Кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө»


-глава. Электр орнотмолорун пайдаланууга берүү



бет2/12
Дата24.02.2016
өлшемі1.26 Mb.
#12432
түріКодекс
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

4-глава. Электр орнотмолорун пайдаланууга берүү
22. Ишке жаңы киргизилген же кайра келбеттелген бардык электр орнотмолору курулуш жана электр орнотмолору түзүлүшү боюнча ченемдик документтерге ылайык аткарылуусу, белгиленген тартипте макулдашылган долбоор документтери жана техникалык кабыл алуу - өткөрүү документтери менен камсыз болууга тийиш.

23. Электр орнотмолорун ишке киргизүүгө чейин жаңы жана кайра келбеттелип жаткан электр орнотмолору кабыл алуу-өткөрүү текшерүүлөрүнөн өтүүгө тийиш жана акты боюнча куроочу-жөндөөчү уюмдун ээси тарабынан кабыл алынышы керек. Мындан кийин ээлик кылуучу башкы жалдамачынын катышуусунда электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына тиешелүү долбоордук жана техникалык кабыл алуу-өткөрүү документтерин, жүргүзүлгөн сыноо жана өлчөмдөрдүн жыйынтыктары боюнча документтерин көрсөтөт, ошондой эле электр орнотмолоруна техникалык кароо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Электр орнотмолорун кароо акт менен таризделет жана укук бузуулар жок болсо пайдаланууга уруксат берилет, ал кошуу наряды түрүндө таризделет.

24. Заказчынын электр чарбага жооптуу адамы жана зарылчылыкка жараша, тиешелүү электр техникалык кызматкери болгондо же тейлөөгө укугу бар адистештирилген уюмдун кожоюну электр орнотмолорун тейлөөгө Келишим түзгөндө, электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан электр жабдыгын пайдаланууга уруксат берилет.

25. Кайрадан ишке киргизилген (кайра келбеттелген) электр орнотмолорун кошуу наряды электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан электр тармактарга кошулуп жаткан уюм менен Келишим түзүлгөндөн кийин берилет.

26. Кабель чубалгысын куруу процессинде заказчы электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын инспекторуна кабелди төшөөгө уруксат берүүчү документтерди көрсөтүүгө тийиш жана төмөнкүлөргө уруксат алышы керек:

а) траншеяны чубатууга өткөрүп алууга;

б) жаткызылган кабелди көмөрдүн алдында өткөрүп алууга.

27. Уставдары өз электр жабдыгын контролдоо үчүн жана башка кожоюндарда ушундай иштерди жүргүзүү үчүн электр техникалык лабораторияда электр жабдууларына текшерүүлөрдү жүргүзүүнү караштырган лицензия алуучулар жана чарба ишинин субъекттери электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан уруксат алышы керек.

28. Керектөөчүлөрдүн жана лицензия алуучулардын электр орнотмолорун куроодо кемчиликтерди, берилген ТШдан, долбоорлоо документтеринен, электр орнотмолорун куруу жана орнотуу боюнча ченемдик документтерден четтөөлөр табылганда же ушул орнотмолорду тейлөө үчүн даярдалган кызматкер болбогондо табылган кемчиликтер жоюлганга чейин электр орнотмолорун пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.

Электр менен жабдуунун автономиялуу булактарын пайдаланууга тыюу салынат, алардын кошулуу схемасы тышкы тармакка чыңалуунун берилишин болтурбаган автоматтык же кол түзүлүшүн (которуштургуч шап) караштырбайт.

29. Пайдаланууга берүү тартиби бардык керектүүчүлөргө жана лицензия алуучуларга 1000 Вга чейин жана андан жогору чыңалуудагы жаңы ишке киргизилген жана кайра келбеттелген электр орнотмолоруна жайылтылат.

30. Керектөөчүнүн убактылуу мүнөздө иштеген электр орнотмолору аларды өчүргөндөн кийин туташтыруу наряды боюнча ишке киргизилет. Керектөөчү электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын инспекторуна текшерүүлөрдүн, өлчөөлөрдүн протоколун көрсөтөт жана электр орнотмосун каратат.

31. Электр орнотмосун кошуу кошууга берилген наряддын негизинде, ал берилген күндөн тартып 5 күн ичинде электр тармактарга кошулуп жаткан уюмдун кызматкери тарабынан аткарылат.

32. Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы керектөөчү пайдаланып жаткан мезгилде электр орнотмолоруна келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.


5-глава. Электр орнотмолорун пайдаланууда тараптардын

өз ара мамилелери
33. Керектөөчү жана керектөөчү кошулган лицензия алуучу ортосундагы менчик чектери электр тармактардын баланстык таандыгы жана тараптардын пайдалануу жоопкерчилик чектеринин акты менен таризделет, ал Келишимге милдеттүү тиркеме болуп эсептелет.

34. Тиричилик керектөөчү менен ал кошулган лицензия алуучу ортосундагы менчик чектери төмөнкүлөрдө белгиленет:

1) көп батирлүү турак үйлөр үчүн аба аркылуу өткөрүүдө – имараттарда орнотулган обочолоткуларда, жер астынан өткөрүү – обочолоткуларда же үйдө же анын өзүнчө бөлүгүндө орнотулган кирги түзүлүшүнө кошулган кабелдин бурап кошулган жеринде;

2) жеке курулуштагы үйлөр үчүн, ошондой эле багбанчылык шериктиги, турак-жай-курулуш, гараж-курулуш, саяжай кооперативдери, өзүнчө турган гараждар (бокс, башка жайлар) үчүн – үй ээси же багбанчылык шериктигинин, турак-жай-курулуш, гараж-курулуш, саяжай кооперативдеринин башкармалыгы жана лицензия алуучу тарабынан кол коюлган менчикти чектерге ажыратуу актынын негизинде жекече.

Менчикти чектерге ажыратуу акты Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

35. Лицензия алуучу менен тиричилик керектөөчү ортосундагы жоопкерчилик чеги электр энергиясын керектөө түйүнүндө белгиленет.

36. 1000 В жана андан жогору чыңалуудагы электр орнотмолордогу менчик чектер:

1) аба чубалгысынын өткөөл обочолоткусунун бириктиргичинде жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн сырт жагынан жана ачык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн обочолоткуларында порталдык чоймо гирлянддардын тартылган кыскычынан чыгып өткөргүчтүн чыга беришинде;

2) азыктандырган жана четтеген чубалгылардын кабелдик киргилердин учтарында орнотулат.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн техникалык абалына менчигинде көмөкчордон, бөлүштүрүүчү түзүлүш жана электр берүү чубалгысы жайгашкан уюм жоопкерчиликти тартат.

37. Ар түрдүү уюмдарга тиешелүү бутакталган (туюк жана ажыратуучулар аркылуу) 1000 В жана андан жогору чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын абалы жана тейлениши үчүн жоопкерчилик чектери бейкаңдоо жүргүзүлгөн негизги чубалгы таянычында орнотулат. Бейкаңдоону туташтырган кыскычтардын абалына жоопкерчиликти негизги чубалгынын менчик ээси болгон уюм тартат.

38. Керектөөчү эсептөө каражаттарынын, автоматтык ылдамдык күчүн азайтуу алеттеринин жана анын көмөкчордондорунда же бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндө орнотулган башка системдик автоматика каражаттарынын сактыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

39. Электр орнотмолорун пайдаланууда электр энергиясын керектөөчү лицензия алуучу көрсөткөн кызматтардын наркын ушул Эрежелерде аныкталган мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.

40. Электр жабдууларын ишенимдүү, үнөмдүү жана коопсуз пайланууну камсыз кылуу максатында керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) завод-жасоочулардын жана башка ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык электр техникалык жабдууларды пайдаланууну камсыз кылуу;

2) Улуттук энергетика тутумунда караптык жүгүн азайтууда технологиялык жана карап соотун жабуу үчүн чыңалуунун берилишин камсыз кылган камдалган сырткы азыктандыруучу чубалгыларга жоопкерчилик жүгүн алып чыгуу менен электр менен жабдуу схемасын жакшыртуу;

3) биринчи категориядагы электр кабылдагычтары үчүн өз алдынча камдан азыктандырууну камсыз кылуу;

4) керектөөчүнүн электр техникалык жабдуусунда реле коргонуусу жана автоматташтыруунун мүнөздөмөсүнө тиешелүү лицензия алуучунун талаптарын орундатуу;

5) лицензия алуучу менен камдын автоматтык түрдө иштөө схемасын колдонууну макулдашуу;

6) ыкчам тартипти сактоо;

7) керектөөчүнүн электр орнотмолору электр энергиясынын сапатына таасир эткен учурларда тараптардын менчик чегинде электр энергиясынын сапат көрсөткүчтөрүнө Келишимге ылайык үзгүлтүксүз же мезгилдүү көзөмөл жүргүзүү;

8) өз тармактарында электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;

9) электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн ченемдик документтерине, Келишимге (Контрактыга) жана электр энергиясынын иштеп жаткан тарифтерине ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту зарыл эсепке алууну камсыз кылуу;

10) карапка, өрткө каршы чараларды жүргүзүү жана коопсуздук техникасын сактоо;

11) ага тиешелүү электр орнотмолорун жана коргонуу каражаттарынын абалын текшерүү, алдын алуу сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле бөлүштүрүү түзүлүштөрү жана трансформаторлордун жайларын учурдагы ченемдерде жана эрежелерде белгиленген көлөмдө жана мөөнөттө оңдоо;

12) электр энергиясын эсепке албастан керектөөгө жол бербөө;

13) төмөнкүлөргө кызмат күбөлүктөрү боюнча күндүн каалаган убагында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу:

- электр энергияны туура колдонууну контролдоо үчүн жана техникалык пайдаланууну уюштурууга жана электр техникалык жабдуунун абалына жана коопсуздук техникасына, электр энергиясын коммерциялык эсептөө каражаттарынын абалын жана уюштурууну контролдоо үчүн электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын;

- лицензия алуучунун уруксат берилген ишин контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын;

- электр менен жабдууга, электр энергиясын жеткирүүгө жана (же) берүүгө, электр энергиясын керектөө түйүнүнө чейин берүүгө, ошондой эле электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсептөө каражаттарына же ЭКЭАТка, Келишими бар лицензия алуучунун.

Текшерүүнүн (келүүнүн) жыйынтыктары боюнча жогоруда көрсөтүлгөн өкүлдөр акт түзүүгө, анын мазмуну менен тааныштырууга милдеттүү жана актынын бир нускасын керектөөчүгө же анын ыйгарым укуктуу адамына тапшырууга милдеттүү.

41. Керектөөчү төмөнкүлөр жөнүндө тез арада билдирүүгө милдеттүү:

1) лицензия алуучуга электр энергиясынын коммерциялык эсептөө каражаттарындагы бардык бузуулар жөнүндө, азыктандыруучу чубалгыларды өчүрүү менен байланышкан караптар туурасында, лицензия алуучуга таандык жана керектөөчүнүн турак-жайында же аймагында жайгашкан электр жабдууларда табылган бардык бузулуулар жөнүндө;

2) электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына негизги жабдуунун бузулушуна байланышкан караптар, адамдар менен жаныбарлардын электр агындын урушунан жабыркашы, бузулган электр орнотмолорунан келип чыккан өрт, ошондой эле ушул Эрежелерге каршы келген лицензия алуучунун кызматкерлеринин иш-аракеттери жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу органына уруксат берилген иштин шарттарын жана эрежелерин лицензия алуучу тарабынан бузуулар жөнүндө.

42. Керектөөчү лицензия алуучунун кызматкерине кечиктирилгис которууларды, электр энергиясын коммерциялык эсептөө каражаттарын, карапка каршы автоматташтыруу тутумун тейлөөгө, курууга (курулуш) жана лицензия алуучунун аймагында же керектөөчүнүн электр орнотмолордо жайгашкан электр тармактарын оңдоого байланышкан иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк түзүүгө милдеттүү.

Жумушту аткарган уюм аны бүткөндөн кийин аткарылган ордун жана аймакты өз эсебинен талаптагыдай абалга келтирүүгө милдеттүү.

43. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчү:

1) материалдык зыяндын ордун толтурат:

- электр энергиясынын сапатына таасир этүүчү жана лицензия алуучунун башка керектөөчүлөр менен Келишимдин шарттарын аткарбоого алып келген электр техникалык жабдууну колдонуудан келип чыккан;

- электр энергиясын керектөөчүнүн айынан (реле коргонуусу жана автоматташтыруу түзүлүшүнүн, туташтыруучу жабдуунун иштебей калышы жана башка аракеттерден) лицензия алуучунун тармактарындагы караптан өчүрүүлөрдүн өсүшүнөн келип чыккан;

2) анын күнөөсүнөн алар бузулганда электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын калыбына келтирет, оңдойт жана алмаштырат.

3) анын күнөөсүнөн бузулган электр энергиясын эсептөө каражаттарын калыбына келтирет, оңдойт, алмаштырат.

44. Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык пайдалануу боюнча жана керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү ченемдик документтерде эсепке алынбаган өндүрүштүн жана электр жабдыгын пайдалануунун өзгөчө шарттарында (жер асты, жарылуу коркунучу бар өндүрүш, электр тартуу ж.у.с.), керектөөчүдө ушул жабдууну пайдалануу жана коопсуз тейлөө боюнча атайын нускама болууга тийиш.

45. Электр берүүчү уюмдун электр берүү чубалгыларын, бөлүштүрүүчү пункттарын жана трансформатордук көмөкчордондорду оңдоого чыгаруу, ошондой эле оңдоодон кийин электр энергиясы транзит менен башка керектөөчүлөргө берилген электр тармактары аркылуу ишке киргизүү түзүлгөн Келишимге (Контрактыга) ылайык электр энергиясын берүү жана (же) жеткирүүнү ишке ашырган уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт.

46. Лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) материалдарды алуу, орнотуу жана лицензия алуучунун менчигинде жайгашкан электр жабдыгын оңдоо боюнча материалдык зыяндын ордун 6 ай аралыгында жабууга;

2) категорияланган электр кабылдагычтары, ченемдик-техникалык талаптарга жооп берген электр менен жабдуунун сырткы түзүлүш чиймелери бар керектөөчүлөрдү тынымсыз электр менен жабдууну камсыз кылууга;

3) өз тармактарында электр энергиясынын сапат көрсөткүчтөрүн контролдоо жана электр тармактарындагы электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды жүргүзүүгө;

4) ушул Эрежелерге жана түзүлгөн Келишимге (Контрактыга) ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту эсептөөнү камсыз кылууга;

5) карапка каршы, өрткө каршы иш чараларды жана коопсуздук техникасы боюнча иш чараларды жүргүзүүгө;

6) электр менен жабдуудагы тыныгууларга байланыштуу бузуулар, алардын себептери жана электр менен жабдуунун нормалдуу иш тартибин калыбына келтирүү мөөнөттөрү жөнүндө, бардык бузулган жабдуулар, лицензия алуучунун имаратында же аймагында жайгашкан керектөөчүнүн азыктандыруучу жана бөлүштүрүүчү чубалгыларынын реле коргонуусу жана автоматика түзүлүштөрү жөнүндө керектөөчүлөргө ыкчам билдирүүгө;

7) электр энергиясы менен кубаттуулукту керектөөнү чектөө графигин жана көлөмүн колдонуу тартибин керектөөчү менен макулдашууга;

8) керектөөчү менен мерчемдүү өчүрүүлөрдүн мөөнөтүн жана узактыгын макулдашууга;

9) электр берүү чубалгыларын же башка жабдууну азыктандырган карап жана мерчемделген өчүрүүлөрдүн аракетинен, эгер ушул керектөөчүнүн технологиялык жабдыгынын иштешин чектөөлөргө же электр менен жабдууда тынымдарга алып келсе, электр энергиясын берүүдө негизделген тынымдардын саны жана узактыгын Келишимде (Контрактыда) белгилөөгө;

10) төмөнкү өкүлдөрдүн кызмат күбөлүктөрү боюнча тоскоолсуз кирүүсүн камсыз кылуу:

- электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын – электр энергиясын туура колдонуу, техникалык пайдаланууну уюштуруу жана электр техникалык жабдуунун абалына жана коопсуздук техникасына, электр энергиясын коммерциялык эсептөө каражаттардын абалын контролдоо үчүн;

- Кыргыз Республикасынын энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын – уруксат берилген иштин шарттарынын сакталышын контролдоо үчүн;

- электр менен жабдууга жана (же) электр энергиясын берүүгө Келишими (Контракт) бар керектөөчүнүн – керектөөчүгө таандык электр энергиясын жана кубаттуулукту коммерциялык эсептөө каражаттарга же ЭКЭАТка.

Текшерүүчү тарап лицензия алуучуга келүү журналында катталууга, ал эми текшерүүнүн (келүүнүн) жыйынтыктарына акт тариздөөгө, бир нускасын лицензия алуучуга тапшырууга милдеттүү.

47. Лицензия алуучу тиричилик керектөөчүлөргө тараптардын менчик чектен керектөөгө чейин электр тармактарынын, электр энергиясын Тиричилик керектөөчүнүн менчигинде же үйдүн жалпы менчигинде жайгашкан, талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылат.

Турак жай уюмдарына, мекемелерге жана башка өндүрүштүк эмес керектөөчүлөргө таандык үйлөрдүн электр тармактарынын менчик чегиндеги кошулган жерлердин абалына жоопкерчиликти лицензия алуучу тартат.

48. Лицензия алуучунун аймагында жайгашкан электр жабдыгын тейлөөгө жана оңдоого керектөөчүнүн кызматкери кирүүсүн лицензия алуучу камсыз кылат.

Жумушту аткарган уюмдун кызматкери жумуш бүткөндөн кийин жумуш аткарылган жайды жана аймакты өз эсебинен талаптагыдай абалга келтирүүгө милдеттүү.

49. Лицензия алуучу Келишимге (Контрактыга) ылайык жана электр энергиясынын сапатына ченемдик документтердин талаптарына жооп берген менчик чегинде электр энергиясынын сапаты үчүн жооп берет жана камсыз кылат.

50. Лицензия алуучу анын күнөөсүнөн электр менен жабдууда тынымдар үчүн керектөөчүгө материалдык зыяндын ордун толтурат.

Тынымдын убагы электр энергиясын токтоткон же чектеген учурдан тартып Келишимге (Контрактыга) ылайык ылдамдыктын жана чыңалуунун керектүү деңгээлине чейин керектөөчү менен лицензия алуучунун документтери боюнча жалпылап аныкталат.

51. Электр энергиясын керектөөдө киргизилген чектөөлөрдөн улам лицензия алуучунун күнөөсүнөн керектөөчүгө электр энергиясы толук жеткирилбей калган, чектөөгө алып келген, электр менен үзгүлтүксүз жабдуунун жакынкы эсептешүү мезгилинде электр энергиясын орточо суткалык керектөө менен керектөөчүгө электр энергиясын толук жөнөтүлбөй калган эсептешүү мезгилинде нагыз орточо суткалык керектөөнүн ортосунда айырма катары, ошондой эле керектөөчү жана лицензия алуучунун кечиктирилгис документтери боюнча аныкталат.

Лицензия алуучунун керектөөчү менен макулдашуусу боюнча энергиянын жөнөтүлбөй калган санын күндөлүк же кийинки эсептешүү мезгилинде калган күндөрү ордун толтура алат.

52. Керектөөчүгө сапат параметрлери Келишимде (Контракт) көрсөтүлгөн чоңдуктун чегинен чыккан электр энергиясы жиберилген учурда лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык зыяндын ордун толтурат.

Лицензия алуучу төмөн сапаттагы электр энергиясынын жөнөтүлүшү үчүн керектөөчүнүн алдында жооп бербейт жана керектөөчү электр керектөөнүн белгиленген тартибин сактабаган жана Келишимде (Контрактыда) көрсөтүлгөн чоңдуктан жогору керектелген кубаттуулуктун ашып түшүшүнө жол берген мезгилде керектөөчүнүн төмөнкү сапатта чыгарган продукцияга сарптаган материалдардын наркын төлөбөйт.

53. Лицензия алуучу керектөөчүгө төмөнкүлөрдөн улам жеткирилбей калган электр энергиясы үчүн материалдык жоопкерчилик тартпайт:

1) форс-мажордук кырдаалдар;

2) электр тармактарында электр энергиясын өчүрүүгө алып келген керектөөчүнүн кызматкеринин туура эмес иш-аракеттери;

3) ушул Эрежелердин 10-главасында каралган жана Келишимде (Контрактыда) айтылган керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү чектөө жана токтотуу шарттары;

4) кесепети азыктандыруучу чубалгылардын өчүрүлүшүнө алып келген керектөөчүнүн жабдыгынын бузулушу;

5) Келишимде (Контрактыда) көрсөтүлгөн электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн тартиптерин керектөөчүнүн бузушу.

54. Келишимде (Контрактыда) айтылган чоңдуктан жогору электр энергиясынын параметрлеринен четтөө жана негизсиз тынымдын жыйынтыгында чыгашаларга кабылган учурда, керектөөчү электр энергиясы үчүн акы төлөө жана башка маселелер боюнча лицензия алуучуга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Лицензия алуучу эки жума мөөнөтүндө керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызына жооп жиберүүгө милдеттүү.

55. Эгер керектөөчү жазуу жүзүндөгү арызына жооп албаса же лицензия алуучунун жообу кайсы бир себептерден улам канааттандырбаса, керектөөчү электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылууга укуктуу.

Электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча чечимдери электр энергиясы иштеп чыгаруу, берүү жана бөлүштүрүүгө байланыштуу бардык ишканалардын, менчигинин түрүнө карабастан бардык керектөөчүлөрдүн, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жарандардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

Керектөөчү же лицензия алуучу электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чыгарган чечими менен макул болбосо, сот органдарына кайрылууга укуктуу.


6-глава. Эсептөөнүн техникалык каражаттарын орнотуу жана пайдалануу жана электр керектөөнү башкаруу
56. Керектөөчүнүн жана (же) лицензия алуучунун электр орнотмолору тиешелүү коммерциялык эсептөө каражаттары же ЭКЭАТ, электр керектөөнү контролдоочу жана башкаруучу техникалык каражаттар, ошондой эле электр орнотмолору түзүлүштөрү боюнча ченемдик документтердин жана башка ченемдик документтердин талаптары ылайык орнотулган электр энергиясынын сапатын контролдоону каттоочу алеттер менен камсыз болушу керек.

Керектөөчүнүн жана (же) лицензия алуучунун кошуу түйүнүндө 500 кВт уруксат берилген жана андан жогорку кубаттуулуктагы электр орнотмолору коммерциялык эсептөө каражаттары жана коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттары менен жабдылышы керек.

Электрдик энергиянын өтүшүн эсептөө үчүн коммерциялык эсептөө каражаттары катары агындын түз жана тескери багыты боюнча эсептегичтерди орнотуу керек.

Коммерциялык эсептөө каражаты катары колдонулган бардык индукциялык электр эсептегичтер дисктин тескери айлануусуна жол бербеген бекиткич менен жабдылышы керек.

57. Коммерциялык эсептөө каражаттары жок керектөөчүнүн электр орнотмолорун лицензия алуучунун электр тармактарына кошууга тыюу салынат.

58. Керектөөчү менен лицензия алуучунун ортосунда керектелген электр энергиясын эсептешүү үчүн коммерциялык эсептөө каражаттары же электр кабылдагычтардын иштөө мүнөзүнө ылайык келген, Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасында эсеп-кысаптарда колдонууга жол берилген ЭКЭАТ колдонулушу керек.

Коммерциялык эсептөө каражаттардын (же ЭКЭАТ) схемаларында колдонулган коммерциялык эсептөө каражаттары жана өлчөө трансформаторлору тактык классы боюнча электр орнотмолору түзүлүшү боюнча ченемдик документтерге жана мамлекеттик текшерүү мөөнөтү боюнча метрологиялык ченемдик документтерге ылайык келиши керек.

Керектөөчүгө коммерциялык эсептөө каражаттарын орнотуунун алдында алар «Ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте, жеке номурлуу пломбду милдеттүү түрдө илүү менен мамлекеттик текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарын пайдалануу процессинде Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзамында аныкталган мөөнөттө мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Электр орнотмолору (ширетүүчү жабдуу) бир заматта, күч келтирүүчү бат-бат кайталанып туруучу керектөөчүлөр үчүн коммерциялык эсептөө каражаты катары электр энергиясын электрондук эсептегичтерди гана колдонууга жол берилет.

Жогору вольттогу өлчөө трансформаторлору колдонулган коммерциялык эсептөө схемалары үчүн, конструкциялык өзгөчөлүктөрү жогору чыңалууда сактоочторду (же окшош функцияны аткарган түзүлүштөрдү) колдонууну караштырат, колдонулуп жаткан коммерциялык эсептөө каражаттардын көрүнүштөрдү каттаган түзүлүш болушу керек.

ЭКЭАТ уруксат берилген программаны колдонууга тийиш жана уруксатсыз кирүүгө жол бербеген лицензия алуучу тарабынан коюлган жашыруун белги менен камсыз болушу керек.

Активдүү (реактивдүү) электр энергияны жана кубаттуулукту коммерциялык эсептөө каражаттары электр орнотмолорунун нормативдик документтеринин талаптарына ылайык орнотулат жана аларга жооп бериши керек

59. Электр энергиясын эсептөө электр энергиясынын учурдагы тарифтерине ылайык ишке ашырылат.

60. Керектөөчүнүн ар бир тарифтик тобу үчүн өзүнчө коммерциялык эсептөө каражаттары орнотулууга тийиш. Жиктелген тариф боюнча эсептешкен керектөөчүлөрдө көп тарифтүү коммерциялык эсептөө каражаттары болууга тийиш.

61. Коммерциялык эсептөө каражаттарын, ЭКЭАТты, электр керектөөнү контролдоочу жана башаруучу техникалык каражаттарды, электр энергиясынын сапатын контролдоочу алеттерди, лицензия алуучуга маалымат берүү үчүн түзүлүштөрдү сатып алуу, орнотуу, мамлекеттик текшерүү жана аттестациялоо төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:

1) лицензия алуучунун 0,23 кВ чыңалуудагы электр тармактарына кошулган тиричилик керектөөчүлөрү – лицензия алуучунун каражаттарынын эсебинен;

2) ведомстволук же муниципалдык үйлөрдө жалдоо укугунда жашаган тиричилик керектөөчүлөрү – үй ээсинин эсебинен;

3) тиричилик эмес керектөөчүлөр - электр орнотмонун ээсинин эсебинен.

62. Коммерциялык эсептөө каражаттардын же ЭКЭАТтын, ошондой эле пломбдордун сактыгына, бүтүндүгүнө жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) коммерциялык эсептөө каражаттардын же ЭКЭАТтын техникалык абалына – алар менчигинде турган уюмга;

2) коммерциялык эсептөө каражаттардын же ЭКЭАТтын сактыгына – электр орнотмосуна алар орнотулган уюмга;

3) көп батирлүү турак үйлөрүндө жалпы үйдүн муктаждыктарына (коридорго жарык берүү) керектелген электр энергиясын эсептеген электр эсептегичтери үчүн – жалпы үй муктаждыктарынын электр жабдуусун пайдаланууну жүргүзүүгө милдеттүү уюмга.

63. Электр энергиясын техникалык эсептөө үчүн (электр энергиясын сарптоонун белгиленген ченемдеринин сакталышын контролдоо) айрым цехтерде, энергия сыйымдуу агрегаттарда, технологиялык чубалгыларда эсептөө каражаттары кошумча орнотулат. Мындай эсепке алуу каражаттары электр энергиясын эсепке алуунун техникалык каражаттарына кирет.

64. Электр энергиясын эсептөөнүн техникалык каражаттары керектөөчүнүн балансында турат. Аларды тейлөө керектөөчү же Келишим боюнча башка уюм тарабынан ишке ашырылат.

65. Турак үйлөрдө жана батирлерде, анын ичинде жеке менчик укугунун негизинде жарандарга таандык үйлөрдө ар бир тиричилик керектөөчүгө бир эсептөө электр эсептегичи орнотулат.

Тепкичтерге жарык берүүгө, лифттердин иштешине, соркыскычтарга ж. б. у.с. берилген электр энергиясын эсептөө ар бир тарифтик топ үчүн айрым жүргүзүлөт.

66. Коммерциялык эсептөө каражаттарын жана ЭКЭАТты мезгилдүү текшерүү метрология боюнча ченемдик документтерде белгиленген мезгилдүүлүк менен жүргүзүлөт.

67. Коммерциялык эсептөө каражаттарын мерчемдүү текшерүүнү лицензия алуучу гана жүргүзөт, ошол эле учурда:

1) лицензия алуучунун каражаттарынын эсебинен - лицензия алуучунун балансында турган коммерциялык эсептөө каражаттары;

2) керектөөчүнүн каражаттарынын эсебинен – керектөөчүнүн балансында турган коммерциялык эсептөө каражаттары.

68. Жаңы керектөөчү электр тармагына кошулган учурда, коммерциялык эсептөө каражаттарын же ЭКЭАТты каттоо лицензия алуучу тарабынын керектөөчүнүн электр орнотмолоруна чыңалуу берилгенден тартып 5 күн аралыгында керектөөчүнүн кошумча арызысыз аткарылышы керек.

69. Электр жабдуулары, эсептөө алеттери же ЭКЭАТ уурдалганда, бузулганда, мүлктү калыбына келтирүү күнөөлүү тарап, же болбосо жабдуулардын сактыгына жооп берген уюм (жак) тарабынан жүргүзүлөт.

Күнөөлүү жактар жок болсо, балансында бузулган жабдуу турган тарап калыбына келтирет.

70. Эсептөө түйүндө лицензия алуучу жана керектөөчү ортосундагы эсептешүүлөр үчүн активдүү жана реактивдүү энергияны жана кубаттуулукту эсептөө жүргүзүлүшү керек.

71. Керектөөчү же лицензия алуучунун катталууга таандык коммерциялык эсептөө каражаттарында каптоочтору бекитилген жеринде электр орнотмолорунун ченемдик документтеринин талаптарына жооп берген мамлекеттик текшерүүнүн мөөнөтү бар пломбдор, ошондой эле жеке номуру бар пломб болуш керек. Каттоодон өткөндөн кийин клеммниктердин капкактары аларды туташтыруу үчүн лицензия алуучуга таандык жеке номурлуу пломбдор менен пломбуланышы керек.

Керектөөчүнүн коммерциялык эсептөө каражаттарын лицензия алуучунун электр орнотмолоруна орнотууда, биринчиси жеке номурлуу пломбун лицензия алуучунун номурлуу пломбдору менен катар илүүгө милдеттүү.

Коммерциялык эсептөө каражаттарын каттоонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ал керектөөчүдө жана лицензия алуучуда сакталат.

72. Коммерциялык эсептөө каражаттардын схемаларында колдонулган коммерциялык эсептөө каражаттардын бардык электр чынжырларында же ЭКЭАТта, чыңалуу трансформаторлорунун ажыраткычтардын ишке келтирүүчүлөрүндө, коммерциялык эсептөө каражаттарына өткөргүчтө кыскычтардын бүктөмөлөрүндө, коммерциялык эсептөө каражаттардын схемаларында пайдаланылган агын өлчөө трансформаторлорунда пломбулоо үчүн ылайыктуу куралы болуусу жана лицензия алуучу тарабынын пломбулануусу керек. 0,4 кВ агын трансформаторлору, ошондой эле эсептөө алеттери электр орнотмолордо пломб илүүгө жана жеке номуру бар пломб менен пломб коюуга ылайыктуу куралы бар атайын тосмолорго орнотулушу керек.

73. Ордун которууда, алмаштырууда, эсептөөнүн эсептешүү каражаттарынын схемаларында колдонулган өлчөө трансформаторлорунда жүктөөнүн өзгөрүшүндө, ошондой эле электр энергиясын эсептөөнүн коммерциялык каражаттарынын схемасынын бузулушу же өзгөрүшүнө байланыштуу кандайдыр бир иш жүргүзүүдө керектөөчү ишти баштардын алдында лицензия алуучуга жазуу жүзүндө ал туурасында билдириши керек жана иш жүргүзүүгө уруксат алышы керек.

Жогорудагы иштерди жүргүзүү мезгилинде электр энергиясын эсептөө лицензия алуучу менен макулдашылган убактылуу схема боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Электр энергиясын эсептөөнүн убактылуу схемасын түзүү мүмкүн болбогондо электр энергиясы үчүн эсептешүү тараптардын өзүнчө документ менен таризделген макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.

74. Коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттарын туташтыруу үчүн коммерциялык эсептөө каражаттардын схемасында колдонулган өлчөө трансформаторлору, контролдоо кабелдери жана кыскычтардын бүйүрмөлөрү колдонулбайт.

Коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттары ушул Эрежелердин 58, 66, 71, 72, 73-пункттарына ылайык аткарылышы керек.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет