Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат району Кара-Таш айыл кенеши Инд 715339 Кара-Таш



бет6/8
Дата12.07.2016
өлшемі10.49 Mb.
#195746
1   2   3   4   5   6   7   8

5. АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯДАМАСЫ


Ситуация боюнча негизги маалыматтар жана бир нече салымдар SWOT анализ түрүндө кылынган. SWOT анализге кирген маалымат:

  • муниципалитеттин ар кандай тармактарын мүнөздөгөн жалпы маалымат;

  • жергиликтүү бюджет боюнча анализ, анын ичинде кирешелер жана чыгашалар;

  • муниципалдык менчиктин анализи;

  • тышкы чөйрөнүн анализи;

  • жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн шарттары тууралуу бизнес-сурак;

  • коомчулуктун негизги приоритеттерин билүү боюнча атуул-сурак;

  • мурунку иштеп чыгарылган стратегияга болгон баа берүү отчоту.




SWOT анализге кирген маалыматтын кыскача мазмуну


Күчтүү жактар:


  • Экономикалык активдүү адамдар калктын 60% түзөт.

  • Муниципалитеттин калкы көп улуттуу, мындай шарт улуттар арасындагы жакшы маанидеги атаандаштыкты жана кызматташтыкты пайда кылат.

  • Муниципалитет 2 айылдан турат.

  • Айыл өкмөттүн башчысы тажрыйбалуу. Аппарат абдан ынтымактуу.

  • Муниципалитет кыйла жер ресурстарга ээ, өнүгуүүгө жер да бөлүнгөн. Өнүгүү жерлеринин генпланы бекиген.

  • Таза ичимдик суунун сапаты жакшы, РайСЭСтен текшерүүдөн өткөн жана пайдаланууга уруксат берилген.

  • Билим берүү тармагындагы мекемелердин жылытуу системасы канаттандырарлык абалда жана дурус жабдылган.

  • Жүргүнчү ташуу тармагы жеке менчиктин колунда, тейлөө кызматынын сапаты жакшы. Жергиликтүү каттамдарга автоунаа оңой табылат жана жетиштүү.

  • Мугалимдердин айлык акысы категориалдык гранттын эсебинен убагында берилип турат.

  • Медициналык кызматтарды көрсөтүү жакшы абалда.

  • Социалдык камсыздоо жакшы уюшулган.

  • Жолдордун 85% абалы канаттандырарлык.

  • Жалпысынан элге кызмат кылганга социалдык инфрастуруктура жок эмес.

  • 2013-жылга карата бардыгы 27 жумушчу орун түзүлгөн, басымдуу бөлүгү (117 жумушчу орун) жеке ишкерлердин эмгеги менен пайда болгон.

  • Айылда 2 НПО, 17 жамааттык уюм жана 26 өз ара жардамдашуу топтор түзүлгөн.

  • Булардын жардамы менен көп коомдук иштер аткарылып келет.




Алсыз жактар:


  • Тейлөө инфраструктурасы жетишсиз.

  • Коммуникация жана ички жолдордун абалы начар.

  • Бизнести колдоо инфраструктурасы начар.

  • Профессионалдуу адистер аз.

  • Жергиликтүү бюджет дефициттүү жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүк жок.

  • Өздүк кирешелердин көлөмү бюджеттин жалпы кирешелеринин үчтөн бир бөлүгүн гана түзөт.

  • Муниципалитеттин жалпы генпланы бекиген эмес.

  • Айыл чарба жерлери арыктап жатат.

  • Аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн 50% ар кандай социалдык жардамга муктаж.

  • адамга ар кандай социалдык жардам көрсөтүлүп турушу керек.

  • Жумушсуздардын көпчүлүгү расмий түрдө учот турат. Алар 1547 адамды тузот.

  • Азыркы убакта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасы КР Өкмөтү тарабынан сунушталат (типтүү штаттык бирдиктер жөнүндө Токтом менен) жана бекитилет.

  • Айылдык кеңештин депутаттары күчтүү орган боло албай жатат, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу талап кылынат.

  • Аппараттын кызматкерлери кыска жана узак мөөнөттүү курстарга катышып квалификациясын жогорулатууга тийиш.

  • Ички иш процесстер илгеркидей эле кагаз түрүндө алып барылат жана автоматташтырылган эмес.

  • Компьютерлердин саны аз жана атайын (ар бир адистин ишине жараша) компьютердик программалар колдонулбайт.

  • Муниципалитет табигый ресурстарга бай эмес, ичимдик таза суу тартыш.

  • Сууну пайдалангандыгы үчүн суу акысы убагында төлөнбөгөндүгү үчүн жана суунун басымдуулугунун аздыгынан кээ бир айылдарда таза суу чыкпай калууда.

  • Сугат суу сарамжалдуу пайдаланылбайт.

  • Сугат каналдар 30-40 жылдан бери пайдаланып эскилиги жеткен, реконструкцияны талап кылат.

  • Электр энергия тармагында трансформаторлор жетишсиз, зымкарагайлардын эскилиги жеткен – 60-70 жылдан бери эксплуатацияланып келе жатат.

  • Айыл окмоттун имаратында жылытуу системасы жок, жаңылатууну талап кылат.

  • Муниципалитет боюнча кабелдуу телефон байланышы , телефон линияларынын жок Санариптуу линиялар жоктугунан интернет байланышы жок..

  • Медициналык мекемелерде жаңы жабдуулар жетишпейт,

  • Маданият мекемелеринде улуттук аспаптар, ал эми спорт жайларында тренерлер, спорт инвентарлары жетишсиз.

  • Таштак айылында бала бакча жок. Ошондой эле аптекалар жетишсиз.

Мүмкүнчүлүктөр


  • Жаңы технологияларды колдонуу.

  • Кайра иштетуучу жана ондуруучу кичи ишканалардын пайда болушу



  • Чет өлкөдөгү мекендештер жиберген акча каражаттар.

  • Аялдарга колдоо корсотуу борборунун кеп-кенештери.

  • Евросоюздун долбоорлору – (Элеттик аялдарды жумуш орундары менен камсыз кылуу, окутуулар, тренингдер, кеп-кенеш берүү БОРБОРУ).

  • Чет өлкөлүк донорлор.




Коркунучтар


  • Тендер жарыялоодогу коррупция

  • Өндүрүлгөн продукцияны сатууда ортомчулар бар.





  • Административдик-территориалдык түзүлүштү реформалоодо Кара-Таш муниципалитети да бул реформанын ичине камтылып калышы мүмкүн.

  • Миграция – жумушчу күч башка мамлекеттерге кетип жатат.






.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет