ГЛАВА 1
ЭРНИС ТУРСУНОВ ДУН "АТА ЖУРТ" РОМАНЫНЫН КӨРКӨМ ЭСТЕТИКАЛЫК АЧЫЛГАСЫ.
Кыргыз роман жанры ошол мезгилде коомчулукта күн кечирип турган коомдук-социалдык ой жорумдун бардык түрүнө мүнөздүү философиялык-эстетикалык, көркөм-адабий турмуштагы жаңыланууларды колдон чыгарбай кармап калууга, аларды көркөм образдын күчү менен жеткирүүгө ээ болгондугу менен айырмаланган.
Роман жанры кыргыз адабиятында эгемендүүлүктөн кийин дагы бир жаңы баскычка көтөрүлдү. Аны кыргыз адабиятчылары бир топ кырдаалдар менен байланыштырат. Алардын бири ошол мезгилдеги коомдук-саясий абал болуп саналат. Эгемендүүлүктөн кийин өлкөдө жүргөн жаңыга умтулуу, мурда болгон түшүнүктөргө жаңыча мамиле кылуу башка түшүнүктөр менен кыргыз роман жанрына да өз таасирин тийгизген. Тагыраак айтканда, өлкөнү толук кучагына алган демократиялык кайра куруу аракети роман жанры аркылуу мурда көз жаздымда калган коомдук-социалдык, тарыхый-этнографиялык маселелерди ачыкка чыгарууга карай багытталып, андай маанилүү проблемаларды элге жеткирүүдө көркөм сөз кара-жаттарын, көркөм- эстетикалык ой жүгүртүүнү толук пайдаланууга аракеттенгени менен айырмаланган [1]. Мындай көрүнүш бир мезгилде көз жаздымда калган проблемаларды ачык айтууга, эл алдына айкындык менен чыгарууга багытталган саясатты кыргыз адабиятында колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
Адабияттын башка жанрларынан айырмаланып роман жанры коомдук турмуштун бардык тармактарында болгон кемчилдиктерди, партиялык жетекчилердин кээ бир учурдагы иштерин сынга алуунун түрдүү формаларын колдонууга киришкен. Көркөм-эстетикалык жактан сынга алуунун формасы көп түрдүү касиетке ээ болгону менен негиз-ги тенденция жазыксыз репрессияга дуушар болгон-дордун квркем образын тузуу (К.Сактанов "Маркумдар үнү", С.Станалиев "Чагылгандын көз жашы") саясий кез караштын чеги менен каралып, бурмаланган тарыхый окуяларга, доорго карата принципиалдуу мамиле кылуу (Т.Касымбеков "Баскын", "Чапкын"), белгилүү себептер менен тарыхта аты аталбай келген же аталса да өз орду менен баасын ала албаган тарыхый инсандардын, чыгармачыл адамдардын, коомдук ишмерлердин (Э.Турсунов "Балбай", "Боронбай") көркөм образын түзүү аракети ушул мезгилде күч алгандыгын белгилей кетүүгө тийишпиз.
Кыргыз роман жанры бул багыттагы иштерди аткарууда демилгени шыр эле колуна ала койгон эмес. Анын коомдук аң сезимдин алдьңкы сабына чыгуусуна ошол мезгилдеги коомдук- саясий, социалдык-экономикалык шарттар өбөлгө болгондугун айтпай кетүүгө болбойт. Болгону көркөм ойлоонун универсалдуу формасына ээ болгондуктан роман жанры ошол мезгилде коомчулукта күн кечирип турган коомдук-социалдык ой жорумдун бардык түрүнө мүнөздүү философиялык-эстетикалык, көркөм-адабий турмуштагы жаңыланууларды колдон чыгарбай кармап калууга, аларды көркөм образдын күчү менен жеткирүүгө ээ болгондугу менен айырмаланган. "Дүйнөдөгү кайсы гана элдин көркөм тажрыйбасына кайрылып көрбөйлү, алардын профессионал адабиятынын эстетикалык-көркөм, интеллектуалдык-философиялык бийиктиги роман жанры менен өлчөнүп келген, Азыркы күндө да бардык дүйнөлүк адабиятгын тагдырын ушул жанр чечип, ушул жанр менен чектелип келет" [2]. Мындай көрүнүш кыргыз жазуучуларына кандай мүнөздүү болсо, Э.Турсуновдун чыгармаларына да ошондой эле мүнөздүү болуп саналат. Тагыраак айтканда, Кыргызстанда демократиялык кайра куруу процессинин жазуучулук көркөм ойлоого тийгизген таасири - заман талабына ылайык ачык айтууну, айкындыкты элдин тарыхын көркөм аңдаштырууга карай колдонуу аракети Э.Турсуновдун "Ата журт" (1989), "Балбай" (2002), "Боронбай" (2004) жана "Эл душманы" (2004) романдарынан аныктап-баалоодо да маанилүү орунда турат.
Муну бир эле Э.Турсуновдун романдарынан кездеиггирбегендиктен жана кыргыз адабий процессине таандык андай мазмундагы көз караштын пайда болушу үчүн коомдук-саясий турмуштун ролу зор болгондуктан, тарыхый кырдаалды кайрадан көркөм чыгармада ачып берүүгө
өз таасирин тийгизген андай кырдаалдарга өзгөчө басым коюу менен токтолуу зарылдыгы бар десек, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
партиялык саясат менен элдүүлуккө карата улуттук кызыкчылыктын карама-каршы келиши: XX кылымдын 80-жылдарында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык саясат боюнча эски түшүнүктөрдү бекемдөөгө аракет кылышы; 1987-жылы 21-февралда Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары А.Масалиевдин республикалык партиялык активде Молдо Кылычтын, К.Тыныстановдун адабий мурастарын кайра кароого байланышкан докладына жалпы адабий чөйрөнүн жана бүткүл окурман элдин каршы чыгышы; кыргыз элинин адабий- эстетикалык дүйнө кабылдоо ойлорунда сырттан танууланган саясий көз карашка каршы турушу;
Достарыңызбен бөлісу: |