Министрлиги


Байкоо жана салыштыруу методу



Pdf көрінісі
бет37/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Байкоо жана салыштыруу методу. Байкоо жана салыштыруу методу 
окуучулардын кептик, тилдик, маданият таануучулук ошондой эле, маалыматтык жана 
социалдык-коммуникативдик компетентүүлүктөрүн калыптандырууга багытталат. 
Биргелешип окутуу. Бул метод окуучуларга өз ара бири-бири менен маалымат 
алышып, баарлашууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн жамаатта, командада, топто өз 
ара мамилелешүүнүн ыкмаларына, өзүнүн көз карашын далилдей алуу менен талкууга 
катыша билүү маданиятына ээ болот. Алар кептик, социалдык-коммуникативдик жана 
өзүн өзү уюштуруу менен маселе чече билүүчүлүк компетенттүүлүктөрүн 
калыптандырууга багытталган. Буга акыл чабуулу (мээге чабуул), жупта, кичи топто 
иштөө, мозаика, ар кыл талкуулардын түрлөрү ж.б. кирет. 
Акыл чабуулу – бул кеңири колдонулган интерактивдик ыкмалардын бири. Мында 
темага байланыштуу ойго келген идеялардын бардыгын, сындалбастан иштелип чыгат. 
Акыл чабуулунда окуучулар эркин, ишкер абалда чыгармачылык менен жаңы идеяларды 
жарата алышат. Интеллектуалдык жактан өнүгүшөт.
Маалыматты түшүнүп окуу көндүмүн өнүктүрүүчү методдор
Бул методдор текст менен иштөө үчүн жаңы ыкмаларды колдонууну көздөйт, 
бардык окуучуларды окуу процессине тартууга, өтүлүп жаткан темага кызыгууну 
жаратууга, ой жүгүртүү ишмердигин активдештирүүгө жардам берет. Аларга ИНСЕРТ, 
эки бөлүктүү күндөлүк, жуптарда окуу жана биргелешип корутунду чыгаруу, чаташкан 
логикалык чынжырчалар ж.б. кирет. 
Жазуу кебин өнүктүрүүчү методдор. Текстти жаратуучу ар кандай жумуштар  
окуучуларда түшүнүүнүн терең денгээлин пайда кылат, аларда байкоо жүргүзүүгө 
кылдаттык менен мамиле жасоо өнүгөт, өз пикирин, жазуу ишинин өзгөчө мүнөзүн 
жаратууга жардам берет, өз ойлоруна, тажрыбасына урматтоо менен мамиле жасай 
башташат. 
Аларга беш-он мүнөттүк эсселер, дил баяндын элементтери менен изложение жазуу, 
аргементтүү эсселер жана башкалар кирет.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет