Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1-берене статья

Дата16.06.2016
өлшемі105.15 Kb.
#139563
түріСтатья
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене. Статья 1.

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосу 1999-ж. №2 77-берене):

  1. 235-беренеге эскертүү төмөндөгү сүйлөм менен толукталсын: “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат”;

  2. 614-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү “жол кыймылынын коопсуздугу органдарын жана жол кыймылынын коопсуздугук органдарынын кызматкерлерине дем берүү” сөздөрү “ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу органдарын жана ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дем берүү” сөздөрүнө алмаштырылсын;

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А. Атамбаев

«____» ____________ 2014-ж. М. Турганбаев

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

негиздеме-маалым кат
Бул Мыйзам долбоор транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тартибин конкреттештирүүгө мүмкүндүк берген ченемдерин аткарууну так жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстеги карама-каршылыктары жана кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.

Азыркы учурда КР АЖжКнын 235-бересине эскертүү жол кыймылына тоскоолдук кылган токтоо жана (же) топтоп туруу эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочу (ээси) жок болгон учурда транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого, ошондой эле транспорт каражаты жол транспорт кырсыгына катышкан учурда аны адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүүгө уруксат берет.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын АЖжКда ишке ашыруунун так механизмдери жок болгондуктан азыркы учурда транспорт каражаттарын эвакуациялоо процедурасын жөнгө салуучу тиешелүү мыйзамдык актылар бекитилген эмес, мунун натыйжасында санкциянын бул түрү иштеген жок. Жолдордун өткөрүмдүлүгүн жогорулатуу, жол-транспорт жаракаттарынын деңгээлин азайтуу, жол тартибин жана учурдагы мыйзамдарды аткаруу боюнча колдонулуучу чаралардын натыйжалуулугун чыңдоо, жарандарга ыңгайлуулук түзүү, 235-берененин эскертүүсүнө транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоону караган толуктоо киргизилет.

Мындан сырткары, Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптардан түшкөн каражаттардын 25 пайызын алууга жол коопсуздугу органынын аталышын тактоо бөлүгүндө ченемдерди конкреттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын АЖжКнын 614-беренесинин 4-бөлүгүнө түзөтүү киргизилет. Толуктоо Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКК кызматкерлери өндүргөн административдик айыптардын 25% өлчөмүндөгү суммасы коммуналдык, жолчу жана башка кызматтарга эмес ЖКК бөлүктөрүнө так түшүүсүн конкреттештирет.

Бул мыйзам долбоорду коомдук талкууга алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган. Мыйзам долбоорго тиешелүү талкуу жүргүзүлгөндөн кийин макулдашуу процедурасынан өтүү үчүн сунушталат.

Сунушталган мыйзам долбоорду кабыл алуу мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берет жана республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбайт.

Министр М. Турганбаев

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА

Учурдагы редакция

Акыркы редакция

235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары

Транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандык, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнүн эрежелерин бузушу (ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурларды кошпогондо) -

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорттук каражаттардын кыймылына тоскоолдук түзүшү, -

Айдоочунун транспорт каражатын токтотуу жана токтотмо жай талаптарын сактабоосу (ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо) -

Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы -

Транспорттук каражаттын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу -

эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Жол кыймылына тоскоолдук түзгөнү, токтотуу жана (же) автоктотмо жай (парковка) эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорттук кырсыкка катышкан учурда, айдоочусу (ээси) болбосо да транспорт каражатын атайын автотоктотмо жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет.

Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

614-статья. Айып салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

1. Айып укук бузуучу тарабынан ага айып салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтом даттанылган учурда, даттануу же көрсөтүү канааттандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндө маалымдалган күндөн тартып, он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

Укук бузуу жасалган жерде администрациялык айыпты өндүрүүдө бузуучуга катуу финансылык отчеттуулук документи болуп саналган жана эки нускада түзүлгөн, белгилеген формадагы айып квитанциясы берилет. Администрациялык укук бузуу жасаган адам салынган жаза-чарага өзүнүн макулдугун айыпты ыктыярдуу төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы бул жаза-чарасы колдонулган адамга берилет.

2. Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган айып укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын банкынын же почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине төгүлөт. Укук бузуу жасалган жерде алынуучу айып укук бузуучу тарабынан, ушул Кодекстин 559-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте, накталай төлөм формасында төгүлөт.

3. Өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдары салган администрациялык айыптардын суммалары, ушул статьянын төртүнчү-алтынчы пункттарында каралган учурларды кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жасалганда алынуучу администрациялык айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, ушул акча каражаттарынын 25 пайызы жол кыймылынын коопсуздугу органдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат.

5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фондуна чегерилет.

6. Административдик укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) салган айыптардын суммалары тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Мында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) текшерүүлөрүнүн материалдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан салынган административдик айыптардын суммаларынан 30 пайыз айыптык сумма ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине чегерилет.

7. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген укук бузуулар боюнча алынуучу администрациялык айыптардын суммалары ички иштер органынын кызмат адамы, сот (судья) тарабынан жүргүзүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.

614-статья. Айып салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

1. Айып укук бузуучу тарабынан ага айып салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтом даттанылган учурда, даттануу же көрсөтүү канааттандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндө маалымдалган күндөн тартып, он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

Укук бузуу жасалган жерде администрациялык айыпты өндүрүүдө бузуучуга катуу финансылык отчеттуулук документи болуп саналган жана эки нускада түзүлгөн, белгилеген формадагы айып квитанциясы берилет. Администрациялык укук бузуу жасаган адам салынган жаза-чарага өзүнүн макулдугун айыпты ыктыярдуу төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы бул жаза-чарасы колдонулган адамга берилет.

2. Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган айып укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын банкынын же почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине төгүлөт. Укук бузуу жасалган жерде алынуучу айып укук бузуучу тарабынан, ушул Кодекстин 559-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте, накталай төлөм формасында төгүлөт.

3. Өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдары салган администрациялык айыптардын суммалары, ушул статьянын төртүнчү-алтынчы пункттарында каралган учурларды кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жасалганда алынуучу администрациялык айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, ушул акча каражаттарынын 25 пайызы ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу органдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине дем берүү үчүн пайдаланылат.

5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фондуна чегерилет.

6. Административдик укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) салган айыптардын суммалары тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Мында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) текшерүүлөрүнүн материалдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан салынган административдик айыптардын суммаларынан 30 пайыз айыптык сумма ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине чегерилет.

7. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген укук бузуулар боюнча алынуучу администрациялык айыптардын суммалары ички иштер органынын кызмат адамы, сот (судья) тарабынан жүргүзүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.

Достарыңызбен бөлісу:

©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет