3. «Тюльпановая революциянын» жыйынтыгы, оппозиция.
2005-жылы оппозициялык күчтөр Р. Отунбаева, К. Бакиев, А. Атамбаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, О. Малеваная, И. Болджурова, А. Бекназаров, М. Эшимканов, Т. Тургуналиев, А. Сасыкбаева жана башкалар элди бүт аймактарда көтөрүп, Аскар Акаевдин бийлигин кулатууну көздөшөт. Оппозициянын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири Р. Отунбаева болгон эле. Жер-жерлерде митингдерди өткөрүп, Жалал-Абад областынын элин түп көтөрүүгө жетишишет. Кандай кырдаал болбосун, максат Акаевди тактан кулатуу болучу. Алардын мүдөөсү 2005-жылдын 24-мартында ишке ашты. Бирок, алар ушул жасаган кадамдарына мамлекеттин, кыргызстандыктардын алдында жоопкерчиликтүү мамиле жасаштыбы? Себеби, кандай төңкөрүш же революция болбосун мамлекеттин өнүп-өсүшүн убактылуу артка тартат эмеспи. Эгерде алар эл, мамлекет алдындагы жоопкерчиликти сезишсе, кандай гана кырдаал болбосун, өз ара ынтымактыгын сактап калышмак болучу. Кайсы тармакты кимиси жетектебесин, ийгиликтүү иштеп кетишмек. Бирок, алардын Акаевдин режимин кулатуу менен демократияны орнотобуз, өлкөбүздү алдыга жылдырабыз деген сөздөрү аягында жөн эле куру кыйкырык болуп чыкты. Ошону менен бирге ич ара «портфель» бөлүшө алышпай ынтымактары кетип, кимисине бийлик тийсе, ошол замат оппозициядагы санаалаштарын четинен сатып жатышты. Мына ошентип, 2005-жылдын ыңкылапчылары (тѳңкѳрүшчүлѳрү) өздөрүнүн чыныгы жүзүн коомчулукка көрсөтүштү.
4. 2005-жылдын 24-марты – төңкөрүш, эгемендүү Кыргызстандын экинчи президенти К. Бакиевдин басып өткөн жолу.
Оппозиция А. Акаевди качып кетет деп, эч качан ойлогон эмес. Ошону менен бирге оппозиция Ак үйдү басып алып жатканда, 2005-жылдын 24-мартында, каза тапкан жарандарыбыз каза болгону жѳнүндѳ эл арасында бүгүнкү күнгѳ дейре айтылып келе жатат. Тилекке каршы, ушул фактылар боюнча азыркы учурга чейин бүт саясий элита чындыкты айтпай, жаап-жашырып келе жатат. Менин оюмча, күнөөлүүлөр эртеби, кечпи, сөзсүз жазасын алышы керек. Аксы окуясында каза тапкандардын күнѳѳкѳрлѳрү - А.Акаев, ошол эле К.Бакиев ж.б. бүгүнкү күнгѳ дейре жазасын албай келе жатат. Мына ошентип, Акаев кан төгүү менен элинен безип качса, оппозиция кан төгүү аркылуу бийликке келип, кимди президенттик орунга отургузаарын билбей, акырында Курманбек Бакиевди бүт бийлик тепкичтерин баскан жетекчи катары эң башкы бийликти ага ыйгарышкан.
Бирок, бийлик орундарын бөлүштүрүүдө да Феликс Кулов менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү күч алган. Ал эми бийлик 2004-жылы шайланган парламентти таркатпай калтыруу менен илгертен бири-бирине кастыгы бар, ошол мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиевдин тирешүүсү күчөгөн. Төңкөрүштүн «кыймылдаткыч күчү» Роза Отунбаеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Тышкы иштер министрлигине министр кылып шайлабай койгон. Бир сөз менен айтканда, Аскар Акаевдин бийлигин тартып алган оппозициядагылар бийлик орундарды бөлүшө алышпай, ынтымагы ыдырап, көпчүлүгү кайрадан Бакиевдин бийлигине каршы чыга башташкан.
Ал эми К. Бакиев болсо, эйфорияга катуу кабылып, көп жактан аз эле убакыттын ичинде Акаевден да ашып түшкөн. Эгерде өз учурунда Акаев түштүктөн жана башка региондордон чыккан күчтүү кадрлар менен эсептешпестен, негизинен Чүй менен Талас жергесинен гана майлуу-сүттүү орундарга өз тууган-уруктарын, кайын-журтун, балдыздарын жайгаштырса, ошондой эле негизги кирешелүү өнөр-жайларыбызды күйөө баласы АдильТойгонбаевге өткөрүп берсе, Курманбек Бакиев бир гана Жалал-Абаддык кадрларды колдоп, эгер капысынан Ош областынан кайсы бир кадр кызматка келе турган болуп калса, анда ал сөзсүз ичкилик уруусунун өкүлү болушу шарт болуп калган.
Бир сөз менен айтканда, К. Бакиев түндүк-түштүккө бөлүнүү процессин күчөтүү менен гана чектелбестен, саясий элитаны уруу-урууга бөлгөнгө да үлгүрдү. Ошону менен бирге А. Акаевдин балдарынын, күйөө баласынын ишканаларын жана башка бизнестерин К. Бакиевдин инилери, балдары тартып ала баштады. Муну көргөн соң, мурунку оппозицияда бирге жүргөн, кийин «портфель» бөлө алышпай бөлүнүп кеткен үзөңгүлөштөрү Бакиевге каршы катуу чабуулга өтүштү. Жүздөгөн митингдер өткөрүлдү. Ошондо Бакиев да, өзбек улутунун «лидеримин» дегендери менен жолугушуп, аларды президенттик шайлоодо добушун алуу үчүн жан үрөдү. Керек болсо, эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти болуп туруп, алардын алдында жагалданып өзбекче гана сүйлөбөстөн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүндөгү мааракеде өзбек бийин бийлеп, бүт кыргыз журтчулугунун кыжырын келтирди. Өзбек улутундагы бай инсандарды канатынын алдында калкалап, алардын «пайдасын» да көрүп турду.
Ал эми Жаныш Бакиев бүт күч органдарынын жетекчилигине өзүнүн досторун, туугандарын, профессионал болбосо да, жогорудагы эле критерийлер менен дайындаган. Анысы аз келгенсип, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына А. Тешебаев деген классташ досун кызматка койсо, Ш. Мирзокаримов деген өзбек улутундагы дагы бир досун Кыргыз Республикасынын ИИМинин биринчи орун басары, наркотиканы көзөмөлдөө боюнча түштүк регионунун башкармалыгына жетекчи кылып дайындаган. «Наркотрафикти» ким көзөмөлдөсө, ошол адам бүт республикадагы саясий кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизээрин жана ал адам эбегейсиз акча каражатына ээлик кылаарын Ж. Бакиев абдан жакшы билчү. 2010-жылдын июнь айындагы эки улуттун ортосундагы кагылышуу дал ушул булактан каржыланып турган. Ал эми түштүктөгү наркобарондордун көпчүлүгү өзбек улутунун өкүлдөрү экендиги жалпыга маалым.
Мисалы, Мамаханов Хайруллонун уулу 2001-жылы 200 г героин менен колго түшкөн. Ал эми анын аялы 1965-ж. туулган Мамаханова Салия Раимжановна 2010-жылдын 21-июнунда «махаллаларды» тазалаган учурда 37 кг гашиш, 495 г опий, 610 г героин менен кармалган жана анын үйүнөн төмөнкү курал-жарактар да чыккан: ПМ 9 мм – 1 даана 116 патрону менен, пистолет (модели аныкталбаган) – 1 даана 5 патрону менен, 5,45 мм – 1 даана 17 патрону менен, граната Ф-1, 3 автомашина КАМАЗ – бронемашина сыяктуу согушка даярдалган, мамлекеттик номери: 1) О 2239 Е; 2) О 1730 F; 3) О 2934 F. Ош шаарынын ИИБ кызматкерлери тарабынан Мамаханова С. Р. ушул фактылардын негизинде Кылмыш кодексинин 247- (2-б.), 241- (1-б.) беренелерине ылайык кылмыш иши (дело № 41-10-303) козголгон жана Ош шаарынын ИВСга камалган. Кийинчерээк иш козголуп, УКМКга өткөрүлүп берилген. Андан соң, Кара-Суу районунун соттору тарабынан белгисиз себептерден улам бошотулуп жиберилген. Ал эми Х. Н. Мамахановго кылмыш иши козголуп, бирок өзү алигиче табыла элек.
Мындай мисалдар абдан көп. Өзбек улутундагы наркобарондордун (бай-батчалар) саны аябагандай өскөн. Өзбек улутундагы жаштардын арасында наркомандар көп экени да анык. Анысы аз келгенсип, Кабылжан Курбанов деген өзбек улутундагы атуулду Ош ИИБинин уруксат берүү системасынын (курал-жарак, лицензия ж.б. орчундуу маселелер) ага инспектору кылып дайындайт. Ош шаарынын атуулдарына, айрыкча өзбек улутундагы жарандарга 388 адамга курал-жарак алууга уруксат берген, аларды ок-дары менен дагы жабдыган адам мына ушул Курбанов болгон. Ал Ош окуясы болор күнү, 9-июнда жумушка чыкпай койгон, себеби ал коогалаң болорун билген, ал эми коогалаңдан кийин жумушуна таптакыр келген эмес. Ошондон улам кызматынан айдалып, башка эч кандай жаза ала элек. Ошондой эле, көптөгөн мамлекеттик мекемелерде иштеген өзбек улутундагы жарандар 2010-жылдын 8–9-июнь күндөрү жумушка чыгышкан эмес. Бул фактылар – өзбек улутундагы көпчүлүк жарандардын коогалаңдын болорун билишкендигинин жана даярдык көрүшкөндүгүнүн далили.
Мына ошентип, эки экс-президенттер өзбек улутундагы лидерлер менен дайыма астыртан соодалашып келишкен, жеке керт баштары үчүн, мындайча айтканда, президенттик креслолорун сактап калыш үчүн, ушундай ыпылас жолдорго барышкан. Алар эч качан 1990-жылы болуп өткөн кандуу Ош окуясына саресеп салышкан эмес. Ар бир саясатчы, кыргызы болобу, өзбеги болобу, ким болсо болсун, өтө бийик жоопкерчиликти сезүү менен ойлонушу, саясий соодалашуунун аягы улуттук кагылышууга алып келерин билиши зарыл. Ошондой эле, мындан ары бир тууган элдердин бири-биринин канын төгүшүнө жол берилбеш керектигин ар бир саясатчы көңүлүндө бекем тутууга тийиш. Себеби, Ош окуясы бир эле жолу эмес, үч жолу болуп өттү.
Кимде ким мындан ары өзүнүн жеке саясий кызыкчылыгын көздөп, так талашууда карапайым элдин уул-кыздарын курмандыкка чалса, Ош окуясын кайталайм деп, же болбосо, сепаратисттик багытта иш алып барып, автономия уюштурууга аракет жасаса, ага окшогон зыянкеч «лидерлерди» эл душманы катары атып салса да эч аша чапкандык болбос эле.
Курманбек Бакиев 2009-жылы элдин абалын көрүп туруп, бүт электр энергиясына, жылуулукка, мобилдик телефондордун тарифтерине кошумча төлөмдөрдү киргизүүгө жол берди. Уулу Максим Бакиевге бүт республиканын бюджетин көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн берип салды. Республикада Максим Бакиевсиз бир да маселе чечилбей калган учурлар да болду. Ал эми мыйзамдар болсо, каалагандай тебеленип тепселенди.
Акыйкат үчүн айта кетиш керек, Курманбек Бакиев Аскар Акаевден республиканын бюджетин 2005-жылы 17,0 млрд сом менен алса, 2010-жылы мамлекеттин бюджетин 61,0 млрд сомго жеткизген. Пенсия, пособие көбөйүп, экономикалык маселеде өлкөбүздө жылыш бар экени көрүнүп калган.
Бакиевдин кетирген каталары:
биринчиден, 2005-жылы 24-мартта төңкөрүш жасаган оппозициядагы замандаштары менен бийлик бутагын тең бөлүшүп, алар менен бирге бийликке келип, бийликтен бирге кетип, эл үчүн ак эмгек өтөшү керек болчу;
экинчиден, мамлекеттик кызматтарга үй-бүлөсүн аралаштырбаш керек эле;
үчүнчүдөн, кадрдык маселеде теңдиктик, албетте акыйкат, адилет бийлик жүргүзүлүшү зарыл болучу. Кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматтарга тартууда регионалдык, улуттук жана гендердик балансты тең салмактуу кармашы зарыл эле.
5. 2010-жылдын 7-апрели – экинчи төңкөрүш.
Жогоруда айтылган көрүнүштөрдүн кесепетинен, 2010-жылдын
7-апрель күнү мурунку оппозицияда бирге жүргөн, Курманбек Бакиевди өздөрү такка алып келген, бирок бийлик талашып, бийликке жетпей калган, Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыгышып, кийин кайрадан оппозиция маанайга өтүшкөн Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Болот Шер, Асия Сасыкбаева жана башкалар кайрадан төңкөрүш жасашты. Тилекке каршы, бул ирет да кандуу төңкөрүш болду. Бийликти сактап калуу үчүн Ак үй тараптан атылган ок жаза кеткен жок – ондогон уул-кыздардын өмүрүн жалмап кетти. Көтөрүлүш чыгарган жарандардын колунда да курал-жарак болгондугу ошол эле атышууларда ачык көрүндү.
Оппозиция лидерлери 2010-жылдын 6-апрелинде Талас шаарында элди көтөрүштү. Алардын башында Болот Шер турган болучу. Кыргыз Республикасынын ошол убактагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Талас шаарында милиция кызматкерлерин карапайым калк тарапка ок атпоосун жана областык Ички иштер башкармалыгынын карамагындагы ок-дарылар, курал-жарактардын элге өтүп кетпешин талап кылып, мыйзам чегинде иш алып баргандыгы да, ошону менен бирге эле элге кайрылганда одоно сүйлөгөндүгү да анык. Ошентип, Талас шаарында, айрым жарандар Конгантиевди чексиз мыкаачылык менен ур-токмокко алышкан. Генералдарга мындай кордукту Улуу ата мекендик согушта фашисттер да жасаган эмес. Бул көрүнүштү бүт дүйнө жүзү массалык маалымат каражаттары аркылуу көрдү жана кыргыз улутунун аброюна кетпес так түштү.
Ал эми Бишкек шаарында 2010-жылдын 6-апрель түнү оппозициянын лидерлерин Бакиевдин бийлиги камакка алган эле. Алардын көпчүлүгү 7-апрель күнү саат 12.00дөн саат 17.00гө дейре бошотулган. Бирок, эмнегедир, алардын бири да Ала-Тоо аянтында, Ак үйдө болуп жаткан атышууларды токтотууга аракет жасашкан эмес. Ал эми А. Эркебаев, Э. Ибраимовалар өздөрү УКМКнын мекемесине барып, бизди да камакка алгыла деген талаптарын коюшкан. Мындай демилге эмне себептен чыккан, балким алар абалдын эмне болорунан алдын ала кабардар болушканбы деген ойдо каласың.
Ошентип, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда экинчи жолу төңкөрүш болуп, Курманбек Бакиев эл, жеринен жөн эле качпастан, ал дагы Аскар Акаевге окшоп көптөгөн жарандарыбыздын бейкүнөө өлүмүнө себепкер болуп качты. Бирок, видео материалдардагы фактылардын негизинде дагы кимдер 7-апрелдеги төңкөрүштө жөнөкөй карапайым элдерди, милицияларды кепка кийген, жоолук менен мурдун, оозун көрсөтпөй байлап алып, кадимкидей атып жатышкан атуулдар болушкан. Алар кимдер, булар кимдин адамдары деген суроо туулат. Эмне себептен УКМКнын кызматкерлери Форум ишканасына 2 машина толо курал-жарактарды алып барышып, алардын топтолгондор тарабынан тартылып алынышына шарт түзүп берген? Алар кимдер, видео материалдагы курал колдонгон жарандар жоопко тартылдыбы?
Снайперлерди республикабызга ким алып келген, алардын саны канча, канчасы каза болгон, тирүү калгандары азыр кайда, аларды кимдер жалдаган? Бакиев, Үсөнов, Суталиновдун, кийинки кармалган мамлекеттик жооптуу кызматкерлердин өлкөбүздөн качып чыгып кетишине кимдер, кантип жардам беришкен?
Экс-коргоо министри Бакытбек Калыев бир дагы армия кызматкеринин карапайым калкка карата ок атуусуна жол берген эмес. Андай болсо, эмне себептен ал өзү жалгыз баары үчүн жооп бериши керек?
6. Убактылуу Өкмөт
Ошентип, Кыргызстандын тарыхында 2010-жылдын 7-апрели кандуу окуянын болгон күнү болуп катталды. Карапайым элдин уул-кыздарынын өмүрүнүн кыйылышына себеп болгон Бакиев эл-жеринен чыгып кетүүсү менен өлкөдө жаңы кырдаал түзүлдү. Оппозиция лидерлери Р. Отунбаева,
А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Т. Сариев, А. Бекназаров, Т. Тургуналиев, И. Исаков, Э. Ибраимовага эл тарабынан эч кандай ыйгарым укук берилбесе да, өз алдынча Убактылуу Өкмөт түзүшүп, бийликти бөлүшүп, мамлекеттин, элдин тагдырын 2010-жылдын 7-апрелинен баштап өз мойундарына алышты да, декрет менен иш алып бара башташты.
Миллиондогон АКШ долларларын, куйма алтындарды жана башка акча каражаттарын ар кайсы банктардын ячейкаларынан тинтип табышты, бирок, тилекке каршы, ал байлыктардын бир тыйыны да өлкөбүздүн казынасына келип түшкөн жок. Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына түшкөн каражаттардын суммасы болсо так эмес, алардын кайда жумшалганын Улуттук банк билбейт. Бул суроолорго кийинчерээк кайрылабыз.
Убактылуу Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
IV чакырылышын, Конституциялык Сотту жана башка бийлик бутактарын декреттер менен жойду да, өлкөнү өздөрү каалагандай калчоого өтүштү. Республикабызды Президенттик бийликтен Парламенттик бийликке өтүү керектигин, ал үчүн баш мыйзам Конституцияны кайрадан жазып чыгып, кабыл алуу керектигин элге таңуулоону жүзөгө ашырышты.
Кыргызстандын 5,5 миллиондон ашуун калкы ушул Убактылуу Өкмөттөн чоң бурулуштарды, жаңыланууну күтүп, өлкөбүздү гүлдөтүп, элибиздин абалын оңойт деген үмүт менен, алардын бардык айткандарына макул болушту, ошону менен бирге саясий элита да эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Элдин үмүтү аткарылдыбы, тилекке каршы, аткарылган жок. Экинчи төңкөрүштөн кийин, болгон инвесторлор өлкөбүздөн чыгып кеткени аз келгенсип, чек аралар жабылып, республикабыздын саясий, экономикалык, социалдык абалы оорлошуп, өлкө туңгуюкка келип капталды.
Конституцияны кайра иштеп чыгуу боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев комиссия түзүп, өзү ал комиссиянын төрагасы болуп, өлкөбүздү парламенттик башкарууга алып келе турган баш мыйзам жазууга бел байлады. Референдумдун, парламенттик шайлоолордун ушул баш мыйзамдын негизинде өткөрүлөѳрүн жар салды. Ага аргасыз саясий элита да, карапайым калк да макул болушту.
Бирок, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү демейдегидей эле тымызын түрдө «мен лидермин» деген өзбек улутундагы жарандар менен акырын соодалашып жатышканын эч ким анда билген эмес.
Ө. Текебаев комиссиянын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Конституциясын белгилүү максаттар менен, ПРООНдун каржылоосу аркылуу өзбек тилине котортуп, анын миңдеген нускасын өзбек тектүү жарандарына таркатылган. Ө. Текебаевдин мындай кадамдарына күч органдары тийиштүү чара көрүшү керек болчу, бирок азыркы күнгө чейин бул маселеге көз жумуп келе жаткандыктары таң калыштуу. Бул саясатчынын мындай кадамдарын убагында чыккынчылык катары кабыл алгандар да болгон. Өлкөбүздүн баш мыйзамын өзбек тилине которуу менен өзбек сепаратисттик күчтөрүнө автономия түзүү, өзбек тилинин статуска ээ болушу, ж. б. талаптарынын аткарылышына үмүт бергендей болгон.
Ушул оор шартта турган мамлекетибиздин абалынан пайдаланган
К. Батыров, Ж. Салахидинов, А. Сабиров, И. Абдурасулов, Д. Сабиров,
К. Абдуллаева жана башкалар бир туруп Р. Отунбаева, бир туруп А. Атамбаев менен жолугушуп турушкан. Алар да Батыровдор менен жолугушкандыктарын танбайт. Бирок эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн, биз, комиссия мүчөлөрү ачык-айкын биле албадык. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өзбек улутунун лидерлери менен кээ бир маселелер жөнүндө баарлашкандыктарын айтышат. 2010-жылдын 21-майында түнкү саат 23.00дө «Кыргызстан элдеринин Ассамблеясында» өзбек диаспорасынын кабинетинде Э. Каптагаев жана Равшан Сабиров менен сепаратисттик маанайдагы өзбек улутунун «лидерлери» А. Сабиров, И. Абдурасулов, Д. Сабиров, К. Абдуллаева, М. Абакжанов, У. Абдисаламов, Б. Жураев, ж. б. сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. К. Батыровду жоопко тартпоо талабы коюлган. Ал эми А. Сабиров Э. Каптагаевге атырылып сүйлөп, 2010-жылдын 14-майында Жалал-Абадда өзбектер көп өлдү деген дооматын койгон, чынында абал башкача болчу. К. Абдуллаева болсо, «Батыров, Текебаевдин тапшырмасы менен иштеп жаткан» деп ачык айткан. Ошондуктан, «Батыровду камай албайсыңар» деген. Эртеси, 2010-жылдын 22-майында Р. Отунбаева бул топту кабыл алган, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн Президент комиссияга айтып берген.
Тилекке каршы, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ортосунда ынтымак ыдырап, тың чыкмалары өз партиясы менен шайлоого барарын билдиришип, өзбек улутунун добуштарын өз партиясына тартыш үчүн «мен лидермин» деген өзбек тектүү атуулдар менен ар бири өз алдынча соодалашууга өтүшкөн.
Мына ушундай жолугушууларды көргөн Өмүрбек Текебаев алдыдагы Парламенттик шайлоодо өзбек калкынын добуштары башка партияга кетип калышынан чочулаган жана бир тууган иниси Асылбек Текебаев менен Кадыржан Батыровду бири-бирине жакындаштырган. Мындай көрүнүштөрдөн кийин Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ортолорунда өзбек калкынын добушун шайлоодо алуу үчүн бири-бирине кызганыч сезимдери пайда болот да, ар бири өзүнчө соодалашууга барышат.
Ал эми Батыров баштаган сепаратисттик маанайдагы топ мындай көрүнүштөн кийин, чирене башташып, койгон талаптарынын саны өсө берген. Ошондой эле, Батыровдор Убактылуу Өкмөт өзбектерсиз түштүк аймагында бийлик орното алышпайт деген тыянакка келишкен жана сепаратисттик күчтөр көп жылдар бою курал-жарак менен камсызданып келишкен, өздөрүнчө көптөгөн пландарды түзүшкөн. Ошондуктан, Батыров 2010-жылдын май айында Ош, Жалал-Абад областтарында чогулган өзбек жарандарынын алдында «биз бул жагдайды 20 жыл күттүк эле» деп ачык айткан.
Койгон талаптары :
– Кыргызстандын түштүк аймагында өзбек автономиялык областын түзүү, анын жетекчилигине сөзсүз өзбек улутунун өкүлүн дайындоо (алар кимдер болот, тизмесин да аныктап коюшкан);
– өзбек тилине мамлекеттик тил деген статусту берүү, кыргыз тилинин статусу менен бирдей деңгээлде болуп, бүт мамлекеттик мекемелерде документацияны өзбек тилинде жүргүзүү;
– мамлекеттик мекемелерде жана күч органдарында өзбек улутундагы жарандарды кызматка алуунун санын көбөйтүү;
– республикалык деңгээлдеги мамлекеттик мекемелердин жетекчилигине өзбек улутунан дайындоону арттыруу;
– бүт мектептердин окуу программасына «өзбек тили» кирип, аны чет тили катары окутуу;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттык мандатка ээ болуш үчүн өзбек улутундагы жарандарга депутаттардын санынан 30 % квота катары бөлүп берүү ж. б.
Мына ушундай талаптардын коюлгандыгын көптөгөн кыргыз жана өзбек жарандары да тастыктайт. Ош ИИБ кызматкерлери, башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги П. Асанов Батыровдун өткөргөн митингдериндеги талаптарын, 2011-жылдын 8-январында берген официалдуу видео маалыматы менен тастыктайт. Ош областынын ИИБ полковниги Зулумов Шакир (улуту өзбек) ал дагы бул талаптарды сепаратистик топтор талап кылышканын далилдейт.
Ал эми 2010-жылдын 12-октябрында «Тамчы кабар» гезити «www.stringer.ru» сайтында чыккан «Түштүк окуясын К. Батыров,
Ө. Текебаев жана А. Атамбаев уюштурганбы?» деген маалыматта түштүк жергесинин өзбек автономиясы болорун, ал автономиянын жетекчиси Батыров боло тургандыгын, кайсы райондор Автономияга кирерин (Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон), Ноокатты кошподук деп айтып, ушул аталган шаар райондор «өзбек автономиясына» кире турган картага түшүрүлүп көрсөтүлгөндүгү жазылган. Өзбек элинин «лидеримин» деген Батыров, өзбек элинин бейкуттугун ойлогон эмес, ал жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон. Мындайча айтканда, өзбек автономиясынын президенти болуш үчүн карапайым өзбек элин кайгыга салган. Мына ушуну ар бир өзбек билиши, түшүнүшү керек, «мен лидермин» деген кайрадан өзбек улутунан бирөөлөр чыкса, өзбек эли ага ишенип, кайрадан кайгыга батпашы керек.
Кыргыз эли да «лидерлерди»: Акаевди, Бакиевди жана Убактылуу Өкмөттү көрдү. Көрсө, алардын баарына тең, бийлик гана, байлык гана керек экен, алар да кыргыз элин терең кайгыга салышты.
Мени бир нерсе абдан таң калтырат, 1990-жылдын 2-мартында
А. Масалиевдин атына жазылган катта өзбек улутунан турган СССРдин Эмгек баатырлары С. Алимов баштаган топ да, өлкөбүздүн түштүк жергесин «өзбек автономиясын» куруу боюнча төмөнкү шаар, райондорду сурашкан: Ош, Кызыл-Кыя, Сузак, Базар-Коргон, Ленинский (Ноокен), Араван, Ала-Бука, Кара-Суу, Өзгөн. Бул эмне капысынан чыккан дал келүүбү? Албетте, жок. Бирок, Комиссия иликтеп жаткан учурда А. Атамбаев да,
Ө. Текебаев да бул макаладагы жазылгандар жалган жалаа экенин айтышты.
Фергана өрөөнүндө «халифат» түзөбүз деген күчтөр, Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчилери ким болбосун, аларды өз куралдарына айландыраары талашсыз болуп калды. Фергана өрөөнүнө «халифат» орното алышса, андан ары Өзбекстан Республикасына эле эмес, Орто Азияга орнотуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү калетсиз. Ошондуктан, Ош окуясы - Кыргызстандын эле проблемасы эмес, бүтүндөй Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн проблемасы болуп эсептелет, себеби кыргыз, өзбек улуттары бардык Орто Азия өлкөлөрүндө жашашат.
Канчалык аракет кылсам да, Батыров менен бетме-бет жолуга албадым. Батыров баштаган топ, айрым Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бир нерсени эске алышкан эмес, алар – кыргыз эли жоош, сабырдуу, меймандос, кек сактабаган, эч качан биринчи болуп башка улуттарга катылбаган, бирок бирөө катылса, ким болбосун, анын катыгын берген улут экенин жадыларынан чыгарып коюшкан. Кыргызстанда 80 улуттун өкүлдөрү ээн-эркин жашап жатышат. Ал эми кыргыз улутунун Өзбекстанда жашаган абалын айтпасак да белгилүү. Дагы бир ыйык нерсе – кыргыз эли эч качан ата-бабасынан калган жерин бирөөгө бербейт, өлсө өлөт, бирок жерин, намысын эч кимге тепселетпейт. Бара турган башка жери да жок. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кыргыздар ич ара бөлүнгөнү менен, башына иш түшкөндө монолиттей биригип кетерин билчү. Кыргыз элинин өтө намыскөй эл экенин унутпоолору керек эле (патриоттор ошол эле мурунку оппозиция, Убактылуу Өкмөт, же азыркы Парламенттеги депутаттар эмес, чыныгы патриоттор элдин арасында, ушуну ар бир саясатчы билиши керек). Балким, алар өздөрүнүн кыймыл-аракеттери менен мындай зор трагедияга алып келээрин ойлобогон чыгар.
1990-жылкы Ош окуясынан кийин Акаев да, Бакиев да улуттар аралык мамилеге, айрыкча кыргыз менен өзбек улуттарынын мамилеси бычактын мизинде турганына саресеп салбагандай, тилекке каршы Убактылуу Өкмөт да саресеп салган жок.
Мурдагы жана азыркы жетекчилер Оштун «наркотрафиктин» жолу экенин, ИДУ, СИД ж. б. күчтөр бар экенин эске алышкан эмес. Анын үстүнө Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көздөгөнү бир гана – бийликке жетүү, Бакиевдин жана башкалардын байлыктарын бөлүштүрүү гана болуп калган. Азырынча, ушунун баары алардын абийиринде болсун дегенден башка чара жок.
Албетте, соодалашуулар жөндөн-жөн болгон жок, Батыровдон Бакиевдердин ата-конушун жер менен жексен кылуусун, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановдун бийлигин сактап калышын талап кылышкан. Кадыржан Батыровдун ар түрдүү сайттарга, видео аркылуу берген маалыматтарына таянсак, көптөгөн иш-чаралары үчүн Өмүрбек Текебаевди күнөөлөп, аны менен бат-бат жолугушуп турганын жашырган эмес. Ошондой эле ал Р. Отунбаеваны, И. Исаковду, А. Бекназаровду, М. Мырзакматовду күнөөлөйт, бирок өзүн күнөөлүүмүн деп эч качан эсептебейт.
Достарыңызбен бөлісу: |