78
Калия Кулалиева
Жазуу эрежеси
Сан атоочторду жазуу эрежелери
1. Иретти көрсөтүүчү
сандар цифра аркылуу берилсе,
цифра менен кийинки
сөздүн ортосунда дефис коюлуп,
-ынчы, -нчы мүчөсү
жазылбайт: 8-класс,
1995-жыл, 2010-жылдын 7-8-апрель күндөрү.
2. Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай, бөлөк жазы-
лат:
IV курс, XX кылым, X бөлүм.
3. Иреттик сан атоочтордун ордуна № белгиси коюлса, андан
кийин дефис
белгиси келбейт, анткени № белгисинин өзү иреттик маанини билдирет:
№ 44 мектеп, № 7 токтом, № 6 бейтапкана.
4. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат:
7-8 киши, 10-15 сту-
дент, 40-50 кой.
5.
Сан атооч сөзгө -оо, -өө мүчөлөрү уланганда: эки+өө=экөө, алты+оо=
алтоо түрүндө жазылат.
1. Цифра менен жазылган сөздөрдү туура окуңуз. Сан атоочтордун жазылыш өзгөчөлүктөрүнө
көңүл буруңуз. Сан атоочтун түрүн аныктаңыз.
Мына ушул 5% көрсөткүч төмөн түшпөсө
кедейликти жыл сайын
2-3%га азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөр эле. Бирок буга жетиш үчүн тышкы
инвестициянын көлөмү ИДПга карата 20%дан кем эмес болушу керек.
2003-жылы Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продуктуга
карата 87%га жетти. 2002-жылы ал 100%га бир аз жете албай калган.
Өкмөт ушу тапта Париж клубуна үмүт артып, карыздарды төлөө мөөнөтүн
кийинкиге жылдырып коёбу деген суроо менен жашоодо. 2002-жылкы артка
жылдырылган 3 жылдык мөөнөт деле эмдиги жылы аягына чыгат.
Достарыңызбен бөлісу: