182
Калия Кулалиева
Сызыкча
1. Сызыкча бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздүн арасына коюлат:
Директор, бухгалтер, катчы – баары келиптир.
2. Сүйлөмдүн баяндоочу ат атооч жөндөмөдөгү зат атоочтон же заттык маа-
нидеги
башка сөздөрдөн болсо, ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун арасына
сызыкча коюлат:
Билимдин булагы – китеп. Адам болуу – аста-аста, акмак болуу
– бир паста.
3. Тике сөздү төл сөздөн ажыратуу үчүн, арасына сызыкча коюлат:
Келечек, –
деди ректор, – ар бириңердин колуңарда.
4. Диалог иретинде түзүлгөн сүйлөмдөрдүн ар бири жол башынан башталып
жазылат жана алдына сызыкча коюлат:
– Кай багытка кетти?! – деп Нескара дагы бакырды.
– Ит билеби… Жыбыт-жыбытка кирип жок болушту.(А.Ж.)
5. Географиялык аттар берилген эки сөздүн ортосун бөлдүрүү үчүн сызыкча
коюлат:
Бишкек – Ош жолунун 220-километринде кар көчкү жүрдү.
Достарыңызбен бөлісу: