Кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"



Дата04.07.2016
өлшемі181.44 Kb.
#177234
түріКодекс
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамынын 2-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген “Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

I бөлүмүнүн 1-главасындагы “Жалпы жоболордо”:

- 9-жана 16-абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Товарларды импорттоо” – бажы иштеринин чөйрөсүндө Бажы биримдигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла турган Бажы биримдигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ошондой эле товарларды Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү.

“Товарларды экспорттоо” – товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына же Бажы биримдигинин бажы аймагынын чегинен сырткары ташып чыгуу”.”;

- төмөнкү мазмундагы 17-абзац менен толукталсын:

“Товарды коштоочу документтер” – эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өтмөтүтүк транспорту жана электр берүү чубалгылары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен каралган ташуу учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын коштогон: эсеп-фактуралары, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле товарлар тууралуу маалымдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык колдонула турган товарлардын наркы.”.

III бөлүмдүн “КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби” 7-главасындагы:

29-пункттун 1-пунктчасынын 14-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарында ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылган экспорттук берүүлөр боюнча суроо-талаптын натыйжалары”;

- 29-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“салык салынуучу субъект тарабынан экспорттук берүүлөр жүргүзүлгөндө, зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына суроо-талап жиберүү”;

- 30-пункттун 5-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө - импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымкатынын түп нускасын”;

- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Ыйгарым укуктуу салык органы ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча материалдарды аймактык салык органдарына өткөрүп берет.”.

“КНСтин суммасынын ашып кетүүсүнүн ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби” 8-главасында:

- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө ушул салык салынуучу субъект салык органына импортко КНС боюнча анын карызы жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымкатын берүүгө милдеттүү.”;

41-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“эксперттик берүүлөрдү ырастоо максатында Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу суроо-талап жиберет;

“Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилүүчү документтердин тизмеси” 4-бөлүмүндө:

47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктчасы менен толукталсын:

“Келишимдер (макулдашуулар) боюнча Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынан товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда берилет:

- аймагына кыйыр салыктары төлөнгөндүгү тууралуу товарлар импорттолгон Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин салык органынын белгиси менен товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктары төлөнгөндүгү жөнүндө арыз;

- импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастаган банктын көчүрмөсү;

- Бажы биримдигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;

- товарларды жүктөө учурунда Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;

- алардын негизинде Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына импорттолгон товарлар сатып алынган келишимдер (контракттар);

- алардын негизинде товарларды экспорттоо ишке ашырылган келишимдер (контракттар);

- салык төлөөчү-экспорттоочунун эсебинен экспорттолгон товарларды сатуудан иш жүзүндө түшкөн акчаны ырастаган банктын көчүрмөсү;

- товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;

- нөлдүк коюмду колдонуунун негиздүүлүгүн ырастаган башка документтер;

- КНС боюнча бюджетке төлөө фактысын ырастаган документтер.”.

“Казыналык органдарда корутундуларды аткаруу” 5-бөлүмүндө:

- бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин органдарында корутундуларды аткаруу”;

- 48-жана 49-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Кабыл алынган чечимдин негизинде аймактык салык органы салык салынуучу субъекттин салыктык катталуу орду боюнча FORM STI -12 жана/же STI-013 корутундусун (мындан ары – корутунду) төрт нускада жазып берет жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет. Ар декада сайын ыйгарым укуктуу салык органы корутундулардын жана төлөм тапшырыгынын тиркемелери менен реестрди КНСтин ордун толтуруу боюнча кредиттерди ачууга Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жиберет.”;

“Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги реестрди алган күндөн баштап 3 жумушчу күнүнүн аралыгында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен бюджеттик реестрди финансылоону ачууга жана аткаруу үчүн БКга жиберүүгө милдеттүү.”;

- 51-пункттагы “РКБ” сөзү “БК” сөзү менен алмашылсын;

- 52-пункттагы “РКБ салык салынуучу субъекттин салыктык катталган жери боюнча төмөнкүлөрдү жүргүзөт:” деген сөздөр “БК” жүргүзөт:” деген сөздөр менен алмашылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Дж.Оторбаев

Министр ______________________Т. Сариев

2015-ж. «___»____________

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна



негиздеме-маалымкат
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамынын 2-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизип жатат.

Алсак, жогоруда белгиленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1, 4, 44, 52, 88, 224, 232, 234, 249, 257, 265- жана 266-беренелеринин ченемдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Бул токтомдун долбоорунун максаты болуп, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “кошумча наркка салыктын ашып кетүү суммасын изилдөөнүн, ордун толтуруунун жана бюджеттен кайтаруунун тартиби жөнүндө” Жобону Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына дал келтирүү саналат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин беренелерин өзгөртүүнү жана толуктоону эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун иштелип чыккан долбоору бекитүү үчүн сунуш кылынат.



Токтомдун ушул долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт, кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт, жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзүүгө муктаж эмес.

Бул долбоорду кабыл алуу, мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Ошону менен бирге бул долбоорго карата регулятивдик таасидин Талдоосу талап кылынбайт, анткени долбоор ишкердик ишмердигин жөнгө салууга багытталган эмес.

Коомдук талкулоону жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн, токтом Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин сайтына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган.



Коомдук талкулоону жүргүзүү учурунда токтомдун ушул долбоорубоюнча сунуш-пикирлер келип түшкөн жок.

Баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кетишинин суммасын изилдөөнщн, бюджеттен ордун толтуруунун жана кайтаруунун тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору киргизилет.



Министр Т.Сариев
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна салыштырма таблица


№№

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция


“Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө” Жобого




I бөлүм 1-глава “Жалпы жоболор
9-абзац

Товарларды импорттоо” – бажы мыйзамдарына ылайык эркин жүгүртүүгө чыгаруу режимине жараша Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып кирүү.



16-абзац

Товарларды экспорттоо” – Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде аныкталган "Экспорт" бажы режиминде салык салынуучу субъект тарабынан товарларды берүү.



III-БӨЛҮМ 7-глава “КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби”
29-пункттун 1-пунктчасынын 14-абзацы

- КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарында ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылган экспорттук берүүлөр боюнча суроо-талаптын натыйжалары;



29-пункттун 4-пунктчасы

-салык салынуучу субъект тарабынан экспорттук берүүлөр жүргүзүлгөндө, зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына суроо-талап жиберүү;



30-пункттун 5-абзацы

салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө - импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалымкатынын түп нускасын;



36-пункт

Ыйгарым укуктуу салык органы комиссиянын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдери боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактайт, архивге өткөрүп берет жана жок кылат.



8-глава “КНСтин суммасынын ашып кетүүсүнүн ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби”

39-пункт

Салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө ушул салык салынуучу субъект салык органына импортко КНС боюнча анын карызы жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалымкатын берүүгө милдеттүү.



41-пункттун 1-пунктчасы

Салык органы ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жүргүзүлгөндөн кийин Тизмеге кошулган салык салуучу субъекттер тарабынан берилген алгачкы документтердин реестринде чагылдырылган маалыматтардын тууралыгын жана ишенимдүүлүгүн ырастоо максатында маалымат чогултуу боюнча төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзөт:

1) экспорттук берүүлөрдү ырастоо максатында КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу суроо-талап жиберет;
IV бөлүм

Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилүүчү документтердин тизмеси

V БӨЛҮМ

КАЗЫНАЛЫКТЫН ОРГАНДАРЫНДА КОРУТУНДУЛАРДЫ АТКАРУУ
48-пункт

БК же РКБ корутунду алган күндөн тартып 3 календарлык күндөн ашпаган мезгилдин ичинде салыктын түрүнө жана суммасына карабастан аны аткаруу боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү.



49-пункт

БК атайын каттоо журналында корутундуну каттайт. Чечим эки нускада чыгарылат. Чечимдин БКнын жетекчиси кол койгон жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир нускасы салык төлөөчүнүн катталган жери боюнча РКБга аткаруу үчүн жиберилет, экинчиси БКда калат.


51-пункт

РКБ аны алган күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде чечимди аткарууга милдеттүү.


52-пункт

РКБ салык салынуучу субъекттин салыктык катталган жери боюнча төмөнкүлөрдү жүргүзөт:



I бөлүм 1-глава “Жалпы жоболор

Төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

9-абзац

Товарларды импорттоо” – бажы иштеринин чөйрөсүндө Бажы биримдигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла турган Бажы биримдигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ошондой эле товарларды Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү.


16-абзац

Товарларды экспорттоо” – товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына же Бажы биримдигинин бажы аймагынын чегинен сырткары ташып чыгуу”.




17-абзац менен толукталсын:

Товарды коштоочу документтер” – эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өтмөтүтүк транспоррту жана электр берүү чубалгылары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен каралган ташуу учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын коштогон: эсеп-фактуралары, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле товарлар тууралуу маалымдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык колдонула турган товарлардын наркы;


III-БӨЛҮМ 7-глава “КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби”
Төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

29-пункттун 1-пунктчасынын 14-абзацы

“- Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарында ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылган экспорттук берүүлөр боюнча суроо-талаптын натыйжалары”;

29-пункттун 4-пунктчасы

салык салынуучу субъект тарабынан экспорттук берүүлөр жүргүзүлгөндө, зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына суроо-талап жиберүү;



30-пункттун 5-абзацы

салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө - импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымкатынын түп нускасын;



36-пункт

Ыйгарым укуктуу салык органы комиссиянын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдери боюнча материалдарды аймактык салык органдарына өткөрүп берет.




8-глава “КНСтин суммасынын ашып кетүүсүнүн ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар боюнча Тизмеге киргизилген салык салынуучу субъекттин жана салык органынын иш-аракеттеринин тартиби”

Төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
39-пункт

Салык салынуучу субъекттин эсебине КНСтин ашып кетүү суммасын кайтарып берүүдө ушул салык салынуучу субъект салык органына импортко КНС боюнча анын карызы жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымкатын берүүгө милдеттүү




41-пункттун 1-пунктчасы

Салык органы ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жүргүзүлгөндөн кийин Тизмеге кошулган салык салуучу субъекттер тарабынан берилген алгачкы документтердин реестринде чагылдырылган маалыматтардын тууралыгын жана ишенимдүүлүгүн ырастоо максатында маалымат чогултуу боюнча төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзөт:эксперттик берүүлөрдү ырастоо максатында Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин, КМШга катышуучу мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу суроо-талап жиберет



IV бөлүм

Салык салынуучу субъект тарабынан салык органына берилүүчү документтердин тизмеси
47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктчасы менен толукталсын:

“Келишимдер (макулдашуулар) боюнча Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынын товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда берилет:

- аймагына кыйыр салыктары төлөнгөндүгү тууралуу товарлар импорттолгон Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин салык органынын белгиси менен товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктары төлөнгөндүгү жөнүндө арыз;

- импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастаган банктын көчүрмөсү;

- Бажы биримдигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;

- товарларды жүктөө учурунда Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;

- алардын негизинде Бажы биримдигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы биримдигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына импорттолгон товарлар сатып алынган келишимдер (контракттар);

- алардын негизинде товарларды экспорттоо ишке ашырылган келишимдер (контракттар);

- салык төлөөчү-экспорттоочунун эсебинен экспорттолгон товарларды сатуудан иш жүзүндө түшкөн акчаны ырастаган банктын көчүрмөсү;

- товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;

- нөлдүк коюмду колдонуунун негиздүүлүгүн ырастаган башка документтер;

- КНС боюнча бюджетке төлөө фактысын ырастаган документтер.”.


V БӨЛҮМ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОРГАНДАРЫНДА КОРУТУНДУЛАРДЫ АТКАРУУ


Төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

48-пункт

Кабыл алынган чечимдин негизинде аймактык салык органы салык салынуучу субъекттин салыктык катталуу орду боюнча FORM STI -12 жана/же STI-013 корутундусун (мындан ары – корутунду) төрт нускада жазып берет жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет. Ар декада сайын ыйгарым укуктуу салык органы корутундулардын жана төлөм тапшырыгынын тиркемелери менен реестрди КНСтин ордун толтуруу боюнча кредиттерди ачууга Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жиберет.


49-пункт

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги реестрди алган күндөн баштап 3 жумушчу күнүнүн аралыгында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен бюджеттик реестрди финансылоону ачууга жана аткаруу үчүн БКга жиберүүгө милдеттүү.




51-пункт

БК аны алган күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде чечимди аткарууга милдеттүү.



52-пункт

БК жүргүзөт:





Министр Т. Сариев

«___»_________2015 ж.




Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет