81
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Окуйлу
1. Текстти окуп, сан атооч жана энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруңуз.
2. Актынын маалым даректерин жазыңыз.
БЕКИТЕМ
Бишкек шаарындагы
№ 1
мектеп-интернатынын
директору
К. О. Асылбеков
АКТ
10.01.2001 Бишкек ш.
№ 3 жатакананын
комендантынын ишин
тапшыруу жөнүндө
Негиз: директордун 02.12.2000-ж. № 6 буйругу
Интернаттын № 3 жатаканасынын мурунку коменданты А. Сариев жана жаңы
дайындалган комендант Г. Темирова, мектептин бухгалтери С. Жолдошева жана ад-
министративдик чарба бөлүмүнүн иш жүргүзүүчүсү К. Алексеев тарабынан ушул
акт түзүлдү.
Мектептин № 3 жатаканасынын коменданты болуп иштөөчү А. Сариев ишин
тапшырды, Г. Темирова өткөрүп алды.
Ишти тапшырууда – кабыл алууда төмөнкүлөр аныкталды:
1. Өткөрүлүп алынган буюмдар: 330 керебет, 200 стол, 680 отургуч, 30 те-
левизор, 2
компьютер, 180 шкаф. Баары жарактуу абалда.
2. 2005-жылдын 1-сентябрына карата эсептен чыгарылган эмерек
буюмдардын тизмеси. Алардын бардыгы өз убагында чарба бөлүмүнө
тапшырылган.
Тиркеме:
1. Өткөрүлүп алынган буюмдардын саны жана баасы көрсөтүлгөн тизме
(6 бет, 3 нуска).
2. Жатаканада жашаган студенттердин тизмеси (8 бет, 3 нуска).
3. Акт 3 нускада даярдалды: 1-нуска бухгалтерияга, 2-нуска А. Сариевге,
3-нуска Г. Темировага берилди.
Ишти тапшырдым
А.
Сариев
Ишти кабыл алдым
Г.
Темирова
Акт түзүүгө катышкандар
С. Жолдошева
К.
Алексеев