз, бул сарлардын шары, же har’лардын, б. а. sar бул Sarkel’де аныктооч эмес, бул чоь уруу аты…»86. Метрополит Пимен 1389 жылы Москвадан Истамбулга жасаган саякатында «Серклей» шаарын жана «Сарыхозин падышанын улусун» эскерет87.

Саркелден табылган идиш-аяк, карапа жана кыштардагы белгилер кыргыз урууларынын, ёзгёчё Сол канаттагы Саруу уруусуна кирген уруктардын тамгалары менен дал келишет (№ 2. Таблицаны кара).

Бул археологиялык табылгаларда кёбънчё: кёёкёр тамга, ай тамга, жаа тамга, кёсёё тамга, босого тамга белгилери; ошондой эле орхон, енисей жана талас рундарына окшогон белгилер; грек тамгалары жана белгисиз белгилер кездешет88. Булардан ичинен бизди

кызыктырган белгилер, ёзгёчё Саруу уруусуна кирген:

Алакчын – ,

Жети уруу –,

Кырк уул – ,

Келдей –

Мачак –

Берен –

Колпоч –

Бёлёк чал –

Сакоо –



жана башка Саруу уруктарынын – , , , , , тамгалары болуп саналат.

Таблица №2.

Печенектердин Саркел калаасынан табылган археологиялык бумдардагы белгилер

Саруу урууларынын тамгалары




































,































,



Биз жогоруда айтылган Тоголок Молдонун санжырасын эске алсак, андагы: «Губулдун алты уулу бар, ъчънчъсу Пичене. Пиченеден Саруу деген эл»89 – дегенин далилдедик десек болот.

Демек, жогоруда тарыхый, археологиялык жана элдик оозэки (санжыра) чыгармалар аркылуу иликтелген «печенек» этноними, алардын каракалпак, търкмён, казак, орус элдеринин этногенезиндеги чоь ролу, кыргыз уруулары менен тыгыз байланышы бар экендигинде шек жок. «Печенектердин тил жана этнографиялык жактан търктёрдён келип чагышында эч кандай къмён жок90» - деп, эчак эле окмуштуулар далилдешкен, бирок алар кыргыз урууларынын бири экенин жогоруда кёрсётългён илимий фактылар жана далилдёёлёр тастыктап турат.








1 Türkler. Cilt: 2. Ankara, 2002. S. 695.

2 Цэнь Чжуньмянь. Туцзюе цзиши (Сводная история тюрков). Пекин, 1958. Т. 1. С. 678.

3 Peter B. Golden. Türk halkları tarihine giriş. Ankara, 2002. S. 219.

4 Константин Багрянородный. Об управлении империей: Текст, перевод, комментарий. М.: «Наука», 1989. С. 37-39.

5 Сум П. Ф. Исторические рассуждения о происхождении народов, населявших в средние века Польшу, Россию и земли между Каспийским и Черным морем, также европейскую Турцию на север от Дуная. М., 1846. С. 5.

6 Голубовский П. Печенеги, торки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884. С. 34.

7 Гаркави А. Я. Сказание еврейских писателей о хазарах и хазарском царстве. СПб., 1874. С. 39.

8 Голубовский П. Печенеги, торки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884. С. 33.

9 Куник А. А. О тюркских Печенегах и Пловцах по мадьярским источникам. // Записки Академии наук. СПб., 1855, т. III. Вып. 5. С. 733.

10 Молодчикова А. «Повесть временных лет» как источник о взаимоотношениях Киевской Руси с печенегами.// Открытия молодых археологов Украины. Киев, 1976. Ч. 2. С. 25-26.

11 Валидов А. З. Мешхедская рукопись Ибну-ль-Факиха.// Известия Академии наук, 1924. С. 241.

12 Бартольд В. В. Отчет о поездке в Среднюю Азию с научной целью. 1893-1894. гг.//Записки Академии наук, VIII серия, Т. 1, №4, СПб. , 1897. С. 95.

13 Türk Devlet Kurumï. Divanü Luĝat-it-türk tercümesi. I. Ankara, 1939. C. 28.

14 Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт. 2-чи китеп. Бишкек, 1991. 14 бет.

15 Европеус Д. П. Об угорском народе. Спб. 1874 г. 4 с. Остякча pitš — карагай, pitšeη(ng) — карагайлуу; jax остякча,— адам.

16 Толстов С. П. Огузы, печенеги, море Даукара. // Советская этнография. М., 1950, №4. С. 51.

17 Кононов А. Н. Родословная Туркмен, сочинение Абу-л-Гази, хана Хивинского. М.-Л.,1958, с.56.

18 Сравнительный словарь тунгусо-маньчжурских языков. Том 1. Л., 1975. С. 85.

19 Сравнительный словарь тунгусо-маньчжурских языков. Том 1. Л., 1975. С. 86.

20 Кыргыз этнографиясы боюнча сёздък./Тъз. О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев/.Б.: Бийиктик, 2005. 393 бет.

21 Масими К. История Уйгурской державы. Голубые тюрки. Алматы, 2000. С. 27.

22 Айтмуратов Д. Тюркские этнонимы: каракалпак, черные клобуки, черкес, башкурт, кыргыз, уйгур, тюрк, печенег, сак, массагет, скиф. Нукус, «Каракалпакстан», 1988. С. 163.

23 Peter B. Golden. Türk halkları tarihine giriş. Ankara, 2002. S. 219.

24 Цэнь Чжуньмянь. Туцзюе цзиши (Сводная история тюрков). Пекин, 1958. Т. 1. С. 678.

25 Татищев В.Н. История Российская. Часть I.

26 См.: Галямов С. Древние арии и вечный Курдистан. М., 2007. С.21.

27 Владимирцов Б. Я. Общественный строй монголов. Монгольский кочевой феодализм. Л., 1934. С. 93.

28 Кара: Рашид-ад-Дин. Сборник летописей. Т.1. Кн. 1-2. М., 1956. стр. 224, прим. 20; см. еще стр. 62, 163.; Веселовский Н. И. Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времен до настоящего. СПб., 1877. С. 143.

29 Вамбери Арминий. Путешествие по Средней Азии. СПб.1865. С. 165.

30 В. В. Бартольд. История культурной жизни Туркестана. М., С. 102.

31 Муравьев Н. Путешествие в Туркмению и Хиву, ч. II, стр. 36—37

32 Веселовский Н. И. Очерк историко-географических сведений о Хивинском ханстве от древнейших времен до настоящего. СПб., 1877. С. 234.

33 Чувашско-русский словарь. М., 1961. С. 282.

34 Башкирско-русский словарь. М., 1958. С. 96.

35 Карасаев Х. Камус Наама. Бишкек, 1996. 627 бет.

36 Караимско-русско-польский словарь. М., 1974. С. 125.

37 Хакасско-русский словарь. М., 1953. С. 151.

38 Константин Багрянородный. Об управлении империей: Текст, перевод, комментарий. М., 1989. С. 159.

39 Плетнева С. А. Половцы. М., Наука, 1980. С. 17.

40 Хлопин И. Н. Историческая география южных областей Средней Азии. Ашхабад: «Ылым», 1983. С. 5-6.

41 Геродот. История в девяти книгах. Ленинград, 1972. С. 402. (VIII, 98.). Áγγαρεĩον (перс. «хангар) - «падышанын чабарманы» дегенди тъшъндърёт.

42 Геродот. История в девяти книгах. Ленинград, 1972. С. 168, 333. (III, 91; VII, 66.).

43 Сум П. Ф. Исторические рассуждения о происхождении народов, населявших в средние века Польшу, Россию и земли между Каспийским и Черным морем, также европейскую Турцию на север от Дуная. М., 1846. С. 6.

44 Сум П. Ф. Исторические рассуждения…. М., 1846. С. 7.

45 Рагозина З. А. История Индии. СПб., 1905. С. 357.

46 Орозбек Айтымбет. Кара Кыргыз. Ъчънчъ китеп. Б., 2007. 410-бет.

47 Кара: Рагозина З. А. История Халдеи. М., 1998. ; Г. М. Бонград-Левин, Г. Ф. Ильин. Индия в древности. М., 1985.; Галлямов С. Древние арии и вечный Курдистан. ООО «Издательский дом «Вече», Москва, 2007.

48 Сум П. Ф. Исторические рассуждения… М., 1846.С. 7.

49 Кара: Толстов С. П. Древний Хорезм. М., 1948. С. 24.

50 Marquart J. Die Chronologie der Altturkischen Inschriften. Leipzig, 1898. P. 10.

51 Кара: Бартольд В. В. Новый труд о половцах.//Русский исторический журнал, Российской Академии наук. Кн. 7, Петроград, 1921. С. 152.

52 Кара: Иоанн де Плано Карпини. История Монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны. СПб., 1911.; Козин С. А. Сокровенное сказание. М.-Л., 1941.; Рашид ад-дин. «Сборник летописей». М.-Л., 1952.; Абуль-Гази. Родословное древо тюрков. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906.

53 История Индии в средние века. М., 1968. С. 382.

54 Кара: Голубовский П. Печенеги, торки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884.; Бартольд В. В. Новый труд о половцах.//Русский исторический журнал, Российской АН. Кн. 7, Петроград, 1921. С. 152. Толстов С. П. Древний Хорезм. М., 1948.; Жданко Т. А. Очерки исторической этнографии каракалпаков. М.-Л., 1950.

55 Кара: Аристов Н. А. Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей и сведения об их численности./Живая старина. СПБ. 1896.; Бронников Н. А. Кангюй, Канглы или Канн и Юечжи (к исторической географии Русского Туркестана).//Записки Московского археологического института. Т. XXXV. М., 1914.

56 Востров В. В., Муканов М. С. Родо-племенной состав и расселение казахов. Алма-Ата, 1968. С. 32.

57 См.: Винников Я. Р. Родо-племенной состав и расселение киргизов на территории Южной Киргизии./ТКАЭЭ, М., 1956, т. I, с.136-157.

58 Абрамзон С. М. Этнический состав киргизского населения Северной Киргизии. / ТКАЭЭ, М., 1960, т. IV, с. 88.

59 Каьгды уруусу эь алгач Сайф ад-Дин Ахсикентинин "Маджму ат-Таварих"де (XV – XVI кк.) кыргыз урууларынын тизмесинде эскерилет. Бул тизмеде каьгды уруусунун тъпкъ атасы болуп, Салус-бек Булгачынын уулу Каьгды айтылат.

60 Marquart J. Osteuropäische und ostasiatische Streifzüge. Leipzig, 1903. P. 65.

61 Константин Багрянородный. Об управлении империей. М., 1989. С. 155.

62 Cedren. Corp. Byz. T. 8. p. 606-609.

63 Безертинов Р. Н. Татары, тюрки – потрясатели Вселенной. Новосибирск, 2001. С. 96.

64 Толстов С. П. ёзънън археологиялык изилдёёлёръндё апасиактарды ушул жерге жайгаштырыт.

65 Bacot J. Reconnaissanse en Haute Asie septentrionale psr cing envoyes Ouigours au VIII-me siecle // JA. 1956. T. 11. P. 147. Clauson I. A. Propos du manuscrit Pelliot tibetain 1238 // JA. 1957. T. 255. N 1. P. 11.

66 Ал убакта мындай аталган эмес.

67 Кара: Константин Багрянородный. Об управлении империей. М., 1989.; Василевский В.Г. Византия и печенеги: Труды. Т.I. СПб., 1908.; Расовский Д. А. Печенеги, торки и берендеи на Руси и в Угрии. SK, VI. Praha, 1933.

68 Куник А. Известия ал-Бекри и других авторов о Руси и славянах. СПб.,1903. Ч. 2. С. 173.

69 Повесть временных лет по Лаврентьевской летописи. 1377 г. Ч. I. С. 31. Ч. II. С. 319.

70 Фридрих Сум. Историческое рассуждение о происхождении народов… О пацинаках. М., 1846. С. 25.

71 Hudud al-‘Alam Trad. and expl. By V. Minorsky. London, 1937. P. 67.

72 Кара: Иванов П. П. Очерк истории каракалпаков. //Сб. Материалы по истории каракалпаков. М.-Л., 1935.; История Каракалпакской АССР. Том 1. Ташкент, 1974.; Жданко Т. А. Очерки исторической этнографии каракалпаков. М.-Л., 1950.

73 Орол тоолору, Абу-л-Фиде «Печенек тоосу» (джабāл ал-баджанāк), башка булактарда «Башкырт тоо».

74 Мажаристан (Венгрия).

75 Константин Багрянородный. Об управлении империей.. М., 1989. С. 155.

76 Гардизи.// Записки Академии наук, VIII сер. Т. I. №4. СПб., 1897. С. 95.

77 Хвольсон Д. А. известия о хазарах, буртасах, болгарах, мадьярах, славянах и русских Абу-Али Ахмеда Бен Омар Ибн Даста, неизвестного доселе арабского писателя начала Х века. СПб., 1869. С. 49.

78 Ağacan Beyoğlu. Türkmen boylarinin tarih му etnografyası. Istanbul, 2000, s. 11.

79 Ичкилик дегени да бар.

80 Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б.: «Кыргызстан-Сорос фонду», 1999. С. 733-734.

81 Kaşgârî Mahmud. Divân-ı lugâti’t-Türk. s. 21. Besim Atalay. Divanu lugat-it-turk tercemesi. Cilt I. Ankara, 1999, s. 58.; Kâzım Mirşan. Anadolu Prototürkleri. Ankara, 1985, s. 134.

82 Рашид-ад-дин. Сборник летописей. Том I. Книга 1. М.-Л.: Изд-во АН СССР, 1952. С. 89.

83 Кононов А. Н. Родословная туркмен. Сочинение Абу-л-Гази хана Хивинского. М.-Л.: Изд-во АН СССР, 1958. С. 53.

84 Tarih-I âl-I Selçuk, Topkapı Sarayı, Revan Köşkü kip., nr. 1390, s. 21-24. ; Faruk Sümer. Oğuzlar. Istanbul, 1999, s. 231.

85 Кара: Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951.; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.

86 Марр Н. Я. Избранные работы. Т. V. М.: Соцгиз, 1935. С. 367.

87 Кудряшов К. В. Половецкая степь. Очерки исторической географии. М.: ОГИЗ, 1948. С.19.

88 Кара: Щербак А. М. Знаки на керамике и кирпичах Саркела – Белой Вежи. МИА №75. М.-Л., 1959.

89 Кыргыздар:санжыра, тарых, мурас, салт. Книга 2. Бишкек, 1991. С. 14.

90 Marquart J. Osteuropäische und ostasiatische Streifzüge. Leipzig, 1903. P. 48.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет