Матайдын жакшы кабары 1 Иса Машаяктын ата-теги



бет1/7
Дата02.07.2016
өлшемі440 Kb.
#172625
  1   2   3   4   5   6   7
МАТАЙДЫН

жакшы кабары
1

Иса Машаяктын ата-теги

1 Ибраимдин тукумунан чыккан Дөөттүн тукуму Иса Машаяктын ата-теги:

2 Ибраимден Исхак, Исхактан Жакып, Жакыптан Иуда жана анын ага-инилери, Иуданын Фамарь аттуу аялынан Фарес менен Зара, Фарестен Есром, Есромдон Арам, 4 Арамдан Аминадав, Аминадавтан Наассон, Наассондон Салмон, 5 Салмондун Рахав аттуу аялынан Воэс, Воэстин Руфь аттуу аялынан Иовид, Иовидден Иессей, Иессейден Дөөт падыша туулган.

Ал эми Дөөттүн Уриянын мурдагы аялынан Сулайман туулган. Сулаймандан Ровоам, Ровоамдан Авия, Авиядан Асаф, Асафтан Иосафат, Иософаттан Иорам, Иорамдан Озия туулган. 9 Ал эми Озиядан болсо Иоафам туулган. Иофамдан Ахаз, Ахаздан Езекия, 10 Езекиядан Манассия, Манассиядан болсо Амос, Амостон Иоасия туулган.



11 Израил эли Вавилонго зордук менен көчүрүлүп жаткан кезде Иосиядан Иехония жана анын ага-инилери туулушкан. 12 Вавилонго көчүрүлө баштаган убактан кийин Иехониядан Салафиил, Салафиилден Зоровавель, 13 Зоровавельден Авиуд, Авиуддан Елиаким, Елиакимден Азор, 14 Азордон Садок, Садоктон Ахим, Ахимден Елиуд, 15 Елиуддан Елеазар, Елеазардан Матфан, Матфандан Жакып, 16 Жакыптан Жусуп туулган. Жусуп болсо Машаяк аталган Исаны төрөгөн Мариянын күйөөсү болот.

17 Ошентип, Ибраимден Дөөткө чейинки мезгилдин аралыгында он төрт муун, Дөөттөн Вавилонго көчүрүлгөн мезгилге чейин он төрт муун, Вавилонго көчүрүлгөндөн Машаяк төрөлгөнгө чейинки аралыкта он төрт муун өткөн.
Иса Машаяктын төрөлүшү

18 Ал эми Иса Машаяк мындайча дүйнөгө келген: Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган1:18 Исанын энеси Мария күйөөгө чыга электе эле Ыйык Рухтан кош бойлуу болгондугу аныкталды. 19 Болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан Марияны эл алдында шерменде кылгысы келбей, жашырын башын бошотуп коюну чечти. 20 Ушундай деп ойлоп жүргөндө Жараткан Эгенин периштеси түшүнө кирип, мындай деди:

— Жусуп, Дөөттүн уулу, колуктуң Марияны алгандан коркпо! Анткени боюндагы бала Ыйык Рухтан бүткөн. 21 Төрөгөндө балага Иса 1:21 деген ат коесуң, анткени ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат. 22 Мунун баары өз пайгамбары аркылуу айттырган Жараткан Эгенин сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. 23 Ал мындай деген эле: "Бир кыз кош бойлуу болуп, уул төрөйт, атын Еммануил коюшат". (Аттын мааниси: Кудай биз менен.)



24 Жусуп ушул түштөн кийин Жараткан Эгенин периштесинин буйруганы боюнча колуктусу Марияга үйлөндү. 25 Бирок ал көз жарганга чейин аны менен жаткан жок. Аялы уул төрөгөндө, балага Иса деген ат койду.

2

Жылдыз саноочулардын Исага таазим кылуу үчүн келиши

1 Иса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бетлеем шаарчасында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар 2:1 :

2 Жакында эле төрөлгөн иудей падышасы кайда болду экен? — деп адамдардан сурамжылашты, — биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик. 3 Муну укканда Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү. 4 Ирод Израилдин баш диний кызматчылары менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып:

— Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? — деп талап кылды.

5 Иудеянын Бетлеем шаарында, — деп жооп беришти алар, — анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен: "Иудея жери, Бетлеем, сен Иудеянын чоң шаарларынан эч нерсең менен кем эмессиң, анткени Башкаруучу сенден чыгат. Ал менин элим — Израилдин чабаны болот".



7 Муну укканда Ирод жылдыз саноочуларды жашырын өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады.

8 Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! — деди ал жылдыз саноочуларды Бетлеемге жөнөтүп жатып, — мен да барып, таазим кылып келе алышым үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар.



9 Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту. 10 Жылдызды көргөн алар ушунчалык катуу сүйүнүп, кубанычы койнуна батпады. 11 Yйгө киришкенде баланы жана анын энеси Марияны көрүштү. Чөк түшүп, балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди, алтынды жана жыпар жыттуу заттарды: ладан менен смирнаны тартуу кылышты. 12 Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби: түш көрүп, Кудайдан "Иродко барбагыла" деген эскертүү алышкан эле.

Мисирге качуу

13 Алар кетишкенде, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип:

Тур да бала менен энесин алып, Мисирге кач. Ирод баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! — деди.



14 Жусуп ордунан туруп, баланы жана анын энесин алып, түндө Мисирге кетип калды. 15 Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: "Мен уулумду Мисирден чакырып алдым" деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу. Наристелердин кыргынга учурашы 16 Ирод алардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: "Бетлеемде жана анын тегерек чекесинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!" — деген буйрук берди. Эки жашка чейинки дегенинин себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле. 17 Ушундайча Иеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык аткарылды. Ал мындай деген:

18 "Израилдин Рама аттуу шаарынан

Күйүттүү бир кошок үнү угулат.

Бул муңдуу үн балдарынан айрылган

Рахилдики, ал сооронбой буркурайт.

Анткени анын балдары бүт кырылган".
Мисирден кайтып келүү

19 Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди:

20 Тур да баланы жана анын энесин алып, Израилге жөнө! Анткени баланы жок кылабыз дегендер өлүштү.



21 Жусуп бала менен анын энесин алды да Израилге келди. 22 Иудеяда Ироддун ордуна баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти. 23 Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Жусуп ушундай кылуусу менен пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөздү аткарды. Анткени «Машаяк Назорей атка конот» деп пайгамбарлар алдын ала айтып кетишкен.

3

Жакыя пайгамбардын жарыясы

1 Арадан бир топ убакыт өткөндө Жакыя пайгамбар Иудей чөлүнө келип:

2 Күнөөлөрүңөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылгыла! Анткени Асман падышачылыгы жакындап калды, — деп жар салды.



3 Бир кезде Исаия пайгамбар: «Жараткан Эгеге жол даярдагыла, анын жолдорун түз кылгыла! — деп чөлдө кыйкырган бир адам чыгат», — дегенде, ушул Жакыя тууралуу айткан болчу. 4 А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы. 5 Бүткүл Иерусалим калкы, Иудея аймагындагылар жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип атты. 6 Күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты. 7 Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көптөгөн фарисейлер менен саддукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө мындай деди:

— Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле? 8 Күнөөлөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылганыңар чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! 9 Өзүңөрчө: «Биз Ибраимдин балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ибраимге мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат. 10 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да отко ыргытылат. 11 Мен күнөөлөрүнөн бурулуп, Кудайга кайрылгандарды сууга чөмүлтүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуретүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп барып кийгизе турган кулу болууга да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлтөт. 12 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.



Исанын сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшү

13 Ушундан кийин Иса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн барды. 14 Жакыя ага каршы болуп:

— Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? — деди.



15 Иса ага мындай деп жооп берди:

— Эми жөн кой, адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек болуп жатпайбы.

Ошондо Жакыя макул болду. 16 Чөмүлөрү менен Иса суудан чыкты. Капысынан асман ачылып, үстүнө көгүчкөн сыяктуу болуп түшүп келе жаткан Кудайдын Рухун көрдү. 17 Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: "Бул менин сүйүктүү Уулум, мен ага ыраазымын".

4

Шайтандын Исаны азгырууга аракет кылышы

1 Ушул окуядан соң иблистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Исаны чөлгө алып барды. 2 Кырк күн кырк түн орозо кармаган Иса аягында ачка болгонун сезди. 3 Ошондо азыткы жанына келип:

— Эгерде сен Кудай Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, — деди.

Иса:

4 Ыйык жазмаларда жазылып турат: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт», — деди.



5 Ошондо иблис аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ибадаткананын төбөсүнө койду да:

6 Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени ыйык жазмаларда: «Кудай өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет» деп жазылган эмеспи, — деди.



7 Иса:

— Ыйык Жазманын: "Кудай Эгеңди сынаба!" деген да жери бар, — деп жооп берди.



8 Иблис Исага дагы келип, аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын, атак-даңкын, шаң-салтанатын көрсөтүп:

9 Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, — деди.



10 Иса ага мындай жооп берди:

— Жогол нары, Шайтан, «Бир гана Кудай Эгеңе табын, жалгыз ага кызмат кыл!» деп жазылып турбайбы!



11 Иса ушундай дегенде иблис андан кетип калды жана периштелер келип, Исага кызмат кыла башташты.

Исанын Галилеядагы кызматынын башталышы

12 Иса Жакыянын камалганын угуп, Галилея аймагына кетип калды. 13-14 Бирок Исаия пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Завулон жана Неффалим урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарнаум шаарында жашап калды. Исаия пайгамбар болсо мындай деген: 15 «Иордан дарыясынын боюнда, деңизге барчу жолдо жайгашкан, Галилея аймагынын бөтөн улуттагылар мекендеген бөлүгүндөгү Завулон менен Неффалим жери угуп ал! 16 Караңгыда жашаган эл улуу жарыкты көрдү, ажалдын көлөкөсүндө олтургандарга нур төгүлдү». 17 Ошол убактан тартып Иса:

— Күнөөлөрүңөрдөн бурулуп, Кудайга кайрылгыла, Асман падышачылыгы жакындап калды, — деп жар сала баштады.



Исанын алгачкы шакирттери

18 Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Иса эки бир тууганды көрдү. Биринин аты Ысман (кийин Петр аталып кеткен), экинчисиники — Идрис. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле. 19 Көрүп, аларга мындай деди:

— Мени ээрчигиле, мен силерди балык эмес, адам кармай турган кылам!



20 Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Исаны ээрчип жөнөштү. 21 Иса андан ары баратып, дагы башка эки бир тууганды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Иса аларды өзүнө чакырды. 22 Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Исаны ээрчип жөнөштү.

Исанын Галилеядагы таалими жана жасаган кереметтери

23 Иса Галилея аймагын кыдырып, иудейлердин синагогаларында таалим берип, Кудайдын падышачылыгы тууралуу кубанычтуу кабарды жар салып, адамдарды ар кандай ооруу-сыркоолорунан айыктырып жүрдү. 24 Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына 4:24 тарап кетти. Эл ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал ооруу менен ооругандарды алып келди жана Иса аларды айыктырды. 25 Ошондо Галилеядан, Декаполистен, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ар жагынан көптөгөн адамдар анын аркасынан ээрчишти.

5

Исанын тоодогу таалими

1 Иса аны ээрчиген калың элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурганда шакирттери жанына барышты. 2 Ошондо ал сөзүн баштады. Ал аларга мындай таалим берди:

3 Кудайга муктаж экендигин моюнга алгандар бактылуу, 5:3

анткени Асман падышачылыгы ошолордуку.

4 Кайгыргандар бактылуу,

анткени Кудай аларды сооротот.



5 Жоош-момундар бактылуу,

анткени жер алардын энчисине тиет.



6 Адилдикке ачка болуп, чындыкка чаңкагандар бактылуу,

анткени Кудай аларды тоюндурат.



7 Кайрымдуулар бактылуу,

анткени Кудай аларга кайрым кылат.



8 Дили тазалар бактылуу,

анткени алар Кудайды көрүшөт.



9 Ынтымакка чакыргандар бактылуу,

анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат.



10 Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу,

анткени Асман падышачылыгы ошолордуку.



11 Менин шакирттерим болгондугуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, жамандап, ушакташса, силер бактылуусуңар. 12 Кубанып, шаттангыла, анткени силердин чоң сыйлыгыңар асманда. Силерден мурда пайгамбарларды да ошондой кылышкан.

13 Силер — жердин тузусуңар. Эгер туз даамын жоготсо, кантип кайра калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып жибериш гана керек.

14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо башында турган шаар жашына албайт. 15 Шамды жагып, анан идиш менен бастырып коюшпай, шамдалга коюшат жана ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат. 16 Ошонун сыңарындай силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла, алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын.

Тоорат мыйзамынын аткарылышы

17 Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим. 18 Силерге бир чындыкты айтып коеюн: Асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы жок болуп кетпейт. 19 Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң "кичинекей" осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарга ал күчүн жоготту деп окутса, ал Асман падышачылыгында кичинекей деген атка конот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман падышачылыгында улуу атыгат. 20 Анткени, силерге айтып коеюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин такыбаалыгынан силердики ашып түшпөсө, анда Асман падышачылыгана кирбейсиңер.

Ачууну кармай билүү тууралуу таалим

21 Байыркыларга: «КИШИ ӨЛТYРБӨГYЛӨ, КИМ КИШИ ӨЛТYРСӨ СОТ АЛДЫНДА АЙЫПТАЛАТ!» деп айтылган сөздү силер билесиңер. 22 А мен силерге айтам: Кимде ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» 5:22 десе, ал жогорку кеңештин сотуна тартылат. Ал эми ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу. 23 Ошондуктан Кудайга курмандык чала турган жайга тартуу алып келип, анан ошерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең, 24 анда тартууңду курмандык чалчу жайдын жанына калтыр да, барып, боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер. 25 Жоолашкан адамың менен тез жараш, жолдо келатканыңда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. А сот болсо кызматчысына өткөрүп берип, түрмөгө каматат. 26 Сага чындыкты айтып коеюн: акыркы тыйыныңды бермейинче түрмөдөн чыкпайсың.

Никени таза күтүү тууралуу

27 «Ойноштук кылба!» деп айтылган сөздү силер билесиңер. 28 А мен силерге айтам: кимде ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду. 29 Эгерде сени оң көзүң күнөөгө тартып атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко түшүп калганыңдан көрө бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи. 30 Эгерде оң колуң күнөөгө тартып атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы эмеспи.

Ажырашуу маселеси

31 Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага талак кат жазып берсин!» деп айтылган. 32 А мен силерге айтам: эгерде кимде-ким аялы менен ажырашып жатса жана ажырашуусунун себеби аялынын ойноштук 5:32 кылып койгонунан болбосо, анда ал аялын ойноштукка түртөт. А кимде ким ажырашкан аялга үйлөнсө, анда ал ойноштук кылат.

Ант тууралуу

33 Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!» 34 А мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы. «Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша — Кудайдын шаары. 36 Башыңар менен да анттанбагыла, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт. 37 Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыкчасы — кытмыр шайтандан.

Кек сактабоо тууралуу таалим

38 Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!» деп айтылганын да уккансыңар. 39 А мен силерге айтам: жамандыкка каршы чыкпа, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тос.

40 Көйнөгүңдү талашып, соттошкусу келгенге чапаныңды чечип бер.

41 Сени өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлаган менен эки чакырым бар.

42 Сураганга бер, сенден карыз алгысы келгенге аркаңды салба.

Душмандарды жакшы көрүү тууралуу таалим

43 Силер: «Башкаларды сүй да, душманыңды жек көр!» деп айтылган сөздү уккансыңар. 44 А мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. 45 Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей тийип, жамгыры адилдерге да адил эместерге да бирдей төгүлөт. 46 өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле өздөрүн сүйгөндөрдү сүйүшөт эмеспи. 47 Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи? 48 Силер асмандагы Атаңардай жеткилең болгула.

6

Кайрымдуулук тууралуу таалим

1 Эл алдында такыбаасынгандан сак болгула. Эмесе силерге асмандагы Атаңардан сыйлык болбойт. 2 Ошондуктан кайыр-садака бергениңерди жар салып, сурнай тартпагыла. Адамдардын алдында даңкын чыгарыш үчүн эки жүздүүлөр синагогалар менен көчөлөрдө ушундай кылышат. Силер алардай болбогула. Силерге чындыкты айтып коеюн: алар мындай кылуусу менен эмитен эле сыйлыктарын толук алып бүтүштү. 3-4 А сен кайыр берсең жашырын бер. Оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин. Ошондо жашырын нерселерди көрүп туруучу Кудай Атаң сага сыйлыгыңды берет.

Сыйынуу тууралуу таалим

5 Сыйынганыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула; анткени алар элге көрүнүш үчүн синагогаларда, жолдордун кесилиштеринде туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Чын айтам: алар сыйлыктарын алып бүтүштү. 6 Сен болсо сыйынганыңда төркү үйүңө кир да, эшигиңди жаап алып, жашырын жердеги Атаңа сыйын, ошондо жашырын жерден сени көрүп турган Атаң сага сыйлыгыңды берет. 7 Сыйынганыңарда бутпарастарга окшоп, маанисиз сөздөрдү кайталап, маңыздана бербегиле. Алар узак сыйынсак Кудай бизди угат деп ойлошот. 8 Ал эми силер алар сыяктуу болбогула, анткени Атаңар эмнеге муктаж экениңерди андан сурай элегиңерде эле билет. 9 Силер мындайча сыйынгыла:

«Асмандагы Атабыз.

Сенин ыйык атың урматталсын,

10 Сенин падышачылыгың келсин,

Асмандагыдай эле жерде да

баары сенин эркиңдегидей болсун.

11 Күнүмдүк наныбызды күн сайын берегөр,

12 Бизге карыз болгондордун карыздарын кечиргенибиздей,

сен да биздин карыздарыбызды кечир.



13 Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта, жамандыктан куткар».

14 Эгер силер башкалардын каталарын кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет. 15 Эгер силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин каталарыңарды кечирбейт.

Орозо тутуу тууралуу таалим

16 Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болуп кабагыңарды бүркөбөгүлө. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүү үчүн өңдөрүн бузуп, түрүн өзгөртүшөт. Силерге чындыкты айтып коеюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты. 17 А силер болсо адамдардын алдында эмес, Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашырын нерселерди көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.

Асмандагы байлыктар тууралуу таалим

19 Байлыгыңарды жерге жыйбагыла. Жерде же күбө жеп кетет, же дат басып калат, же уурулар дубалыңды тешип, уурдап кетишет. 20 Андан көрө байлыгыңарды асманга жыйгыла. Ал жактан күбө да жей албайт, дат да баспайт, уурулар да дубалды тешип, уурдап кете алышпайт. 21 Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.

22 Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң таза болсо, тулку-боюңа жарыгы тиет. 23 Көзүң жаман болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. Демек, эгер сендеги жарык караңгыга айланып калган болсо, анда акыбалың абдан оор!

Байлык жана Кудай

24 Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт. Алардын бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт же бирине жагынат да экинчисине үстүртөн мамиле кылат. 25 Ошондуктан силерге айтам: эмне жеп, эмне ичээр экенбиз деп жаныңар үчүн түйшүк тартпагыла. Ошондой эле эмне кийээр экенбиз деп кара жанды карч урбагыла. Анткени жаныңар тамактан, денеңер кийимден кымбат. 26 Чымчыктарды карагылачы, алар эгин экпейт да орбойт, кампаларга да чогултпайт. Аларды асмандагы Атаңар багып жатат. А силердин алардан айырмаңар алда канча чоң эмеспи? 27 Кимиңер түйшүк тартып, өмүрүн бир азга гана узарта алат? 28 Ошондой эле эмнеге кийим-кечектин камын жеп, түйшүктөнөсүңөр? Кызгалдактардын өсүп турганын карагылачы, эмгек да кылышпайт, ийик да ийришпейт. 29 А бирок мен силерге айтып коеюн: Сулайман падыша да атагы алыска тарап, байлыгы ашып-ташып турганда алардын эч бириндей кийинген эмес. 30 Эгерде бүгүн өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийинтсе, силерди андан артык кийинтпейт бекен, эй ишеними аздар. 31 "Эмне жейт болдук экен? Эмне ичээр болдук экен? Эмнени кийээр экенбиз?" деп түйшүктөнбөгүлө. 32 Бутпарастардын эси-дарты ушуларда. А силердин асмандагы Атаңар булардын баарына муктаж экениңерди билет. 33 Силер баарынан мурда Кудайдын падышачылыгы менен адилеттигине умтулгула, анан жанагылардын баарына ал жеткизет. 34 Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла, анткени эртеңки күн өзү үчүн эртең түйшүк тартат, эртеңки күндүн кыйынчылыгы өзүнө жетет.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет