Лекция №1. Философия адамдын жашоосунда жана коомдогу орду. Дүйнөгө болгон көз караш түшүнүгү



жүктеу 1.32 Mb.
бет1/7
Дата09.06.2016
өлшемі1.32 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7
Лекция №1. Философия адамдын жашоосунда жана коомдогу орду.


  1. Дүйнөгө болгон көз караш түшүнүгү.

  2. Дүйнөгө болгон көз караштын тарыхый типтери.

  3. Дүйнөгө болгон көз караш жана философия. Философиянын негизги маселеси.

  4. Философиянын социалдык функциялары.



Негизги адабияттар:
1. Алексеев И.В. Наука и мировоззрение М., 1983.

  1. Бабушкин В.У. О природе философского М., 1978.

  2. Ильенко Э.В. Философия культура. М.,1991.

  3. Мамардашвили М.К. Как я понимаю философию? М.,1992.

  4. Мифы народов мира. Энциклопедия В 2т. М., 1989.

  5. Кувакина В.А. Что такое философия. М.1989.

  6. Спиркин А.Г. Философия. Учебник для вузов. М.,2000.

  7. Горбачев В.Г. Основы философии. Курс лекций. М., 1998.

  8. Губин В.Д. Философия. Учебник для вузов. М., 2000.

  9. Введение в философию. В ч2.ч1. М.,1989.

  10. Кукушкина А.Г., Логинова Л.В. Мировоззрение, познание, практика.

Дүйнөгө болгон көз караш адамдын дүйнөдөгү ээлеген орду жана алардын курчап турган дүйнө жөнүндөгү элестөөлөрү, түшүнүктөрү жана көз караштарынын системасы. Дүйнөгө болгон көз караш кең жана тар мааниде каралат. Кең мааниде, жаратылыштын жана коомдун көрүнүштөрүнө, ошондой эле жалпы дүйнөгө болгон көз караштардын жыйындысы: аларга философиялык, коодук саясий, этикалык, эстетикалык жана табигый илимий көз караштартар кирет. Ал эми тар маанисине, бир гана философиялык көз карашты эсептөөгө болот. Дүйнөгө болгон көз караштын обьектиси бүтүндөй дүйнө болуп саналат, ал эми анын предмети болуп, дүйнөгө болгон көз караш обьектиден эмнени бөлүп караса, предмети ошого байланыштуу болот.

Дүйнөгө болгон көз караштын 3 тарыхый тиби бар. Алар: мифология, религия (дин), философия.

Мифология -бул коомдук аң сезимдин эң байыркы формасы, байыркы коомдук көз караш, ал өзүнө курчап турган чындыкты фантастикалык жана реалисттик кабыл алууларды камтыйт.
Мифология чечүүгө аракет жасаган негизги суроолор:
1. Ааламдын пайда болушу, жер, жаратылыш жана адам;

2. Жаратылыштагы көрүнүштөрдү түшүндүрүү;

3. Адамдын турмушу жана тагдыры, өлүмү;

4. Этикалык жана нравалык маселелерди чечүү.


Мифологиянын негизги белгилери:


  1. Жаратылышты адамдаштыруу;

  2. Фантастикалык кудайлардын болуусу, алардын адам менен болгон мамилелери;

  3. Конкреттүү маселелерди чечүүдө мифтин практикалык багыттуулугу;

  4. Мифологиялык сюжеттердин окшоштугу.


Религия (дин). Дин- бул дүйнөгө болгон көз караштын бир формасы, ал фантастикалык табияттан тышкары турган күчтөрдүн адамга жана курчап турган чөйрөгө таасир этүү ишенимдерине негизделген. Бул диний дүйнөгө болгон көз карашта, курчап турган чындыкты сезимдик–образдык- эмоционалдык формадагы кабыл алуулар мүнөздүү. Диндин дүйнөгө болгон көз караштан тышкаркы төмөндөгүдөй функциялары бар:


  1. Бириктирүүчүлүк функциясы;

  2. Культурологиялык функциясы (мында, белгилүү бир маданияттын таркалышы жана ошол маданиятка болгон диндин таасир этүүсү;

  3. Нравалык тарбиялык функциясы;

  4. Жөнгө салуучулук функциясы;

  5. Тарыхый маданияттык функциясы (мында муундан муунга диний үрп адаттар, көз караштардын өтүшү).

Философия. Философия - бул дүйнөгө болгон көз караштын илимий теориялык тиби. Ал дүйнөгө болгон көз караштын эң жогорку деңгээли деп эсептелет о.э. өзүнүн системалуулугу, логикалуулугу менен айырмалаланып турат.

“Философия” терминин грек тилинен биздин тилге которгондо “фило” – “сүйүү”, “софия”- “акылмандуулук” дегенди түшүндүрөт. Философия илими жаратылыштын, коомдун жана аң сезимдин жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтөт.


Философия предмети 4 бөлүккө бөлүнөт:

1. Онтология;

2. Гносеология;

3. Адам;

4. Коом.
Философиянын мифологиядан жана динден айырмачылыгы төмөндөгүдөй:


  1. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш билимге негизделет, ал эми мифология ойлоп чыгарылат;

  2. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш логикалуу, ички биримдик жана системалар;

  3. Философиялык дүйнөгө болгон көз караш түшүнүктөргө, категорияларга таянат.



Философиялык дүйнөгө болгон көз караштын калыптануусунун негизги эволюциялык стадиялары:
1. Космоцентризм;

2.Теоцентризм;

3. Антропоцентризм.
Космоцентризм - бул курчап турган дүйнөдөгү жана жаратылыштагы көрүнүштөрдү кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасир этүүсү аркылуу түшүндүрүү, ал тышкы күч “Космос” деп аталат.

Теоцентризм - бул бардык нерселер табияттын күчүнөн жогору турган күчкө, б.а.кудайга көз каранды деп түшүндүрүлөт. Мындай көз караш орто кылымдагы европага таандык.

Антропоцентризм- бул философиялык көз караштын борборунда адам орун алган. Мындай көз караштар кайра жаралуу мезгилине, жаңы мезгилге жана бүгүнкү күндөгү философиялык мектептерге таандык.
Философиялык методдор:

1. диалектика;

2. метафизика;

3. догматизм,

4. диалектика.


  1. Диалектика - бул нерселерди жана көрүнүштөрдү карама каршылыкта, өнүгүүдө өзгөрүүдө жана себеп натыйжада кароо же изилдөө жүргүзүү деген түшүндүрөт;

  2. Метафизика - бул диалектикага карама каршы турган метод, каралуучу обьект өз алдынча байланышсыз каралат;

  3. Догматизм - бул курчап турган чөйрөнү догма аркылуу же болбосо, такталбаган, далилденбеген абсалюттук мүнөздөгү ойлор аркылуу кабыл алуу;

  4. Эклектика - бул чыгармачылык башаты жок фактыларды, түшүнүктөрдү, концепцияларды жасалма түрдө бириктирүү жана үстүрттөн гана чындыкка окшогон жыйынтык чыгаруу.


Философиянын функциялары:


  1. Дүйнөгө болгон көз караштык функциясы;

  2. Методологиялык функциясы;

  3. Гносеологиялык функциясы (обьективдүү чындыкты түзүү);

  4. Критикалык функциясы (эски билимдин ордуна жаңы билим келиши);

  5. Прогноздоо функциясы (коомдун жана адамдын жашоосун алдын ала айтуу);

  6. Аксиологиялык функциясы (курчап турган чындыкка баа берүү);

  7. Социологиялык функциясы (коомдогу кыймылдуу күчтөр);

  8. Логикалуулук функциясы.


Философиянын негизги маселеси.

Ойлоонун бытиеге, аң сезимдин материяга болгон катышы.


Онтология Гносеология

(Эмне алгачкы? (Д\йнөнү таанып билүүгө

Аң сезимби же болобу же болбойбу?)

материябы?)


Материализм

Идеализм


Дуализм

Деизм



Материализмдин тарыхый формалары:
1. Наристе материализм

2. Метафизикалык материализм

3. Механикалык материализм

4. Вульгардык материализм

5. Антропологиялык матер-изм

6. Табигый-илимий матер-изм

7. Диалектикалык материализм
Наристе материализм - байыркы грек философиясына таандык. Алар дүйнөнү жана нерселерди конкреттүү материалдык заттан пайда болду деп эсептешет. Мисалы: Фалес дүйнөнү суудан пайда болду дейт, Гераклит бардык нерселерди оттон пайда болду деген. Ал эми Анаксимен абадан пайда болду дейт ж.б. Булардын ой- жүгүртүүлөрү божомолдуу түрдө болгондуктан, наристе материализм деп аталган.
Метафизикалык материализм - дүйнөнү жана нерселерди кыймылсыз, өзгөрүүсүз деп карайт.
Механикалык материализм - механиканын закондорунун ачылышы менен байланышкан. Бул материализм, Ньтондун закондорун механикалык түрдө бардык чөйрөлөргө колдонуудан улам келип чыккан. Алар Ньютондун закондорун белгилүү гана чөйрөгө таандык экендигин б.а макро дүйнөгө гана таандык экендигин эске алышкан эмес.
Вульгардык материализм- боор өттү кандай бөлүп чыгарса, мээ да ойду ошондой бөлүп чыгарат деген. Б.а. аң сезимди дагы материалдык нерсе катары элестетет. Негизги негиздөөчүлөрү болуп Бекон эсептелет.
Антропологиялык материализм - негиздөөчүсү болуп Фейербах эсептелет. Ал адамды материалдык көз караш менен караган. Бирок, аны жалаң гана биологиялык жандык катары элестеткен. Адамдын социалдык жагын эске алган эмес б.а. адамдарды жаныбарлардан айырмасы жок деп эсептеген.
Табигый- илимий материализм – бул позицияда стихиялуу түрдө бир нече табият таануу илимдеринин өкүлдөрү турат.
Диалектикалык тарыхый материализм- негиздөөчүлөрү Карл Маркс, Фридрих Энгельс, В.И.Ленин. Бул материализм жаратылыштын, коомдун жана аң сезимдин жалпы өнүгүү законченемдүүлүктөрүн карайт.
Идеализмдин эки түрү бар:


  1. Субьективдүү идеализм

  2. Обьективдүү идеализм.

Субьективдүү идеализмдин негиздөөчүлөрү Беркли жана Юм эсептелет. Субьективдүү идеализм адамдардын аң сезимин жана туюларын эсептейт. Булардын пикири боюнча дүйнө бул туюлардын суммасы.

Обьективдүү идеализмдин негиздөөчүлөрү Платон, Гегель, Лейбниц эсептелет. Ал адамдардан тышкары жашаган кандайдыр бир дух жана идея деп эсептелет. Ошол дух же идея бүткүл дүйнөнү, коомду жана адамдарды жараткан дейт.


Дуализм – эмне алгачкы деген суроо чындыкта жок, анткени, материя менен аң сезим бири-бирин толуктап жашайт жашай берет.
Деизм- негиздөөчүлөрү 18- кылымдагы француз агартуучулары. Бул дагы дуализмге окшош, бирок, д\йнөнү жана адамдарды кудай жаратып, адамдардын кийинки жашоосуна кудай кийлигишпейт деген.

Гносеологиялык жакта төмөндөгүдөй агымдар бар:
1. Гностицизм – материалисттер (д\йнөнү таанып билүүгө болот);

2. Агнотицизм – д\йнөнү таанып билүүгө болбойт (Кант, Юм);

3. Эмпиризм – дүйнөнү сезим органдары аркылуу таанып билүүгө

болот (Бекон);

4. Рационализм – дүйнөнү акыл эс аркылуу гана таанып билүүгө болот

(Декарт)


лекция №2 Философиянын тарыхый типтери.


  1. Байыркы чыгыш философиясы.

  2. Байыркы Греция философиясы.


Негизги адабияттар:

    1. Асмус В. С. Античная философия – М. 1976

    2. Ведение в философию. Учебник для вузов.ч1. М. 1989.

    3. Антология мировой философии. в 4 – хт. М. 1969 – 1972.

    4. Ойзерман Т. М. Краткий очерк истории философии. – М.1981.

    5. Спиркин А. Г. Философия М. 2000.

    6. Общественно – философская мысл народов в средней Азии. Бишкек.

Байыркы Чыгыш, Байыркы Грек жана Орто кылымдагы философиясы, кайра жаралуу доорундагы, жаңы мезгилдеги жана немецтик классикалык философия. Марксистик философиянын пайда болушу жана өнүгүшү. XX кылым философиясы.

Эң байыркы философиялык окууга байыркы чыгыш Вавилон, Египет, Кытай, Индия жана башка кул элөөчүлүк мамлекеттеринде жана байыркы Грецияда пайда болгон Байыркы Чыгыш философиясы катары Байыркы Индия жана Байыркы Кытай философиясын окуп үйрөнөбүз

Байыркы Индия философиясы.

Индия философиясы биздин заманга чейинки бир миң жылдыктын орто ченинде пайда болгон. Бул мезгилде байыркы индиянын территориясында бир канча кул элөөчүлүк мамлекеттер болгон. Ал мамлекеттерде коомдун түзүлүш Брахманизм дини аркылуу негизделген. Брахманизм жана башка диний түшүнүктөр Ведада чагылдырылган. “ Веда ” деген сөз “ билим ” дегенди түшүндүрөт. Ал биздин заманга чейин XV к. Орто Азия жана Ирандан келген Арий уруусу тарабынан түзүлгөн диний философиялоык жыйнак. Веда бир канчага бөлүнүп турат. Алар Ригведа, Самаведа, Яджуриведа Атхарваведа жана башка. Веда – 1000 жыл ичинде түзүлүп, өзүнө ар кандай тарый доолорду камтыган жыйнак. Ведага таянган философилык окуулар Веданда жана Миманса.

Бул окуулар үчүн Веданын жоболору акыйкат катары эсептелет.

Миманса – таанып билүү жана логикага көбүрөөк көңүл бурат. Мында сезимдик таанып билүү негизги орунда турат. Ал эми Ведантанын маңызында адамдар тагдыр үчүн күрөшпөшү керек. Философия длинге баш ийүүсү зарыл.

Азыркы учурда Ригведа, Сама – веда, Яджур – веда, Атхарва – веда деп аталган төрт веда белгилүү.

- Ригведа – гиминдердин, көбүнчө кудайларга арналган мактоо ырларынын ведасы “ Риг ” же “ рич ” санкрит тилинен ыр гимн деп аталат.

- Сама – веда – литургиялык ( гречеден leiurgia – коомдук кызмат; расмий ( официалдуу ) диний ырымдардын жыйындысы) максаттар үчүн бегилүү бир тартипте жайгашкан жана ырым – жырым насыяттарды менен жабдыган ырлардын башкача айтканда ырым – жырым ырларынын, конокдоштурулган ырым – жырым тексттеринин ведасы.

- Яджур – Веда – курмандыкка чалуулардын ведасы, ыр же проза, айрым учурларда ырым – жырым көрсөтмө түрүндө жазылган курмандыкка чалуу келмелеринин жана формулаларынын жыйындысы.

- Атхарва – веда – келмелердин ведасы, ал ыр түрүндө ооруу сыркоолорго, шайтан – шабырларга каршы келмелердин, каргап – шилөөлөлдүн жана баталардын , ошондой эле чөп менен дарылоонун эрежелеринин жыйындысы түрүндө берилген.
Ар веда төмөнкүдөй үч бөлүктөн ( самхиттен ) турат.

1. “ Брахманда ”- бул ведалык ырым – жырымдардын жоболору; алардын эң маанилүүсү болуп Шатапатабрахмана ( жүз жолдук брахманы ) эсептейт.

2. “ Араньякалар ” ( “ аранья ” – токой ) – токойлор менен толоордо жашаган кечилдер үчүн жүрүш – туруштун эрежелери.

3. Упанишадалар ( санкрит тилинен “ ира ” – олтуруу, sad – мугалимдин жанында; “ мугалимдин бут алдында олтуруу ” же “ жашыруун окуу ”) – ведалардын биздин заманга чейинки I – миң жылдыкта пайда болгон философиялык окуусу.

Упанишадалар дүйнөнү төмөндөгүдөй философиялык түшүнүктөрдүн жардамы аркасында түшүндүрүүгө далаалат кылган.

- Брахма – индиялык философияда чыныгы жашоого ээ, түбөлүк жыргалдар менен адилеттикке, чындык менен акыйкатка бөлөнгөн руханий же кудайлар дуйнөсү.

- Пракрити – оомалуу, төкмөлүү, бүгүн көргөн эртең жок, дайым өзгөрүп жана өнүгүп туруучу, азаптар менен адилетсиздикке жык толгон материалдуу дүйнө. Ошол себептен пракрити – жалган дүйнө же “ майя”(закым) деп аталат.

- Саксара – жашоо дөңгөлөгү же кайра төрөлүүнүн чексиз айланпасы. Адам түбөлүктүү Атман же жан ( Брахманын бир учкуну) жана дене (пракритинин бир бөлүгү) сыяктуу эки субстанциядан турат. Денин өлүшү менен башка денеге беришип, чексиз көчүп жүрөт.

- Карма – жазмыштын же тагдырдын мыйзамы. Бул мыйзам боюнча адамдын келечектеги тагдыры турмушу анын мурдагы жашоосунан көз каранды. Карма адамдарды ар кандай тагдыр буйруу менен жаралайт же сыйлайт.

- Ахимса – индия философиясындагы тирүү жандыктардын убалына калбоо же аларды өлтүрбөө менен байланышкан этикалык прицип.

Мындан сырткары байыркы индияда негизги философиялык мектептер болгон, алар Джайнизм, Буддизм, Чирвана- лапоята

1 – мектеп Джайнизм. Анын негиздөөчүсү болуп дүйнө кыдырган кечил Варухамана эсептелет. Кийинчерээк ага Махавира ( санкритчеден “ Улуу баатыр” ) жана Джина ( жеңүүчү ) деген эпитеттер ыйгарылган ( бул эпитеттер ойчулдун ысымы катары да колдонулат). “Джина” эпитетинен джайнизм окуусунун аталышы пайда болгон.

Джайнизм традициялуу диний системага тап – такыр окшошпойт жана Индиядагы диний системалардан айырмаланып, рационализмге ашкере сугарылган.

Бул окууга мифологияны, абстракцияга айланган абсолют тууралуу ойлорду кездештирүү мүмкүн эмес.

Буддизм. Джайнизм менен бир эле мезгиде брахманизмге каршы багыт – буддизм окуусу пайда болгон. Кийин буддизм дүйнөлүк диндердин бирине айланган.

Буддизм Индияда биздин замнга чейин V к. пайда болгон диний философиялык окуу. Негиздөөчүсү Сиддхардха Гаутама (563 – 483) ж. жашаган.

Будда 4 акыйкат жөнүндө айтат:


  1. Турмуш – жашоо кайгы капа менен коштолот.

  2. Кайгы капа биздин каалоолорубуздан келип чыгат.

  3. Кайгы капа жок болгон абал жашайт.

  4. Ошол абалга жетүүнүн жолу бар.

Будда ар бир адам максаттуу өзүн кайгы кападан арылтып толугу менен эркиндикке жетүүнүн ыкмаларын иштеп чыккан.

1 – метод; Иллюзадан арылуу көп байлык көп бакытты алып келет.

2 – метод; Туура ой жүгүртүү.

3 – метод; Чындык эмес ушак сөздөрдөн арылуу.

Байыркы Кытай философиясы – биздин заманга чейики V – VI к. пайда болгон.

Байыркы Кытайдагы философиялык мектептер “Конфуцианство”, “ Моиз”, “Даоцизм” , Легизм” , “Ин – Ян” жана башкалар. Бул мектептерде жашоодогу акылмандуулук, нравалуулук жана башкаруу системасы проблемаларына байланышкан практикалык философия үстөмдүк кылган. Адам проблемасы Кытайда жаратылыш жана космос менен байланышып, борбордук орунду ээлеген.

Конфуцийдин окуусу – жу цзя. Байыркы Кытайдын чыгаан философу Конфуций б. з. ч. – 551 – жылы Чыгыш Кытайдагы Лу падышачылыгында туулган. Конфуцианство адамды социалдык жашоонун негизги катышуучусу катары караган философиялык окуу. Анын өзгөчөлүгү төмөндөгүчө: Конфуций токтолгон негизги маселелер адамдарды башкаруу жана коомдо өзүн кантип алып жүрүү керек экендигин негиздеген.

Бул философиянын өкүлдөрү коомду жумшак башкарууну жакташкан. Конфуцийдин өзүңө каалабаганды, башкаларга жасаба деген алтын эрежеси башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Конфуцийдин жуусу Кытай комунун биримдигине чоң роль ойногон. Бүгүнкү күндө да өз баалуулугун жогото элек.

Конфуцийдин негизги принциптери:


  1. Коом үчүн коомдо жашоо жана бири – бирине жол берүү.

  2. Императорго баш ийүү жана адамгерчиликтүү болуу.

  • “ Моизм” негиздөөчүсү Лао – цзы Конфуцианаствого каршы чыгып, өзүнүн жалпы сүйүү прицибин киргизген.

  • Доасизм – Доа дэ цзя. Уламыш боюча б. з. ч. VI – V кылымдарда Чжоу династиясынын хан сарайында тарыхчы, мамлекеттик архивдин башкы кызматкери Лао - цзы ( кытайга – улгайган устат) жашаган. Даоцзынын негизги идеасы дао жөнүндө окуу, Дао – нерселердин жаратылыштын жана прициптердин табигый жашоо жолу. Доа цзы субстанциясы менен бирге дүйнөнүн негизин түзөт дейт. Дүйнө кудай тарабынан эмес, Доа тарабынан башталат деген ойду айткан. Адамдар Доаго жана жаратылыштын табигый көрүнүштөрүнө кийлигишпеши керек. Анткени ал дайым өзгөрүүдө жана кыймылда.

  • Легизм – ФА цзя. Бул мектеп б. з. ч.VII – II кылымдарда пайда болгон. Легизм ( латын legis – мыйзам деген сөзүнүн lex деген илик жөндөмөсүнөн алынган). – адамды, коомду жана мамлекетти башкаруу тууралуу саясий – этикалык конципциянын авторлору болгон мыйзамчылардын мектеби. Анын негизги өкүлүдөрү болуп Шан Ян, Шен Бухай Шен Дао, Хань Фэй эсептелишет. Алардын ичинен Шан Ян, Хань Фэй легизмдин теориялык системасын иштеп чыгышкан. Легизмде негизинен коомду мамлекеттик закондорду киргизүү менен бирге башкаруу керек.

Дүйнө жана курчап турган дүйнө Кытай философиясында чагылдырылышы.

  1. Кытайды дүйнөнүн борбору катары кабыл алуу.

  2. Белгилүү тарыхзый окуяны цыклдык процесс катары кабыл алуу.

  3. Асман жана жерде өзүнүн жоопкерчилигин сезүү.

  4. Адам, жаратылыш жана космосту бир бүтүн деп кабыл алуу.

  5. Аң сезимдин концерватизми өткөндөргө кайрылуу, жаңылануудан коркуу.

  6. Коллективден жекече бөлүнүп калбоо.


Байыркы Грек философиясы.

Байыркы Грек философиясынын негизги өкүлдөрү: Фалес, Анаксимен, Анаксимандр, Гераклит, Демокрит, Платон, Аристотель ж. б.

Антикалык Грек философиясы б. з. ч. VII – VI кылымдарда калыптанган. Өзүнүн мүнөзү жана мазмуну, өзгөчө философиялык ой жүгүртүү методу боюнча антикалык философия. Байыркы Чыгыш философиясынын системаларынан түп тамырынан бери айырмаланып турат жана бул философия тарыхта биринчи болуп курчап турган дүйнөнү рационалдуу таанып билүүгө аракет жасаган.

Антикалык философиянын өнүгүшүн төмөндөгүдөй төрт этапты бөлүп көрсөтүүгө болот:



  1. Антикалык философиянын биринчи этабы ( б. з. ч. VII – V кылымдар) Сократка чейинки мезгил деп аталат.

  2. Классикалык мезгил. V к. экинчи жарымын жана IV кылымдын көп бөлүгүн өзүнө камтыйт. Мында Сократ, Платон, Аристотель сыяктуу ойчулдардын ишмердүүлүгү менен байланышкан.

  3. Эллиндик этап. б. з. ч. IV – II кылымдарды өз кучагына алып, Александр Македонский ( б. з. ч. 356 -323 ) баскынчылык саясатынан тартып, Грециянын римдиктер тарабынан жеңилишине чейинки мезгилдерге созулган.

  4. Римдик философия ( б. з. ч. I - б. з. V к. ) Рим империясы жашаган доорго туура келет.

- Фалес б. з. ч. 585 – жылдын 28 – майында болуп өткөн күндүн тутумун алдын ала айткан. Фалестин дүйнөнүн башаты суу. Жер жалпак диск сыяктуу болуп сууда сүзүп жүрөт. Жерди ааламдын борбору катары эсептеген.

- Анаксимандр оюу боюнча дүй.. Баш... апейрон ( грекче чексиздик ) Апейрон баш аягы жок, чексиз субстанция. Субстанция – дүйнөнүн негизин түзгөн катмар. Дүйнөдөгү баардык нерселер апейрондон жаралат жана ага айланат деп түшүндүрүлөт. Биринчилерден болуп адам башка жаныбарлардан эвалюциянын негизинде жараган деген ойду айткан.

- Анаксимен – аба деп жооп берген. От бул сейректетилген аба. Коюлануу менен алгач аба шамалга – булутка, тамчысы – сууга – жерге жана ташка айланат. Жан да абадан турат. Аба чексиз мүнөзгө ээ. Абанын коюланышын Анаксимен температуранын төмөндөшү, ал эми сейректешин температуранын жогорулашы менен байланыштырган.

Орто кылым философиясы

Кайра жаралуу доорундагы философия
Орто кылымдардагы теологиялык философия Европада V – XV кк. таралган.Орто кылымдагы философиянын негизги өкүлдөрү Августин Блаженский жана Фома Аквинский.

Орто кылымдагы философиянын өзгөчөлүктөрү:



  1. Бул мезгилдеги философияга теоцентризм мүнөздүү.

  2. Бул мезгилдеги философияга сколастикалык мүнөздүү.

Орто кылымдагы философия өзүнүн өнүгүүсүндө эки этаптан турат.

  1. Патристика

  2. Схоластика

Патристика этабында диний окуулар иштелип чыккан.

Схаластика ошол диний окуулар эл арасында жайылган.


Орто кылымдын негизги философиялык багыттар: Наминализм,Реализм

Бул мезгилде наминализм менен реализмдин ортосунда к\рөш өкүм сүргөн мезгил болгон. Бул күрөш жалпылык жана жекелик деген түшүнүктөрдүн ортосунда болот. Мында жалпылык деп – кудайды, жекелик деп – жеке нерселерди түшүнгөн.

Орто кылымдагы К\н чыгыш философиясы

VIII – IX кылымдарда Батыш Европанын маданий ън\\г\с\ ътъ тъмънк\ деёгээлде турганда, Чыгышта араб – мусунман маданияты деп аталган кубаттуу жана къп кырдуу маданият г\лдъп ън\гът. Аравия жарым аралынын калкынын къпч\л\к бъл\г\н ъздър\н арабдар (арабчадан араб – шамдагай чабандес) деп атаган къчмън бедуиндер т\згън.

Чыгыш аристотелчилиги

Акырдык менен арабдар ислам теологиясын гана эмес, Аристотелдин окууларына негизделген ъзд\к философиясын ън\кт\р\шът. Араб аристотелизми деп аталган араб философиясы тъмънк\дъй эки агымдын чегинде калыптанган: Аль Кинди, Аль – Фараби жана Абу Али ибн Синанын ысымдары менен байланышкан чыгыш аристотелизми (X-XI кылым) жана Ибн - Баджа, Ибн – Туфейль жана Ибн Рушд тарабынан ън\кт\р\лгън батыш аристотелизми (XII кылым). Ъз ън\г\\с\н\н бардык этаптарында араб аристотелизми тигил же бул даражада ислам динине каршы болгон.

Аль – Фараби

Аль- Киндинин жолун улаган « арабдардын алгачкы ири философу » болуп борбордук азаялык т\рк ойчулу Абу Наср ибн Мухаммед Аль-Фараби (870-950) эсептелген.

Аль-Фараби азаркы Казахстандын аймаганда жайгашкан Отрар жергесиндеги Фараб дарыясынын жээгинде къчмън т\рк уруусунун аскер башчысынын \й-б\лъс\ндъ туулган. Баштапкы билимди мекенинен алып, жогорку билим алуу \ч\н Дамаск шаарыныа кетет.

Аль-Фараби энциклопедист болгон. Ал ъз мезгилиндеги математиканы, астрономияны, философияны, медицинаны, этиканы, саясат таанууну, психологияны, логиканы жана музыканы тереё ъздъшт\гън. Бирок, ар тараптуу илимдерди бирдей билгендигине карабастан, Аль-Фараби ири алдыда философ катары даёкталып, « аль-муалим ас-сани » (Аристотелдин кийинки « экинчи мугалим ») деген ардактуу наамга арзыган. Аль-Фараби Аристотелге комментарий, баяндама, т\ш\нд\рмъ жазган алгачкы араб тилд\\ философ болгон.

Аль-Фарабинин окуусунда борборунда Жер орун алган д\йнъ тогуз кабат асмандан турат. Д\йнън\ кыймылга келтирген Кудай асман кабаттарын жердин айланасында кыймылдоого мажбурлайт. Асман кабаттарынын бары жандуу жана алар кыймылдоо \ч\н зарыл болгон энергияны Кудайдан алышат. Д\йнъ форма жана материядан турат. Д\йнън\н материалдуу негизи суу, аба, от жана жер сыяктуу търт элементтен куралган.

Аль –Фарабинин пикири боюнча материалдуу д\йнъ субстанциядан жана акциденциядан турат. Ал субстанция (латынчадан substantia – маёыз, негиз) деп эч нерседен къз каранды болбой ъз алдынча жашаган негизди атаганю Ал эми акциденция ъз алдынча жашай албайт жана субстанциянын кокусунан пайда болгон касиети болуп эсептелет. Субстанцияны жараткан Кудай тууралуу Аль – Фараби тъмънк\дъй пикирлер менен чектелген:

« Жараткан Кудай субстанция менен аксиденциядан сырткары жашагандыктан, анын бар экендигин далилдъъ м\мк\н эмес. Анны далилдъъ биздин милдетке кирбейт ».

Аль – Фарабинин пикири боюнча тааным процессии тъмънк\дъй эки тепкичтен турат: 1) Сезип - тыюу бул тепкич обьектердин акциденциясын, б.а. алардын сырткы, ъзгър\лмъл\\ касиеттери чагылдырат; 2) Ой ж\г\рт\\ - бул тепкичте субстанциянын мани – маёызын т\ш\н\\ м\мк\н.

Аль – Фарабинин тааным теориясы жана сенсуализми анын Жан тууралуу окуусу менен тыгыз байланышкан. Анын пикири боюнча жан сезип-туюуга жана ълбъст\г\ тууралуу маселени чеч\\дъ Платондун окуусун четке кагып, жан денеден мурда жашабайт, ал дене менен бирдикте жаралып, дене менен чогуу ълът деген тыянакка келет. Ошондуктан, тааным процессии, Платон белгилегендей, жандын Гиперураниядагы идеяларды « эске т\ш\р\\с\ » болуп саналбайт, тааным сезимдик маалыматтарга таянуу менен ъърч\йт.

АбуАли Ибн Сина

Кийинки илимдин ън\г\ш\нъ зор таасир тийгизген феодализмдин улуу ойчулдарынын катарыны Абу Али Ибн Сина (латындашкан аты Авиценна) кирет.

Абу Али Ибн Сина (980 – 1037) Саманийлердин мамлекетинин борбору болгон Бухара шаарыны жакын жайгашкан Афшана жергесинде туулган. Анын атасы Абдаллах улуту боюнча тажик болуп, Бухардагы каржылоо министирлигинде ири чиновгик катары кызмат ътъгън. Абу Али Ибн Синанын балалыгы жана ъсп\р\м чагы Бухара шаарында ътът. Уулунун билимд\\ болуусун каалаган атасы ошол кездеги эё мыкты деп эсептелген окумуштууларды жалдап, Абу Али

Ибн Сина бала чагынан эле алардын жетекчилиги астында баштапкы билимди алып, философия, медицина, физика, математика, астрономия жана башка ошол кездеги илимдер менен кеёири таанышат. Зээнд\\ баланын илимдерге шыктуулугу тууралуу къп сандаган уламыштар бар. Алардын бирине ылайык алты жашар Абу Али Ибн Сина Куранды жатка билген, он алты жашында ъз доорундагы баардык илимдерди ъздъшт\р\п, он сегиз жашында д\йнъг\ таанымал « Канон Фитт-тибб » (« Дарылоо илиминин канону ») деп аталган къп томдуу энциклопедиясынын бир катар китептеринин автору болуп калган.

Медицинанын тарыхында Абу Али Ибн Синанын ысымы антикалык мезгилдеги атактуу дарыгерлер Гиппократ менен Галендин катарынан адилет орун алган.

Медицина илими боюнча кийинки ачылыштардан озуп, Абу Али Ибн Сина европалык изилдъъч\ Пастерден сегиз кылым мурда безгек оорусунун суу менен гана эмес, аба менен да жугуучу къзгъ кър\нбъгън козгзгучтары (инфекциялары) тууралуу божомолдуу сунуш кылган. Физиология тармагында ал биринчилерден болуп къзд\н булчуёдарын туура с\ръттъгън жана нерсени къзд\н айнекчеси эмес, торчосу чагылдыраарын далилдеген.

Д\йнън\н пайда болушунун м\мк\нд\г\ болуп материя эсептелет. Материя чындык д\йнън\н шарты катары эч качан жаралбаган жана жок болбогон т\п башат болуп саналат. Ошол эле учурда нерселерди м\мк\нд\ктън чындыкка айландырган зарыл себеп бар. Бул себеп болуп д\йнън\н маёызы эсептелет. Д\йнън\н зарыл маёызын Кудай т\зът. Ошентип, Абу Али Ибн Синанын философиясында д\йнъ бир эмес, тъмънк\дъй эки субстанцияга ээ: 1) материя – ал д\йнън\н жаралуу м\мк\нд\г\ болуп саналат;

2) Кудай – ал д\йнън\н маёызы жана чындык д\йнън\н пайда болушунун зарыл себеби болуп эсептелет. Эгер Кудай д\йнън\н себеби катары кандай т\бъл\кт\\ болсо, д\йнъ анын иш аракетинин натыйжасы катары ошондой эле т\бъл\кт\\.

Суфизм. Аль-Газали

VII-VIII кылымдардын чегинде араб-мусулман философиясында суфизм деп аталган багыт калыптанып, ал XII кылымда толугу менен бышып окууга айланган. « Суфи » (кыргызча – сопу).

Суфизм окуусу боюнча б\г\н къргън эртеё жок болгон материалдуу д\йнъ закым, жалган д\йнъ болуп саналат. Анткени, ал дайыма кыймылдап, ъзгър\п, ън\г\п турат. Чыныгы д\йнъ болуп туруктуу, чексиз, т\бъл\кт\\, эч кандай материалдуу белгилерге ээ эмес Кудай д\йнъс\ эсептелет. Адам дагы материалдуу жандык. Баардык материалдуу нерселер сыяктуу адам ъм\р\ да закым: ал туулат, жашайт жана ълът. Демек, убактылуу, оомалуу – тъкмъл\\ д\йнън\н материалдуу азгырыктарынан баш тартуу менен гана жалган д\йнън\н жамандыктарынан, к\нъълър\нън арылуу м\мк\н. Ошол себептен адам ъз\н\н муктаждык кумарларынан баш тартуу менен гана Кудайды таанып биле алат.

  1   2   3   4   5   6   7


©dereksiz.org 2016
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет