Мээни эс алдыруунун 20 жолу



Дата22.01.2020
өлшемі20.56 Kb.
#447864
МЭЭНИ ЭС АЛДЫРУУНУН 20 ЖОЛУ





МЭЭНИ ЭС АЛДЫРУУНУН 20 ЖОЛУ

    
Арт-терапия – бул психология менен чыгармачылыктын айкалышы. Чыгармачылык менен алектенүү аркылуу сиз тажаткан чар-жайыт ойлордон алаксып, күч топтоп, эс аласыз. Арт-терапия жан дүйнөдө кептелип калган көйгөйлөрдөн арылтат, мээнин иштешин жакшыртат. Адистер бул жаатта төмөндөгү кеңештерди сунушташат.

АРТ-ТЕРАПИЯНЫН ЫКМАЛАРЫ:


  • Капаланып жатсаң, күн желесин тарт.

  • Бир нерседен коркуп жатсаң, жоон жиптен буюмдарды жаса.

  • Жан дүйнөң ооруп жатса, пластилинден түрдүү нерсе жаса.

  • Чарчасаң, гүл тарт.

  • Бир нерсени эстегиң келсе, лабиринт тарт.

  • Эс алгың келсе, сайма сай.

  • Айлаң түгөнүп капаланып жатсаң, жол тарт.

  • Бир чечимге келе албай жатсаң, мандала (борбордук чекиттен башталып тартылган геометрикалык элемент) тарт.

  • Эгер бир нерсеге көңүлүн жылыбай жатса, кайсы бир сүрөттү көчүрүп тарт.

  • Санаа тартсаң, оригами фигураларын жаса.

  • Күч топтош керек болуп жатса, пейзаж тарт.

  • Оюңду иретке келтире албай жатсаң, төрт бурчтук тарт.

  • Максатка багыт ала албай жатсаң, тор жана бута тарт.

  • Зеригип жатсаң, кагазды түркүн түстөгү боёк менен боё.

  • Көйгөйдү чечиш керек болсо, толкун же шакекчелерди тарт.

  • Бир нерсеге нааразы болсоң, кагазды майдалап айры.

  • Ачууң келсе, сызыктарды тарт.

  • Бир нерсени эстеп калыш керек болуп жатса, түстүү боёктор менен тактарды тарт.

  • Сезимдериңди түшүнө албай жатсаң, өзүңдүн портретиңди тарт.

  • Эмне кылышты билбей, жол таппай жатсаң, спираль тарт.

    АРТ-ТЕРАПИЯНЫН ПАЙДАСЫ:



Адамдын мээси искусстводон таасир алат, буга арт-терапия жардамга келет. Уинстон Черчил: “Живопись – ойду алаксытууга болгон идеалдуу ыкма. Денени чарчатпай, акылды толугу менен сиңирип ала турган мындан башка жолду билбейм. Кандай гана утурумдук тынчсыздануу же келечекке карата коркунуч болбосун, сүрөт тартып баштаганда андай ойлор сиңип жок болот”,- деген. Андыктан психиканы баланста кармаш үчүн күнүгө убакыт таап, аны чыгармачылыкка арнаңыз.

Арт-терапия методикасы биринчи жолу АКШда, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик лагерлерден чыгарылган балдар менен иштөөдө колдонулган.

Арт-терапияны психотерапевттер, психологдор түрдүү оорулар менен жабыркаган бейтаптарды айыктырууда да колдонушат. Арт-терапиянын эч кандай каршы көрсөтмөсү жок. Ошондуктан бул ыкма зордук-зомбулук көргөн адамдарды камкордукка алган борборлордо жана онкологиялык оорулардан жабыр тарткан бейтаптарга да колдонулат.

Арт-терапия – эмоционалдык интеллекти жөнгө салат, креативдүүлүктү жана ийкемдүүлүктү өстүрөт, түрдүү маселелерди чечүү жолдорун табууга жардам берет. Оң жана сол баш мээнин иштешин жакшыртат. Өзүн өстүрүүгө жана кесипкөйлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.



Арт-терапия – башкалардын сезимдерин сезе билүүсүн өрчүтөт. Анткени чыгармачылык өзүн гана эмес, өзгөлөрдү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, жеке жашоонун жана мамиленин жакшы жакка өзгөрүүсүн шарттайт.
Чыгармачылык менен алектенген адам ошол процесске сүңгүп кирип, жалгыз өзү менен калат. Ошол учурда жан дүйнөсү менен таанышып, эмоциясын чыгарат. 



Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет