- 101 -
агымы жайлаганда капиллярдын бетине алардын саны көбөйөт
жана клеткалар кан тамырлардан клетка аралык мейкиндик ар-
кылуу чыга баштайт. Сезгенүүнүн очогунда клетка-фагоциттер
сезгенген аңчаны түзүп, микробдорду
сиңирип аш кыла баш-
тайт. Очоктон сырткары микробдордун таралышына (диссеми-
на) лимфатикалык жолдору тромбирленген ткандардан түшкөн
фибрин тору тоскоолдук кылат. Сезгенүүнүн очогунда микроб-
дорду жок кылгандан кийин калыбына келүү мезгили башталат.
Сезгенүүнүн ордунда ткандардын структуралары маанилүү өз-
гөргөндө тырык пайда болот. Кээде ээсинин иммунитеттик кор-
гонуусу жетишсиз маалда сезгенүүнүн очогунда микробдор узак
убакытка чейин сакталат. Мындай учурда алар мезгил мезгили
менен сезгенүү процесс курчутуп турат.
Мындай микробдор
пайда кылган токсикалык продуктуларды организмдин сиңири-
ши организмде интоксинаны пайда кылышы мүмкүн.
Достарыңызбен бөлісу: