Манас биринчи бөлүк



бет1/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   21


Кыргыз ССР

Илимдер Академиясынын тил жана адабият институту


МАНАС

Биринчи бөлүк

I китеп

Кыскартылып бириктирилген вариант

Жалпы редакциялган – проф. Б.М.Юнусалиев

Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 343 б.

китебинен алынды
www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 4-апрели
-------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Книга оцифрована Национальной библиотекой Кыргызской Республики совместно с электронной библиотекой “Новая литература Кыргызстана”.
Особая благодарность крупнейшему издательству Кыргызстана “Бийиктик”

за поддержку проекта.


Бишкек, ул. Жусупа Абдрахманова, 170-А, издательство “Бийиктик”.

Тел. +996 (312) 62-02-11, 62-02-13, 66-17-25



КИРИШ СӨЗ
Орто Азияда жана Түштүк Сибирде жашаган калктардын ичинен эзелки тарыхта кабары чыгып келаткан байыркы элдердин бири кыргыздар. Көчмөн турмуштун жана башка ар түрдүү тарыхый кырдаалдардын натыйжасында Октябрь революциясына чейинки доорлордо кыргыз эли көзгө көрүнүктүү жазма эстеликтерди тарыхта калтыргандыгы азырынча: бизге маалым эмес. Бирок эмгекчил элдин кылымдар бою башынан өткөргөн нечен түрдүү кайгысы менен кубанычтары, тынчтык турмушу менен жоокерчилик күндөрү, эмгектин жыргалы жана душмандардан көргөн кордугу унутулуп калган жок. Булар жөнүндө эл кара сөз жана ыр түрүндө толгон оозеки адабияттык зстеликтерди түздү.

Кыргыз элинин оозеки адабияты формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай, түгөнгүс кенч. Адам баласынын мамилелерине, анын табигатка көз карашына карата таамай айтылган макал-ылакаптар, афоризмдер; жаратылышты, жан-жаныбарларды билүүгө байланыштуу тамсилдер, табышмактар коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берүүнү көздөгөн санаттар, эмгекке, махабатка арналган лирикалык сонун ырлар; зкедимки турмуш менен фантазия аралашкан укмуштуу жөө жомоктор жана да оозеки адабиятты биз атабаган толуп жаткан башка түрлөрү, – мына ушулардын баары эмгекчил элдин чыгармачылык шыгынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол майда фольклордук формалар менен катар кыргыз эли оозеки адабияттын ири түрлөрүн да түзгөн. Булар – узак окуялуу чоң жомоктор, баатырлык эпостор. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп – бөлүүгө болот. Кичи эпосторубуз "Кедей кан", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл-Мырза", "Кожожаш" жана "Олжобай менен Кишимжан" сыяктуу эпостор. Чон (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) "Манас" жомогу кирет.

"Манас" эпосунун сюжетин кара сөз менен кыскача жазганда да өзүнчө бир чоң китеп болот. Кенже эпосторду жомокчулар бир, эки кечте айтып бүтүрө алса, “Манас" бир нече жумалап, айлап айтылат. Эпостун көлөмдүүлүгү, биринчи кезекте, анын цивлизацияланышына байланыштуу, башкача айтканда Манас жөнүндө жомок бүткөндөн кийин анын уулу Семетей жөнүндө, ал бүткөндөн кийин Семетейдин уулу Сейтек жөнүндө генеологиялык аңгемелердин жаңыдан кайра айтылышына байланыштуу. "Манас" жомогунун көлөмүнүн барган сайын арбышынын башка да себептери бар. Манас жөнүндө пайда болгон баатырдык жомок алгачкы кездерде көп чоң эмес, чакан гана чыгарма болсо керек. Кийинчерээк, убакыт өткөн сайын, ал улам жаңы мазмуңдуу эпизоддор менен толукталып, эл оозунда өзүнчө айтылып жүргөн мазмуну жакын майда баатырлык жомокторду өзүнө магниттей тартып, кошуп алып, көлөмүн арттыра берген болуу керек. Ошентип, бара-бара "Манас" эпосуна деңизге куйган суулардай кошулуп кеткен мурунку өз алдынча жомоктор катарында Көкөтөйдүн ашы, Жолойдун, Кошойдун, Эр Төштүктүн ж. б. окуялары сыяктуу сюжеттүү аңгемелерди көрсөтүүгө болоор эле.

Жаңы окуялардын улам кошулушуна байланыштуу эпостун идеялык мазмуну артып, көркөмдүгү ого бетер жетиле берген. Жомоктун байыркы сюжетине негиз болгон баатырлык идея бара-бара элдин ички душмандарына каршы күрөшүү, боштондукка жетүү идеялары менен тереңдей берген. Барган сайын кооздолуп, калыптанып келаткан мурунку каармандардын катарына жаңы образдар кошулуп, алар аркылуу кыргыз урууларынын күндөлүк турмушу, алдыңкы адамдарынын кулк-мүнөзү, ой-санаасы кеңирирээк сүрөттөлүп отурган. Демек, эпостун көлөмдүүлүгү анын ички мазмунунун улам байып, жетилип тургандыгына да байланыштуу деп, түшүнүү керек.

“Манас" эпосун изилдөөчүлөрдүи эсеби боюнча эпос бир миллиондон ашуун сап ырдан турарын1 эске ала турган болсок, кыргыз тилинин байлыгын, элдин чыгармачылык шыгын байкоого болот. Көркөм сөздүн эң баалуу түрү чылк ыр менен түзүлгөн бул эбегейсиз зор эпопеядан боёктун даана түстөрү менен чебер тартылып, бири-биринен ташка тамга баскандай айырмаланып турган ондогон каармандардын портреттерин көрөбүз. Бул эпостон делебени козгогон көркөм ырлар аркылуу сүрөттөлгөн жердин, суунун, тоонун, жаныбарлардьш кызык сүрөттөрүн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбада такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган армандарды, керээздерди, кошокторду учуратабыз. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын сүрөттөрүн дааналап тартууга чебердик менен пайдаланылган. “Көркөмдүк жагынан каармандардын жетилгек эң терең жана ачык типтери фольклор тарабынан, эмгекчи элдин оозеки чыгармачылыгы тарабынан түзүлгөн" — деген М. Горькийдин2 сөзүнө "Манас" эпосу далил болот.

Оозеки элдик чыгармалардын «Манас" эпосу сыяктуу монументалдуу үлгүлөрүн басма жүзүндө жарыялоонун мааниси өтө зор. Биринчиден, ал эпикалык мурастар элибиздин бүгүнкү маданий байлыктарынын ичинен өзүнө тийиштүү закондуу ордун ээлеш керек. Экинчиден, элдик чыгармаларды, бөтөнчө эпосторду жакшы билбей жана ар тараптан изилдебей туруп, революцияга чейинки адабиятыбыздын жана белгилүү даражада революциядан кийинки адабиятыбыздын түзүлүш процессин толук түшүнүү мүмкүн эмес, себеби оозеки чыгарма менен жазма адабият жалаң тили жана чыгармачылык стили жагынан гана эмес, идеялык мазмуну жагынан да түйүндөп, байланыш болот. Ошондуктан фольклорду билбеген жазуучу жаман жазуучу. Чексиз байлык — элдик чыгармада; чыныгы жазуучу болууну тилеген адам оозеки чыгарманы терең үйрөнүш керек деп, М. Горький текке айткан эмес.

"Манас" эпосу — элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. Сөзмөр кыргыздар женөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды кыргыздар дүйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт, деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

"Манас" эпосунун мааниси анын керкөм сөз искусствосунун жана миңдеген жылдардан бери өнүгүп келаткан элдик бай тилдин эстелиги экендигинде гана эмес. Анын тарыхый жана маданияттык мааниси да зор.

***

"Манасты" изилдөөчүлөрдүн бизге белгидүүлөрүнүн бири — казак окумуштуусу Чокан Валиханов өткөн кылымдын ортосунда эпоско төменкүдөй баа берген: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул — талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган". Бул чындыкка ылайык берилген илимий аныктамага кошулбай коюуга болбойт.



Күндөлүк жашоо үчүн нан, суу кандай зарыл болсо, маданияттуу элде китеп да ошондой зарыл нерсе. Кыргыз элинин революцияга чийинки маданияты китеп түрүндө болгон эмес. Бирок кагаз бетине түшкөн илими жана искусствосу болбогону менен, элдин чыгармачылык таланты өрчүй берген. Толгон макал, ылакаптар, ар түрдүү лирикалык, какшык, санат ырлар, жөө жомоктор, поэтикалык узак жомоктор, толгон-толгон күүлөр, музыкалык пьесалар, буюмдарга кылдаттык мөнен түшүрүлгөн нечен түрлүү оймо-саймалар жана искусствонун башка формалары да элдин нечен кылымдардан берки чыгармачылык тажрыйбасынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – "Манас" жомогу. Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар учүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген.

Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байлаиыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок.

Биринчи кезекте, эпосто этнографиялык фактылардын кең орун алгандыгын эске алуу зарыл. Анда айтылган негизинен мал чарбачылык менен өмүр сүргөн көчмөн уруулар, алардын турмушу, аталышы жана өз ара мамилелери, үй-бүлөнүн бир-бири менен болгон мамилеси, тамак-аштарынын, кийим-кечектеринин, үй-жайынын, урунган курал-жабдыктарынын аталышы, аш-тойлордогу салт-жөрөлгөлөрү, адамдардан бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мунөздөрү, алардын диний ишенимдери жана да башка толуп жаткан фактылар элдин мурунку замандардагы психологиясын жана турмушун изилдөөдө табылгыс материал болуп саналат. Кыргыздарга мусулман дини кийинки тарыхта маалым.

Бирок андан мурун алар кайсы динде болгондугун билүү үчүн эпос кызык материалдарды берет.Эпостун көпчүлүк элдик варианттарында Манас жана анын чоролору ант бергенде,алардын оозуна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар "төбөсү ачык көккө", "төшү түктүү жерге", асмандагы айга, күнгө, караңгы түнгө жалынышат. Буга караганда, жомоктун чыгыш доорунда же андан кийинчерээк кыргыздар көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун байкоого болот.

Монголдордо жана Түштүк-Сибирь түрк калктарында учураган "жай-таш" жөнүндөгү миф, Алтайлыктарда ушул күнгө сакталган кыз тоюнда чачыла берүү жөрөлгөсү сыяктуу "Манаста" орун алган фактылар шаманизмге байланыштуу экендиги белгилүү3. Аялдарынын сулуулугунда чек жок, бирок эркектери ит кейпинде экенин баяндоочу "Итаалы" жөнүндөгү миф Моңголдор менен Алтайлыктарда да учурайт.

Кейпин өзгөртүп, кубулуп кетүүчү жаныбарлар, адамга же атка канат бүтүп учуп кетүү, жер алдына түшүп кетүү, адам турүндөгү эбегейсиз зор күчтүү дөөлөр, укмуштуу перилер сыяктуу мифтер Орто-Азия жана Түштүк-Сибирь калктарынын фольклорунан көп учурайт.

Байыркы кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле, коомдун балалык доорлорунда табигатка көбүрөөк байланыштуу болгон, бирок адамдын эс-акылы табигаттык кубулуштарды өз эркине багынтуу максатында иштеген, Зарыл болгондо күндү жаадыруу же токтотуу, канат бүтүп учуу, өлүмгө башы байланган адамды укмуштуу дары менен сакайтуу сыяктуу кыялдарды (фантазияларды) мына ошол умтулуштар менеи түшүндүрүүгө болот.

"Манас" эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана мифологиясынын гана энциклопедиясы эмес, ал – кыргыз коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн реалдык тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп эсептелет. Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат биздин эрага чейинки II кылымдан, башкача айтканда эки миң жылдан да мурун башталат. Ошол убактан бери элдин башынан нечен түрдүү оорчулуктар, жабырчылыктар, ар түрдүү кезеңдер өттү, Бир жагынан, эмгекчил эл өздөрүнүн ичиндеги эзүүчүлөрдөн, мисалы эпостогу Көбөш кан сыяктуу мыкаачы кандардан, зулумдардан жабыр тартса, экинчи жагьнан, элди талап, чаап кетүүчү баскынчылардан кордук көргөн. Бул жерде биз, асиресе байыркы жана орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөн уруулардын байыр алып бир жерде турбастан, биринин жерине бири өтүп, биринин малын экинчиси талап, чаап алып турганы жооперчилик доорду эске алышыбыз керек. Бул окуялардын саркындысы, мисалы кыргыздар менен казактардын, кыргыздар менен текестик калмактардын ортосунда, кыргыз урууларынын эле өз арасында жылкы тийип кетүү сыяктуу барымтачылык фактылары, кечээки эле убактарга чейин, Россияга кошулганга чейин орун алып келгендиги белгилүү. Мындай окуяларда оорчулук биринчи иретте калың эмгекчилердин башына түшкөн; бүт эл жабыр тартып, кызыл кыргынга учураган. Өткөн кылымдын биринчи жартысында эле орун алган, орустун саякатчы окумуштуусу П. Семенов-Тяншанский жазып кеткен сарбагыштар менен бугулардын Жуукудагы кызыл кыргыны буга ачык далил боло алат.

Кыскача айтканда, тарыхта улам арылаган сайын, уруулар ортосунда жана элдер арасында кагылыш-тартыштар көп болуп, андан элдин тарткан азабы ого бетер оор болгон деп түшүнүү керек.

Андай окуялар тарыхтан, тил жана адабият эстеликтеринен орун албай койгон эмес. VI-VIII кылымдарга тийиштүү Орхон – Енисей эстеликтери мына ошол тарыхый окуялардын четин гана эске салат. Ошол жазуулардын биринде, мисалы Сухондогу таштагы Күлтегиндин эстелигинде “Биз найза бойлобогон кардуу жерден жол салып, Көгмөн тоосун ашып түшүп, түнүчүндө уктап жаткан кыргыздардын таш-талканын чыгардык" деп жазылган4. Бул – ошол VIII кылымдагы түрктөрдүн байыркы кыргыз урууларына жасаган казаттарынын бири гана. Кыргыз урууларына каршы болгон буга окшогон бзскынчылык казаттар байыркы уйгурлар (VIII-X кылымдар), кидандар (кара кытайлар, X-XII к.), монголдор (XII-ХШ к.), манжуулар, ойроттор, жунгарлар (калмактар, XVI-XVIII к.) ж. б. уруулар, элдер тарабынан VIII-XVIII кылымдарда, башкача айтканда миң жылдар бою орун алып келгендиги кытай жана башка азиялык, европалык элдердин тарыхында эчак маалым. Ушунчалык узак убакыттын ичинде улам үстөкө-босток кайталап турган баскынчылык чабуулдардын, кызыл кыргын согуштардын натыйжасында тарыхта белгилүү нечен-нечен уруулардын жана бүт элдердин дайыны чыкпай кетти. Мына ошондой татаал кезеңдерде аты өчүп кетпестен, өзүнчө элдигин сактап калган калктардын бири кыргыздар.

Албетте, кыргыздардын элдигин сактап келишинин толгон себептери бар. Ошол көп себептердин ичинде тыштан келип кол салган жоого каршы элдин башын кошуп, баштап чыгуучу ары акылман, ары баатыр, Манас, Бакай, Кошой, Семетей, Каныкей, Айчүрөк, Сейтек, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Күлчоро сыяктуу эл коргогон эрлердин болушу чоң мааниге ээ. Бул аталган баатырлардын ысымдары граждандык тарыхка туура келе койбостур, бирок алар – реалдык турмушта болгон баатырлардын көркөм чыгармада калган элеси. Ошондуктан да "Манас" жомогу граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос.

"Манас" эпосу кыргыздардын өткөн доордогу коомдук экономикалык мамилеси, идеологиясы, кайсы элдер менен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат.

Мына ошондуктан, "Манас" эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бнр энциклопедиясы деп кароого болот.

***

"Манас" жомогу качан, кайсы доордо өз алдынча жомок түрүндө пайда болду? — деген суроо туулат.



Бул суроого толук жооп берүү үчүн, эпостон орун алган тарыхый окуяларды, идеологиялык мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилдик формасын, сюжеттик сызыгын, варианттардын ортосундагы айырмаларды, каармандардын образдарын, алардын граждандык тарыхтагы фактылар менен байланышын ж. б. маселелерди терең изилдөө керек. Бул маселелерди кеңири талдоо үчүн келечекте далай эмгектер, атайын монографиялар жазылууга тийиш. Бул кириш сөздө биз айрым маселелер боюнча өзүбүздүн кыскача гана жеке пикирлерибизди айта кетмекчибиз.

Алгачкы изилдөөлөр боюнча басма сөздө жана илимий жыйналыштарда эпостун чыгышы жөнүндө азырынча айтылган үч божомол (гипотеза) бар: 1) Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам), 2) Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев), 3) Жунгар доорунда (XVI— XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).

Бул божомолдордун биринчиси эпосто орун алган окуяларды Орхон – Енисей эстеликтеринде аталган түрктөр менен болгон уруштарга, ошол кездерде жана андан кийинчерээк байыркы уйгурлар менен болгон уруштарга, IX кылымда өздөрү кол салган уйгурларды жеңип, кыргыздардын өзүнчө күчтүү жана бир кыйла чоң көчмөн мамлекет түзгөндүгү сыяктуу фактыларга таянат.

Экинчи гипотеза "Манас" жомогунда учураган кээ бир тарыхый фактылар менен катар, этнографиялык, лингвистикалык жана географиялык маалыматтарга, алардын граждандык тарыхка байланышып турушуна сүйөнөт. Ошол фактыларды кыскача эскерте кетелик.

Эпос бардык варианттарда кыргыз урууларынын бытырап тарап, Ороздунун (кээ варианттарда Ногойдун) уулдарынын ар жерлерге сүрүлгөндүгүн баяндоодон башталат. Жомоктун кээ бир варианттары боюнча Кытайдын Алооке канынын баскынчылыгы натыйжасында кыргыздардын бирдиги бузулуп, бытырандылыкка учурайт. Эпостун башкы каарманы – Манас Алтайда туулуп өсөт, ал эр жеткенде кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого алып келет. Идеялык мазмуну жагынан эпостун негизги мотиви кыргыз урууларынын башын кошуп, кол салган тышкы душмандарга каршы туруу. Эпостун биринчи бөлүмүндөгү "Манастагы" окуялар алгачкы кездерде Орхон, Каңгай, Күкүнор, Алтай сыяктуу географиялык пункттарда болот, орто кылымдарга чейин Алтай тарабында жашаган тыргоот, орон-кой, ойрот сыяктуу уруулардын жана элдердин аттары аталат. Кыргыздардын да XII кылымга чейин азыркы территорияда болбой, Алтай тарабында жашагандыгы, XI кылымда Ысык-Көл, Чүй, Фергана өрөөндөрүн аралап жүрүп, түрк урууларынын сөздүгүн жазып кеткен Кашкардык Махмуддун маалыматы менен аныкталат5.

Эпосто айтылган кыргыздардын бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып көчүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя X кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн кара кытайлардын (алардын дагы бир аты кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет, Мына ушундан кийин кыргыз урууларынын Ала-Тоо тарабына бириндеп өтүшү күчөй баштайт. Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып, бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай эң оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес. Ошол эле кара кытайлар кыргыздардан кийин Борбордук Азиядагы элдерди (мунун ичинде ошол кезде "чин" деп аталган азыркы кытай элинин түндүк тарабын) каратып алуунун натыйжасында өзүнүн “кытай" деген атын ошол элдерге да тараткандыгы тарыхта маалим6.

Кара кытайлар тарабынан мамлекеттиги талкалангандан кийин кыргыз урууларынын саясий жагынан баш кошкон бирдиктүү күч болгондугу азырынча тарыхта белгисиз. Мындан кийин моңголдорго, калмактарга, манжууларга ж. б. каршы күрөшкөндө кыргыздар бирин-серин уруулардын гана башын кошуп, каршылык кыла алган. X кылымдан кийин азиялык тарыхта кыргыздардын аты чыкпай калышы, чыкса да, күңүрт угулушу мына ушуга байланыштуу.

Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX-X к.к.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Албетте, X кылымдан бери кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы (XII–ХШ к.к.)7, андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар да, эпостон орун албай койгон эмес.

Жазылып турган тарых китеби болбогон элде бир нече кылым мурун өткөн окуялар барган сайын унуткарылып, кийинчерээктеги окуялар көбүрөөк эскериле тургандыгын унутпоо керек. Мына ушул көз менен караганда, кыргыз урууларынын жанына өтө батаарлык кордук көрсөткөн соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) болгондуктан, алар жөнүндөгү аңгеме эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялардан билинээр билинмексен гана из калгандыгы толук закондуу иш.

"Манас" жомогунун чыгышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун авторлору эпоско кошулган ошол кийинки тарыхый маалыматтардын көбүрөөк орун алышына гана таянышат да, жомокто учураган андан мурунку тарыхый фактыларга баа беришпейт. Ошону менен катар, "Манас" эпосун жунгар чабуулдары кезинде (XVI–XVIII к.) Тянь-Шанда жашаган кыргыздар чыгарган болсо, андан бир нече кылым мурунку кыргыз урууларынын баштан өткөргөн окуялары (Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, кара кытайлар менен согушу ж. б.) жана XIV–XV кылымдарга чейин кыргыздар жашаган географиялык пункттар (Алтай, Кангай. б.) кайдан келип эпостон орун алып калды – деген сыяктуу суроолорго үчүнчү божомолдун авторлору эч жооп беришпейт.

Кыргыз элинин тарыхында эң эле чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу "Манас" жомогунун чыгышына себеп болуп, андан орун алганын туура деп тапсак, эпостун жашы бир миң жылга таяп барат.

***


Оозеки элдик чыгарманын китептегидей туруктуу тексти болбойт. Өзгөчө "Манас" сыяктуу узак жомоктун кылымдар бою оозеки түрдө гана жашап келиши анын аздыр-көптүр өзгөрүлүшүнө себеп болгон. Аны айткан жомокчулар өз заманындагы окуялардын жана өкүмдүк кылуучу идеологиянын элементтерин киргизбей койгон эмес. Мындай элементтердин киргизилиши да, жомокчунун ар бир маселеге жеке көз карашына жана жомокту угуучулардын жалпы талабына жараша болуу тийиш. Ар бир доордун жомокчусу өзүнө таасир келтирген окуяларды, идеологиялык мотивдерди өз түшүнүгүнчө жана чыгармачылык шыгына жараша эпоско жамады, катмарлады. Ошондуктан илгерки шаманизм жана көп кудайга табынуучулук ишеними менен катар кечээки эле исламдык диндин эпостон орун алышын оозеки адабияттын өнүгүш процессиндеги табигый нерсе деп кароо керек. Мына ошол кийин киргизилген кошумча элементтерге фольклористикада "катмарлар" деген термин колдонулат.

"Манаста" айтылган ар түрдүү окуялардын жана мотивировкалардын кайсылары анын негизине, эриш аркагына тиешелүү экендигин жана кайсылары "катмарлар" иретинде караларын аныктап билүү үчүн, эпостун элде айтылып жүргөн варианттарын мүмкүн катары толугураак жыйнап, аларды терең изилдеп чыгыш керек.

"Манас" эпосун жыйноо жана изилдөө иши өткөн кыльмдын ортосунда, түндүк кыргыздар Россияга кошулгандан кийин, орус окумуштуулары тарабынан башталды. Прогрессивдүү орус илимпоздорунун жардамы жана тарбиясы аркылуу европалык маданиятка ээ болгон казак окумуштуусу Чокон Валиханов 1850 жылдары атайын тапшырма менен Синцзянга өтүп баратып, кыргыздарга токтолуп, “Манас" жомогу менен таанышкан. Жогоруда келтирилген баага караганда, ага “Манас" чоң таасир кылган болуу керек. "Манас" поэмасынын бир эпизодун, атап айтканда “Көкөтөй кандын ашын" жомокчунун оозунан жазып алдым, — деп жазат Ч. Валиханов. Балким, бул кагаз бетине түшүрүлгөн кыргызча биринчи сөз болуу мүмкүн. Окумуштуунун "жазып алдым" деген текстти, тилекке каршы, алиге архивден табыла элек. Ч. Валиханов өзүнүн "Очерки Джунгарии" деген эмгегинде "Манас" жомогунун кыскача мазмунун гана орусча жарыялаган, ал эми "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмүнүн орусча котормосу окумуштуунун архивинде сакталгандыгы бизге маалым.

Ч. Валиханов уккан вариантка караганда, Жакып куда болуу үчүн Кара кандын айлына барганда, ал өзүнүн кызын (Каныкейди) букаранын уулуна берүүнү ыраа көрбөйт, Ошондуктан Каныкейди Манас күч менен тартып алат. Көкөтөйдүн айлы Ташкент тарабында эмес, Ысык-Көл, Кара Эртиш, Алтай жана Хинган тоолору жакта болот. Көкөтөйдүн ашындагы чатакта зордук-зомбулук көрсөткөн Коңурбай менен Жолойлорду Манас өлтүрөт; Манас өзү Нескара колдуу болуп каза табат. Бул өтө кызык варианттын толук жззылып бизге жетпегендиги абдан өкүнүчтүү.

Мындан кийин түрк урууларынын тил, адабият үлгүлөрүн жыйноочу жана изилдөөчү орус окумуштуусу В. В. Радлов эки мертебе – 1861 жылы Текестеги, 1869 жылы Чүйдөгү кыргыздарга келет. Ал да "Манаска" кызыгат, жомокчунун оозунан орус альфавитине ылайыктаган транскрипция менен кыргызча жазып алып, 1885 жылы Санк-Петербургда кыргызча жана немисче, ар бирин өзүнчө том кылып жарыялап, дүйнөлүк илимди кыргыз эпосу менен тааныштырат.

Радлов жазып алган вариантта кээ бир окуялардын анчалык өнүкпөгөндүгү, ырларынын көп көркөм эместиги жана сюжеттик жактан да байкалган кээ бир түшүнүксүздүктөр жалаң гана жомокчунун талантынан эмес, поэманы кагазга түшүрүүдөгү өзгөчө шартка да байланыштуу болуу керек. Окумуштуунун өзүнүн көрсөтүүсү боюнча, жазып жаткан киши кыргыз тилин жетик түшүнбөгөндүктөн, жазып алуу процессинде манасчыга улам-улам суроо бере берүү натыйжасында ырдын сапаты бир кыйла кемиген.

Ак падышаны Манастын досу кылып көрсөткөнүнө караганда, жомокчу угуп отурган элдин түрүнө карай, эпоско тиешеси жок нерселерди кошуп жиберет экен, дейт В.Радлов. Эпостун варианттарын изилдөөдө В.Радловдун бул пикиринин чон мааниси бар. Кыргыз эпосундагы каармандар менен тектеш элдердин эпостору ортосундагы байланыштыктар жөнүндө, эпостун чыгыш шарттары жана анын эл оозунда өнүгүшү жөнүндө, ырларынын түрлөрү, жомокчулар ж.б. жөнүндө В. Радлов көп көңүл бурарлык пикирлер айткан.

Революцияга чейин кыргыз оозеки адабиятын жыйноо бирин серин гана адамдардын өз демилгелери боюнча жүргүзүлгөн. "Манас" жомогун жыйноо, жарыялоо жана изилдөө боюнча чыныгы иштер Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана жүргүзүлө баштады. Элдик искусствону өнүктүрүү жөнүндө Коммунисттер партиясы тарабынан камкордук көрсөтүлүү натыйжасында, 1920 жылдардан тартып атайын каражат белгиленип, эл оозундагы адабият мурастары пландуу түрдө жыйнала баштады. Ушул күндө Кыргыз Илимдер Академиясынын фондусунда белгилүү манасчылардан жазылып алынган "Манас" жомогунун он үч варианты бар. Ч. Валиханов менен В.Радловдун варианттарын кошкондо, он беш вариант боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө болот. Эл оозундагы варианттарды жыйноо боюнча иш, али да болсо, улантылууда.

Эпостун варианттарын жыйноо менен катар алардын үзүндүлөрүн жарыялоо жана эпосту изилдөө боюнча да бир кыйла иштер жүргүзүлдү. 1925 жылы жомокчу Тыныбектин айтуусу боюнча жарыяланган "Семетейдин" үзүндүсүнөн баштап. "Манас" менен "еметейдин" айрым эпизоддору кыргыз тилинде (асиресе 1930-1940 жылдары) китепчелер түрүндө басылып чыкты. 1946 жылы "Чоң казат" зпизоду (Саякбай Каралаев менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары боюнча) орус тилине которулуп, иллюстрацияланып, Москвада жарыяланды.

Ата мекендик согушка чейин совет окуучуларын кыргыз эпосу жана аны айтуучулар менен кыскача тааныштырган макалалардан адабиятчы Е. Мозольковдун (1937 ж.), котормочу Л. Пеньковскийдин (1938 ж.), этнограф С. Абрамзондун (1940 ж.) ж.б. эмгектерин атоого болот. Эпосту аздыр көптүр изилдөөгө арналган эмгектер согуш жылдары жана андан кийинки эки-үч жыл ичинде К. Рахматулин, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, А. Н. Бернштам, М. И. Богдановалар тарабынан жарыяланды. Булардын ичинен маркум Калим Рахматулин тарабынан кыргызча жазылып 1942 ж. басылган "Манасчылар", 1943 ж. орус тилинде жарыяланган "Улуу патриот — укмуштуу Манас" аттуу эмгектер кеңирээк алынып жазылгандыгын айта кетүү зарыл. Мындан башка да, айрыкча 1952 жылы эпос боюнча жүргүзүлгөн талкууга байланыштуу көп макалалар басылды.

Дискуссияга чейинки макалаларда эпостун варианттарындагы элдик эмес идеологиялык катмарларга жеткиликтүү сын берилбей келген болсо, дискуссия кезиндеги бирин-эки макалада жана сөздөрдө ал катмарларды өтө апыртып көрсөтүү аркылуу эпостун элдик мүнөзүн тануу аракеттери байкалды. 1952 жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комнтетинин демилгеси менен өткөзүлгөн илимий сессия "Манас" эпосу боюнча ошого чейинки жүргүзүлгөн бардык иштердин жыйынтыгы болуп саналат. Бул сессияга кыргыз окумуштуулары жана жазуучулары менен катар Москва, Ленинград шаарларынын жана бир тууган респубикалардын окумуштуулары катышты. Алар эпостун варианттарына аздыр-көптүр сын беришип, эпосту изилдөөгө жана жарыялоого байланыштуу көңүл бурарлык бир кыйла жаңы пикирлерди айтышты. Сессияда талкуу иретинде негизги маселе – "Манас" эпосу кыргыз эмгекчилеринин таламын көздөгөн элдик чыгармабы же патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн таламын көздөгөн реакциячыл эпоспу деген маселе коюлду. Бул маселени сессияга катышкандардын басымдуу көпчүлүгү эпостун негизи элдик деген корутундуга келишти. Негизи элдик болуу менен катар эпостун жазылып алынган кээ бир варианттарында (асиресе Сагымбай Орозбаковдун вариантында) эмгекчи элдин духуна карама-каршы келген бай-манапчыл идеологияны көрсөткөн мотивдер гана эмес, айрым эпизоддор да бар экендиги аныкталды. Андай чоочун идеологиялык катмарлар жомоктун ички мазмуну менен данакерлешпестен, үстүрт, жолбун малдай обочо бөлүнүп тургандыгы, эпосту андай катмарлардан арылтуу зарылдыгы айтылды. Эпостун толук тексттин мүмкүн кадары жакын аранын ичинде кыргызча, орусча жарыялоо максатында, эл оозундагы варианттарды дагы жыйноо боюнча, эпостун составын, анын негизин, андагы жасалма түрдө киргизилген катмарларын анализ кылуу боюнча илимий иштердин кеңири жүргүзүлүшү зарыл деп табылды.

Эпостун фондудагы варианттарынан бириктирилген кыскача вариант түзүп жарыялоонун мүмкүн экендигине шек келтирген ораторлор да (мис. проф. А.К.Боровков, проф. Л.И.Климович) болду.Сессияга катышкандардын көпчүлүгү бир нече варианттан бириктирилип жарыяланган армян эпосу “Давид Сасунский",карелфин эпосу “Калевала" сыяктуу; элдик чыгармаларды бириктирүүнүн тажрыйбасына таянып, “Манастын" кыскартылып бириктирилген вариантын жакын арада басмага даярдоонун мүмкүндүгүн жана зарылдыгын кубатташты.Эпосту изилдөө ишин өрчүтүү үчүн ал илимий сессиянын чоң маанилүү материалдары Академиянын, тил жана адабият институту тарабынан эбак эле жарыяланыш керек эле8. Ошол эле институттун архивинде 1948 жылдан бери жарыяланбай жаткан материалдардын дагы бир жыйнагын көрсөтө кетүү зарыл. Бул жыйнакта “Манасты" 1930 жылдардан бери изилдеген эмгектеринин корутундусу түрүндө жазылган проф. М. Ауэзовдун



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет