Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет56/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Фридрих Вильгельм Йозеф Шеллинг (1775-1854-жж). Фихте менен 
таанышып, бир нече чыгармаларын анын таасири астында жазган. 1794-жылы 
жарыкка чыккан «Кандайдыр бир жалпы философиянын мүмкүн болгон 
формасы жөнүндө» деген чыгармасында «илимдин илими» жөнүндө айтат 
жана төмөнкүдөй белгилүү триаданы билдирет: шартсыз, шартталган жана 
алардын биримдиги. (Мен, Мен-эмес, ал жана башка бирге). Анын 
«Жаратылыш философиясына карата идеялар» (1797), «Дүйнөлүк жан 
жөнүндө» (1798) деген эмгектери окумуштуулар дүйнөсүндө таанылышына 
алып келет. Ушул убакыта Шеллингдин жаратылыш философиясына болгон 
кызыгуусу күчөйт.
1800-жылы Шеллинг «Транценденталдуу идеализмдин системасы» 
деген эмгегин чыгарат. Бул чыгарма мындай суроодон башталат: эмне биринчи 
– жанбы же жаратылышпы? «Ар кандай эле философия: жаратылыш 
интеллигенция тарабынан түзүлөт, же интеллигенция жаратылыш тарабынан 
түзүлөт деген ойдон чыгыш керек». Эгерде табигый илимдер жаратылыштан 
рухийликке өтсө, анда трансценденталдуу философия субьективдүү рухий 
башталыш биринчи деген ойдо турат. Бул – «билим жөнүндөгү билим» болуп 
саналат. Ал «Искусство философиясы», «Бардык философия системасы» 
деген эмгектеринин үстүндө иштейт, псевдоним менен «Түнкү кыраакылык» 
деген романын чыгарат. 
Шеллингдин 
натурфилософиясы. 
Шеллинг 
жаратылыш 
философиясына чоң көңүл бурат. Бул философия эмпирикалык табигый 
илимдерден алыстабашы керек. Анткени ал табигый 
илимдерге пайдалуу боло алат жана болуш керек. Көптөгөн табигый илим 
изилдөөчүлөр бул идеяны кабылдашат «Акыл менен тажрыйба бири бирине 
сыртынан гана карама каршы болуп көрүнөт. Натурфилософия жаратылышты 
изилдөөнүн принциптерин билдирет. Баарынан мурда бул принцип – 
жаратылыштын биримдиги. «Бардык материя өз ара биримдикте». Жаратылыш 
– жандуу бүтүндүк. Жаратылыш өзгөрөт жана өнүгөт. «Ар кандай тынч абал, ар 
кандай туруктуу абал салыштырмалуу. Тело материянын белгилүү абалына 
карата салыштырмалуу тынч абалда болот», - дейт Шеллинг.
Окшоштук философиясы Шеллингдин философиянын көз караштарын 
жыйынтыктаган окуу болуп эсептелет. Анын оюу боюнча ой жүгүртүүнү да, 
болмушту да башбашталма катары кароого болбойт. Ал «Ой жүгүртүү – 
болмуштан эмес, болмуш – ой жүгүртүүдөн эмес» деген. Обьект менен 
субьектин толук бөлүнүшү гана бар. Рух материясыз жашабаган сыяктуу, 


61 
материя рухсуз жашабайт. Жалпысынан алганда окшоштук философиясы 
Кудай окуусунун эркиндиги болуп эсептелет да, натыйжада дин 
философиясына айланып калат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   52   53   54   55   56   57   58   59   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет