Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет3/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

 
КИРИШ СӨЗ
Философия» – байыркы грек сөзү: «фил» – «сүйүү», «жактыруу», «умтулуу», «ызат-сый», 
ал эми «софия», «акылмандык», «даанышмандык» дегенди түшүндүрөт, демек, 
акылмандыкка умтулуу, акылмандыкты урматтоо дегенди туюнтат. Бул сөз биздин заманга 
чейинки VI кылымда Байыркы Грецияда колдонула баштаган. Ошондон бери ушул 
маанисинде билимдин, илимдин, ой-түшүнүктүн өзгөчө бир түрүн билгизип келе жатат.
Бул маанинин төркүнү, теги кандай? Астрономия, математика же физиканы «акылмандык» 
десе болбойбу? Эмне үчүн адистердин, изилдөөчүлөрдүн бир катмары-философтор 
«акылмандыкты» өз энчисине ээлеп алган?
Байыркы Грецияда билим адамзат тарыхында бөтөнчө мааниге ээ болуп, өзгөчө статус 
(орун) алган. Мурун ал практиканын же ритуалдын тутумунан орун ээлеп, колдонмо 
(прикладной) мүнөздө болсо, байыркы грек маданиятынын алкагында өзүнчө баа-барк алып, 
рухий кубулуштардын арасында өз ордун ээлешке муктаж болгон. Гректер демейки 
пикирден (докса, мнение) нукура билимди (эпистема, знание) ажыратып карай баштаган. 
Натыйжада иреттелген, системага түшкөн, негизделген, аныкталган билимдердин өзүнчө 
дүйнөсү (мир знаний) калыптана баштаган. Анда математикага, астрономия, биология ж. б. 
тармактарга тиешелүү түшүнүктөр, көз караштар аралаш, чогуу турган. Ошол билимдердин 
тутуму жалпы жонунан «философия» аталган. Кийин – тарыхтын жүрүшүндө, маданияттын 
өнүгүшүндө ар кыл илимдер чет-четинен философиядан тарап чыга баштаган.
Ал эми башында – Байыркы Грецияда – алардын баары бирге каралып, көп нерсени, ар кыл 
кубулушту билиш, түшүнүш «акылмандык» катары бааланган. Башкача айтканда, 
«философия» сыналган, такталган, негизделген билимдердин бүтүндөй тутумун 
(системасын) туюндурган. Кийин ар бир илим жолун таап, өз предметин аныктап, өнүгүп-
өөрчүй баштаган соң, философия да жалпы билим системасында, рух дүйнөсүндө өзүнө 
тиешелүү орун-очок күтүшкө мажбур болгон. Ылакапта айтылгандай «бардык илимдердин 
атасы (философия) болуш сыймык», бирок «өз үйүң, өлөң төшөгүң» болбосо күн көрүш 
кыйын.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет