Кыргыз республикасынын мыйзамы


-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби



бет5/8
Дата07.07.2016
өлшемі415.5 Kb.
#183635
1   2   3   4   5   6   7   8

32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби

1. Өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-2 календардык күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылууга, шайлоочунун эрк-ниетин бузуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого, шайлоо бюллетенинин сакталышына, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөдө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоодо шайлоочунун добушун эсепке алууга милдеттүү.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коет жана шайлоо комиссиясынын кеминде 2 мүчөсүнүн катышуусу менен добуш берүү үчүн бюллетенди жана таза конвертти алат.

3. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда толтурат.

4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюллетени конвертке салынат жана чапталат. Талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын жана байкоочулардын катышуусунда конверттин чапталган жерине округдук шайлоо комиссиясынын 2 мүчөсүнүн колу коюлат, алар шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун койгон колу менен ырасталат.

5. Шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо комиссиясынын шайлоо документтерин сактоо үчүн сейфинде сакталат.

6. Добуш берүү күнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусунда добуш берүү башталаар алдында мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, өз көзү менен көрүп таанышуу үчүн шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттерди жана тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын катчысынын койгон колу жана мөөрү менен ырасталган мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан кийин ал ар бир конвертти кезеги менен ачат жана шайлоочунун эрк-ниетинин билдирилишинин жашыруундуулугун сактоо менен шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящикке салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны добуш берүү башталаар алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет, ал эми мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун фамилиясынын тушуна "Мөөнөтүнөн мурда добуш берди" деген белги коюлат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-берене. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн тартиби

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (антын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген баардык арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттайт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоодо ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн колу коюлат.

3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп, алар зарыл болгон сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин. саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн чүчүкулак менен аныктайт (участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн экиден кем эмеси менен).

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кароо үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө ящиктерди көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн ящиктерге салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.

6. Шайлоочуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келгенден кийин оозеки кайрылуу шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызы менен ырасталат. Жазуу жүзүндөгү арызында шайлоочу өз паспортунун же инсандыгын ырастаган документтин сериясы менен номерин жазат жана шайлоо бюллетенин алгандыгын өзүнүн койгон колу менен ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арызга өз колдорун коюу менен шайлоо бюллетени берилгендигинин фактысын ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировканын жоктугун текшерет, ал жок болгондо сол колунун баш бармагын маркировкалайт жана ага шайлоо бюллетенин берет.

7. Шайлоочу ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда шайлоо бюллетенин толтурат. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эрк-ниетинин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.

8. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастаган документинин номери менен сериясы шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле мезгилде шайлоочулар тизмесинин тиешелүү графасына "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берди" деген жазуу жазылат.

9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Көчмө ящиктер сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).

10. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн аякташы боюнча ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде тиешелүү аймак боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

35-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколу

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол так отчеттуулуктагы документ болуп саналат, анын корголуу формасы жана даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан толтуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.



36-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби

1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан гана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжалары жөнүндө ырааттуу жарыялануу жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.

Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, киного, видеого тартылуулар жүзөгө ашырылуусу мүмкүн.

3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү киргендей болуп жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып отурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттеринин толук көрүнүп турушу камсыздалуусу зарыл.

Ар кандай деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын, анан - жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөө жүзөгө ашырылат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын албаганда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.

4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн койгон колдору менен бекитилет. Пакетке "Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.

Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынуу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү.

Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан кол коюулат, ал андан соң аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды жазат, аларды өзү койгон колдору жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастайт. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке салынат.

6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо ящиктерине мөөр коюуда катышкан адамдардын койгон колдорунун сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катышкан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.

Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.

7. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктин мөөрү (пломбасы) бузулбагандыгын көрсөтөт жана аны ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо ящиктерин мөөр басып бекитүү учурунда катышкан башка адамдардын коюлган колдору бар контролдук баракты алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.

8. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин ар бири үчүн, "Баардык талапкерлерге каршы", "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициялары боюнча берилген добуштар боюнча шайлоо бюллетендерин сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контролдоо үчүн эсептөөдө катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт.

9. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу.

10. Андан соң белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Баардыгына каршы" деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар ушул же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөөгө жол берилбейт.

11. Жараксыз шайлоо бюллетендери эсептелет жана өзүнчө суммаланат. Шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталбаган жана башка белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздардын санына кирет. Аларда талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашып кеткен, ал эми пропорциялуу система боюнча шайлоодо - талапкерлердин тизмесинин пайдасына белгилердин саны бир саптан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелинет.

Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча шайлоо бюллетендеринин добуштары талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун же байкоочулардын өкүлдөрү тарабына өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кайрадан эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.

13. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.

14. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номери жана шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же кутучага салынат. Мүшөктө же кутучада шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдорун коюу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутучага салуу талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутучага өзүнүн колун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же кутуча жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго тиешелүү участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

16. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында угуза окуйт.

17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн коштоосу менен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.

18. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

20. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) берүүгө милдеттүү.



(КР 2012-жылдын 12-октябрындагы N 172, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет