Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет22/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Конфуцианство. Кун-фу-цы (Кун-фу-цзы) байыркы Кытайдагы 
конфуцианствонун негиздөөчүсү. (б.з.ч. 551-449-жж.). Кун-фу-цы Байыркы 
Кытай философтору сыяктуу эле Асманды ыйык көрүү принцибин бекемдеген. 
Асман – жогорку күч, бирдиктүү, жогорку табигыйлыктан бийик турган 
табигый башкаруучу. Ал жер бетиндеги адилеттүүлүктү көзөмөлдөйт, 
социалдык тартиптерин коргоону өзүнө алат. Асман – тагдыр, жазмыш. Ал ар 
бир адамдын коомдогу оордун аныктайт, сыйлайт жана аны жазалайт. Кун-фу-
цы асман алдында коркуу сезимине, жазалоочу күчүнө, тагдырдын 
кайталанбастыгына таяныч жасайт. Кун-фу-цы жашап турган тартипке нааразы. 
Ошондуктан анын идеалы келечекте эмес – өткөн чакта. Ушул аспекте алып 
караганда анын «ысым жана ат оңдоо» идеясы көңүл бурууну талап кылат. 
«Ысым оңдоо» Кун-фу-цыда өткөнгө чакырык жасоо идеясы болуп эсептелет. 
Өткөндү кайрып коюу зарыл: «башкаруучу-башкаруучу, кызматкер-кызматкер, 
ата-ата, бала-бала» деген аты эле болбостон иш жүзүндө болуш керек. 
Ченемден баш тартуу ага кайра кайрылууну талап кылат. Жүрүш-туруш 
эрежелеринин негизинде башкаруу – Кун-фу-цынын этикалык саясий 
идеясынын борбордук пункту болуп эсептелет. Жакшылыктын негизинде 
башкаруу теориясын сунуш кылуу менен жазалоо жана айып салуу маселесин 
да караган. Мыйзам менен айкалышта болгон жакшылык – Кун-фу-цы 
тарабынан түзүлгөн «мектептин» теориясынын негизги темасы. 
Кун-фу-цыдин көз караштары Кытайдын андан кийинки рухий 
маданиятына жана саясий практикасына күчтүү таасирин тийгизген. Эки 
жарым миң жылдык ичинде Кунфуцычылык Кытайдагы үстөмдүк кылуучу 
идеология болуп калган. Бирок анын бардык эле идеялары практикалык жактан 
колдонууга ээ болгон эмес. Ритуал нормаларын сактоо, «ысым оңдоо», 
традиция аркылуу жаңыны кабылдоо жана башкаларга өзгөчө көңүл бурулган.
Кун-фу-цыдин окуусун улантуучулары болуп сегиз мектеп эсептелет. 
Алардын бирин негиздеген Мэн-цзы (б.з.ч. 372-289-жж.) болгон. Кун-фу-цы 
сыяктуу бул да көп саякаттаган жана окуусун жарыялоо менен мамлекет 
башкаруучуларга өзүнүн кызматын сунуш кылып да келген. Өмүрүнүн акыркы 
жылдарын өз окуучуларына арнаган. Дүйнөдөн өткөндөн кийин анын 
окуучулары «Мэн-цзы» трактатын жазып калтырышкан. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет