Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү


-2014-жылдардын 9 айындагы чакан жана орто



бет9/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   19

2013-2014-жылдардын 9 айындагы чакан жана орто

ишкердиктин иши



Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирд.

2013-жылдын
9 айы, иш жүзүндө


2014- жылдын
9 айы,


алдын ала иш жүзүндө

Четтөө

(+/-)

Чакан жана орто ишканалардын саны

даана

11 969

11 142

- 827

Чакан жана орто ишкердиктер чөйрөсүндө иш алып баргандар

миң адам

406,7

432,2

+ 25,5

Анын ичинде жеке ишкерлер

миң адам

323,9

346,8

+ 22,9

ИДПда ЧОИ салыштырма салмагы

%

40,7

40,3

- 0,4

Ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү үчүн атайын иштер жүргүзүлдү.

Ишкердик иштерди жөнгө салуучу, иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорунун сапатын ЖТТны колдонуу менен жакшыртуу, ошондой эле ишкердик иштерди жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун жаңы методикасы (мындан ары - ЖТТ методикасы) иштелип чыкты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому).

Жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүүнүн стандарттары иштелип чыкты жана бекитилди, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда колдонуу үчүн министрликтерге, административдик ведомстволорго, жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2014-жылдын 31-декабрындагы № 256-буйругу).

Жеке секторлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын өстүрүү боюнча долбоордун алкагында, мамлекеттик мекемелердин, жеке секторлордун жана донорлордун ортосундагы координацияны жана байланышты чыңдоо; жеке секторду өнүктүрүү боюнча стратегияны жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, ошондой эле көзөмөлдөө боюнча артыкчылыктарды жогорулатуу максатында 320 миң АКШ долларынан ашпаган суммада Дүйнөлүк банкты институционалдык өнүктүрүү фондуна (IDF Grant № TF013657) грант бөлүп берүү жөнүндө Дүйнөлүк банк менен Макулдашуу-катына кол коюлган. Жеке сектордун стратегия долбоорун иштеп чыгуу боюнча 3 эл аралык жана 3 жергиликтүү консультанттар жалданган. 2014-жылдын 26-июнунан 29-июнуна чейин Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү маселесин талкуулоо темасында семинар өткөрүлдү.


      1. Техникалык жөнгө салуу

Адамдардын саламаттыгын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн, айлана-чөйрөнү коргоонун коопсуздугун камсыз кылуу жана продукцияларды керектөөчүлөрдү адашууга алып келген аракеттерди алдын алуу жана ченемдик укуктук базаны түзүү максатында 20 техникалык регламент, анын ичинен Кыргыз Республикасынын 4 мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16 токтому кабыл алынды.

Шайкештикти тастыктоонун мурда колдонуудагы системасы түп-тамырынан бери өзгөрүлдү жана рыноктук экономиканын шарттарына жооп берген жана эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайыктуу жаңы принциптер белгиленди.

Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын тизмесине киргизилген милдеттүү талаптарга шайкештиги гана ишке ашырылаары белгиленди.

Шайкештикти декларациялоо жол-жоболору киргизилди. Декларациялоо милдеттүү сертификациялоо жол-жобосуна караганда продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоо үчүнчү тарап - сертификациялоо боюнча орган тарабынан тастыкталат, шайкештик жөнүндө декларацияны бир тарап гана кабыл алат (даярдоочу, продукцияны сатуучу, кызмат көрсөтүүчү) жана мындай декларация көзөмөлдөө боюнча органда катталат, шайкештик сертификаты сыяктуу ошондой эле юридикалык күчкө ээ болот.

Кыргызстандын ББга кошулуу алкагында Иш-чаралар планына («жол картасы») ылайык ББнын ченемдик документтери менен техникалык жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү үчүн талдоо жүргүзүлдү.




      1. Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу

Банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мыйзамдын негизинде ишке ашырылды жана банк системасындагы туруктуулукту камсыздоого жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоого багытталды.

Коммерциялык банктарда аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында көзөмөлдүк таасирденүү жана айрым коммерциялык банктардын ишин чектөө чаралары колдонулду.

Калктын финансылык сабатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү максатында Улуттук банк тарабынан өлкөнүн орто билим берүү мекемелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн семинарлар жана лекциялар өткөрүлдү.

Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык көзөмөлдөө системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, банк системасын жана микрофинансылык секторун өнүктүрүү максатында, финансылык - кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана ченемдерди чет өлкөлүк талаптарга жана стандарттарга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. 2014-жылдын ичинде Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан 25 токтом кабыл алынды, мында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

- банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын тобокелчиликтерин азайтуу;

- микрофинансылык компаниялардын уставдык капиталындагы жана алмашуу бюролорундагы жүгүртүү капиталындагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо;

- потенциалдык жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга активдерди жана резервдерди классификациялоо;

- банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерге таасирдүү чараларды кабыл алуу;

- кылмыштуулук жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (изин жашыруу) жана терроризмди каржылоого бөгөт коюу максатында алмашуу бюролорун ички контролдоону күчөтүү;

- банк болуп түзүлгөн микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасында банк иштеринин жана каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү.

Баалуу кагаздар рыногунун алкагында Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү:

- Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен кызматташуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ИӨБнын ортосундагы Кыргыз Республикасында банк иштеринде жана каржылоодо ислам принциптерин киргизүүгө карата Техникалык жардам (Грант) боюнча Макулдашууга ылайык, 2014-жылдын 24-апрелинде «Simmons & Simmons Middle East LLP» атынан консультант-компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимде баалуу кагаздар рыногу жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук база боюнча сунуштамаларга баалоо жүргүзүүгө жана иштеп чыгууга гранттык негизде консультациялык кызмат көрсөтүүлөр каралган;

- ипотекалык баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана иштетүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтомдун долбоору иштелип чыккан.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча баалуу кагаздар менен тооруктардын көлөмү 3915,4 млн сомду түздү, бул 2013-жылга караганда 72,7 % көп. Отчеттук мезгилде баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдүн саны 3516 болду, бул 2013-жылга караганда 5,7 % көп.

2014-жылы «Кыргыз фонддук биржасы» ЖАК соода аянтында «Шоро» ЖАК, «Росказмет» ЖЧК, «Биринчи Металл база» ЖЧК, «Аюу» ЖЧК жана «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» ЖАК 346,7 млн сом суммасында 2024 бүтүм түзүлдү, бул 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 12,8 % көп (2013-жылы 307,4 млн сом суммасына 692 бүтүм түзүлгөн).

2014-жылдын 31-декабрына карата листингден өткөн эмитенттердин саны 21 түздү, бул 2013-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда 1 эмитентке көп болгон.

2014-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын 2784 чыгарылышы катталган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 83381,1 млн сомду түздү, анын ичинде акциялар 81943,45 млн сомду, облигациялар 1264,05 млн сомду, инвестициялык пайлар 101 млн сомду жана турак-жай сертификаттары 72,6 млн сомду түзгөн.

2014-жылы ички ресурстарды аккумуляциялоо үчүн фонддук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү жетишээрлик колдонулду. Натыйжада


2014-жылы чыгарылган көлөм 16424 млн сомду түздү, бул 2013-жылга салыштырмалуу 13485 млн сомго арбын болду (эмиссиянын көлөмү 2939 сомду түздү).

Камсыздандыруу рыногу. 2015-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 17 камсыздандыруу жана анын ичинде эки кайра камсыздандыруу уюмдары иштеп жатышат («Камсыздандыруу резерви» жана «Фаворит»).

Камсыздандыруу уюмдарынын өздүк капиталынын жыйындысы 2015-жылдын 1-январына карата 1423,2 млн сомду түздү жана 2013-жылдын 1-январына салыштырганда 2,3 %га көбөйгөн.

2015-жылдын 1-январына милдеттенмелердин көлөмү 961,5 млн сомду түзгөн, жылдын башталышына салыштырмалуу 3,7 эсеге көбөйүп 960,5 млн сомду түздү.

2015-жылдын 1-январына карата колдонуудагы камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 160,1 млн сомду түздү жана 2014-жылдын
1-январына салыштырганда 11,8 %га жогорулады.

2014-жылы камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 1018,0 млн сомду түздү жана 2013-жылга караганда 5,2 %га өстү, анын ичинен жеке камсыздандыруу боюнча 167,5 млн сомду түзгөн же 2,1 эсеге көп, жоопкерчилигин камсыздоо боюнча 95,7 млн сом, же 12,1 %, жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча 89,2 млн сом, же 1,7 %га өскөн, ал эми мүлктүк камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыктары 664,6 млн сомду түздү, же 6,9 % кыскарды. Адам өмүрүн камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 0,2 млн сомду түздү жана 2013-жылдагы деңгээлинде калды.

2014-жылы жалпы республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 134,9 млн сомду түздү жана 2013-жылга караганда 45,8 %га өстү.

Камсыздандыруу рыногун колдоо максатында Өкмөт төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларды кабыл алды:

- мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жок кылуу, коррупциялык жоболорду алып салуу, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык - уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлунда № 117 Мыйзамы;

- автотранспорт каражаттарын пайдалануу учурунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндар үчүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилөө максатында, «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-мартындагы № 192 Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын лицензиялык - уруксаат берүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтому.

Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо: рынокто жалгыз мамлекеттик эмес «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду иштейт. 2015-жылдын 1-январына карата «Кыргызстан» ТПФ пенсиялык активдери 28,0 млн сомду түздү, бул 2014-жылдын 1-январына карата 5,7 % көп. Ыктыярдуу пенсиялык камсыздоого катышуучулардын саны 2252 адамды түздү.

«Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы
№ 216 Мыйзамын ишке ашыруу максатында, 2014-жылы төмөнкүлөр кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү жөнүндө» 2014-жылдын 23-декабрындагы № 723 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Топтомо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдиктерди эсептөөнүн методикасы жана пруденциялык ченемдиктердин аткарылышы жөнүндө отчеттун формасын бекитүү тууралуу» 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 648 токтому.

Аудит: Кыргыз Республикасынын аудитордук уюмдарынын, жеке аудиторлорунун жана аудиторлордун мамлекеттик реестринде


95 аудитордук уюм, 27 жеке аудитор, 326 аудитор катталган.

Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана финансылык отчеттуулуктун аудитин мындан ары реформалоо жана жаңылоо максатында, 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыкты жана кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 токтому).

Аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн аудиторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлунда № 108 Мыйзамы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Административдик жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Лицензиялоо: 2014-жылы бардыгы 103 уруксат документтери берилген (43 лицензия, алардын ичинен камсыздандыруу ишине - 18, аудитордук иштерге - 17, баалуу кагаздар рыногунун катышуу ишине - 8; 60 күбөлүк жана сертификаттар берилген, алардын ичинен БКР квалификациялык күбөлүгү - 7, лотерея жүргүзүү укугуна күбөлүк - 29, квалификациялык сертификаттар (аудит) -24).




      1. Мамлекеттик менчикти башкаруу

Өкмөт 63 акционердик коомдун акционери болуп саналат, ошондой эле 223 ашуун мамлекеттик ишканалар менен иш жүргүзөт.

Мамлекеттик жеке менчикти башкаруунун сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик жеке менчиктен түшкөн кирешени көбөйтүү үчүн мамлекеттик мүлктү сатуу механизмин өркүндөтүүнү жана мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн жаңы ыкмаларын ишке киргизүүгө, рыноктун принциптерине жана бүгүнкү күндүн шарттарына жооп берген, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамы кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 407 токтому).

2014-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгында мамлекеттик мүлктү башкаруудан жана менчиктештирүүдөн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 276,5 млн сом суммасындагы каражаттын түшүүсү камсыз болгон.

Сот органдарында мамлекеттин менчиктин кызыкчылыктарын коргоо иштеринин жыйынтыгында «Альфа-Телеком» ЖАК дивиденддеринен 2 875,4 млн сом көлөмүндө жана «Азык» ААК жоюлушунун негизинде 1,3 млн сом каражат мамлекеттик бюджетке өткөн.
24-таблица

2013-2014-жылдарда мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар95

(млн сом)



Аталышы

2013-жыл

иш жүзүндө

2014-жыл

алдын ала, иш жүзүндө

Өсүш темпи, %

2014-жыл план

Планды аткаруу,

%

Менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар

11,3

-

-

-

-

Дивиденддерден түшкөн каражаттар

1 615,6

1 476,2

91,3

1 411,8

104,5

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар

37,4

62,0

165,9

22,0

2,8 э.

Мамлекеттик ишканалардан түшкөн кирешелер

1 549,8

861,4

55,6

633,3

136,0

Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

-

2 876,7

-

-

-

Башкалар (штрафтар)

3,3

0,2

-

-

-

Бардыгы

3217,4

5276,5

164,0

2 067,1

255,3

2014-жылы мамлекеттик мүлктү башкарууда айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында контролдук пакет акциялары бар акционердик коомдордо корпоративдик башкарууну күчөтүү боюнча иш-аракеттер улантылган.

2014-жылдын 18-мартында Өкмөт «Корпоративдик башкаруу мектеби» Коомдук фонду менен бирге тегерек стол өткөргөн, анын жыйынтыгында мамлекеттик компанияларда корпоративдик башкарууну өркүндөтүүнүн борбордук жана өзөктүү маселеси болуп, мамлекеттик компаниялардагы кызмат адамдарынын деңгээлин кесиптик талаптарга туура келтирүү, аны менен бирге мындай компаниялардын башкаруу органдарына талапкерлерди тандоодо критерий катары кесиптик стандарттар колдонулушу керектиги белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик компаниялардын башкаруу органдарынын ишин баалоодо бирдей методиканы кабыл алуу максатка ылайык экендиги белгиленди, ал үчүн талапкерлерди көрсөтүү жана тандоо тартибинин натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарында директорлор кеңеши, ревизиялык комиссия жана катчылар үчүн кадрлар резервин колдонуу жана жаңыдан түзүү принциптери иштелип чыкты (макулдашуудан өткөрүлүүдө).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык, 2014-жылы Өкмөт тарабынан мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына жана экономиканын 12 тармагындагы стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканаларга 52 компаниянын жетекчилигине кадрлар резервин түзүү боюнча конкурс өткөрүлгөн. Маектешүүнүн жана Ишканаларды өнүктүрүү программасын баалоонун жыйынтыгы менен мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына жана стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине кийин тандоо үчүн 52 талапкер кадрлар резервине киргизилген.

Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 191 буйругун аткаруу максатында жыл сайын Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардын карамагындагы мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алат. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча негизги каражаттардын түрлөрү боюнча мамлекеттик мүлктүн тизмелери (Реестрлер) түзүлгөн.

25-таблица

Негизги каражаттардын (фонддор) 3 түрү боюнча мамлекеттик органдар өткөргөн инвентаризациялоонун жыйынтыктары




Негизги каражаттардын түрлөрү

01.01.2013-жыл

01.01.2014-жыл

карата негизги каражаттардын саны (даана)

1.

Административдик мекемелер

1239

1734

2.

Транспорт каражаттары

7410

5231

3.

Курулуп бүтө элек объекттер

270

292

Белгилей кетүүчү сөз, инвентаризациялоо жүргүзүлгөн учурда маалымат кагаз түрүндө чогулат, ал эми аны актуалдаштыруу татаал процесс болуп саналат, тийиштүү автоматташтырылган системасыз негизги каражаттардын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуу мамлекеттик активдерди башкаруу мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы
№ 375 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга 684 миң АКШ доллары өлчөмдө (MDTF № TF013478) грант берүү жөнүндө макулдашуу-каты бекитилди. Бул долбоордун максаты маалымат топтоонун бирдиктүү ченемдерин жана үлгүлөрүн аныктоо жана мамлекеттик мүлктөрдү эсепке алуунун борборлоштурулган автоматташтырылган системасын түзүү аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан бекитилген сатып алуулардын планы боюнча консультативдик жардам көрсөтүүгө техникалык тапшырмаларды түзүү боюнча Өкмөт тиешелүү иштерди аткарууда.

Мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жумуштар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлунда № 941-V токтому менен бекитилген улутташтырылган объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча Программага ылайык менчиктештирилген 47 объектинин ичинен:

- 14 объект мамлекеттик органдарга жана ишканаларга ыкчам башкарууга өткөрүлгөн;

- 5 объект Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн карамагында;

- 6 объект Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонддун башкаруусунда турат.

Мында улутташтырылган объекттердин тизмесинен 6 объект жалпы 180,2 млн сомго менчиктештирилген. 2 объект банкроттук процедурасынын алкагында жалпы 263,7 млн сом суммасында менчиктештирилип кредитордук карызын жабууга жумшалган. 11 объект боюнча менчиктештирүү тартиби токтотулган, ошону менен бирге соттук жана тергөө териштирүү иштерине байланыштуу токтотулган. 3 объект боюнча белгиленген тартипте баалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттериндеги талаш мамилелерди ылайыктуу мөөнөттө чечүүнү камсыздаган жана менчик ээлеринин мыйзамдуу мүлк укугун кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жаатында укуктук механизмдерди түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо милдети жүктөлгөн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.



    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет