Кодекске, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө»


Электр менен жабдуучу уюм: Керектөөчү



бет7/12
Дата24.02.2016
өлшемі1.26 Mb.
#12432
түріКодекс
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

Электр менен жабдуучу уюм: Керектөөчү:

__________________________ ________________________
« ____» ____________20 __-жыл « ____» ________20 __-жыл

М.О. М.О.

Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү

электр энергиясы менен жабдууга келишимге

И тиркемеси

Электр энергиясын (активдүү, реактивдүү) пайдалануу туурасында отчет

20____- жылдын ____________________ айында



№№

к/с

ТК №№




Эсепте-гич-тер-

дин

№№


АСУ

Шиф-ры

Көрсөт-

мөлөр

Көрсөт-мөлөр-дүн

ар түрдүү-

лүгү

Транс-

форма-циянын

коэффи-циенти

Бар-

ды-гы

Ко-ром-жу


Бар-

ды-гы




мур-

да-

гы-

лар

азыр-

кы-

лар










































































































































































































































Керектөөчү боюнча бардыгы: ________________________________ ,

(керектелген электр энергиянын саны)

Керектөөчү cубъект боюнча бардыгы: _________________________ ,

(керектелген электр энергиянын саны)

Бардыгы: _________________________________________________ ,

(керектелген электр энергиянын саны)


Ишкананын жетекчиси: ________________________________

(аты-жөнү, колу)

Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү

электр энергиясы менен жабдууга келишимге

К тиркемеси
Керектөөчүнүн тармагында электр энергиясынын _______________кВ

(чыңалуунун чоңдугу)



коромжуну эсептөө

«___» _______________ 20__-ж. абалы боюнча




  1. Керектөөчүнүн аталышы: _________________________________ ,

  2. Дареги: ________________________________________________ ,

  3. ЖП: ___________________________________________________ ,

  4. «» косинусу ___________________________________________ ,

  5. Кубаттуулугу _______________________________________ кВА.

Эсептөө схемасы

Схеманын тууралыгын ырастаймын:


Инспектор: ______________________________________________________

(аты-жөнү, уюмдун аталышы)



Эсепти жүргүзгөн: _______________________________________________

(аты-жөнү, уюмдун бөлүмүнүн аталышы)


« _____» ___________ 20____-жыл

Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү

электр энергиясы менен жабдууга келишимге

Л тиркемеси


Керектөөчүнүн электр жылытуучу орнотмолорунун

иш тартиби жана режими
Ушул Келишим менен колдонууга уруксат берилет:

технологиялык максаттар үчүн:

  1. ______________________________________________________

(жабдуунун, орнотмонун аталышы)

  1. ______________________________________________________

  2. ______________________________________________________

  3. ______________________________________________________

жалпы кубаттуулугу _________кВт;

(саны)


жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн:

  1. ______________________________________________________

(жабдуунун, орнотмонун аталышы)

  1. ______________________________________________________

  2. ______________________________________________________

  3. ______________________________________________________

жалпы кубаттуулугу _________кВт;

(саны)


тамак даярдоо үчүн (коомдук тамактануу):

  1. ______________________________________________________

(жабдуунун, орнотмонун аталышы)

  1. ______________________________________________________

  2. ______________________________________________________

  3. ______________________________________________________

жалпы кубаттуулугу _________кВт, төмөнкү шарттарды аткарганда:

(саны)


1) электр менен жабдуучу уюмдан электр жылытуучу жабдыктарды пайдаланууга техникалык шарттарды алуу;

2) энергетика тутумунда жогорку чектеги сааттарда электр жылытуучу жабдыктардын жүгүн азайтууну камсыз кылуу боюнча иш чараларды сөзсүз аткаруу;

3) электр менен жылытуучу жабдыктарды жүктү азайтууну контролдоочу алеттер жана түзүлүштөр менен жабдуу;

4) жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн керектелген электр менен жылытуучу жабдыктарды жылытылган суунун аккумуляторлору жана энергетика тутумунда жогорку чектеги жүк түшкөн сааттарда:

- эрте мененки сааттарда: саат_______тартып________чейин;

- кечки сааттарда: саат______ тартып _______ чейин;

электр жылытуучу жабдыктарды өчүрүүчү автоматтык жабдыктар (мезгилдин релеси) менен жабдуу.

5) электр менен жылытуучу жабдыктарды кошуу үчүн электр куроо иштерин аткаруу электр менен жабдуучу уюм менен бекитилген долбоорду бекем кармоо менен жүргүзүлөт.

Электр энергиясы үчүн эсептешүүлөр 1 кВтс __________ тарифи боюнча жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаганда, электр менен жабдуучу уюм куроо жүргүзүлгөн жана ишке киргизилген убакытка карабкастан, тарифтердин эң жогоркусу боюнча электр жылытуучу орнотмону акыркы текшерген күндөн тартып кайра эсептешүү жүргүзүүгө укуктуу.


Электр менен жабдуучу уюм: Керектөөчү:

____________________________ _____________________________
« ____» ____________20 __-жыл «____» _____________20 __-жыл.

М.О. М.О.

Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү

электр энергиясы менен жабдууга келишимге

М тиркемеси
Электр керектөөнү чектөө графиктеринде жана өчүрүү

графиктеринде керектөөчүнүн катышуу

тартиби
1. Электр менен жабдуучу уюм электр энергиясын керектөөнү чектөө графиктерин түзүү боюнча ченемдик документтерге ылайык керектөөнүн мындай чектөөлөрүн белгилейт:

электр энергиясы электр кубаттуулугу

1-кезек ________________кВтс 1-кезек _____________кВтс

2-кезек ________________кВтс 2-кезек _____________кВтс

3-кезек ________________кВтс 3-кезек _____________кВтс

4-кезек ________________кВтс 4-кезек _____________кВтс

5-кезек ________________кВтс 5-кезек _____________кВтс
2. Караптык өчүрүүлөр жана жүктү ордунда азайтуу графиктерине керектөөчүнүн төмөнкү сызыктары (фидерлер) киргизилген: __________________________________________________________________________________

(фидерлердин аталышы)

_________________________________________________________________________________ ,
3. Караптык жана технологиялык сооттун актылары тиркелет.

4. Электр энергиясын керектөөнү чектөө графиктеринде, өчүрүү жана жүктүн ордунда азайтуу графиктеринде керектөөчүнүн катышуусу жөнүндө билдирүүнүн тартиби: _____________________________________________ ,

(билдирүүнүн номуру, күнү)

5. Электр энергиясын керектөөнү чектөө графиктерин ишке киргизүү жөнүндө керектөөчүгө билдирүү тартиби: ___________________________ ,

(билдирүүнүн номуру, күнү)

6. Тараптар электр энергиясын керектөөнү чектөө шарттарын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.


Электр менен жабдуучу уюм: Керектөөчү:

______________________________ ________________________
« ____» ______________20__-жыл «____» _________20__-жыл.

М.О. М.О.


Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине

2-тиркеме
Тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга

типтүү келишим
« ____» _________20___-жыл № ______
Ушул келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө», «Электр энегетикасы жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамдарынын, ошондой эле Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин (мындан ары – ЭЭПЭ) жана башка ченемдик укуктук документтердин негизинде түзүлдү.

Келишим электр энергиясын тиричилик муктаждыктар үчүн пайдаланууда менчик ээсинин, турак үйдү (батирди, турак жайды) жалдоочунун жана электр менен жабдуучу уюмдун өз ара мамилелерин аныктайт.

Турак үйдүн (батирдин, турак жайдын), дареги боюнча: ________________________________________________________________,

(облус, шаар, район, көчө, үй, батир)

________________________________________________________________,

(кыймылсыз мүлккө документ: батирдин, үйдүн, турак жайдын техникалык паспортунун (ордердин) №)

_________________________________________________________ атында

(аты-жөнү)

паспорттун сериясы _________________ № __________________________,

берилген 20__ -жылдын «___» ______ ______________________________,

(берген органдын аталышы)

менчик ээси, жалдоочусу, мындан ары «Керектөөчү» деп аталган, бир тараптан, жана электр менен жабдуучу уюм: __________________________

(аталышы)

__________________________________________________________ атында

(аты-жөнү)

_______________________________________________ негизинде иштеген

(укук белгилеген документтин аталышы)

мындан ары «Жабдып туруучу», деп аталат, экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:




  1. Келишимдин предмети




  1. Жабдып туруучу отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тарифтер боюнча Керектөөчүнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз, ишенимдүү, сапаттуу жана коопсуз жабдып турууну камсыз кылат.

Керектөөчү алган энергияга төлөйт, ошондой эле ушул Келишим жана ЭЭПЭ менен белгиленген электр керектөө режимин сактайт.

2. Жабдып туруучу кошуу түйүнүнө чейин Керектөөчүнүн электр тармактарын талаптагыдай техникалык абалда кармап турат жана коопсуздугун камсыз кылат.

3. Керектөөчү менен Жабдын туруучунун ортосундагы менчик (бөлүү) чеги төмөнкүдөй белгиленет:

1) көп батирлүү турак үйлөр үчүн (3-пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары):

- имараттарда орнотулган обочолоткуларда аба аркылуу өткөрүүдө;

- жер астынан өткөрүү – обочолоткуларда же үйдө же анын өзүнчө бөлүгүндө орнотулган кирги түзүлүшүнө кошулган кабелдин бурап кошулган жеринде;

2) жеке курулуштагы үйлөр үчүн, ошондой эле, турак-жай-курулуш (ТЖК), гараж-курулуш (ГКК), саяжай кооперативдери (СК), багбанчылык шериктиги (БШ), өзүнчө турган гараждар (бокс, башка жайлар) үчүн – үй ээси же (ТЖК), (ГКК), (СК), (БШ) башкармалыгы жана Жабдып туруучу тарабынан кол коюлган менчик чектерин ажыратуу актынын негизинде жекече. Актынын формасы ушул Келишимге А тиркемеде келтирилген.

4. Керектөөчү менен Жабдып туруучу ортосундагы жоопкерчилик чеги электр энергиясын эсептегичти жайгаштыргандан кийин сактоочтордун же автоматтык ажыраткычтардын чыгуу клеммдери боюнча белгиленет.


2. Тараптардын милдеттери
5. Жабдып туруучу милдеттүү:

1) Керектөөчүгө электр энергиясын бергенге чейин Жабдып туруучунун менчиги болуп эсептелген электр эсептегичти орнотууга;

2) Керектөөчүнү керектүү көлөмдө жана 3 кВт кубаттуулукта электр энергиясы менен үзгүлтүксүз, ишенимдүү, коопсуз жана сапаттуу жабдуу, ошондой эле жоопкерчилик чегинде 220/380 вольт чыңалууну кармап турууга;

3) Керектөөчүнү колдуунады ЭЭПЭ жана Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускама менен тааныштырууга;

4) Керектөөчүгө жалпыга маалымдоо каражаттары же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу өчүрүүгө 1 сутка мурун электр энергиясын пландалган чектөөлөр же өчүрүүлөр, алардын себеби жана узактыгы жөнүндө билдирүүгө;

5) Керектөөчүнүн катышуусунда электр энергиясын эсепке алуу алеттеринин көрсөткүчтөрүн ай сайын алууга;

6) төлөм документинде Керектөөчүнү белгиленген мөөнөттөрдө карызын төлөбөгөн учурда электр энергиясы менен жабдуу токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө өчүрүүгө 5 сутка мурда билдирүүгө;

7) бардык карыздары жоюлгандан кийин жана кошуу кызматтарына төлөгөндөн кийин гана ЭЭПЭде аныкталган мөөнөттөрдө Керектөөчүнү электр менен жабдууну калыбына келтирүүгө;

8) календарлык айда бир жолу Керектөөчүгө эсептегичтин көрсөткүчтөрүн алгандан кийин 5 күндө кеч эмес өткөн эсептешүү мезгилине ал пайдаланган электр энергиясынын эсебин берүүгө;

9) Керектөөчү ага берилген төлөм документтерде табылган каталар жана так эместиктер жөнүндө маалымат менен кайрылганда эсептелген сумманы кайра эсептөөгө;

10) электр энергиясына тарифтер өзгөргөндүгү жөнүндө Керектөөчүгө алар ишке киргизилгенге чейин бир ай мурда маалымдоого;

11) Жабдып туруучуга таандык электр тармактарынын элементтерин калыбына келтирүүгө Керектөөчү сарптаган каражаттардын ордун толук көлөмдө толтурууга;

12) жоопкерчилик чегинде зарыл көлөмдө жана тиешелүү мезгилдүүлүк менен талаптагыдай техникалык тейлөөнү жана электр менен жабдуу тутумун оңдоону камсыз кылууга.

6. Керектөөчү милдеттүү:

1) Жабдып туруучу көрсөткөн эсепке (төлөм документине) ылайык пайдаланган электр энергиясына төлөм документинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч эмес төлөөг;

2) Жабдып туруучунун жоопкерчилик чегинде электр энергиясын эсептегичке жана электр менен жабдуу тутумун кароо (оңдоо) үчүн Жабдып туруучунун өкүлдөрүнө кирүүнү камсыз кылуу;

3) Жабдып туруучуга таандык электр эсептигичтин, пломбдун жана башка жабдуунун сактыгын камсыз кылууга;

4) ушул Келишимдин 5-пунктунун 2-пунктчасы менен аныкталган кубаттуулуктан ашпоого жана электр берүү чубалгысына кошулуу ордун өзгөртпөөгө, кубаттуулугу техникалык шарттарда белгиленгенден ашкан агын кабылдагычтарды кошуу зарылдыгы жөнүндө Жабдып туруучуга жазуу жүзүндө кайрылууга жана тиешелүү макулдашуусуз алардын кошулуусуна жол бербөөгө;

5) Жабдып туруучуга андан алган төлөм документинде (эсебинде) табылган каталар жана так эместиктер жөнүндө маалымдоого;

6) берилген арызга же негиздүү мажбурлап өчүрүүгө ылайык электр энергиясын берүү токтотулган учурда электр менен жабдуу тутумуна кошууга төлөмдү Жабдып туруучуга төлөөгө;

7) жашаган жери өзгөргөн учурда – керектелген электр энергиясына карызын төлөөгө.
3. Тараптардын укуктары

7. Жабдып туруучу укуктуу:

1) Керектөөчүдөн ЭЭПЭни сактоону, ошондой эле алган электр энергияга өз убагында төлөөнү талап кылууга;

2) Керектөөчү менен макулдашуу боюнча Жабдып туруучуга таандык электр тармактарынын элементтерин калыбына келтирүүгө ал сарптаган каражаттарды пайдаланылган электр энергиясына өз ара эсептешүү сапатында же алдын ала төлөө катары эсептөөгө;

3) Керектөөчүнүн айынан электр эсептегич бузулган жана электр энергиясын уурдоо факты аныкталган учурда Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүнү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык пайдаланылган электр энергиясына кайрадан эсеп жүргүзүүгө;

4) Керектөөчүгө төлөмдү узарткан ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 % өлчөмүндө, бирок негизги карыздын суммасынан 100 % ашпаган туум эсептөөгө;

5) эгер пайдаланылган электр энергиясына төлөөнүн кармалышы төлөм документинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашса, Керектөөчүнү электр менен жабдуудан өчүрүү;

6) электр энергиясына төлөө боюнча карыздардын суммасын сот тартибинде Керектөөчүдөн өндүрүп алууга.

8. Керектөөчү укуктуу:

1) Жабдып туруучудан электр энергиясы менен үзгүлтүксүз, ишенимдүү, сапаттуу жана коопсуз жабдууну, ошондой эле электр менен жабдуу тутумун талаптагыдай кармоо боюнча иштерди өз убагында аткарууну (жоопкерчилик чегинде) талап кылууга;

2) Жабдып туруучунун ушул Келишимдин шарттарын аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана коомдук уюмдарга кайрылуу;

3) сапат көрсөткүчтөрдүн ушул Келишимдин 5-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөн четтөөлөрү менен электр энергиясын жеткирүүдө жана электр менен жабдууда тыныгуу фактыларын, ошондой эле мындан келип чыккан материалдык зыяндарды актыга жазууга; актыга Керектөөчү жана Жабдып туруучунун же энергетика маселелери боюнча мамлекеттик органдын өкүлү, ал болбогондо – Жабдып туруучуну Керектөөчү жазуу жүзүндө кабарлагандан кийин 6 сааттын ичинде Керектөөчү менен бир чубалгыдан азыктанган башка үч керектөөчү менен бирдикте кол коюлат.

4) электр энергиясын берүүнү же ушул Келишимдин 5-пунктунун 2-пунктчасындагы талаптарга жооп бербеген электр энергиясын жеткирүүнү токтотуунун кесепетинен келген зыян толук көлөмдө Жабдып туруучудан төлөтүп алууга;

5) Жабдып туруучуга таандык электр тармактарынын элементтерди калыбына келтирүү үчүн жеке каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле акыркыдан аларды өз убагында ордун жабууну талап кылууга.



4. Кызмат көрсөтүү жумуштарынын наркы жана

аларды төлөөнүн тартиби
9. Керектөөчү пайдаланган электр энергиясынын наркы – электр эсептегичтин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталган анын санына ылайык, ЭЭПЭни бузган учурда Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага жана учурдагы тарифтерге ылайык эсептелет.

10. Жабдып туруучунун жоопкерчилик чектеринде Керектөөчүнү электр менен жабдуу тутумун техникалык тейлөө, оңдоо жана коопсуз кармоо боюнча жумуштарга төлөөнүн формасы жана өлчөмү отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

11. Алынган электр энергиясына төлөм Керектөөчү тарабынан Жабдып туруучу көрсөткөн эсептер боюнча жүргүзүлөт.



  1. Тараптардын жоопкерчилиги

12. Жабдып туруучу өз убагында жана өзүнүн эсебинен ал тарабынан сапатсыз аткарылган жумуштар боюнча бардык мүчүлүштүктөрдү жоет.

13. Керектөөчү:

1) Жабдып туруучунун жоопкерчилик чегинде электр жабдуу тутумунун бузулушунан болгон чыгымдар үчүн, мындай зыян келтирүү факты аныкталса, жоопкерчиликти өзүнө алат;

2) ушул Келишимдин 7-пунктунун 4-пунктчасына ылайык эсептелген туумду төлөөнү кармагындыг үчүн Жабдып туруучуга төлөйт.

14. Каршы турууга болбогон күчтөрдүн, өзгөчө жана алдын алууга болбогон кырдаалдардын кесепетинен тараптар ушул Келишим боюнча милдеттерин толук же жарым-жартылай аткара албаса, жоопкерчиликтен бошотулат.





  1. Өзгөчө шарттар

15. Жабдып туруучу менен Керектөөчүнүн ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер тараптардын макулдашуусу боюнча чечилет. Эгер макулдашуу болбосо, кызыкдар тарап энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмга, ошондой эле сот органдарына кайрылууга укуктуу. Жабдып туруучу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер биротоло чечилгенге чейин Керектөөнү электр менен жабдууну токтото албайт.

16. А тиркеме ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.


7. Келишимдин иштөө мөөнөтү жана

тараптардын юридикалык даректери
17. Ушул Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып же Жабдып туруучунун электр тармагына Керектөөчү кошулган учурдан тартып анык деп эсептелет жана эгер тараптардын бирөө да экинчисине аны бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылбаса, жыл сайын узартылган деп эсептелет.

18. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 2 нускада түзүлөт жана кол коюлат, алардын бирөө – Жабдып туруучуда, экинчиси Керектөөчүдө болот.


Электр менен жабдуучу: Керектөөчү:

__________________________ _______________________

Дареги: ___________________ Дареги: ________________

Телефону: _________________ Телефону: ______________

«___» ____________ 20__-жыл «___» _________ 20__-жыл

Колу: _____________________ Колу:__________________

М.О. М.О.

Тиричилик керектөөчүлөрдү электр энергиясы

менен жабдууга типтүү келишимге

А тиркемеси


Керектөөчү менен Жабдып туруучунун ортосундагы баланс таандыгын (менчигин) бөлүү

акты
Биз, төмөндө кол койгондор, электр менен жабдуучу уюм: __________________________________________________________ атында

(кызмат орду, аты-жөнү)

жана Керектөөчү: ________________________________________________,

(аты-жөнү)

___________________________________________ дареги боюнча жашаган,

(облус, шаар, район, көчө, үй, батир)


Керектөөчү менен Жабдып туруучунун ортосундагы баланс таандыгын (менчигин) бөлүү чеги ____________________________________________

_________________________________________________ болуп эсептелет.

(электр аппаратынын, электр жабдыгынын, чубалгынын аталышы)
Керектөөчүнү электр менен жабдуунун сырткы схемасы техникалык шарттарга дал келет (келбейт).

Жабдып туруучу : _____________ Керектөөчү: _____________

(колу) (колу)

Электр энергиясын

пайдалануу эрежелерине

3-тиркеме


Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда

керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө

нускама
Ушул Нускама керектөөчүлөрдүн Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин (мындан ары - ЭЭПЭ) бузуулары табылган фактылар боюнча документтерди тариздөө тартибин жана керектелген, бирок коммерциялык эсептөө каражаттарында эсепке алынбаган электр энергиясынын санын эсептөө тартибин аныктайт.

Ушул Нускама керектөөчүлөрдүн менчигинде же керектөөчүлөрдүн аймагында (имараттарда) жайгашкан электр орнотмолорго орнотулган коммерциялык эсептөө каражаттарына гана жайылтылат, ал эми ушул Нускаманын 18-пунктунда жана 19-пункттун 1-пунктчасында жазылган бузууларга – керектөөчүнүн коммерциялык эсептөө каражаттарын жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүп алуу акты (ушул Нускамага В тиркеме) болгондо гана колдонулат.




  1. Лицензия алуучунун кызматкери тарабынан керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби

1. Лицензия алуучунун кызматкери керектөөчүгө келгенде, анын суроосун күтпөстөн, кызмат күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Лицензия алуучунун өкүлү сылык жана тактика кармоого милдеттүү.

2. Лицензия алуучунун өкүлү тарабынан тиричилик жана тиричиликтен башка керектөөчүлөрдүн коммерциялык эсептөө каражаттарын бардык текшерип көрүүсү, алардын көзөмөл көрсөткүчтөрүн жазып алуусу текшерүү болуп саналат, алар акт менен таризделет же көзөмөл көрсөткүчтөрүн жазып алуу тизмесине (каттам барагына) жазылат. Актынын бир нускасы керектөөчүгө тапшырылат.

Акт төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтууга тийиш:

- текшерүүнүн себеби жана максаты;

- текшерүүнүн жыйынтыктарынын мазмуну: эсептегичтин №, анын техникалык маалыматтары (тиби, агын), көзөмөл көрсөткүчтөр, бардык пломбдордун жана номерлеринин болушу;

- каралып чыккан жабдуунун жана тармактардын абалы жөнүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутунду;

- зарылдыкка жараша - керектөөчү аткарууга тийиш болгон тапшырманын бөлүгү;

- Нускаманын таасирине түшкөн бузуулар табылганда “ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө” (ушул Нускамага А тиркеме) кттын номурун көрсөтүү.

3. Керектөөчүнүн коммерциялык эсептөө каражаттарын кароодо Лицензия алуучунун кызматкеринин милдеттери:

- коммерциялык электр эсептегичти текшерип көрүү, кириш автоматы (бардык кайыштар жана пломбдордун, айнек жана корпустун бүтүндүгүн, коммерциялык электр эсептегичтердин байланыштыруучу кыскычтарынын блогунан чыккан зымдарды бекемдөө жана кошуу схемасынын тууралыгын текшерүү);

- коммерциялык эсептөө каражаттардын жана ЭКЭАТтын (чыңалуу трансформаторлору – ЧТ, агын трансформаторлору – АТ) чынжырларын пломбулоо боюнча чаралардын болушу жана абалы, ошондой эле жетиштиүлүгү, метрология кызматынын же даярдоочу – заводдун ТКБнын пломбунун жана анын иштөө мөөнөтү болушу; - коммерциялык электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн жазып алуу жана алардын электр энергиясы үчүн төлөм боюнча расмий документтердеги жазууларга дал келүүсүн текшерүү;

- коммерциялык эсептөөнүн орнотулган каражаттары менен бир жолку пломбдордун лицензия алуучунун маалыматтар базасындагы жеке номур менен дал келүүсүн текшерүү;

- электр өткөргүчүн коммерциялык электр эсептегичтен катарга киргизүүгө чейинки аралыкта жана Тиричилик керектөөчүлөрү үчүн гана АЧдан катарга чейин бутакташуу чегинде тандап же толук текшерип көрүү;

- ЭЭПЭни, ошондой эле коммерциялык эсептөө каражаттардын жана алардагы пломбдордун сактыгы, ошондой эле электр энергиясын уурдоого байланыштуу маселелерду түшүндүрүү;

- электр энергиясын эсептөөнү уюштуруу менен байланышкан Керектөөчүдө пайда болгон маселелер боюнча кеңеш берүү.


2. Керектөөчүнүн коммерциялык эсептөө каражаттарында же ЭКЭАТта ЭЭПЭни бузуу фактылары табылганда документтерди тариздөө тартиби
4. ЭЭПЭни бузуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- керектөөчүнүн күнөөсүнөн болгон бузуулар;

- керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес бузуулар.

5. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн болгон ЭЭПЭни бузууларга төмөнкүлөр кирет:

1) коммерциялык электр эсептөө түзүлүшүнүн бүтүндүгүнүн бузулушу жана башка төмөнкү бузуулар:

- коммерциялык эсептөө электр эсептегичтердин айнегинде, каптоочунда, клемм капкактарында жаракалар;

- электр эсептегичтин каптоочунун сынган айнеги, каптоочтогу, клемм капкактардагы тешиктер, коммерциялык эсептөө электр эсептегичинин дискин жасалма токтотуу үчүн куралдын болушу;

- пломбдун өзгөрүшү, Мамлекеттик текшерүүчүнүн пломбун жасалмалоо же Коммерциялык эсептөө каражаттарын жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүп алуу актынын маалыматтарына (ушул Нускамага В тиркеме) дал келбеген пломбго түшүрүлгөн белгинин болушу;

2) схеманы же коммерциялык эсептөө каражаттарын уруксатсыз пайдаланууга алып келген мындай бузуулар:

- коммерциялык эсептөө каражаттардын схемасында пайдаланылган пломб коюуга тиешелүү бардык элементте лицензия алуучу тарабынан илинген пломбдун болбошу;

- коммерциялык эсептөө каражаттардын схемаларында колдонулган өлчөө трансформаторлорунда метрологиялык кызматтын же даярдоочу-заводдун техникалык көзөмөл бөлүмүнүн пломбдорунун болбошу ;

- Коммерциялык эсептөө каражаттарын жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүп алуу актынын (ушул Нускамага В тиркеме) маалыматтары жана лицензия алуучунун маалымат базасына дал келбеген жеке номурлуу пломбду колдонуу;

3) схемага же коммерциялык эсептөө каражаттарына төмөнкүдөй кийлигишүүлөр:

- коммерциялык электр эсептегичтин агын чынжырын сагактоо үчүн бириктиргичтин болушу;

- коммерциялык эсептөө каражаттарын туташтыруу схемасын өзгөртүү;

4) төмөнкүлөрдүн эсебинен электр энергиясы эсепке албастан керектөө:

- коммерциялык электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн төмөндөткөн шаймандардын болушу;

- керектөөчүнү, анын ичинде аласа карызы үчүн же бузуулардын башка түрлөрү үчүн өчүрүлгөндү уруксатсыз туташтыруу;

- таянычтан электр эсептегичке чейин тилкедеги зымда (кабелде) обочолотуунун бүтүндүгүн бузуу же коммерциялык эсептөө каражаттарынан тышкары электр энергияны алуу максатында электр өткөргүчүн табуу же чубалгыга ыргытып туташуу;

5) төмөнкүлөрдүн эсебинен электр энергиясын эсептөөнүн анык эместиги:

- коммерциялык электр эсептегичтин туура эмес орнотулушу;

- көп тарифтүү коммерциялык электр эсептегичтер менен башкаруу схемаларда башкаруучу электр сааттарынын токтотулушу же ордунан жылышы же коммерциялык эсептөө каражаттарында катталган керектелген электр энергиясынын жана кубаттуулуктун жыйынтыктарын интеграциялоону ишке ашырган ЭКЭАТ программасына уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнүн болушу;

- коммерциялык эсептөө каражаттары же башка түзүлүштөр каттаган бузуу көрүнүштөрдүн коммерциялык эсептөө схемасында болушу;

- өлчөөчү трансформаторлордун жана (же) электр эсептегичтин тактык классына, заводдун (оңдоо уюму) тактачасында көрсөтүлгөн нагыз мааниге дал келбестик;

- өлчөөчү трансформаторлордун трансформация коэффицентинин заводдун (оңдоочу уюмдун) завод тактачасында лицензия алуучу тарабынан кабыл алынган нагыз мааниге дал келбестик.

6. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес ЭЭПЭни бузууларга төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттик текшерүүнүн мөөнөтү аяктаган коммерциялык электр эсептегичти жана (же) лицензия алуучунун менчигинде жайгашкан өлчөө трансфоматорлорду пайдалануу;

- лицензия алуучу тарабынан оңдоо жүргүзүлгөн коммерциялык электр эсептегичтин дискинин же эсеп механизминин чайналышы;

- тактык классына, электр орнотмолорунун ченемдик документтеринде аныкталган жана лицензия алуучу тарабынан кабыл алынган талаптарга жооп бербеген өлчөө трансформаторлору жана (же) коммерциялык электр эсептегичтер

- өлчөөчү трансформаторлордун жабыркашы же Лицензия алуучунун кызматкери тарабынан пломб коюлган ушул жабдуудан чынжырдын болбошу.

7. Ушул Нускаманын 5, 6-пункттарында саналып өткөн ЭЭПЭни бузууларды тапкан лицензия алуучунун кызматкери А тиркемеге ылайык табылган фактыларды ырааттуу жана так баяндоо менен ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө акт (мындан ары – акт) түзүүгө милдеттүү.

Акт А тиркемеге ылайык таризде атайын бланкаларда оңдоолорсуз жана өчүрүүлөрсүз эки нускада түзүлөт.

8. Акт керектөөчүнүн же керектөөчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен түзүлөт. Тиричилик керектөөчү тарабынан бузуулар табылганда, акт негизги батир жалдоочунун катышуусу менен түзүлөт, ал жок болгондо – электр энергиясын негизги батир жалдоочунун эсептегичи аркылуу керектеп жаткан башка жашы жеткен адамдын катышуусу менен түзүлөт.

9. Актыга бузган керектөөчү же анын өкүлү жана актты түзгөн адам кол коет. Күбөлөр болгондо, ушул адамдар да кол коюшат.

10. Керектөөчү кол коюудан баш тартса да, акт анык деп эсептелет. Мындай учурда актыда керектөөчү баш тарткандыгы көрсөтүлөт. Актынын бир нускасы керектөөчүгө тапшырылат, бирөөсү лицензия алуучунун кызматкеринин колунда калат. Актыда бир нускасы керектөөчүгө берилгендиги жөнүндө жазылат.

11. Бузган керектөөчү актыга тиркелген түшүндүрүүлөрдү жана актынын мазмуну боюнча эскертүүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу, бирок аны кол коюудан баш тартууга укугу жок.

12. Керектөөчүнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борбору жана (же) лицензия алуучунун комиссиясына жөнөтүү муктаждыгы келип чыкса, акыркысы 2,3-пункттарын же ЭЭПЭнин бузуулар жөнүндө актынын 3-пунктун толтурууга милдеттүү.

13. Акт түзүлүп жатканда керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда каралган укуктары жана жоопкерчилиги түшүндүрүлөт, бул жөнүндө актыда белгиленет.

14. Коммерциялык эсептөө каражаттарын мерчемдүү жана мерчемделбеген текшерүүлөрдү жүргүзүүдө бузуулар жөнүндө акт түзүү укугуна лицензия алуучу ээ.

15. Актынын типографиялык ыкта аткарылган номуру болушу керек жана актыларды эсепке алуу журналында (бооланган жана номурланган) же лицензия алуучунун маалыматтар базасында катталышы керек.

16. Актыда көрсөтүлөт:

- түзүлгөн күнү жана жери, акт түзгөн жактын кызмат орду, аты-жөнү;

- керектөөчү жөнүндө маалыматтар, анын керектөөчүнүк номуру, бузууларды кетирген орду, убакты жана түрү, тиричилик керектөөчүлөр үчүн жай дайындоо;

- күбөлөрдүн, эгер алар бар болсо, аты-жөнү, даректери;

- кирги автоматынын тиби, протоколго ылайык кирги автоматты өчүрүүгө койгучтун агыны (протокол болбогондо автоматтык өчүргүчтүн номиналдуу агыны), аба аркылуу кирүүдө эриме кыстырманын нагыз кесилиши жана анын же сактоочтун номиналдуу агыны же Келишимде уруксат берилген кубаттуулук;

17. Керектөөчүгө акт менен бирге ЭЭПЭни бузуу булактарын жоюу жана (же) алмаштыруу жөнүндө тапшырма берилет.


3. Коммерциялык эсептөө каражаттарында керектөөчүнүн күнөөсүнөн болгон ЭЭПЭни бузуу фактылары табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби
18. Коммерциялык электр эсептегичтин түзүлүшүнүн бүтүндүгү бузулган учурда жана төмөнкүдөй башка бузууларда түзүлгөн актыга керектөөчү макул эмес болсо:

- коммерциялык эсептөө электр эсептегичтердин айнегинде, каптоочунда, клемм капкактарында жаракалар;

- электр эсептегичтин каптоочунун сынык айнеги, каптоочтогу, клемм капкактарындагы тешик, коммерциялык эсептөө электр эсептегичинин дискин жасалма токтотуу үчүн шаймандардын болушу;

- пломбдун деформацияланышы же жасалма пломбдун болушу.

- электр эсептегич лицензия алуучунун кызматкери тарабынан алынат жана ЭЭПЭни бузуулардын акты жайгашкан пакетке салынат. Пакетке лицензия алуучунун пломбу илинет жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборуна көрсөтүү үчүн керектөөчүгө пакет тапшырылат.

Керектөөчү пакетке илинген пломбдун сактыгына жана пакеттин бүтүндүгүнө жооп берет.

Табылган мүчүлүштүктүн себептери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун корутундусу акыркы деп эсептелет жана аткарылууга жатат.

Керектөөчү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборуна экспертизаны лицензия алуучунун кызматкеринин катышуусу менен өткөрүүгө жана лицензия алуучуга ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө акт таризделген күндөн 30 күн аралыгында корутунду берүүгө милдеттүү. Лицензия алуучуга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунанын корутундусун 30 күндүн ичинде көрсөтпөгөн учурда, ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө акт Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун бүтүмүсүз күчүнө кирет.

Актыда жазылган фактылар ырасталганда, керектөөчү эсепке алынбаган электр энергиясынын санын эсептөө тартибине (ушул Нускамага Б тиркеме) ылайык эсептелген электр энергиясына гана төлөбөстөн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун кызматтарына жана лицензия алуучунун коммерциялык электр эсептегичтерин оңдоо жана алмаштыруу кызматы үчүн да чыгым тартат.

Актынын материалдары боюнча эсеп тапшырылган күндөн үч банктык күн ичинде эсеп төлөнүшү керек, мөөнөтү өткөндө лицензия алуучу керектөөчүнүн электр орнотмолорун өчүрөт.

Мындан тышкары, төлөбөгөн учурда электр энергиясын уурдоо фактылары боюнча материалдар лицензия алуучу тарабынан тергөө органдарына жазык иштерин козгоо үчүн жана керектөөчү керектеген, бирок коммерциялык эсептөө каражаттары тарабынан эсепке алынбаган электр энергиясынын наркын өндүрүп алуу үчүн сотко берилет.

Актынын материалдары ырасталбаган учурда лицензия алуучу керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун көрсөтүлгөн коммерциялык электр эсептегичти изилдөөсү менен байланышкан жана аны ташуунун, актынын иш тартиби боюнча он күн ичинде тейлөө чыгымдарынын ордун толтурат.

Коммерциялык электр эсептегичти алган мезгилде лицензия алуучу өзүнүн эсебинен керектөөчүгө башка электр эсептегичти орнотушу керек жана чыр-чатак каралып жаткан мезгилдеги эсептешүүлөр анын көрсөткүчтөрү боюнча ишке ашырылуусу керек.

19. Төмөнкү фактылар табылганда түзүлгөн акт менен керектөөчү макул эместигинде тараптардын иш-аракети:

1) схемага жана коммерциялык эсептөө каражаттарына уруксатсыз кийлигишүүгө алып келген мындай бузуулар:

- дискти жасалма токтотуу үчүн же коммерциялык электр эсептегичтин эсептөө механизминин туура иштешине таасир эткен шаймандын болушу;

- пломб коюуга таандык коммерциялык эсептөө каражаттардын схемасында керектелген бардык элементте лицензия алуучу тарабынан илинген пломбдун болбошу;

- коммерциялык эсептөө каражаттардын схемаларында колдонулган, өлчөө трансформаторлорунда метрологиялык кызматтын же даярдоочу-заводдун техникалык көзөмөл бөлүмүнүн пломбдорунун болбошу ;

- коммерциялык эсептөө каражаттарын жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүп алуу актынын (ушул Нускамага В тиркеме) маалыматтары жана лицензия алуучунун маалымат базасына дал келбеген жеке номурду менен пломбду колдонуу;

2) төмөнкүлөрдүн эсебинен электр энергиясын эсептөөнүн анык эместиги:

- коммерциялык электр эсептегичтердин туура эмес орнотулушу;

- көп тарифтүү коммерциялык электр эсептегичтер менен башкаруу схемаларда башкаруучу электр сааттарынын токтотулушу же ордунан жылышы же коммерциялык эсептөө каражаттарында катталган керектелген электр энергиясынын жана кубаттуулуктун жыйынтыктарын интеграциялоону ишке ашырган ЭКЭАТ программасын уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнүн болушу;

- коммерциялык эсептөө каражаттары же башка түзүлүштөр каттаган бузуу көрүнүштөрдүн коммерциялык эсептөө схемасында болушу;

- заводдун (оңдоочу уюмдун) тактачасында көрсөтүлгөн нагыз мааниге АТ, ЧТ жана (же) электр эсептегичтин тактык классынын дал келбестиги;

- өлчөөчү трансформаторлордун трансформация коэффицентинин заводдун (оңдоо уюму) завод тактачасындагы лицензия алуучу тарабынан кабыл алынган нагыз маанисине дал келбөөсү;

Тараптар тарабынан таризделген жана кол коюлган ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө актынын экинчи нускасы керектөөчүгө тапшырылат.

Лицензия алуучу тарабынан түзүлгөн комиссияда ушул маселени карап чыккан күн жана убагы актыда көрсөтүлөт, анда керектөөчү же аны өкүлү катары жак сөзсүз катышуусу керек.

ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө актынын материалдарын карап чыгууга керектөөчүнүн катышуудан баш тартуусу актты карап чыгууну токтотууга жана лицензия алуучу комиссиясы тарабынан чечим кабыл алууга негиз болбойт. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Коммерциялык эсептөө каражаттары аркылуу эсептелбей калган электр энергиясынын эсеби Эсептешүү тартибине (ушул Нускамага Б тиркеме) ылайык аткарылат. Протоколдун бир нускасы жана электр энергиясынын үстүнө кошумча эсеп керектөөчүгө тапшырылат.

Комиссиянын чечимин тараптар милдеттүү түрдө аткарат. Актынын материалдары боюнча эсепти жүргүзүү керектөөчү тарабынын эсеп тапшырылган күндөн кийин үч банк күн ичинде аткарылышы керек, төлөө мөөнөтү өткөндөн кийин лицензия алуучу керектөөчүнүн электр орнотмосун өчүрөт. Андан тышкары, электр энергиясын уурдоого алып келген ишенимди кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча материалдар жазык ишин козгоо – керектөөчү керектеген, бирок коммерциялык эсептөө каражаттары аркылуу эсепке алынбаган электр энергиясынын наркын өндүрүп алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга өткөрүлөт.

20. Төмөнкү схемага же коммерциялык эсептөө каражаттарына кийлигишүү фактылары табылган учурда түзүлгөн актыга керектөөчүнүн макул эместигинде тараптардын иш-аракети:

- коммерциялык электр эсептегичтин агын чынжырын сагактоо үчүн бириктиргичтин болушу;

- коммерциялык эсептөө каражаттарын туташтыруу схемасын өзгөртүү.

Эгер текшерүү маалында жогоруда келтирилген эсептешүүдө колдонулган бузуулардын бирөө табылса, бузулууну оңдоодон мурда табылган бузулууну көрсөтүү менен так схемасын чийүү керек. Чиймеде фазалардын тартибин көрсөтүү керек.

Лицензия алуучунун өкүлү табылган бузууларды тариздөө жана электр энергиясын нагыз керектелишин аныктоо иш-аракеттеринде келтирилген ырааттуулукту жетекчиликке алууга тийиш.

Тараптардын кийинки иш-аракеттери ушул Нукаманын 19-пунктуна ылайык ишке ашырылат.

21. Төмөнкүлөрдүн эсебинен электр энергиясын эсепке албастан керектөө фактылары табылганда түзүлгөн акт менен керектөөчү макул эмес болгондо тараптардын иш-аракети:

1) коммерциялык эсеп электр эсептегичинин көрсөтмөлөрүн төмөндөткөн шаймандардын болушу;

2) керектөөчүнүн, анын ичинде карызы үчүн же бузуулардын башка түрлөрү үчүн өчүрүлгөндүн өзү билип кошулуусу;

3) таянычтан электр эсептегичке чейинки жердеги өткөргүчтөгү (кабелдеги) обочолотуунун бүтүндүгүн бузуу же коммерциялык эсептөө каражаттарынан башка электр энергияны алуу максатында электр өткөргүчтөрүн табуу же чубалгыга ыргытып туташуу.

Электр кабылдагычтарды туташтыруу жана электр энергиясын коммерциялык эсептөө каражаттарынан тышкары керектөө максатында колдонууда табылган бузуу үчүн акт тариздөөдө, лицензия алуучунун кызматкери актыга электрэсептегичтен башка электр энергиясын керектөө үчүн пайдаланган жана электр энергия эсептегичинин кадимкидей иштешин өзгөрткөн схеманы кошо тиркеши керек.

Электр энергиясын колдонуунун мыйзамга каршы келген табылган факт боюнча лицензия алуучу 48 сааттын ичинде электр тармагынан ЭЭПЭни бузгандыгы үчүн акт таризделген керектөөчүнү өчүрүүгө милдеттүү.

Тараптардын кийинки иш-аракеттери ушул Нускаманын 19-пунктуна ылайык ишке ашырылат.


4. Коммерциялык эсептөө каражаттарында керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес ЭЭПЭни бузуу фактылары табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби
22. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес ЭЭПЭни бузууларга төмөнкүлөр кирет:

- лицензия алуучунун менчигиндеги мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өткөн коммерциялык электр эсептегичин жана (же) өлчөө трансформаторлорун пайдалануу;

- лицензия алуучу тарабынан оңдолгон коммерциялык электр эсептегичтин дискинин же эсептөө механизминин чайналышы;

- башка ченемдик документтерден талаптары менен аныкталган тактык классына жооп бербеген лицензия алуучунун кызмат адамы тарабынан кабыл алынган өлчөө трансформаторлору жана (же) коммерциялык электр эсептегичи;

- өлчөөчү трансформаторлордун бузулушу же лицензия алуучунун кызмат адамы тарабынан пломб коюлган ушул жабдуунун чынжырынын болбошу ;

23. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес коммерциялык эсептөө каражаттарында ЭЭПЭни бузуулар керектөөчүнүн электр энергиясын эсепке албастан керектөөнү же лицензия алуучунун кызматкери менен сүйлөшүүнү көздөбөгөн бузуулар, коммерциялык эсептөө каражаттарынын схемаларында колдонулган электр техникалык жабдуулардын техникалык мүчүлүштүктөрүнүн кесепети болуп саналат.

24. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес бузуулар категориясына кирген бардык бузуулар лицензия алуучунун буйругу менен дайындалган дайыма иштеген комиссия тарабынан 3 күндүк мөөнөттө кызматтык териштирилүүгө жатат.

Комиссия керектүү учурларда адистештирилген уюмдарды тартуу менен бузуулардын себебин жана күнөөлүүлөрдү тактоого милдеттүү.

25. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча изилденип жаткан учурдун жана бузуулардын жыйынтыгында эсепке алынбай калган электр энергиясынын көлөмүн жазуу менен акт түзүлөт.

Материалдары лицензия алуучуну зыянга учураткан ЭЭПЭни бузуулардын пайда болушуна жана жүрүшүнө шалакылык, билип туруп кылмышка жол берүүчүлүк же кызмат абалынан пайдалангандыгын белгилеген ккт териштирүү жүргүзүп жаткан лицензия алуучу тарабынан укук коргоо органдарына чара көрүү үчүн берилет.

26. Керектөөчүнүн күнөөсүнөн эмес коомерциялык эсептөө каражаттарында жогоруда саналган ЭЭПЭни бузуулар табылганда керектелген электр энергиясына эсептешүү табылган бузуулар жоюлгандан кийин эсептешүү мезгилинде орто суткалык керектөө боюнча жүргүзүлөт.

5. Коммерциялык эсептөөнүн контролдук каражаттары менен камсыздалган керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби
27. Ушул Нускаманын 3-бөлүмүндө саналып өткөн бардык аракеттер керектөөчүнүн ЭЭПЭнин талаптарына ылайык таризделген эсептөөчү контролдоо каражаттары болгон учурда колдонулбайт.

28. Нускаманын 3-бөлүмүндө жазылган коммерциялык эсептөө каражаттарын бузуулар табылганда, эсептешүүлөрдө коммерциялык эсептөөнүн контролдоо каражаттары колдонулат.


6. ЭЭПЭни бузуулар табылганда керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү токтотуу боюнча лицензия алуучунун иш-аракеттеринин тартиби жана бузуулар жоюлгандан кийин керектөөчүнүн электр орнотмолорун электр менен жабдууну калыбына келтирүү
29. Ушул тартип керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү токтотуу боюнча лицензия алуучунун иш-аракетинин ырааттуулугун белгилейт жана лицензия алуучу тарабынан керектөөчүнүн ЭЭПЭни бузган учурлары табылганда бардык керектөөчүлөргө жайылтылат.

30. ЭЭПЭни бузууларга жараша электр энергиясын берүүнү токтотуу төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- эскертүүсүз электр энергиясын берүүнү токтотуу – ушул Нускаманын 20, 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар;

- алдын-ала эскертүү менен электр энергиясын берүүнү токтотуу - ушул Нускаманын 18, 19-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар;

31. Керектөөчүгө эскертүүсүз электр энергиясын берүүнү токтотуу керектөөчүнүн ушул Нускаманын 21-пунктунда жазылган ЭЭПЭни бузуулары табылганда жүргүзүлөт. Керектөөчүнү лицензия алуучунун электр тармактарынан өчүрүү бузуулар табылгандан 2 сутка аралыгында аткарылышы керек (мүмкүн эмес болгондо өчүрүү керектөөчүнүн электр тармактарында аткарылат).

Карап жана технологиялык соот актысы колдонулган керектөөчүлөр үчүн:

- өчүрүүлөр (чектөөлөр) узактыгы акт менен аныкталган технологиялык циклдин бүтүшүн эсептөө менен жүргүзүлүшү керек;

- акт тарабынан карап сооту киргизилген керектөөчүнүн электр жабдуулары электр менен камсыз кылынышы керек.

32. Алдын ала билдирүү менен Керектөөчүгө электр энергиясын берүүнү токтотуу ушул Нускаманын 18, 19, 20 жана 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар табылганда ЭЭПЭни бузуу акты боюнча эсептелген кошумча эсепти төлөө мөөнөтүн аткарбаган учурда жүргүзүлөт.

33. Эгер керектөөчү тарабынан актыда жазылган бузуулар жоюлса, ЭЭПЭни бузуулар үчүн өчүрүлгөн жана тиешелүү акт менен таризделген керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын электр менен жабдуу калыбына келтирилүүгө жатат. Ушул учурда лицензия алуучу ЭЭПЭге ылайык керектөөчү тарабынан бузуулар жоюлгандан кийин электр менен жабдууну калыбына келтирет.

Лицензия алуучу керектөөчүнүн табыштамасы боюнча бүтүрүлгөн иштерди кабыл алып жана протокол түрүндө тариздейт. Протоколдо электр менен жабдуу Келишимге ылайык чыңалууну берүү жана электр менен жабдууну калыбына келтирүү убагы жана күнү көрсөтүлөт. Зарылдыкка жараша, Керектөөчү тарабынан эсептөө каражаттарын жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүү боюнча акты таризделет.

Керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага

А тиркемеси

ЭЭПЭни бузуулар жөнүндө №_____

акт

«_____» ______________20__-жыл

Ушул акт ___________________________________________________

(акт түзгөн кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду)

_______________________________________________________________ күбөлөрдүн

(аты-жөнү, дареги)

_________________________________________ катышуусу менен түзүлдү.

(керектөөчүнүн аты-жөнү же анын өкүлүнүн кызмат орду)

Керектөөчүнү __________________________________________ текшерүүдө,

(керектөөчүнүн аталышы же аты-жөнү)

абоненттик номуру ______ , дареги _________________________________,

(облус, шаар, район, көчө, үй)

лицензия алуучунун уруксатысыз ______________________________ жолу

(эсепке албастан керектөөнүн схемасы)

менен электр энергиясын эсепке албастан керектегендиги билинген, ______________________________________табылды жана алып ташталды.

(шаймандардын, материалдардын ж.б. аталышы)

Керектөөчү тарабынан «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-статьясы жана Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин ________________ пункту бузулган.



  1. Эсепке алынбаган электр энергиясын эсептөө үчүн маалыматтар:

- 18, 19, 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар үчүн Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө жөнүндө нускаманын Эсепке алынбаган электр энергиясын эсептөө тартибине Б тиркеменин 4-пунктуна ылайык аныкталган агындын номиналдуу мааниси _____________________ Ампер;

(агын чоңдугунун сандык мааниси)

- ушул Нускаманын 20-пунктунда жазылган ЭЭПЭ бузуулар үчүн электр энергиясын эсептешип колдонуу ________________________ кВтс;

(чоңдуктун сандык мааниси)

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборуна жөнөтүү: ________________ .

(жөнөтүү номуру жана күнү)

3. Лицензия алуучунун комиссиясына жөнөтүү _________________ .

(кароонун орду жана күнү)

Укук бузууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктары жана жоопкерчилиги керектөөчүгө түшүндүрүлдү.

Колдору:


Электр менен жабдуучу уюмдун өкүлү:

_________________________________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

Керектөөчү: _______________________________________________

(аты-жөнү)

Күбөлөр: _________________________________________________

(аты-жөнү, жашаган орду)

Керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага

Б тиркемеси
Эсепке алынбаган электр энергиясынын санын эсептөө

тартиби
1. Лицензия алуучу тарабынан табылган керектөөчүнүн Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин (мындан ары - ЭЭПЭ) бузууларынын жыйынтыгында керектелген электр энергиясынын эсеби төмөнкүдөй бөлүнөт:

1) Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускаманын (мындан ары -Нускаманын) 18, 19 жана 21-пункттарында жазылган бузуулар үчүн туташтырылган кубаттуулук боюнча жүргүзүлгөн эсеп;

2) Нускаманын 20-пунктунда жазылган бузуулар үчүн эсептелген каталык коэффицентин колдонуу менен аткарылган эсеп;

2. Нускаманын 18, 19 жана 21-пункттарында эсептелген ЭЭПЭни бузуулар үчүн керектөөчү керектеген электр энергиясынын санын эсептөөдө төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) кирги автоматтын койгучунун агыны;

2) сактоочтун эриме кыстырмасынын агыны;

3) 3,5 А\мм2 жез өткөргүчү, 1,9 А\мм2 алюминий өткөргүчү үчүн агындын салыштырмалуу тыгыздыгы өткөргүчтүн өзгөрүлмө кесилиши үчүн эсептелген агындын номиналдуу мааниси;

4) кирги автоматы же эриме сактооч болбогон учурда, орнотулган кирги өткөргүчтөгү агындын салыштырмалуу тыгыздыгы маанисинен агындын мааниси алынат.

3. Керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын кошуу жолуна жараша Нускаманын 18, 19 жана 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузууга эсептешүүлөргө төмөнкү маалыматтар колдонулат:

1) автоматтык өчүргүч же сактоочтон кийин керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын туташтырууда – ушул Б тиркеменин 2-пунктунун 1, 2-пунктчаларына ылайык аныкталган агындын эң чоң мааниси;

2) ушул Б тиркеменин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык автоматтык өчүргүч же сактоочтон мурда керектөөчүнүн электр кабылдагычтарын туташтыруу.

4. ЭЭПЭни бузуу табылган факт боюнча тиричилик керектөөчү керектеген электр энергиясын эсептөө тартиби.

1) Нускаманын 18, 19 жана 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар табылганда:

а) агын чоңдугу ушул ушул Б тиркеменин 3-пунктуна ылайык аныкталат.

б) электр энергиясынын керектелген саны төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Э = Р • T • K,

мында:

Р – электр кабылдагычтардын кубаттуулугу (кВт) төмөнкү формула боюнча аныкталат:



i) бир жазалуу электр кабылдагычтарында Р = Uф • Iф • соs φ,

мында:


U - фазанын чыңалуусу;

I - 4-пункттун а пунктчасына ылайык аныкталган номиналдуу агын;

cos = 1;

ii) Үч фазалуу электр кабылдагычтарда Р = 3 Iф • Uф • cos φ,

мында:

I – 4-пункттун а пунктчасына ылайык аныкталган номиналдуу агын;



U – фазанын чыңалуусу;

сos = 1;

T – керектөөчүнүн электр кабылдагычтарынын иштөө саатынын саны:

12 саат – апрелден тартып октябрды кошуп;

18 саат – ноябрдан тартып мартты кошуп;

К –кайтадан эсептешүүгө жаткан күндөрдүн саны:

- Нускаманын 18; 19-пункттары үчүн – көзөмөлчүнүн акыркы келген күнүнөн тартып;

- Нускаманын 20-пунктунун 1,3-пунктчалары үчүн – доонун эскирүү мөөнөтү мезгилинде;

- Нускаманын 21-пунктунун 2-пунктчасы үчүн – лицензия алуучу керектөөчүнүн электр орнотмолорун өчүргөн күндөн берки мезгилде.

2) Нускаманын 20-пунктунда жазылган ЭЭПЭни бузуулар табылганда:

а) электр энергиясынын керектелген санын эсептөө Нускаманын 20-пунктунда жазылган талаптарга ылайык аткарылат;

б) кайтадан эсептешүүгө таандык мезгил акыркы жолу коммерциялык эсептөө каражаттарын текшерген күн менен тең каралат, бирок эскирүү мөөнөтүнөн кеч эмес.

3) Эсептелбей калган электр энергиясынын саны:
НЭ = Э – Ф,
мында:

Э – ушул Б тиркемеге ылайык эсептелген электр энергиясын керектөө

Ф – эсептешүү мезгилинде керектөөчү тарабынан төлөнгөн электр энергиясынын саны (кВтс).

4) Эсепке алынбай калган электр энергиясынын эсептелген саны кайтадан эсептешүү мезгилине (айы же күнүнө) пропорциялуу бөлүнөт жана кайтадан эсептешүү мезгилинде иштеген тариф боюнча эсептелет жана кошумча эсеп жазып берилет:


С=НЭ Ц,
мында:

Ц – бузуу табылган күнү аракеттеги тарифтин чоңдугу (градациялар боюнча), кВтс/тыйын.

5. Тиричилик эмес керектөөчү керектеген электр энергиясын эсептешүү тартиби.

1) Нускаманын 18, 19 жана 21-пункттарында жазылган ЭЭПЭни бузуулар табылганда:

а) агын чоңдугу ушул Б тиркеменин 3-пунктуна ылайык аныкталат;

б) электр энергиясынын керектелген саны төмөнкү формула боюнча эсептелет:


Э = Р • T • K • Катк.,
мында:

Р – электр кабылдагычтардын кубаттуулугу (кВт) төмөнкү формула боюнча аныкталат:

i) бир жазалуу электр кабылдагычтарында Р = Uф • Iф • соs φ,

мында:


U - фазанын чыңалуусу;

I - 4-пункттун а пунктчасына ылайык аныкталган номиналдуу агын;

cos = 1;

ii) үч фазалуу электр кабылдагычтарда Р = 3 Iф • Uф • cos φ,

мында:

I – 4-пунктуна ылайык аныкталган номиналдуу агын;



U – фазанын чыңалуусу;

сos = 1, реактивдүү кубаттуулукту колдонгон электр кабылдагычтары (кыймылдаткычтар, өзгөртүүчүлөр) үчүн жабдууну жүктөөгө жараша сos колдонулушу керек;

Т – керектөөчүнүн электр кабылдагычтарынын иштөө саатынын саны 24 саатка барабар кабыл алынат.

К – кайтадан эсептешүүгө таандык күндөрдүн саны төмөнкүдөй кабыл алынат:

- Нускаманын 18; 19-пункттары үчүн – көзөмөлчүнүн акыркы келген күнүнөн тартып;

- Нускаманын 20-пунктунун 1,3-пунктчалары үчүн – доонун эскирүү мөөнөтү мезгилинде;

- Нускаманын 21-пунктунун 2-пунктчасы үчүн – лицензия алуучу керектөөчүнүн электр орнотмолорун өчүргөн күндөн берки мезгилде.

Катк. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин Аткаруу кеңеши тарабынан 5.09.2002-жылы №151-П бекитилген Жылуулук жана электр энергиясына муктаждыкты эсептөө боюнча усулдукка ылайык колдонуу коэффиценти кабыл алынат.

2) Нускаманын 20-пунктунда жазылган ЭЭПЭни бузуулар табылганда:

а) электр энергиясынын керектелген санын эсептөө иши Нускаманын 20-пунктунда жазылган талаптарга ылайык аткарылат;

б) кайтадан эсептешүүгө таандык мезгил акыркы жолу коммерциялык эсептөө каражаттарын текшерген күн менен тең каралат, бирок эскирүү мөөнөтүнөн кеч эмес.

3) Эсептелбей калган электр энергиясынын саны:

НЭ = Э – Ф,
мында:

Э – ушул Б тиркемесине ылайык эсептелген электр энергиясын керектөө.

Ф – эсептешүү мезгилинде Керектөөчү тарабынан төлөнгөн электр энергиясынын саны (кВтс).

4) Эсепке алынбай калган электр энергиясынын эсептелген саны кайтадан эсептешүү мезгилине (айы же күнүнө) пропорциялуу бөлүнөт жана кайтадан эсептешүү мезгилинде иштеген тариф боюнча эсептелет жана кошумча эсеп жазып берилет:

С=НЭ Ц,
мында:

Ц – бузуу табылган күнү аракеттеги тарифтин чоңдугу (градациялар боюнча), кВтс/тыйын.

Керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага

В тиркемеси


Коммерциялык эсептөө каражаттарын керектөөчүнүн

жоопкерчиликтүү сактоого кабыл алуу боюнча

акт
Ушул акт ____________________ -ж. №________ Келишимге милдеттүү тиркеме жана электр эсептегичтин жана коюлган пломбдун абалын мүнөздөгөн документ болуп эсептелет.
Керектөөчү ушул акт боюнча коммерциялык эсептөө каражаттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик-укуктук актыларда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Өздүк эсеп № _______________________

Ачылуу күнү: _______________________

Аты-жөнү: _________________________________________________

(аты-жөнү)

Дареги: ____________________________________________________

(облус, шаар, район, көчө, үй)


Маалыматтар:
коммерциялык агын

электр эсептегичтер жөнүндө: трансформаторлору жөнүндө:

- заводдун номуру:__________; - номуру: ____________________;

- тиби _____________________; - тиби: ______________________;

- номиналдуу агын,_______ А, ; - мамлекеттик текшерүүнүн пломбу: _____;

мамлекеттик текшерүүчүнүн чыңалуу

пломбу жөнүндө: трансформаторлору жөнүндө:

- жылы: _____________________; - номуру: ____________________;

- кварталы: __________________; - тиби: ______________________;

лицензия алуучунун - мамлекеттик текшерүүнүн пломбу: _____;

пломбу жөнүндө:

- жылы: _____________________;

- кварталы: __________________;

- пломб койгон адамдын

идентификациялык номуру же

пломбдун номуру: ____________.

Ушул акт менен каптоочтун, клемм капкагынын жана электр эсептегичтин каптоочунун бүтүндүгү аныкталат. Ушул элементтерде даярдоочу-завод тарабынан караштырылбаган жаракалардын жана башка тешиктердин болбошу.
Мамлекеттик текшерүүчүнүн жана лицензия алуучунун орнотулган пломбдорунда ушул актыда келтирилген мазмунга дал келген белги так көрүнүп турат.

Пломбдор ______________________________ жасалган, колдонулган

(пластмассадан,коргошундан)

материалына карата ______________________________________ туруктуу.

(жыгач, металл өткөргүчү)
Бул жөнүндө ырастайбыз:

Керектөөчү: Электр менен жабдуучу уюмдун өкүлү:

Аты-жөнү: ____________ Аты-жөнү: __________________

Колу: ________________ Колу: ______________________

Күнү: ________________ Күнү: ______________________

Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине

4-тиркеме
Электр менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосунда

керектелген электр энергиясы үчүн каржы эсептешүүлөрдө эсепке алынган электр энергиясынын трансформаторлордогу, электр берүүнүн кабелдик аба чубалгыларында жана өткөргүчтөрдө коромжусун эсептөө

усулдугу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Электр менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосунда керектелген электр энергиясы үчүн каржы эсептешүүлөрдө эсепке алынган электр энергиясынын трансформаторлордогу, электр берүүнүн кабелдик аба чубалгыларында жана өткөргүчтөрдө коромжусун эсептөө усулдугу (мындан ары - Усулдук) Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине толуктоо болуп эсептелет.
2. Эки оролгон трансформаторлордо тарифтер менен эсепке алынбаган электр энергиясынын коромжусун аныктоо
2. Эки оролгон трансформаторлордо электр энергиясынын эсепке алынбаган коромжусунун чоңдугун аныктоо үчүн ушул Усулдуктун 1-9-таблицаларында берилген маалыматтар жетекчиликке алынат.

3. Активдүү жана реактивдүү коромжулар үчүн эсеп жүргүзүлөт.

4. Таблицаларда Un= 10 / 0,4 кВ номиналдуу чыңалуу менен 25ден 1000 кВА кубаттуулуктагы эки ором трансформаторлор үчүн коромжулардын эсеби жүргүзүлгөн.

5. Трансформаторлордогу коромжуларды эсептөөдө кыска туташуу коромжусунун маанилери оромдорду бириктирүүнүн схемалары жана топтору: жылдыз – нөлдүк өткөргүчтү чыгаруу менен жерге киргизилген нейтрал менен жылдызча, «Y/Yн–О» болгон учурлар үчүн алынган. Эгер кубаттуулугу 250 кВА чейинки күч трансформаторлорунун оромдору Y/Zн-11 схемасына бириктирилген болсо, маанини (Ркз) 15% көбөйтөт. Эгер кубаттуулугу 400дөн 630 кВа га чейинки күч трансформаторлорунун оромдору /Yн-11схемасына бириктирилсе, маанини (Ркз) 10% көбөйтөт.

6. Трансформаторлордогу коромжуларды эсептешүүдө кур жүрүмдүн коромжусунун маанилери (Рхх) трансформатолордун магнит өткөргүчтөрү “А” барабар коромжу деңгээли менен муздак чыгарылган электр техникалык болоттон жасалган учурлар үчүн алынган.

7. Трансформаторлордогу коромжуларды эсептөөдө күч трансформаторлордун түзүлүштөрүнүн ченемдик документтери колдонулду.

8. Трансформаторлорду эсеп 3 муундагы чыгарылыш үчүн жүргүзүлдү:

- 1976-жылдан тартып;

- 01.01.87-91-жылдардан тартып 31.12.91-жылдарга чейин;

- 01.01.91-жылдардан тартып 31.12.96-жылдардагыа чейин.

9. 5%дан 100%га чейинки күч келүүнүн аралыгында трансформатордун жүгүн беш пайызга көбөйтүү менен эсеп жүргүзүлдү.
3. Эки оролгон трансформаторлордо электр энергиясынын коромжусун эсептөө усулдугу
10. Керектөөчүнүн эки оролгон трансформаторлорундагы электр энергиясынын коромжусун эсептөө үчүн төмөнкү маалыматтар керек:

а) каталог же паспорттук:

- трансформатордун номиналдуу кубаттуулугу Sн, кВа;

-Рст =Рхх кВт трансформаторунун болотунда активдүү кубаттуулуктун коромжусу;

- трансфоматордун оромдоруна Рм = Ркз, кВт номиналдуу жүк түшкөндө жездеги активдүү кубаттуулуктун коромжусу;

- iхх,, % трансформатордун куржүрүмүнүн агыны;

- Uкз, % кыска туташуу чыңалуусу;

б) эсептешүү:

- трансфоматордун реактивдүү кубаттуулугунун коромжусу, квар:

куржүрүмдө:



ixx

ΔQxx = Sн • ( 100 );

кыска туташууда:

Uк.з

ΔQк.з = Sн • ( 100 ).

11. Усулдук боюнча коромжуларды эсептөөдө төмөндө келтирилген ырааттуулук менен аныкталат:

а) пропорционалдуу көз карандылыктан жүктүн 5 пайыздык көбөйүүсү менен трансформаторго жүк түшүүсү:



Эа = (Sн • 5%/ 100%)• соsφТп;

мында:


соsφ - кубаттуулуктун коэффиценти, эсепте 0,80ге барабар чоңдукту колдонобуз (иштин индуктивдүү мүнөзү).

б) жүктөөнүн коэффиценти:




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет