Кыргыз эл макал-лакаптары


- X - 1013. Хан койнунда калтыраганча ,кул койнунда кутуруп жат. -



бет3/3
Дата15.06.2016
өлшемі248.5 Kb.
#137243
1   2   3

- X -

1013. Хан койнунда калтыраганча ,кул койнунда кутуруп жат.


- Ч -
1014. Чаап айтканча таап айт.
1015. Чаба албаган, чалгы тандайт.
1016. Чабал өрдөк мурда учат.
1017. Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
1018. Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот.
1019. Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
1020. Чакырылбаган конок, татардан жаман.
1021. Чала молдо дин бузат.
1022. Чала өлтүргөн жыландай.
1023. Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
1024. Чапанчага камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
1025. Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт.
1026. Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт.

1027. Чатак сүйлөп чычаалак - чыр адамдын мүнөзү, токтоо сүйлөп жай айткан - сабырдуунун мүнөзү.


1028. Чатактын түбүн калыс айткан сөз чечет.
1029. Чептен эрдин күчү бек.

1029. Чечен алжыса, атагын жейт.


1030. Чечен - сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат.

1031. Чечендин - сөзү алтын, устанын - колу алтын.

1032. Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, уюлушкан душмандан кетиш кыйын.

1033. Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет.


1034. Чоң үйдөгү күлсө, кичи үйдөгү ырсаят.

1035. Чөбү жок деп жерден түңүлбө, малы жок деп элден түңүлбө.


1035. Чөп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат.

1037. Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан сергитет.


1038. Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт.
1039. Чыккан тооң бийик болсо, ыргыт канташың ыраак түшөт.
1040. Чыккан кыз - чийден тышкары.
1041. Чыккан мээнет - кирген дөөлөт.
1042. Чымчык өзүн жан ойлойт, чырпык өзүн тал ойлойт.
1043. Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
1044. Чын чычалайт, калп каткырат.
1045. Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс.
1046. Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
1047. Чырайлуу көзүнөн эмес сөзүнөн.
1048. Чычкан көчүгүн көрүп аксайт.

- Ш -
1049. Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт.
1050. Шайтан өзү жетпеген жерге молдону жиберет.

1051. Шак мөмөлөгөн сайын ийилет.


1052. Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз, такылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз.

1053. Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.


1054. Шамал жерди кургатат, жамгыр жерди жыргатат

1055. Шарыят буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет.


1056. Шашкан коён, аңга батпайт.
1057. Шашкан шайтандын иши.
1058. Шашылган кыз эрге жетпейт, этеги жерге жетпейт.

1059. Шеги бар - шектенет.


1060. Шодокондун бүркүтүндөй жутунбай.
1061. Шыбыр - кеп болбойт, шыйрак - эт болбойт.

- Ы -
1062. Ыйдын түбү - ый, сыйдын түбү - сый.
1063. Ыйлар бала атасынын сакалына асылат.

1064. Ынтымак бар жерде - ырыс бар.


1065. Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
1066. Ырайына жараша ыйманы.
1067. Ырдаган ырым, бүтпөгөн чырым.
1068. Ырынан чыры көп.
1069. Ырыс алды - ынтымак.
1070. Ыштанын булгаган - колун аябайт.

- Э -
1071. Эбин тапкан эки жейт.
1072. Эгин эгип мал бакпаган, эптеп-септеп жан сактаган.

1073. Эжем эрге тийди, эскиси мага тийди.


1074. Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат.
1075. Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат.
1076. Эки текем бир букача жок бекен.
1077. Эки жакшы коңшу болсо, кудалашып түшөт,

Эки жаман коңшу болсо ,кубалашып түшөт.


1077. Эки тизгин бир чылбыр эптүү киши колунда.
1078. Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат.
1079. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.
1080. Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени,

Эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.

1081. Эл - көл, элди билбес чөл.
1082. Эл оозунда элек жок.
1083. Эл ичи - алтын бешик.

1084. Эл ичи - өнөр кенчи.


1085. Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
1086. Эл байынан жер байы артык.
1087. Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос.
1088. Эл башына түшкөн күн, эр башына түшкөн түн.
1089. Эл деген Эл, аста бассаң аксак, тез бассаң таскак дейт.

1090. Эл мазар, элден безген - азар.


1091. Эл - эне, жер - ата.
1092. Элге берген куруттан, мага бербей куруттуң.
1093. Элге бергениң текке кетпейт.

1094. Элге кийим тиккен ийненин өзү жылаңач.

1095. Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
1096. Элге эл кошулган - дөөлөт, элден эл бөлүнгөн - мээнет.
1097. Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда.
1098. Элдин кичиги болгуча иттин күчүгү бол.

1099. Элдин эки тиреги бар, биринчиси - акылман, экинчиси - баатыр.


1110. Элин коргоп жоо сайган - баатыр атка конот.
1111. Элиңди жаман көрсөң элге кан тип батасың,

Жериңди жаман көрсөң көргө кантип батасың.


1112. Элчиге өлүм жок.
1113. Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны татту.

1114. Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, Эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт.

1115. Энеси болушчаактын баласы ыйлаак болот.

1116. Энесин Үч-Коргондон таанытам.


1117. Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил.
1118. Эңкейгенге эңкейгин башың жерге тийгенче, какайганга какайгын - төбөң көккө жеткенче.
1119. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
1120. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет.

1121. Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол.


1122. Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
1124. Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
1125. Эр эмгегин жер жебейт.
1126. Эр намысы - эл намысы.
1127. Эр чекишпей бекишпейт.
1128. Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт.
1129. Эр ортону - элүү.
1130. Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз.
1131. Эр ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
1132. Эр жигит менен бөрү азыгы - жолдо.
1133. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
1134. Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат.
1135. Эрдигиң бар, эсиң жок.
1136. Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа.
1137. Эрдик билекте эмес, жүрөктө.
1138. Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук.
1139. Эрегиштен эр өлөт.
1140. Эришине жараша - аркагы, эшегине жараша - тушагы.
1141. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
1142. Эркек болбосо, үй жетимсирейт.
1143. Эркектин кой сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең.
1144. Эркенин жашы кургабайт.
1145. Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси.
1146. Эрте турган - сергек, ырыскыга – теңдеш

1147. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.


1148. Эсеп билбес - чот билбес,жыйганынан айрылат.
1149. Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы.
1150. Эсеп, эсеп билбеген - эшек.
1151. Эсери болбой эл болбойт.
1152. Эсиң барда - этегиңди жап.
1153. Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт үч улак.
1154. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт.
1155. Эски - жаңыга аралжы, аз - көпкө аралжы.
1156. Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат.
1157. Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
1158. Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий.
1159. Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
1160. Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый.
1161. Эт - этке, сорпо - бетке.
1162. Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру.
1163. Эти тургай табагыңды таап ал.
1164. Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман.
1165. Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур.
1166. Эшигин көрүп төргө өт, энесин көрүп кызын ал.

1167. Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому.


1168. Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт.
1169. Эшекти көп урсаң, сырыңды билип алат.

1170. Эшекти отко айдаса, бокко качат.


1171. Эшектин күчү - адал, сүтү - арам.
1172. Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.
1173. Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайын энем каапыр жемелейт.
1174. Эшиктен келип төр меники дейт.
1175. Ээси келсе бээсин бер.
1176. Ээсин сыйласаң итине сөөк сал.



Даярдаган :







14.03.05





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет