44
Калия Кулалиева
Грамматика
Айкын өткөн чак
Айкын өткөн чак
-ды мүчөсүнүн жардамы менен жасалат. Кыймыл-аракеттин
айкын, так, ачык түрдө болуп өткөнүн билдирет.
Мисалы: Курбум Афганистанга кетти. Директор менден сурады.
Биз тоого
бардык. Жакшы эс алдык.
1. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү айкын өткөн чакта жазыңыз.
1. Айгүл көйнөк …………………………………………… . (тиктир-)
2. Иш сапары менен Баткенге ……………………………. . (жөнө-)
3. Сен кечээ үйгө келген коноктор менен …………………? (учураш-)
4. Мен чет өлкөдө 10 жыл ……………………………… .
(жаша-)
2. Берилген сөздөрдү туура жайгаштырыңыз.
(
Кабыл алынды, көрсөтүштү, которулду, дайындалды, жетектеди,
бошотулду)
1. Талант Жусупбекович биздин бөлүмдү 15 жыл ………………… .
2. Биздин спортчулар мыкты натыйжаларды …………………... 3.
Башка
мекемеге ………………………. 4. Мөөнөтүнөн мурда ……………………… 5.
Мүнөздөмө-сунуш аркылуу жумушка ………………………….. 6. Президент
тарабынан ……………………….. .
3. Айкын өткөн чактын терс формасын жазыңыз.
Үлгү: Иш сапарына жөнөдү.
Иш сапарына жөнөгөн жок. Иш сапарына
жөнөбөдү.
Эрежени бузду.
Эрежени ………………. . Эрежени ………………. .
Мээнет төктү.
Мээнет …………………. . Мээнет …………...…… .
Макулдугун берди. Макулдугун ……………. . Макулдугун …………... .
4. Оң формадагы этиш сөздөрдү терс формада жазыңыз.
алды
/
алган жок
/ албады
эскертти
чыгарды
өтүндү
которулду
бекитилди
чакыртылды
сыйланды
башталды
бүттү