Манас биринчи бөлүк


БАКАЙДЫН АТАСЫ БАЙДЫН АЛТАЙГА БАРЫШЫ



бет7/21
Дата16.07.2016
өлшемі3.01 Mb.
#202454
түріКнига
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   21

БАКАЙДЫН АТАСЫ БАЙДЫН АЛТАЙГА БАРЫШЫ



Ороздунун он уулу,

Мунун эң улуусу Бай экен,

Ак ала сакал чал экен.

Кең Кашкардын ар жагы,

Кебез-Тоонун бер жагы,

Ошондо жүргөн чагы экен.

Жипсиз колу байланып,

Жетимиш күнү айдалып,

Жетпей жүрдү тууганга,

Жер түбүндө зарланып.

Кайрылып жолун чала албай,

Калкынан кабар ала албай,

Каңгырап жүргөн чагы экен,

Бай акең караса тууган табалбай.


Байдан эки бала бар.

Улуусу аты Бакай дейт,

Нускалап угуп, сөз сүйлөп,

Аңгемеси далай, дейт.

Убайымды Бай айтат,

Уксун деп балдар жай айтат:

"Кебез-Тоо болду жайыбыз,

Кен Кашкар болду шаарыбыз.

Опол-Тоо болду жайыбыз,

Ойрон Жеркен шаарыбыз.

Ар кимдин жедик токмогун,

Арманым айтып токтоюн.

Жеке кеткен Жакыпка

Жетип кабар жоктогон.

Көй-Капка кеткен Үсөндү

Көрсөм деп, жаным күсөдү.

Кенже Жакып инибиз

Өлүү бекен, тирүүбү?

Тирүү болсо Жакыбым,

Жалгыздыктан зарланып,

Ыйлагандын бириби?

Бар болсо байкап билейин,

Өлгөнү болсо, көрөйүн.

Өксүгүр дүйнө өксүтсө,

Өкүрүп кайра жөнөйүн.

Балдарым, сага эп болсо,

Атаңар айткан кеп болсо,

Алтайдын тоосун айланып,

Армансыз болуп келейин".
Ал сөздү айтып Бай турду,

Акылын айтып жай турду.

Баласы Бакай кеп айтат:

"Барыңыз, ата! — деп айтат,

Быйыл он үч жыл болду,

Бай Жакып белин бууду деп,

Уктум эле уламыш

"Чыйырды эркек тууду" — деп,

Ошондогу баргандан,

Ат чабышкан балдардан,

"Барып келдик анда" — деп,

Кеп салышкан чалдардан.

Ошондо чалган кулагым

Ойноп жүргөн балдардан.

Башка Жакып болбосо,

Байкай турган бир кеп ко.

Бөлөк Жакып болбосо,

Билип келиш сизге эп ко.

Барып, ата, көрүнүз,

Алтай алыс жер десе,

Айныбасын көөнүңүз".
Бакай айтып салганы.

Макул болду бармакка,

Бай жөнөлүп калганы.

Күдүрлөгөи бор менен,

Гүлдөгөн шор менен,

Жетиген-Кыям* жол менен

Ак ала сакал Бай аке

Алыскы жолго салыптыр.

Үчүнчү күндө, түш ченде

Мелтиреген бир жапан

Чөлгө келип калыптыр.

Арык казган миң адам

Жерге келип калыптыр.
Өөдө-төмөн өткөндү

Өмөлүп кармап алчу экен.

Өзүнө арык каздырып,

Атын союп салчу экен.

Ал арыкты каздырган

Нескара деген дөө болгон.

Көлүгүнөн айрылып,

Көп адамдар жөө болгон.


Боз талааны алкымдап,

Байкуш Бай муну билбеген,

Барып калды салпылдап.

Чалга көзүн салганы,

Чапа кармап алганы.

Жер чалам деп желигип,

Бай балеге калганы.

Байдын атын союшту,

Байкуш кылып коюшту.

Кетмен берди колуна

(Кептин кара соңуна),

Чалга арык каздырып,

Чарчадым» — десе, түк болбойт

"Чап бачым" — деп шаштырып.


Эки жарым күн болду,

Чалдын аты ким болду.

“Чамам калбай калды" -деп,

Чал суналып тим болду.

«Чал жыгылды көргүн,-деп,

Арыктын сүйрөп кырына

Топурак үйүп көмгүн"-деп.
Кырга сүйрөп салганы.

Көңдөйүнөн кырчындын

Чалдын көөдөнү ачык калганы,

Көрүп жаткан көзү бар,

Көкүрөктө эси бар.

Багы ачылып бул чалдын,

Башына бак конуучу кези бар.

Арык ээси Нескара

Чабдар аты бар экен,

Уламыштан кеп уккан,

Укмушу артык жан экен.
Нескара кебин элге айтат,

Арык чапкан жерди айтат:

«Алтай-Тоону жердеген

Тумөндөгөн жылкы бар,

Түбүң түшкөн буруттун

Толуп жаткан мүлкү бар.

Чоң Алтайдын бетинде,

Чоң Дабранын четинде

Манас деген бала бар,

Акылы жарым чала бар.

Өнкөй балдар кашында,

Быйыл он үч жашында.

Мен ошого барамын,

Тийип жылкы аламын.

Атакеси Жакыптын

Эшектей кардын жарамын.

Жалгыз туума Манасты

Тирүү байлап саламын.

Балтыр эти толо элек.

Балбан чагы боло элек,

Чаң көзүнө толо элек,

Чабышка камбыл боло элек,

Уюган чаңга кире элек,

Уруштун ыгын биле элек.

Чоңойсо, келер жерине,

Чачылган бурут элине,

Балтыры сыйса жерине,

Балакет болор көбүнө.


Азыр Манас баралы,

Айдап жылкы алалы.

Алышам десе биз менен,

Тындым кылып салалы.

Бейкут жаткан болобу,

Бекер этке тоёлу,

Ээликкен Манас баланын

Эртелеп көзүн оёлу!

Алыска сапар жол алып,

Аттанып калды Нескара,

Калкыган калың кол алып
Аны таштап салыңыз,

Көмүлүп жаткан Бай байкуш,

Андан кабар алыңыз.

Арыкта жатып Бай аке,

Нескара кебин угуптур.

Адамдын баары кеткен соң,

Аш бышымга жеткен соң,

Бай көмгөн жерден чыгыптыр;

Жан-жакка көзүн салыптыр.

Жаргак деген колотто,

Алты качыр, төрт эшек

Баягы аттанган жоодон калыптыр.

Бай барпайып барыптыр,

Этеке конок салыптыр;

Качырлардын бирөөн

Эптеп кармап алыптыр.

Эң учунда арыктын

Арык казган адамдын

Элүү-кыркы жүрүптүр,

Байдын эптеп чыкканын

Баятан көрбөй калыптыр.

Качыр кармап жүргөндө

Карасын көрө салыптыр.
"Кайдан келген адам?" — деп,

"Кууп кармап алам" — деп,

Кужулдашып калыптыр.

Алардан качып озунуп,

Ак куудай мойну созулуп,

Бай кыраңга чыгыптыр.

Экөө, үчөө таш менен

Байды кырдан уруп жыгыптыр.

Кайра Кашкарга кетчү жолунан

Аркылар тосуп алыптыр.

Аргасы жок Байыңыз

Аскердин арка жагынан

Наалып жолго салыптыр.

Жүрө берди аяңдап,

Жерге буту салаңдап,

Качырып коюп кулакка,

Келаткан кези бу жакка.
* * *
Муну мындай таштайлы,

Эми Жакыптан кабар баштайлы:

Куучунак менен болкоюп,

Абаңыз Жакып золкоюп,

Атына минип алыптыр,

Аралдан чыгып барыптыр.

Алты күнү жол жүрүп,

Нескара келип калыптыр,

Эл карасын көргөндө

Эси чыгып бугуптур;.

Алиги келген аскердин,

Арт жагын байкап туруптур.

Аскердин арка жагынан

Элес-булас бир караан

Эми Жакып көрүптүр.

«Жалгыз, жарым жан экен,

Жалгыз жүргөн бу да бир

Мээнеттүү мендей чал бекен?

Ким экенин билейин,

Кебин угуп көрөйүн"'.

Туучунак менен жол тосуп,

Жалгызга жакын келгени.

Буурул сакал бу Жакып

Алыстан салам бергени.

"Аман-эсен баатыр — деп

Бай сурады Жакыптан,

Ким болот сенин атың?" — деп.

Эми Жакып кел айтат,

Менин, жайым ушул деп айтат:

"Түлкү атабыз Төбөй, дейт,

Берки атабыз Көгөй, дейт.

Көгөйдөн болгон Ногой, дейт.

Өз атабыз Ороз, дейт".
"Аым Жакып" дегенде,

Айтып кабар бергенде,

Бай бакырды "баа!" — деди,

"Өткөн экен дүнүйө-ай,

Өмүрдүн баары, аа, — деди. –

Бала бойдон сен элең,

Баарыңардан улууңар —

Бай деген агаң мен элем,

Куйругу болсом, жал элең,

Куруп калсын дүнүйө,

Сен анда жанымда жапжаш бала

элең.


Арадан канча жыл өттү,

Акыл тайып күч кетти.

Өөдө болсом, өбөгүм,

Алдейлеген бөбөгүм,

Тайгылганда жөлөгүм.

Айдоосу менен улуктун

Айдалып барып думуктум.

Алоокенин тушунда

Айдоого келдиң ушунда.

Орозду уулуң бөлгөнү

Куруган жаным өлбөдү.

Ошондон бери зарданып,

Ушуну көзүм көргөнү.
"Күйөрүң — Байың мен элем;

Сенден калып айрылып,

Күйүткө баткан жан элем.

Чарчасам, минер бурагым,

Ташка салсам, туягым,

Жобогонуң* көп белем,

Карып калган сыягың,

Чын айттыңбы Жакып?* — деп,

Айгайды Байы салганы.

Агасы Байды көргөндө,

Жакып атынан түшүп алганы.

Айрылганы алардын

Аябай көп жыл болуптур,

Аккан жашы экөөнүн

Коюнуна толуптур.
Бай олтуруп кеп сурайт,

"Балаң барбы?" — деп сурайт.

Жакып балам бар, — деди,

Жараткан болсун жар, — деди.

Эл-журтумдун жогунан

Дүнүйө мага тар, — деди.

Келиниң бар боюнда,

Дагы, кенелем деймин оюмда".


Анда туруп Бай айтат

Жакыбына жай айтат:

"Кайгы менен жүрүпсүң,

Карыганда бала көрүпсүң.

Жакып сенин жанагы

Жалгызың аты ким эле?".

Байга Жакып кеп айтат:

"Аты Манас" — деп айтат.

"Айткан оозго толуптур,

Аты жакшы болуптур.

Колдой көргүн арбак!" — деп,

Колун жая салганы.


Эзилишип эки чал,

Эси кеткен Байыңдын

Эми эсине түшө калганы:

"Өлтүрөм деп Нескара

Манас деген баланы,

Аябай аскер мол алып,

Ангире* жолго салганы,

Нескара деген эр экен,-

Эгер беттешкен киши соо болбойт.

Пейли катуу неме экен.

Эми кагылайын каралдым,

Сен көрүндүн көзүмө,

Манас деп тикти казатын,

Ынангын ушу сөзүмө!".


Жакыптын айтып агасы,

Муну уккан соң Жакыптын

Дирилдеди жакасы.

"Аттаналы, чабалы,

Айылды ылдам табалы.

Ары-бери камданып,

Адам жыйнап алалы".

Аны ойлонуп Жакып чал,

Ашыкканын карап ал.

Жергелеш тууган кыргызга

Жетип кабар салыптыр,

"Жоо жергеге келди" — деп,

Жакыптын үрөйү учуп калыптыр.
Жаңыдан келген тууганы

Бай Жакыпты мааналап,

Бир жыл болду турганы.

Бир азырзак түтүнү

Каңгы деген калк эле,

Каңгылардын ичинде

Чегиш деген алп эле.

Уругу кыргыз калчадан

Ушунда бар канча жан

Угузуп кабар салыптыр.

Уйгу-туйгу баарысы

Убарага калыптыр.

"Узак жолго барсын" — деп,

Баягы карып калган Балтага

Дагы буйрук кылыптыр.

Баягы манжуудан келген калмагы,

Эки жүз токсон түтүнү,

Булар да күтүнүшүп калганы.

Канатташ турган казагы

Кабарын угуп турганы.


Балта чал байкуш кетиптир,

Алты күндүк жерлерге

Ара конбой жетиптир.

Жолдогу кыргыз, казакка

Кабарын айтып өтүптүр.

Камбардын уулу Айдаркан,

Казактан чыккан мыкты жан,

Жакыпты карай жол алып,

Жер майышкан кол алып,

Жете келген турбайбы.

Ат жеткен жердин кыргызы

Эми издеп чыкты бул жайды.


* * *
Нескаранын калың кол

Бай Жакыптын Кең-Арал

Аягы менен өтүптүр;

Эки күнү жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Маңгулга кирип кетиптир;

Маңгулдун жайытта жаткан

жылкысын,

Тийип алып качыптыр.

Аны көргөн мангулдар

Улуу черүү кол менен

Адамы ыксыз мол экен

Жоонун изин басыптыр.
Жайсаңбай деген бай экен,

Как ошондо Жайсаңда

Он миң жылкы бар экен.

Арт жагынан акырып,

Айгайлашып бакырып,

"Жоологонуң ким? — деди.

Жообуңду айткын тим!" — деди.

"Буруттун шумдук баласы,

Кайда болот, айтыңар,

Жакып чалдын Манасы?

Издегеним ошол, — деди,

Ошону издеген кол" — деди.


Анда булар кеп айтат:

"Кулан-Жайлоо, Куу-Түздө

Манас, Жакып бул кезде.

Айтыңар, — деди, кебиңди,

Аскер башчы бегиңди.

Бизде бар болсо алгын, — деп,

Мурунтан калган кегиңди".

Жайсаңбай айтып салганы,

Аны укканда Нескара

Дөөсүнө кабар кылганы.

“Биз дайрадан чыктык жол менен,

Чаң созулткан кол менен.

Бул Жакыптын өзү го,

Бизди алдай турган кези го?

Бурут Жакып болбосо,

Башкада мындай мал болбойт.

Кутулуп кеткен турат ко,

Кууланган ушул чал оңбойт.

Жылуу-жумшак кеп уруп,

Жылкыңды берем деп туруп,

Мойнуна укурук салалы,

Бортоңдогон бул чалдын

Өзүн кармап алалы".

Нескара акыл чыгарды

Нөкөрлөрү кубанды.
Жайсаңга жакын турганы,

Эми Нескара кепти урганы:

"Айдабайлы жылкыңды,

Ачпайлы сенин уйкуңду,

Чачпайлы асти мүлкүңдү,

Жайсаңбай жакын кел, — деди.

Сенин кылган кызматың,

Жакыптын уулу Манасты

Таап кармап бер" — деди.
Анда Жайсаң кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Келген сенин жолуңда,

Ушул жактын тоолорун

Көргөн киши жок беле

Кайнаган калың колуңда?

Ал калды сенин артыңда.

Катыла албайм коркомун

Бала Манас баатырга!

Алыша кетер шайым жок,

Айдап берер малым жок.

Жылкым түгүл жып-жылас,

Айлымды чаап кетсең да

Кармап берер табым жок".

Ушуну айтып Жайсаңбай,

Карап турду жайма-жай.


Айтканын угуп турганы,

"Бери жакын бастыр» — деп.

Нескара айта салганы.

"Чалар жолуң чалыңыз,

Чарпышар жерге барыңыз,

Алар жылкы алыңыз,

Бери келгин мага — деп,

Неге асылып калдыңыз?".

Ушуну айтып Жайсаңбай,

Бура тартып калганы.

Аны көрүп Нескара

Атына камчы салганы.


Нескара менен маңгулдар

Карсылдакты салганы.

Жайсаңбайдын маңгулдар

Төө мылтыгын жактырды,

Күркүрөтө аттырды.

Төө мылтык үнү күркүрөп

Нескаранын көп кошуун,

Тула бою дүркүрөп,

Кайра качып калганы.

Аскерин тосуп Нескара,

Айкырып камчы салганы.

Нескаранын көп колу

Кайрылып чабуул кылганы.

Каптаган колго чыдабай,

Айлынан качты Жайсаңбай.
Кыз-келинин кармашып,

Дүнүйөгө жармашып,

Олжо-буйла талашып;

"Орчунун алып койдуң", — деп,

Ороңдошуп сабашып,

Жылкы тийип, мүлк алган

Чала кытай Нескара,

Чабылды Жайсаң бечара.


Кармаарын билип шекинип,

Качты Жайсаң бир тоого,

Токойго кирип бекинип.

"Кармап алып сойбой!" — деп,

Нескара жүрөт өкүнүп.

Катындар ыйлап, буркурап,

Колго түшпөй калганы

Кокту, жылга, тоо-ташка

Качып кирди дыркырап.
Нескаранын көп колу

Ошо күнү конушту,

Ою менен болушту.

Эртесинде аттанып,

Эрдемсинип шаттанып,

Он бешке толгон жаштуудан,

Ошондой кара чачтуудан,

Көчтөн чыккан көрктүүдөн,

Көмкөрө кундуз бөрктүүдөн

Жүз отуз кыз алыптыр.

Эмчеги тикчей, эти арык,

Эптүү сулуу келинден

Эки жүз колго түшүптүр.
Кер маралдай керилген,

Төөнүн баары бакырып,

Эшекти көрсөң, айкырып,

Уй мөөрөдү күңгүрөп,

Кой маарады дүңгүрөп.

Кыймылдатпай кол-бутун

Кишилерин байлатып,

Ангрен жолго салыптыр;

Жылдырып малын айдатып,

Көтөрүшкөн көп тууну.

Эми жолдон көрүп ал

Кулак тунган көп чууну.


* * *
Муну мында таштайлы,

Манастан кабар баштайлы.

Жакыптан кабар барыптыр, —

Аймаңбоз минип болкоюп,

Ак найза колдо койкоюп,

Накери* бутта чойкоюп,

Тегеректен чакырып,

Төрт жүз аскер алыптыр.

"Төрөм, төрөм, төрөм" — деп,

Баарысы тегеректеп калыптыр.

Ала байтал, куу найза,

Шоодураган көйкашка.

Алмалуу кыя жол менен,

Кылкылдаган кол менен,

Айбаттанып, акырын,

Аскердин алдын жапырып,

Жазайылды жаткырып,

Күлдүр мамай мылтыкты

Күркүрөтө аттырып,

Күлдү колун жапырып,

Күлдөн бетер сапырып,

Нескаранын колунун

Жолун бууп алыптыр,

Арыстан Манас баатырың

Айкырыкты салыптыр.
Жарым күндөй болгондо,

Камбардын уулу Айдаркан -

Алтай казак калкынан

Ашкере баатыр бул бир жан -

Айдаркандын Көкчөсү

Кырк жигиттин башы экен,

Он алтыда жаш экен.

Аты Көкчө коюлган,

Ак тасмадай чоюлган,

Көргөндүн көөнү тоюнган.

"Жаке, Жаке, Жаке — деп,

Көкчө жекеге чыгып туруптур.

Жекесине келе албай,

Кытайды кудай уруптур,


Арданган бойдон Нескара

Чабдарга камчы салганы,

Кыргызды көздөй бет алып,

Качырып кирип барганы.

Аркасынан анын да

Чаң созулуп калганы.

Аймаңбоз тулпар мингени,

Бала Манас туйгунуң,

Эми Нескара көздөй киргени.

Беттеше албай Нескара,

Айлана качып калыптыр.

Аймаңбозун кындыйтып,

Ак найзасын зыңкыйтып,

Манас артынан түшүп алыптыр.


Нескаранын Чабдарат

Шайтандай учкан мал экен.

Канаттуу куштай сызылып,

Жөнөп калган чагы экен.

Качып жүрүп муну айтат,

Калкынын баарын муңайтат:

"Кабылан жолго жатарбы-ай,

Катыларга катылбай,

Кадемим мындай катарбы-ай!

Жолборс жолго жатарбы-ай,

Жолугарга жолукпай,

Жолум мындай катарбы-ай!".

Буркурап, коркуп, Нескара,

Бул сөздү айтып салыптыр.

Колуна түшкөн кыз-келин

"Кутулсак экен мындан" — деп,

Кужулдашып калыптыр.
Аймаңбоз менен жетерде,

Манас ыргыта коюп кетерде,

Нескара элге кеп айтат,

"Эсен бол калкым!" — деп айтат.

Чабдарга камчы салганы,

Каканчыга качмакка

Эми ойлонуп калганы.

Аймаңбозун чуратып,

Артынан Манас жеткени.

Алтын кемер чети деп,

Айдалынын бети деп,

Сыр найза сайып өткөнү

Манас эки жанчып, үч сайып.

Үзөнгүдөн бут тайып,

"Аман болгун элим, — деп,

Талкаланды белим, — деп,

Азап айдап бул жерге,

Ушуну үчүн келдим» — деп,

Октой болгон Чабдардын

Оозун жыйып алыптыр.

Чаңшуур шаар балбаны

Чыга жаздап далдалы,

Четиндүү кыя чер менен,

Кийик баспас жер менен,

Өөдөнү көздөй салыптыр.
Каркап* күчү толбогон,

Каран калган Аймаңбоз,

Өөдөдөн өксүп калыптыр.

Өңгөчө буудан Чабдарат,

Булуттуу көктүн астынан

Муңдуу чөптүн үстүнөн

Буркурап учуп алыптыр.

"Жер түбүнө кирсен да,

Артыңдан Манас жетем, — деп,

Же өлтүрбөй, же өлбөй,

Кантип кайра кетем" — деп,

Аймаңбоз менен аргытып,

Белге жакын калыптыр,

Туучунак менен түйүлтүп,

Атасы Жакып жетиптир.

"Тура тургун, балам* — деп,

Чылбырдан коштоп өтүптүр.

Атакесин жаш Манас

"Бошот" — деп айгай салыптыр.

Коштогон бойдон баласын

Жакып кошуна кирип барыптыр.
Нескара качып кеткен соң,

Кошууну калды калтырап,

Кара көзү жалтырап,

"Жан соогаттап" буркурап,

Жалпы баары чуркурап.

Калган кытай, калмагы

"Катылбайбыз эми" деп,

Койдой чуулап барганы.

Жесирдин баарын бошотуп,

Жетимдин жашын токтотуп,

Үйшүн, Үмөт, Жайсаңы,

Урматтуу кебин айтканы

"Үйүндө мүлкүн таанышты,

Үйүп-жыйып көтөрүп,

Алган экен алар" — деп.

Аста басып барышты,

"Аласыңбы муну" — деп,

Айдаркан, Жакып, Дөгөндүн

Астына коё салышты.
Ошондо бала

Манас кеп айтат;

"Маңгулдар сага не болду?

Акылың кайда жоголду?

Айрып алган дүнүйө,

Айрып алдык жоодон — деп,

Аксакалдар муну алса,

Анан кайдан оңолду?!

Чабылдың да, чачылдың,

Чабуулдан этиң ачындың.

Жазайын мылтык түздөп ал,

Керектүң болсо, бизден ал.

Он миң эле жылкыңыз,

Оодарылды мүлкүңүз,

Ыйлап жүрүп үч күнү,

Эми чыкты күлкүңүз.

Аяк-башты жыялык,

Аккан жашты тыялык,

Эндекей жүрбөй мунетип

Бир чоң ынтымак кылалык.

Тарбагатай, Кыңгырдан,

Алты-Байдын Тармал-Саз,

Аягөздүн Керме-Саз,

Капталың Кара-Кум болсун.

Катарлашып жоо келсе,

Кездешер жериң бул болсун.

Эсен кан эгер соо койбойт,

Эл деп бизди ойлобойт.

Көптүгүнө салганда,

Көк найза салса, бойлобойт.

Бекемденип каларбыз,

Алыша келсе, тим жатпай,

Алангирди саларбыз!

Ушуну айтып эр Манас,

Кашкая карап турганы.

Айтканын уккан көпчүлүк,

Айран-азыр калганы.
Аны таштап салыңыз,

Чабылгак маңгул айлынын

Кабарын угуп алыңыз.

Жайсаңбайдын эрени,

Жан-жабыла Жакыптын

Маңдайына келгени.

"Эл кылыңыз бизди, — деп,

Эндекей жүрүш болбойт, — деп,

Нескарага окшогон

Жоо келсе, эсен койбойт, — деп.

Чалыбай аттуу балам, деп,

Жолдош болсун Манаска,

Жоролош болсун кыргызга.

Эл болгондун белгиси,

Эрке балам жалгызым,

Эми кошуп алыңыз,

Эби келсе барыңыз".

Күлдүр айтып салганы.

Күлдү журттун баарысы:

"Нээти менен айтат" — деп,

Күңгүрөп сүйлөп калганы.

"Уруксат болсо, кетсек" — деп,

Улуу — кичүү жыйылды,

"Ушул Манас кандай?" — деп,

Урматына сыйынды.

Бет-бетине тарашып,

Бечаралар жарашып,

Жай-жайына карашып,

Жаны тынып тарашып,

Жардамга келген колуна,

Жалпы салды жолуна.

"Үй, катының барбы? — деп,

Урматына баргын, — деп,

Бала-чакаң барбы? — деп,

Маңдайына баргын, — деп,

Ага-иниңер барбы? — деп,

Акылына баргын, — деп,

Эмне көргөн, билгениң

Элиңе айтып салгын" — деп,

Жесирдин баарын жөнөттү,

Нескара туткун кылгандар,

Эми, жер-жерине бүт кетти.


Тууган болуп душманы,

Нескаранын колунун

Ичинде калды бушманы:

"Атанын жакшы, эл бол — деп,

Өткүр Манас жаш бала

Өлүмдү билбес эр бол,

Ушуну жаман дегениң,

Өлчөөң кара жер бол!" — деп,

Кубанып тарап кеткени.

Кыргызда Манас баатырдын,

Кабары көпкө жеткени.
* * *
Арадан алты ай өткөнү,

Ит агытып, куш салып,

Имерилип чөл чалып,

Кеткени он бир күн болгон

(Анын кабарын билген ким

болгон?), —

Жоголуп кетти баласы,

Жакыптын тынбай санаасы.

Туучунак атын миниптир,

Төтөлөп жолго кириптир.

Айылдан узап, бай Жакып

Ат чабым жерге барыптыр.


Асты жакы жабырдан,

Аткулактуу шабырдан,

Күлүктүн бели ийилген,

Көпкөк темир кийннген,

Очогор мылтык асынган,

Ойду-дөңдү бастырган

Он бири чыга калганы,

Жете келип Жакыпты

Ортосуна алганы:

"Эсен кандан келген биз;

Эл кыдырып жүргөн биз,

Карыя, кепке кулак сал:

Кандан болгон буйрук бар.

Кыргыздан келген

Жакып, дейт, Баласы

Манас деп уктук.

Билесиңби Манасты?

Биз башкадан ошондой кеп уктук.

Биз кетебиз мындан тим.

Чалкайыңкы курсагың,

Чалым, сенин атың ким?

Анда Жакып кеп айтат,

Аргасы кетип, бек айтат:

"Аты-жөнүңөр ким болот?

Ата журтуң кай жакта?

Журт кыдырып жүрөсүз

Кандайлыктан бул жакта?

Жакыптын жайын билесиз.

Баласы Манас дегенди

Не себептен тилейсиз?".


Ушуну айтып чал Жакып,

Кооптонуп турганы.

"Мурда атыңды бат айт" — деп,

Булар күчөп сурады.

Жакып атын жашырып,

"Бердике деген мен, — деди.

Эми чыныңды айткын сен, — деди.

Ар жагы кыргыз элибиз,

Аралдуу Алтай жерибиз.

Атам кыргыз, айлым аз,

Баласы Манас он төрттө,

Атасы Жакып мага кас.

Байлап кетсең баласын,

Мага десең канаке,

Өлтүрүп кетсең Манасын!

Баянын айтчы балдар?" — деп,

Баятан Жакып сурайт кеп.
Аны уккан соң он бири:

"Жалгыз жүрсүң бул жерде,

Сага Жакып кас болсо,

Жакыптын айлы кай жерде?

Баштап бизди баргын, — дейт,

Бай Жакыпка кылганды

Байкап көрүп алгын" — дейт.
Айласы кетип бай Жакып

Он бирине кеп айтат:

"Ой, баатырлар! — деп айтат. –

Тарбагатай тоосу бар,

Теректи деген түзү бар.

Кышка жакын козуучу

Кыштоосу шондо болуучу.

Жакыбың да, Манасың,

Жете барсаң, табасың.

Коюңар, балдар, коюм бар!

Койду бөрү жеди деп,

Коркуу кирген оюм бар.

Узайын, балдар, уюм бар,

Өңкөй улук жиберген,

Бузук экен куюңар.

Бара бергин өзүңөр,

Башы чыккан чоң тоону

Көрбөйбү эми көзүңөр!".

Узатып жолго салганы.

"Жалгызым кандай болот?" — деп,

Эми убайымга калганы.
Эки жарым ай болгон,

Эркек бала Бакдөөлөт

Ал да төрөп салганы.

«Манасты душман алабы?

Бакдөөлөт тууган бир бала

Аман колдо калабы?".

Ага да тойду союптур,

Атын Абыке деп коюптур.

"Бешиктеги жаш бала

Белге таңуу болобу?

Белиме таңган Манасты

Мерт таптырып коёбу?".


Туучунак менен туйлатып,

Үйүнө Жакып келгени.

Айыл башы Акбалта,

Акылдашы Бердике,

Ар жердеги айылын

Арбын жыйнап алганы.

Бай абасын баш кылып,

Акыл салып турганы:

"Кызыл чоктуу көп ойрот —

Кытай угуп алыптыр.

Кылабыз деп Жакыпка

Кекенишип калыптыр.

Кара чоктуу көп ойрот

Калмак кабар алыптыр,

"Кап, Жакып!" — деп кекенип,

Камданышып калыптыр.

Кандай арга кылабыз?

Бирөөндө бар беш бала,

Бирөөндө бар чоң бала,

Бирөөндө бар он бала.

Бир баланы Манас деп,

Берип койсок кантет?

Бир кудайдын жазуусун

Көрүп койсок кантет?

Манасына садага

Бөлүп койсок кантет?".

Бул сөздү айтып салганы,
Бул олтурган калайык

Баланча деп айталбай,

Мукактанып калганы.

Бай ошондо кеп айтат.

Кеп айтканда эп айтат:

"О, Чыйырдым менен Жакыбым,

Айтсаң муну эсиң жок.

Бала сатып Манас деп,

Башканы берер кезиң жок.

Бириң — картаң — ургаачы,

Бириң — канжыраган чалсыңар.

Экөөңдү карасам,

Деги кандай акмак жансыңар!

Баласын малга ким берет,

Сенин балаңдын күнүн ким көрөт?

Ботосун малга ким берет?

Сенин ботоңдун күнүн ким көрөт?

Айтасың сөздү айбандай,

Сенин ал сөзүңө ким көнөт?

Чыландан* чыккан жол барбы?

Чырмап келип бул жерде,

Сени камап жаткан кол барбы?

Кумулдан чыккан жол барбы?

Курчап келип бул жерде,

Сени кууратып жаткан кол барбы?

Кандай айткан кебиң бар?

Калжайып тайган эбиңер!

Алыстан миңдеп кол келди,

Нескара деген зор келди.

Кыйратты Манас көзүңчө.

Жакып, жаман экенсиң,

Кыйнала берип өзүңчө.

Качырды Манас көзүңчө.

Кандай курган жан элең,

Кайгыра берип өзүңчө!".

Бай жактырбай таштады,

Бай акеси алдында

Чыйырды көзүн жаштады.


* * *
Аны коё салыңар,

Манастан кабар алыңар.

Үч-Аралга барыптыр,

Он бир конуп талаага,

Оюну канып алыптыр.

Алты бөрү, он түлкү

Жолдоштору алыптыр.

Эки бугу, үч кулжа

Алар атып салыптыр.

Талды-Сууга барыптыр,

Манас аларды карап калыптыр.
Кырга чыгып караса,

Жайнап аккан суу экен,

Курбу-Кум деген бул экен.

Кулжасы жайнап тур экен.

Кайың, терек, тал экен;

Кайыптын кени бар экен.

Карап турса таңыркап,

Токойдон чыгып бөлүндү,

Жолдоштору көрүндү.

"Мында жүргөн экен" — деп,

"Аймаңбоз менен жетем" — деп,

Жолго бала салганы.

Кадам баспай Аймаңбоз,

Токтоп туруп алганы.

"Неден үркөт доңуз?" — деп,

Асты жакы аралга

Көзүн бала салганы.
Чагарактап куйругу,

Жакжайыңкы төшү бар,

Так чыныдай көзү бар.

Кыңшылаган үнү бар,

Кызыл келген жүнү бар,

Чоң казандай башы бар,

Үйүр баскан айгырдын

Куйругундай чачы бар*

Көкүрөк жүнү самсаалап,

Көчүк жагы тарбайып,

Жыпжылаңач, санталак,

Азуу тиши бир карыш,

Алкымы бар бир кучак

Азууларын карасаң,

Капталында калы бар.

Моюн менен шилиде

Кере кулач жалы бар.

Чоңдугу бар өгүздөй,

Аяк басса адамдай,

Капталында канаты,

Куйругунда кылычы,

Куп тамаша бул иши.


Желдей учат желиши,

Жаңы экен ушу келиши.

Тырмактары арбайып,

Оозу жаман аржайып,

Жерди басса айбандай,

Көчүк жагын карасаң,

Алгыр кыраан тайгандай.

Башында мүйүз көрүнөт,

Найзадан мурун сайгандай.

Манас менен иши жок,

Басып чыга калганы.

"Бул эмне шумдук?" — деп,

Бала көзүн салганы.

Басып чыгып дөбөгө,

Бир кыйкырып алганы.

Кыйкырыгын карасаң,

Беш күндүк жерге угулду.

Такырда көп кулжанын

Түгү калбай жыгылды.
Кулжанын баары өлгөнү,

Өлгөнүн Манас көргөнү.

"Атайын, залым экен, — деп,

Атпай койсом, бекер" — деп,

Арыстаныңдын Аккелте

Ортосу болот, оозу албарс,

Түтүнү туман, түбү асман,

Кароолу тажаал, огу ажал,

Асынып жүрсө Аккелте,

Ачууланса койчагыр*,

Чындаганда замбирек,

Шай колдогон бадирек* —

Мылтыгын колго алганы.

Көк милтени тутатып,

Бетине бала кармады:

"Өпкөсүнүн тушу — деп,

Өлчү жери ушу" — деп,

Аккелте менен бир койду, —

Көк түтүнү булады.

Көтөрүлүп көк ташка

Алты аркандын боюндай

Асманды көздөй чурады.

Как Манастын үстүнөн

Түшүп жерге сулады.


Кыйкырыкты баягы

Жолдоштору угуптур.

Угуп эси чыгыптыр.

Анын арка жагынан

Айбаттанып чаңырган

Аккелте үнүн угуптур.

"Атты бирөө мылтык" — деп,

Таңыркашып туруптур.

Алигинин өлгөнү,

Өлгөнүн көзү көргөнү.

Басып келип баатырың,

Ач албарс менен бир чаап,

Белинен эки бөлгөнү...
* * *
Баягы кытайдан келген он бири

Манас, Манас деген сөз

Кулагы аны чалыптыр.

"Кайда Манас деген?" — деп,

Издеп келип калыптыр.

"Манас бизге табылды,

Абийрибиз жабылды.

Азыр токтоп нетебиз,

Айдап алып кетебиз".

Бая улуктан келген кишилер

Манаска көзүн салганы,

Мустайып карап калганы.


Алтоо эле жолдошу,

Арыстан Манас жолборсу:

"Атамды сурап нетесин?

Алпарайын атама.

Айттырайын тобоңу

Өзүң кылган катаңа.

Он бириң мындай жүрүңөр,

Орчун дөөтөт сүрүңөр!".

Ара конуп, айлына

Алып Манас барганы.

"Атам Жакып келсин" — деп,

Айтып кабар салганы.


"Кандан келген элчилер,

Манасты кармап алды, — деп,

Балакетти салды" — деп,

Жакыпка кабар угулду.

Чоочугандан Жакыптын

Жүрөгү оозго тыгылды.

Айлынын баарын жыйнады,

Жакыпты кудай кыйнады,

Наалыш кылып ыйлады.

Бай абасы Акбалта,

Жакып баштап карысы,

Бердике баштап, — баарысы

Белден ашып барышты.
Берен Манас бар болсо,

Бере койбос намысты.

Түптөн келген он бири

Дөөгүрсүшүп калыптыр.

"Төрөбүз буйрук кылган" — деп,

Манасты кармап алыптыр,

Ал ангыча үстүнө

Бай Жакып келип калыптыр.

"Атаң кайсы сенин?" — деп,

Алар сурай салыптыр.

"Атам мобул киши" — деп,

Айтып Манас туруптур.

Жакыпты көрүп таанышып,

"Сен кайда жашырынып калдың?"

— деп,

"Эмнеликтен биздерди



Адаштырып салдың?" — деп,

"Каршы экенсиң канга, — деп,

Катуу каар, касапты

Салалыкпы жанга? — деп.—

Сен бизди адашкан жолго киргизип,

Арамдыгың билгизип,

Азыр сени соёмун,

Башыңа шири кийгизип!".


Ушуну айтып, чамынып,

Төртөө турду камынып.

"Байла Жакып чалды!" — деп,

Басып келди жабылып..

Бай Жакып ошондо кеп айтат:

"Балдарым, токто! — деп айтат.

Күнөөм болсо, балдарым,

Күндөндү* мага камдагын.

Шоктугум болсо, балдарым,

Зоолугуң* мага камдагын.

Дос кишиңди кас көрүп,

Убалга бөөдө калбагын!".


Жакыптын болбой сөзүнө,

Жан деп илбей көзүнө,

Жабылышып калганы.

Жанындагы баласы,

Жаалы катуу Манасы:

"Катылба карган кишиге!

Кандан келдик дейсиңер,

Айраңмын кылган ишиңе!".

Ушуну айтып, эр Манас

Арага түшүп турганы.

"Манасты кошо байла!" — деп,

Айгайды алар салганы.


Аны уккан Манастын

Жаалы чыкты сөзүнөн,

Жалыны чыкты көзүнөн.

Бирөнү кармап оң колдон,

Бирөөң кармап сол колдон,

Бирөөнү алды далыдан,

Бирөөнү алды жакадан,

Кагыштырып турганы,

Көйнөктөй желпип төртөөнү

Көмөрүп жерге урганы.

Калган төртөө камынып,

Жекелөөгө жабылып,

Манаска колду салганы.

Экөөнү эки колуна,

Баатырың кошоктой кармап

турганы.


Астына алтоо басылды,

Топурагы тозулуп,

Кармашкан жери казылды.

Берки турган бешөө тең

Манаска эми асылды.

Экөөнү экөө менен урду эле,

Бирөө эси чыгып турду эле:

"Силердин кайда болот каныңар?

Как ушундай кылды, — деп,

Каныңа айта барыңар.

Бекер жаткан пенде жок,

Он бириң байлап кетем деп,

Тырмактай акыл сенде жок.

Сага күйөр болсо каныңар,

Күрмөлгөн колуң камдагын.

Капилетте калбагын.

"Баланчам бүтпөй калды" — деп,

Калбасын ичте арманың.

Өнөр билген аярың,

Өчтөшкөндүн барысын

Өтүн жара саярың

Күрөшкө чыкчуу бөкөңдү*,

Күүлөп чыгар жекеңди

Бычак салбай бычамын

Бапылдаган текеңди!".

Ушуну айтып, эр Манас

Узатып жолго салганы.

Ар кайсысы шаарына

Асты алтымыш күндө барганы.





Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   21




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет