Кыргыз республикасынын мыйзамы



Дата29.06.2016
өлшемі126.46 Kb.
#166424
Долбоор

Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” К ыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене
“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Свободные горы” гезитинин тиркемеси, № 1, 1992-жыл, август) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьяда:

1) 2-бөлүгүндө:

“жана мичмандар” деген сөздөр алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

“Согуш убагында, мобилизация мезгилинде аскердик кызмат өтөгөн, өзгөчө кырдаал абалынын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу убагында аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.”.

2. 2-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“2-статья. Аскер кызматчыларынын статусуна ээ адамдар

Аскер кызматчыларынын статусуна Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда болгон аскерге милдеттүүлөр ээ.

СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган жана КМШга катышуучу мамлекеттерде аскердик кызматты улантып жаткан, аскердик кызматтан бошотулгандан кийин туруктуу жашай турган жери катары Кыргыз Республикасын тандаган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарга жана социалдык кепилдиктерге ээ болушат.

СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматты улантып жаткан аскер кызматчылары 1993-жылдын 1-январынан кийин үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн шартта Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды жана кепилдиктерди пайдаланышат.”.

3. 3-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“3-статья. Аскер кызматчысынын статусуна ээ болуу жана андан ажыроо

Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматчыларынын статусуна аскер кызматына (ыктыярдуу тартипте же контракт боюнча кирген) же аскер жыйынына чакырылган күндөн тартып ээ болот.

Аскер кызматчыларынын статусунан аскер кызматынан бошотулганда (аскер бөлүгүнүн тизмесинен чыгарылган күндөн тартып) же жыйындар аяктаганда ажырашат.

Аскер кызматына чакыруу (кирүү) же жыйындарга чакыруу, ошондой эле аскер кызматынан (жыйындардан) бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.

Аскер кызматчыларынын статусу төмөнкү учурларда аскер кызматчыларында сакталып калат:



    • барымтага алынгандар же укуктары чектелгендер катары туткунда болгондо, эгерде алар аскердик антты бузбаса жана Кыргыз Республикасынын алдында кылмыш жасабаса. Мында мамлекеттик бийлик органдары жана аскердик командачылык эл аралык укуктун ченемдерине ылайык аталган аскер кызматчыларын бошотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү;

    • дайынсыз жок болгондо, мыйзамда белгиленген тартипте аларды дайынсыз жок же каза болду деп жарыялаганга чейин.

Жарандарга аскер кызматчыларынын статусунун чегинде берилген саясий жана социалдык укуктар аларда аскер кызматынан бошонгондон кийин да сакталып калат.”.

4. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

“Аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда же аны аткарбаганда болуу шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. Зарыл болгондо аскер кызматчысы командирдин (начальниктин) буйругу боюнча же өз демилгеси боюнча кайсы гана убакта жана кандай гана жерде болбосун өз милдеттерин аткарууга киришүүгө тийиш.”.

5. 5-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“5-статья. Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар

Аскер кызматчыларынын статусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.”.

6. 6-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“6-статья. Саясий укук жана эркиндиктер

Аскер кызматчылары болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.

Аскер кызматчыларына мамлекеттик жана аскердик сырды, ага тете эле кат жазышуу, телефон менен сүйлөшүү жана телеграфтык билдирүү сырларын сактаган шартта сөз жана басма сөз эркиндиги, ынанымдар эркиндиги жана аларды эркин билдирүүгө кепилдик берилет.”.

7. 7-статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“Аскердик бөлүктүн аймагында диний бирикмелерди (мекемелерди) түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт.”.

8. 8-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“8-статья. Жеке кол тийбестик

Аскер кызматчысына жеке кол тийбестикке кепилдик берилет.

Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелет жана мамлекеттин коргоосунда болот.

Аскер кызматчыларынын кызматтык ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн жалпы аскердик уставдарында ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок.

Аскер кызматчыларын кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү жана зомбулук көрсөтүү менен коркутуу, алардын өмүрүнө, ден соолугуна, кадыр-баркына, турак жайына, мүлкүнө кол салуу, ага тете эле алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланышкан укуктарын бузуучу жана кемсинтүүчү башка аракеттер (аракетсиздиктер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.”.

9. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн жарандарга аскердик кызматта жүргөн мезгили мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат стажына жана адистиги боюнча иш стажына, эгерде адистиги боюнча иштесе кошулат.”.

10. 10-статьяда:

1) 2-бөлүгүндө:

“, мичмандар” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 10-12-бөлүктөр менен толукталсын:

“Барымтага алынгандар же укуктары чектелгендер катары туткунда кармалган бардык мезгилде аскер кызматчыларына бардык укуктар жана кепилдиктер, анын ичинде акыркы ээлеген кызматы боюнча акчалай үлүштүн төлөмдөрү барымтага алынгандар же укуктары чектелгендер катары туткунда болуу жагдайлары толук териштирилгенге же алар бошотулганга, же болбосо алар мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылганга, же каза болгон деп жарыяланганга чейин сакталат.

Аскер кызматчылары дайынсыз жок болгон учурда, аларга аскер кызматчыларынын статусу сакталат. Аталган аскер кызматчыларында акчалай үлүш, материалдык жана камсыздоонун башка түрлөрү сакталат, алар аскер кызматчыларынын жубайларына же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жок деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин төлөнөт (берилет).

Тергөө органдары же сот тарабынан аныкталган аскер кызматчысынын бөлүктү өз алдынча таштап кетүү же аскерден качуу фактысы үлүштүн белгиленген түрлөрү менен камсыздоону токтотууга негиз болуп эсептелет.”.

11. 11-статьяда:

1) 3, 4 жана 6-бөлүктөрүндө:

“мичмандардын,”, “мичмандар,” жана “мичмандарга,” деген сөздөр алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 8-11-бөлүктөр менен толукталсын:

“Аскер кызматын өтөгөн аскер кызматчыларынын өтүнүчү боюнча негизги өргүү аларга бөлүп-бөлүп берилиши мүмкүн.

Кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемесин аяктаган аскер кызматчыларына негизги өргүү аталган билим берүү мекемесин аяктаганда берилет.

Контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына адъюнктурага, аскердик докторантурага кирүү экзамендерине даярдануу жана кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине өтүүдө кирүү экзамендерин жана аларда окуп жаткан мезгилде экзамендерди тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте окуу өргүүлөрү берилет.

Илимий даражалардын изденүүчүлөрү болуп эсептелген, контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте чыгармачылык өргүүлөр берилет.”.

12. 12-статьяда:

1) 1-бөлүгүндөгү “мамлекет тарабынан” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тартипте” деген сөздөр менен толукталсын.

2) 4-бөлүгүндө:

“мичмандар,” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

“турак жайлар менен эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңештери тарабынан” деген сөздөр “турак жайлар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан биринчи кезектеги тартипте” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 7-бөлүгүндө:

“мичмандар,” деген сөз алып салынсын;

“мөөнөтүнөн ашыкча” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 14-бөлүгүндө:

“жана мичмандарга” деген сөздөр алып салынсын;

4) 17-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

5) 18-бөлүгүндөгү “эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңешине,” деген сөздөр алып салынсын;

6) төмөнкү мазмундагы 19-24-бөлүктөр менен толукталсын:

“Турак жайлар менен камсыздалуучу аскер кызматчылары аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөгөн мамлекеттик орган менен турак жай жалдоо келишимин түзөт. Келишимде турак жайды берүү, аны күтүү жана бошотуу тартиби аныкталат. Келишимди түзүү шарты жана тартиби аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөгөн мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

Аскер кызматчыларын бир мамлекеттик органдан башка мамлекеттик органга которууда, эгерде алар мамлекет тарабынан турак жай менен камсыздалган болсо, мындай аскер кызматчылары турак жай шарттарын жакшыртуу учурларынан тышкары, жаңы кызмат өтөө орду боюнча турак жай алууга талапкер боло алышпайт.

Контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн жана аскердик кызматта календардык эсептөөдө 10 жана андан көп жыл иштеген жылдары бар аскер кызматчылары турак жай алууга, жеке турак жай курууга зайым алуу жолу, анын ичинде курулушка үлүштүк катышуу жолу менен турак жайга укугун ишке ашыра алышат.

Аскердик кызматынын календардык узактыгы 20 жана андан көп жылды түзгөн, аскердик кызматтан бошотулуп жаткан убакта турак жай менен камсыз болбогон офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер бошотулуунун алдында акыркы аскердик кызмат өтөгөн орду боюнча турак жай алууга (турак жай шартын жакшыртууга) кезекке тургандардын тизмесинен алардын макулдугу жок чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыз болушат.

Аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларынын жана жарандардын ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө белгиленген кайсы гана болбосун формаларда турак жайга болгон укугун ишке ашыруусу, аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчыларын жана жарандарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоого байланышкан мындан аркы укуктук мамилелерди токтотот.

Аскердик кызматтын милдеттерин аткарган мезгилде, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоодо, жамааттык коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда же тынчтыкты сактоочу операцияларга катышууда, ага тете эле жаратылыш кырсыктарынын, катастрофалардын жана авариялардын кесепеттерин жоюуда майып болгон жана ушуга байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылары иштеген жылдарына карабастан тандаган жашаган жери боюнча биринчи кезекте турак жайга укугун ишке ашырышат.”;

статья төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

“Эскертүү. Аскер шаарчасы – аскердик бөлүктү (мекемени) квартирага айландыруу жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайлаштыруу үчүн пайдаланылуучу бир жер участогунда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу конуштарда жайгашкан өткөрүү тутуму бар аскердик бөлүктөрдүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу конуштардан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет.”.

13. 14-статьяда:

1) 2-бөлүгүндө:

“мичмандарга,” деген сөз алып салынсын;

“мөөнөтүнөн ашыкча” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:

“Контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөгөн жерин өзгөрткөндө, ошондой эле алар аскердик кызматта болуунун чектүү жашына чыкканда, ден соолугунун абалы боюнча же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу аскердик кызматтан бошотулганда, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окугандар (тарбиялануучулар) жаңы аскердик кызмат ордуна же жашаган жерине жакын билим берүү мекемесине которулууга укуктуу.

Аскер кызматчыларынын балдарына алардын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мамлекеттик жайкы ден соолукту чыңдоочу лагерлерде орундар биринчи кезектеги тартипте берилет.”.

14. 16-статьяда:

1) 1-бөлүгүндөгү “ээлеген кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“Аскер кызматчыларын аскердик кызматтан бошоткондо аскер кызматчыларында ыйгарылган аскердик наамдары сакталат. Аскер кызматчылары ыйгарылган аскердик наамдарынан сот тарабынан жасаган кылмышы үчүн жаза катары аскердик наамын ажыратуу колдонулган учурлардан тышкары, ажыратылышы мүмкүн эмес.”.

15. 17-статьянын 2-бөлүгүндө:

“, мичмандар” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын.

16. 18-статьянын 2-бөлүгүндө:

“, мичмандар” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

17. 21-статьяда

1) 1-бөлүгүндө:

“, мичмандардын” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-бөлүгүндөгү “Эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңештери” деген сөздөр “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөргө, “көрсөтүшөт” деген сөз “көрсөтүүгө укуктуу” деген сөздөргө алмаштырылсын.

18. 22-статьянын 6-бөлүгүндөгү “эл” деген сөз “райондук” деген сөзгө алмаштырылсын.

19. 24-статья төмөнкү редакцияда берилсин:

“24-статья. Аскер кызматчыларын аскер кызматы менен шартталган укуктарын чектөөлөр

Аскер кызматчылары аскердик кызматтын мүнөзүнө, шарттарына жана алардын кызматтык милдеттерин аткаруу өзгөчөлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген төмөнкү укуктардан чектелишет:

аскер кызматчылары иш таштоого укугу жок;

аскер кызматчылары профсоюздардын мүчөлөрү боло алышпайт;

аскер кызматчыларына жеке ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат;

аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставында аныкталуучу тартипте эс алуу убактысы чектелиши (кызмат убактысы көбөйтүлүшү) мүмкүн;

мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окууга уруксат берилбейт;

аскер кызматчыларына аскер бөлүктөрүнүн жайгаштырылуучу шарттарына байланыштуу жашаган жерин тандоо жана ары-бери жүрүү эркиндиги чектелген;

аскер кызматчыларына саясий партиялардын мүчөсү болууга же саясий партиялардын жана саясий максаты бар уюмдардын ишине катышууга, ошондой эле кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгууга жол берилбейт;

аскер кызматчылары башка өлкөнүн жараны боло алышпайт, ал эми аскердик кызматтагы мезгилинде башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кызматтан бошотулууга тийиш;

аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды жарыялоого тыюу салынат.

Бири-бири менен жакын туугандар (ата-энелери, балдары, жубайлары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелери) болуп саналган аскер кызматчылары (мамлекеттик кызматчылардын иши), эгерде кызмат өтөөсү (иши) алардын бири экинчисине түздөн-түз баш ийүүгө же контролдоого байланышкан болсо, аскердик кызматты бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) өтөөгө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталуучу учурларда жана тартипте укуктарды жана эркиндиктерди башка чектөөгө уруксат берилиши мүмкүн.”.

20. 27-статьяда:

1) 3-бөлүгүндө:

“, мичмандар” деген сөз алып салынсын;

“ашык мөөнөттүк” деген сөздөр “контракт боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкү мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын:

“Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскер кызматчыларына, ошондой эле аскердик кызматтан бошотулган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.

Аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктер, анын ичинде аларды укуктук коргоо чаралары, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган камсыздоонун материалдык жана башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен, болбосо ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жолу менен жокко чыгарылышы же төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес.

Аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого даярдануу боюнча милдеттер жүктөлөт, алар коюлган милдеттерди ар кандай, анын ичинде өмүргө коркунучу бар шарттарда кыйшаюусуз аткаруу зарылдыгы менен байланышкан. Аскер кызматчыларына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.”.


2-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Президенти

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет