Министрлиги


Кыргыз тили предмети боюнча базалык билим берүүнүн



Pdf көрінісі
бет5/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

1.3. Кыргыз тили предмети боюнча базалык билим берүүнүн 
компетенттүүлүктөрү 

Кыргыз тилин окутуудагы компетенттүүлүктөрдү аныктоодо кептик-ой 
жүгүртүүчүлүк ишмердүүлүктү эске алуу зарыл. Ал төмөнкү фазаларга ээ:
мотив – максат – багыт алуу – пландаштыруу – ишке ашыруу – текшерүү;
кептик ишмердүүлүк мезгилинде сүйлөөчүнүн грамматикасы жана угуучунун 
грамматикасы колдонулат;
адамдын кеби анын дүйнө таанымын жана маданий деңгээлин чагылдырат.
Мына ушуга байланыштуу 5-9-класстарда кыргыз тилин эне тил катары окутуунун 
төмөнкүдөй компетенттүүлүктөрү белгиленди: 
тилдик компетенттүүлүктилдин системасына ээ болуу, тактап айтканда, 
тилдин курулушу, тилдик нормалар, анын ичинде орфографиялык жана пунктуациялык;
кептик компетенттүүлүк – кептик кырдаалдар жана тилдик нормаларга 
ылайык коммуникация ишке ашырылат, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт 
жана сөздүк корун байытат.
маданий компетенттүүлүк – тилдин улуттук-маданий өзгөчөлүгүн эске алуу 
менен диалог жүргүзө билүүсү.
Тилдик компетенттүүлүккө ээ болуу бул – бүтүрүүчүнүн тилдин жеке жана 
жалпы закондорун чагылдыруучу эрежелер боюнча билимге ээ болуп, лингвистикалык 
маалыматтарды чечмелеп, аналитикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүнө ээ болот: 
тилдик бирдиктерди, тилдин системасындагы функциялары жана тексттеги ролу 
менен байланышта түшүнөт;
лингвистикалык бирдиктерди, функциялары, маанилери жана стилдери боюнча 
топтоштурат;
тилдик бирдиктердин синонимдештигин, структурасы, семантикасы жана стили 
боюнча айырмалайт; 
кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн айырмалайт;  
каралган орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык 
орфографиялык жана пунктуациялык көндүмдөргө ээ болот. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет