Мунара Зарипова Саркеч сезим


Өмүрдө ыр курчанып келе жатам



бет2/3
Дата12.07.2016
өлшемі254.5 Kb.
#193017
1   2   3

Өмүрдө ыр курчанып келе жатам
Ыр жазуу эрмек эмес зериккенден,

Калчудай жөн учурда чыгып эстен.

Бул азап, тынчтыгы жок түйшөлүү го,

Жазбасаң майыштыра жүрөк эзген.


Дубадай миң кайталап ар бир сапты,

Аңтарып, тинтип тынбай сөздүк капты,

Арбалып турушуна тамгалардын,

Байкабай мезгилдерди, кечти, таңды.


Түткөндөй ымыркайдын чыргоосуна,

Көндүргөн, карабастан ыйлоосуна.

Күбүлбөй канча ирет кагылсаң да,

Чыдаган ыр дүйнөнүн сыноосуна.


Күнүгө дыйкан сымал жазда чыккан,

Күздүктүн өсүшүнө назар салган,

Издеген үрөндөрдөн айрып, сомдоп,

Отоосун этияттап чапкан анан.


Чубалжып күндөр өткөн көз алдыңдан,

Ыйлаган кездер болот алсыздыктан,

Чыйратып бир ыр сапка бүт жашоону,

Сиңириш кыйын сапка Акын сызган.


Ыр менин көлөкөмдөй бөлүнбөгөн,

Бир керемет башкаларга көрүнбөгөн.

Күлмүңдөгөн ойлорума бүлүк салып,

Жыйнаган саптарымды өрүлбөгөн.


Ырлар менен күндү тосуп, күн узатам,

Ырларыма арызданам, сырым катам,

Ыр менен көтөрүп көңүлүмдү,

Өмүрдө ыр курчанып келе жатам.



Кээде
Кээде...

Бирөөгө жакпай, өзүңө батпай,

Абийир сатпай, түйшүктөн качпай,

Оройду какпай, жакыным таппай,

Келемин жашап, турмуштан чарчай.
Кээде...

Жалындап оттой, өлүмдөн коркпой,

Жумушту койбой, күрөшкө тойбой,

Бийиктеп тоодой, узарып жолдой,

Келемин жашап, кой десе болбой.

Бардыгы жакшы болот
Бардыгы жакшы болот эч кайгырба!

Өткөнгө кош айтышып, эске салба.

Азапка бир дагы жан даяр эмес,

А бирок чыдабаска барбы арга?


Ушундай болуп келген, боло берет,

Өмүр ушу – бири келсе, бири кетет.

Жашоонун улуулугу жашоодо го?

Өлүмдүн улуулугун ажал билет.


Санаа көлүн кеч кечпе эч бөксөрбөйт,

Өткөн күн өтүп кетти эми өзгөрбөйт.

Окшоштуруп бирөөлөрдү жолдон-белден,

Сагынтып элестери такыр өчпөйт.


Токтотпо кадамыңды, улант, жаша!

Өч алгын өткөн күндөн гүлдөп кайра.

Шашылгын жаратууга тирүүлүктү,

Эки эсе жанданып, улам чамда.


Тор жайган тосмолору өмүрлөрдүн,

Көгөртпөй көктөмдөрүн көңүлдөрдүн,

Койсо да багындырба маанайыңды,

Ишенип өтөөрүнө бул күндөрдүн!



II
Бардыгы жакшы болот эч кайгырба!

Өткөнгө кош айтышып, эске салба.

Азапка бир дагы жан даяр эмес,

А бирок чыдабаска барбы арга?


Көз жаштан тилектерим орундалса,

О, анда бул дүнүйө болуп башка,

Жараттарым айыгып жүрөктөгү,

Бактылуу сезер элем өзүмдү анда.


Күбүлгөн көңүлдөрдү терип жерден,

Чогултуп ачык маанай улам бирден,

Кайрадан сапарыма аттанамын,

Көтөрүп көкүрөгүм кара жерден.


Жазында сынган бутак жашылданар,

Чөккөн көңүл жаркылдап кайра жанар,

Өмүр чиркин, бирде бал, бирде ачуу,

Барына шүгүр күндүн маанай жазар.


Бардыгы жакшы болот, мен ишенем!

Мен адаммын, үмүт менен жашап келем,

Тагдыр менен адам койгон тоскоолдорду,

Бул жашоодо жеңип келгем, жеңе берем!

***

Чекемден сылап койчу менин өмүр,



Бактыма өнөр жылдар бөлүнгөндүр.

Негедир табышалбай жүрөбүз го,

Күтүүдөн бөксө болуп жүрөт көңүл.
Буйрутпай койбо мага болжогонду,

Сурабайм жеңил кыл деп жолдорумду.

Адалдыкка баш ийип жашап келген,

Бийик кыл эмгегимди, ойлорумду.


Заманыма ача элек сырларым бар,

Төрөлбөй уктап жатат асыл саптар.

Жолуктурчу сезимдин куюнунда,

Төгүлсүн көкүрөктөн тунук ырлар.



Жол карап
Кайчылаш үзүгү өмүрдүн,

Канча так калтырды жүрөктө,

Өчкөнсүп нурлары көзүмдүн,

Жат киши көрүндүм өзүмө.


Сезимдер сыздады үмүтсүз,

Соолуду сүйүүмдүн гүл багы,

Тунжурап, томсоруп өзүңсүз,

Күтүүдөн көңүлүм калбады.


Ээрчип тагдырды үн катпай,

Эрмен чөл болсо да ар тарап,

Кайрыбай, талашпай, таарынбай,

Жөн гана келатам жол карап.



Кээде өмүр…
Кээде өмүр өгөй эне жарытпаган,

Кээде өмүр оттой жанат жалындаган,

Бирөөлөргө санаасы жок жыргал өмүр,

Бирөөлөргө өмүр азап жаралгандан.


Кээде өмүр бир көз ирмем арзыбаган,

Кээде өмүр кылым, доор, бүтпөс дастан,

Кээде өмүр бүтүн бойдон табышмактай,

Бир өзүнө болгон сырды камтып алган.


Кээде таттуу, ушунчалык өмүр ширин,

Амал табып түйшүктүн да табып тилин,

Ажалдын курч мизинен качып чыккан,

Дал өзүнөн өлбөй туруп өчүн алган.


Кээде өмүр наркы бүткөн бөз сыяктуу,

Баркталбай тепсендиде айбан жандуу,

Адамдык сапаттардын дайыны жок,

Энчиленген макулукка эки сандуу.


Кээде өмүр ушунчалык зарыл керек,

Кашыктап, тамчы сыгып, аспиеттеп,

Алаканга салып алып аз өмүрдү,

Тирүүлүккө суусун кылып куюп берет.


Кээде өмүр шаттык менен жалаң сайран,

Мазмуну жок максатсыз өмүр кайран!

Шарактайт түк өчпөгөн фонтан сымал,

Мөөнөтүн туш тарапка шамал чачкан.


Кээде өмүр байсалдуу кенен сапар,

Жол салган башкаларга катар, катар,

Чайпалтпай аста-секин өмүр көлүн,

Кошулган издеп келип көп булактар.


Өмүр – кенч, аманатка жеңил келген,

Сырын табат ал байлыкты күтө билген.

Көркөм дүйнө бийлик кылган оо, өмүрүм,

Насибиңе шек келтирбей жашасам дейм!



Бакыт
Эртең менен саламатта ойгонсоң,

Терезеңде нур күлмүңдөп ойносо,

Тегеренип айланаңда балдарың,

Жарың сени капа кылбай, колдосо.


Эске түшсө ырахаттуу учурлар,

Эртеңкиге тик карасаң үмүт бар,

Эс тутумда өкүнүчтүү сезим жок,

Болсо белес, максаттарың умтулар.


Адырларда жоогазындар жайнаса,

Жазгы бакта куштар эргип сайраса.

Түгөл чыгып оор кыштан мал-жаны,

Чабан малын тоону көздөй айдаса.


Тийип турса жакындарга жардамың,

Болсо сени баалай билген адамың,

Эске тутуп, жатка билсе окурман,

Чыгармаңдын эч болбосо төрт сабын.


Үй-бүлөдө балдар чыкса ыймандуу,

Бүлө күтсөң элпек мүнөз, ыйбалуу,

Сапарлашың сени туура түшүнүп,

Турмушуңда болбосо эч кыйналуу.


Эгер балаң үмүтүңдү актаса,

Өссө бийик тийип ага ак бата.

Ымыркайды өз энеси бөпөлөп,

Өгөй эне жетимдерди бакпаса.


Ата-энең, Ата-Журтуң бардыгы.

Адамдарда арамдыктын аздыгы.

Ай ааламдан жер бетине төгүлгөн,

Ажарланткан өмүр азык жарыгы.



Тараза
Адамда сүйлөгөн көп, уккан аз,

Арада мактанган көп, кылган аз,

Аттиң ай, жамандык көп, жакшы аз,

Эл ичинде армандар көп, каниет аз.


Билимди тепсеген көп, баалаган аз,

Жашоодой көрүнүш көп, жашаган аз,

Байлыкка умтулган көп, жеткени аз,

Бай болуп жардыдай жөнөкөй аз.


Жашоодо жаңылуу көп, оңолуу аз,

Жүйөөсүз каралоо көп, акыйкат аз,

Жүрөктү өйүп жүргөн ойлор көп,

Айта келсе таамай тийген сөздөр аз.

***
Түн бир оокум, уйку басып үйүм жансыз.

Көр оокатка күч алдырган денем алсыз.

Кооз, сырдуу жымыңдаган жайкы асман,

Жаштыгымдай, бала чактай жатат алыс.


Мээлүүн согуп сезимдердин шамалдары,

Өчкөнсүдү жайдын сулуу жамалдары,

Билгиздирбей боз булуттар аралашып,

Суюлгансыйт улуулардын катарлары.


Назар салам жашап өткөн жылдарыма,

Кошула албайм заманымдын ыргагына,

Моюн сунбай издей берем ачкычтарды,

Жашоонун баш катырган сырларына.


Тегеретип тиричилик тегирменин,

Мээнети жок жашагандан теригемин,

Сөлөөттүү мүнүшкөрдөй кушун баккан,

Куш канаттуу сөз бакпасам ээлигемин.


Тегеренип, ай тогошуп жайдан күзгө,

Айланат жашыл чөптөр ачкан гүлгө,

Ажарым адашпаса кандай болмок!

Жаркырап жана берсе окшоп күнгө.


Кайтпастыкка ыраа көрбөйм билсем дагы,

Токтоп калган саат сымал колумдагы,

Токтой турчу кое берип мезгил учун,

Кана элек бул жашоодон моокум дагы.



Кыйналганда Ата-Журтту таштабайм
Испанияга кетти менин кошунам,

Орусияда жашайт менин бир агам.

Карап туруп интернеттен жашоосун,

“Кетсемби” – деп кээде мен да ашыгам.


“Кетсемби” – деп кээде мен да ашыксам,

Ой бузулуп, азгырууга алдырсам,

“Чоң атамды кантип таштап кетебиз?” – деп

Суроо берет капаланган чоң балам.


Кызым дагы кеткиси жок эч жакка,

“Түркияда жаабайт экен кар, апа.”

– деди дагы сөз улады: “Сиздерге

кыйналсак да болбойбуз – деп – эч капа.”


Мен олтуруп көп ойлондум, калчадым

абалымды, дараметтин ар жагын.

Мекенимсиз, тоолорумсуз таптакыр,

Мен өзүмдү элестете албадым.


Ата-Журтум кыйын кезең башынан
турса кечип, жолго кантип камынам?

Кыйналганда мен апамды карабай,

Кеткен өңдүү, өз оюмдан уялам.

Балканактай бала кезден асырап,

Чоңойтом деп калса эми алсырап,

Өз атамды кантип таштап кетемин,

Турган кезде менден жардам ал сурап?
Капа көңүл тооруп турса элимди,

Эресеге эр жеткирген жеримди,

Керт башымдын токчулугун кам көрүп,

Ата-Журтту ачка таштап кетемби?


Алмашпаймын эч бир байлык, алтынга,

Сенсиз жашоо сыйбат экен акылга,

Кулун сымак үйүрүнөн адашкан,

Окшоштурам мен өзүмдү алыста.


Жерим байлык, журтум байлык колдогон,

Жүзү жарык балам байлык ойногон.

Абасынан айланайын жеримдин!

Суусу байлык таш жээктерди бойлогон.


Кечир, жерим! Азгырылдым азыраак,

Тажабаймын кайталоодон ар бир саат,

Мекен сулуу, эне жыттуу, кең пейил,

Кыйналганда кетпей алам асырап!

***
Бак тикти эркеги,

Аялы – гүл,

“Өссө – деп эртеси,

Байласа бүр.”

А бирок кетишти,

Таштап багын,

Аялы – бир жакка,

Издеп багын,

Баш оогон тарапка,

Эркек дагын.

Калышты томсоруп,

Суусуз, күнсүз,

Чыбыктай жаш чырпык,

Сөңгөк гүлсүз.

Өткөндөр тебелеп,

Байкуштар кор.

Ийилип, өспөдү,

Турмуштан оор.

Калышты саргайып,

Эрте соолуп.

Көрүшпөй көктөмдү,

Азып, ооруп.

Күзүндө жем болду

Алар малга.

Кош көңүл мамиле,

Акырында,

Түбүнө жетти

Булардын да.

Гүлгө да үлбүрөк,

Болуп сакчы,

Багалы астейдил

Жашыл бакты.


***
Кечетен тынбай төгөт ак жаан, ак жаан,

Аңгырап айлана бош. Бир да караан

көрүнбөйт күүгүм кирген көчөлөрдө.
Жоругуң ойлорума сыйбайт, сыйбайт,

А жүрөк кыя албай сыздайт, сыздайт,

Турмуш да мени минтип сынап турат.
Адашып муздак күзгү ошол кечте,

Кол шилтеп тагдырыма, койгон чекке,

Бараттым ак жамгырдын колун кармап...

Тун сезим
Жаралып күлкүңдүн ууртунан,

Суурулуп жүзүңдөн улутуна,

Махабат жүрөктүн төрүн ээлеп,

От жакты ааламдын учкунунан.


Жайнадым, махабат сулуу экен,

Гүл болду баскан жол сени менен,

Жаннаттай жомок сымал ааламда,

Жаздагы жоогазын болгум келген.


Учканмын, сүйүү – бул канат экен,

Куштардай бийиктеп сени менен,

Сүйүүдөй дүйнөнү чарк айланып,

Түбөлүк бир болсок деген элем.

Махабат демине алоолондум,

Жалындай жарк этип каалоолорум,

“Өчпөстөн жана бер сүйүү заты.” –

Деп сага сыйынып, жалоорудум.


Балкыдым. Махабат – кумар экен,

Ташкындап сезимдер сени менен,

Жан дүйнөм эзилип эргүүлөргө,

Өзүмдү өзүңө арноом келген...


Коштоштум...Ушунчалык кыска беле,

Махабат мөөнөтү мага деген?

Далай сезим баштан өттү, а бирок,

Эң тунугу – тун сезим болот экен.

***
Биз ал кезде назик маанай бала элек,

Турмуштун түйшүктөрүн тарта элек.

Жашоонун бийик кырдуу белестерин,

Түйшөлүп, арып-азып аша элек.


Биз анда оттой жанып, чоктой элек,

Өмүрдө калп, жамандык жоктой эле.

Жүрөктөр бир да тамчы кирдебеген,

Эненин ак сүтүнө окшойт эле.


Биз анда тайманбас, коркпос элек,

Эчен кыял көкүрөктү алган ээлеп.

Ээленип, эртеңкиге таамай карап,

Эртелеп жеңиштерге жетелик деп.


Биз анда шайыр мүнөз, элпек элек,

Сезимдер шүүдүрүмдөй сергек эле,

Малынбаган махабаттын азабына,

Көңүлдөр сүйүүлөрдөн кала элек.


Биз ал кезде, ал бир сонун кездерде!

Мөөнөт чукул, өмүр азын билгенде,

Убакытты ыраа көрбөй өткөнгө,

Шашаар элек өмүр гүлүн тергенге.

Бирок, жашоо ошон үчүн табышмак,

Жаштык бүтүп, келет экен карымак,

Өмүрдөгү басып өткөн жолдорду,

Мүмкүн эмес кайра артка кайрымак.

***
Кайрадан сага келдим Ысык-Көлүм,

Азгырды уйку бербей сүрдүү көркүң,

Толкундар жумшак сылап жээгиңди,

Көргүм келди эркелетип өбүшкөнүн.


Турпатыма сиңирип салкын желди,

Сергитип ойлорумду, сезимдерди,

Суктанып жылтылдаган балыгыңа,

Турмуштун тоскоолдорун жеңгим келди.


Жараланган сезимдерге тузуң дары,

Көкүрөккө арман түйүп келсем дагы,

Чарчабай улам шарпып чайкап койчу,

Бугумду чыкпай жаткан койнумдагы.

***
Көп күндүк караңгыдан

бир күндүк жарык артык,

Көп күндүк капалыктан

бир күндүк шаттык артык,

Көп күндүк сараңдыктан

бир күндүк марттык артык,

Көп күндүк сыркоолуктан

бир күндүк саламаттык,

Көп күндүк жалкоолуктан

бир күндүк эмгек артык,

Көп күндүк зеригүүдөн

бир күндүк эрмек артык,

Көп күндүк арамдыктан

бир күндүк адал артык,

Көп күндүк жамандыктан

бир күндүк сооп артык,

Көп күндүк жокчулуктан

бир күндүк болгон артык,

Көп күндүк токчулуктан

бир күндүк орозо артык,

Көп күндүк билбестиктен

бир күндүк билим артык,

Көп күндүк эссиздиктен

бир күндүк акыл артык,

Көп көрүнгөн жылдыздан

бир көрүнгөн күн артык,

Канча баалуу болсо да,

аккан суудан сүт артык,

Көп узаган уруштан

кичинекей кут артык,

Жылчыгы жок карадан

кичинекей үт артык.

***
Бул жашоодо сүйүп келдим сулуулукту,

Ыр саптарын жан эргиткен уккулуктуу,

Жаратса кайра эгер жан тирилтип,

Сүйүп жашайм дагы эле аруулукту.


Сансыз сезим ээлеп алып бир өзүмдү,

Ар сыноого салып көрдү жүрөгүмдү,

Кандай гана азгыруулар болсо дагы,

Кир ниетке булгабадым көөдөнүмдү.


Оңой эмес салгылашуу сезим менен,

Күч сынашар өзүң менен майдан кенен,

Алсырап, кайратымдан тайсам дагы,

Баео, таза сезимдерден танбадым мен.


Кыйын олжо... Өтө кымбат баасы мага.

Ыраа көрбөй, алмашпадым канчаларга.

Көздөн ары, азык кылып абийримди,

Багып келем менден калар урпактарга.

***
Биз жаралып бул жашоого неге келдик?

Короткондон башка Жерге нени бердик?

Ай, чыдабай кетпес бекен дүйнө кыйрап?

Жетпес бекен түбүбүзгө текеберлик?


Сапар улап, улам алга таштап кадам,

Көр оокатка азгырылып барат адам,

Жашоо парзын унуткарып барган сайын,

Тегеретет турмушундай жерди ыкчам.


Жаратылыш берген тоолор менин жайым,

Неге күтөм кереги жок буюм-тайым?

Жаркыраган жылтырак эмес жердин көркү,

Жер кайгырат ыйманыңдан тайган сайын.


Токтой турчу! Демиң басып назар салчы

өткөн күнгө. Неге жеттиң деги, айтчы?

Адашкандан, чарчагандан башка олжо

таппадың го.Башатыңа сурайм кайтчы!


Токтой турчу! Ашыкпачы алданууга,

Тапкан байлык айланбасын ачуу ууга.

Сени күткөн кут орногон айылыңа,

Бир кайрылып, жүзүң чайчы таза сууга!


Токтой турчу! Эске салчы бала кезди,

Ошол баео, тунук дилиң кайда безди?

Эресеге жеткирген ата-конуш

Күтүп жүрөт:“Кайтышат” – деп кайра бизди.


Токтой турчу! Тыңшап көрчү жүрөгүңдү.

Ал жактырбайт сен адашып жүргөнүңдү.

Кыйнабачы туураймын деп болбогонду,

Ыргытсаңчы түк керексиз жүктөрүңдү.


Токтой турчу! Шаштырбачы убакытты,

Шашып жүрүп учурбайлы зор бакытты,

Алмаштырып албадыкпы ордуларын,

Бакыт көрүп жылтыраган кур байлыкты.


Токтой турчу! Пенде-адам, токтой турчу!

Пейилиңе, жан дүйнөңө назар бурчу,

Алдабачы сен өзүңдү билем менен,

Жүрөк менен жашаш керек, сезим менен!

Биз жаралып бул жашоого неге келдик?

Короткондон башка Жерге нени бердик?

Ай, чыдабай кетпес бекен дүйнө кыйрап?

Жетпес бекен түбүбүзгө текеберлик?

***
Жүрөбүз

бирде сүйүп,

Бирде күйүп сүйүүдөн,

Бирде күтүп,

Бирде тажап күтүүдөн,

Бирде ыйлап,

Бирде чарчап күлүүдөн,

Үмүт үзбөй,

Майрам күтүп өмүрдөн.

Бирде сынып,

Бирде көңүл көкөлөп,

Бирде өзүң,

Бирде балаң бөпөлөп,

Бирде курчуп,

Бирде жумшак болобуз,

Бирде жымжырт,

Бирде шаңдуу корообуз.

Бирде алдап,

Бирде кайра алданып,

Кубулабыз,

Терс, оңуна айланып.

Миң түрлөнгөн

кийсек дагы масканы,

Чын жүзүбүз турат,

бирок, байкалып.

***
Бул дүйнөдө сени ойлоп, сени аяр,

Сен үчүн бардыгына турган даяр,

Бир адам бар суранган жараткандан,

Сен жактан келбесе деп жаман кабар.
Тилинип миң бир жолу муштум жүрөк,

Тилеги окшоп тынбас сууга мүрөк,

Сен үчүн кайраттанып, кубаттанып,

Керек болсо өлүмгө да даяр жүрөт.


Бактысын сени менен жүргөн өлчөп,

Сакчыдай көз ирмебей түндөр өтөп,

Сен үчүн бул дүйнөнү колдон келсе,

Коер эле ары өкчөп, бери өкчөп.


Танса да сени тууган, курдаш-курбу,

Өгөйлөп кордосо да турмуш кургур,

Кучагы, боору жылуу кандай болбо,

Үмүт үзбөй, санааларын оңго буруп.


Таалайын тамчы калбай сага арнап,

Өмүрдүн гүл жолдорун сага самап,

Жөлөк тургай, тоо болуп кетет эгер,

Келип калса күтүлбөстөн кайгы-азап.


Оорусаң ал ооруңдан арачалап,

Сен үчүн тилеп жатып таң атырган,

Алыстан кадамыңды коргоп турар,

Жашоодогу ар түркүн жамандыктан.


Багынбай түгөнбөгөн түйшүгүнө,

Дем алып арыбаган сүйүүсүнөн,

Түндөрү чыгып келет сен жөнүндө,

Кыялдын туу-чокулуу ой төрүнө.


Суутпагын сага деген зор сүйүүнү,

Жашоодо сенден башка көп күйүтү,

Орундатчы энекеңдин бир тилегин,

Орносун жүрөгүнө зор сүйүнүү.



Эне жөнүндө
Эсимде бала чактан кетпей калган,

Энемдин алаканы нан жыттанган,

Пахтадай назик жылуу манжалары,

Эртелеп сылап турчу маңдайымдан.


Оросо эркелетип кучагына,

Кобурап: -Айланайын, - кулагыма,

Сезилчү бүт дүнүйө бир керемет,

Бөлөнүп балалыктын бактысына.


Жетелеп жол көрсөтүп, кеңеш айтып,

Турмуштан мүдүрүлсөк ойго батып,

– Кай жерден мүчүлүштүк кетирдим? – деп,

Жемелейт жалгыз өзүн сырын катып.


Эзилип, эңшерилген эчен жолу,

Эненин эт-жүрөгү баатыр болду.

Түйшүккө кайыл болуп жашай берет,

Тилеги менен келечекке салып жолду.


Чоң энелер
Томолок ырыскыны тоголотпой,

Күтүүсүз жокчулукту түк тоготпой,

Козголбой, жылуу ордун суутушпай,

Чоң апалар айылдагы – опол тоодой.


Үй кутун очоктогу чоктой топтоп,

Намысты эрлеринен калбай коргоп,

Жүрүшөт кутман болуп жерибизге,

Аларсыз жашоо өзү калар токтоп.


Береке чакырган пейили кенен,

Этегин неберелер энчилешкен,

Чөбөрөлөр жаңы баскан “Энелешип”,

Таң эрте коюндарда эркелешкен.


Томсоруп, айыл калат жалгызсырап,

Кетсеңер сапар тартып көпкө узап,

Короону жымжырттык курчагансып,

Чыдамсыз айыл күтөт жолду карап.


Энелер, чоң апалар, таенелер!

Элимдин ырыскысы силерсиңер.

Журтумдун эрлерине кубат кошкон,

Сабырдуу акыл, күчтүн демисиңер.




Атамдын бакчасы
Уйку таштап, ишти баштап таң эрте,

Баба дыйкан үрөн септи жаз эрте.

Алты ай жайы эмгектенип талыкпай,

Күздү күттү мөмө толгон себетке.


Бакчасында помидорлор үйүлөт,

Нокоттору шуру сымал түйүлөт,

Кулпунайы бышып калган эртелеп,

Самсаалаган сабагынан күбүлөт.


Жашыл жылаан сыяктанат бадыраң,

Аны көргөн бөбөктөр да айран таң,

Жемек тургай үзө албай убара,

Ал анткени, тикен менен капталган.


Топко окшоп томолонот ашкабак,

Ашканада ашка даяр ар убак.

Аны менен бир катарда коон бар,

Кебетеси ашкабактан башкараак.


Кызыл сөңгөк кызылча да бир катар,

Сабиз, түрпү, картошкасы дагы бар.

Жер алдында мөмөлөрүн багышкан,

Булар ынак, ынтымактуу курбулар.


Багбан ата мээнет кылып көптөгөн,

Нелер гана бул бакчада өспөгөн.

Маңдай терге сугарылган ошол жер,

Кенен пейил мындай багбан көрбөгөн.


Күз да келди себет толгон эгинге,

Ырыс-кешик насип эткен энчиге.

Ал айдаган мөмө-жемиш жетилген,

Эми азык, үрөн болду элине.

***
Улуулук – жашта эмес, адепте,

Улуулук – даңкта эмес, эмгекте,

Улуулук – байлыкта эмес, билимде,

Улуулук – бийликте эмес, элимде,

Улуулук – күчтө эмес, акылда,

Улуулук – көптө эмес, сазында,

Улуулук – санда эмес, сапатта,

Улуулук – кишиде эмес, адамда.

***
Бул жашоо абдан кызык, татаал оюн,

Эчен кылым тирүүчүлүк турмуш тоюн,

Токтотпой мурас кылып адамзатка,

Туюндурат аманатка асыл оюн.


Бул жашоо табышмактуу, катаал оюн,

Жеткизбей төбөсүнө керет боюн.

Узарат ой сапары жообун таппай,

Чечилбей кала берет сырдуу түйүн.

***
Сырын издейм жашоо аттуу чоң бактын,

Тапкым келет асылдыктын башатын.

Көргүм келет кантип адам жанына,

Жаман-жакшы сапаттардын тарашын.

Чырмооктонуп сөңгөгүнө жабышкан,

Сыйрып алсаң жаны кейип кайышкан,

Сары чырмоок сыяктанган сезимдер,

Адам менен күч сынашып кармашкан.

Таап алып жамандыктын өзөгүн,

Сууруп, анан келет дароо өрттөгүм.

Тикенектей сайгылаган жамандык,

Ээлебесе адамдардын жүрөгүн!

Тинтип издейм мерестиктин тамырын,

Буусам деймин анын жашоо азыгын,

Кай жеринен кыйып салсам өспөс дейм,

Сырты жашыл, ичи чирик бутагын.

Издей берем таза бүчүр, жаш бутак,

Суугарылган мөлтүр кашка булактан,

Алп Багбандан “Сактай көр”, – деп мен сурап,

Үзгүм келбейт үмүтүмдү чоң бактан.



Мен кеттим...
Мен кеттим ааламдын чыгышына,

Сапар алдым чексиздиктин арасына,

Турмуштун түйшүгүнөн азаттыка,

Бет алдым кыялдардын калаасына.


Кыдырып эңсеп жүргөн жерлеримди,

Сүртөмүн мезгилдерге элесимди,

Төшөлүп, толгон айдын ак нурундай,

Билемин кайра жерге келеримди.


Даңазалайм кылымдарга аруулукту,

Чогултуп тирүүлүктү, жылуулукту,

Жазында жамгыр менен бир төгүлүп,

Тартуулайм ар бир жанга сулуулукту.

***
Мен – аба, мен – шамал, шоокуммун,

Көбүргөн көк тармал толкунмун,

Түгөнбөй оргуган түпкүрдөн,

Булакмын кандырган моокумуң!


Жарыкмын, шооламын, учкунмун,

Алп күндүн бир үзүм учумун,

Жаңырып ак нурдай тараган,

Жылт эткен элеси учурдун!



Чындык
Байкалбай, көкүрөккө өзүн урбай,

Жалгандан болсо дагы канча улук,

Жалаага далай ирет көңүл бурбай,

“Актык” деп жашап келет жанын уруп.

Аз чыгат анын сааты бул жашоодо,

Буйруптур сабырына топук кылган,

Ага тагдыр көмүскөдө, камоодо,

Күн сыңары жарык берген бийик кырдан...




Жашагым келет...
Жашагым келет турмушта эңсегендей,

Жаштыгымда кыялданып тилегендей,

Жашоомду купул толо өткөрсөм дейм,

Жыпар гүлдү көөдөн кере искегендей!


Жашагым келет саламатта, азап жебей,

Жан кейиткен, жадаткан илдет тийбей.

Жаныма жат, жакпаган ыңгыроону,

Өтсөмчү өмүрүмдө такыр билбей.


Жашагым келет кең таштап арышымды,

Санабастан баскан изим, карышымды.

Чүмчүңдөгөн тар жашоо тушап келет,

Жылдан жылга шамдагай басышымды.


Жашагым келет эрегишип күн менен,

Демөөр болуп, үзүрлөнтүп өзүм менен.

Сереп салбай өмүр көлгө алдыртадан,

Аккым келет толкундатып өмүрдү мен.

***
Кайыр кош! Сары ирең бөтөн сезим!

Самсаалап жөнө менден келбес жакка!

Кыжаалат санааларды сага бердим,

Албаймын бир да күкүм аманатка.


Кайрылба, үйүм жабык өзүң үчүн,

Кутулбай канча түйшүк тартып жүрдүм,

Жашоону шаңдуу түскө боеп бүгүн,

Ак маанай майрамдаймын туулган күнүн!

***
Жаңылгам...

Далай жолу адашкам.

Убагында шайтан менен арбашкам.

Таалайыма жазылганын билгенмин,

Тагдырымдан адал жолду талашкам!
Чачылгам,

Акыл качып, элире.

Чагылгандай “чарт” дей түшүп, ээлиге.

Таалайыма жазылганын сезгенмин,

Тагдыр берди өнөр жылдар энчиме!
Сагынгам,

Айлам куруп, саргайып.

Тажагандан, ашыккандан апкаарып.

Ушул күндүн насибине ишенгем,

Жолугарым, калса дагы кез арып!

***
Өз деп жүрсөң жаттан өтүп көралбай,

Кичинекей жеңишиңе кубанбай,

Кынтык издеп, тузак салып жолуңа,

Чалынтсам дейт өз адамың, капырай!
Өз деп жүрсөң жаттан өтүп кайдыгер,

Кемсинткенден жаза тартпай кайра эгер,

Мүдүрүлсөң кокус анын көзүнчө,

Бут алдыңда жарылса дейт кара жер.


Өз деп жүрсөң жаттан өтүп кек катат,

Сен жөнүндө ушак-айың таратат.

Жакшылыкта кубандырган сөз айтпай,

Онтолоткон, ойго салган кеп айтат.


Өз деп жүрсөң жаттан алыс экен го,

Кээ жакындар жакындарга болуп жоо,

Түк жүйөсүз ак жүзүңдү каралап,

Жабат экен көзүң жокто жалаа-доо.


Өз деп жүрсөң жаттан өтүп, бут тосуп,

Алга умтулсаң артка тартып, жол тосуп.

– Менден неге бул озмок! – деп тынч албай,

Уйку качат, коркунучтуу ой тооруп.


Аталардан тунук келген кайран кан!

Мынча кирдеп, сенде неге бузулган?

Боюң тартып, сыртың салып турсаң да,

Туугандыгым таналбайсың эх, тууган!




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет