34
бөлүшкөнгө кетирген. Ким аны менен маектешип, пикир алмашкысы келсе,
Сократ
бардыгы менен, адамдарды тандабай алар менен сүйлөшкөн, оюн
түшүндүрүп бөлүшкөн. Биринчи жолу Афинада угуучуларды топтоп, аларды ой
жүгүртүп, өзүнүн түшүнүгүн далилдей билүүгө үйрөткөн.
Сократ философиялык көз карашы боюнча натурфилософияга каршы
болгон. Философиянын негизги максаты – адамдардын жашоосундагы негизги
маселени чечүү болуп саналат деп эсептеген, б.а. адамдарды жашоого үйрөтүү
– философиянын негизги максаты. Сократ бүтүндөй табиятты таанып билүүгө
каршы болгон, ошондуктан, адамдын сезүү органдарын керектүү деңгээлде
баалаган эмес. Сократтын айтуусу боюнча адам өзүнүн кол алдындагысын гана
биле алат, ал эми адамдын
кол алдында табият эмес, аалам эмес анын жаны.
Ошондуктан, адамдын чыныгы билими – жан жөнүндөгү гана билим. Ушуга
байланыштуу, Сократ билимдин эң негизги максаты өзүн өзү таанып билүү, б.а
«Өзүңдү өзүң таанып бил» деген накыл сөздү айткан. Бул учкул сөз мааниси
боюнча өтө терең. Билимге түшүнүктү аныктоо аркылуу гана жетүүгө болот
деп эсептеген. Сократ философияда диалектикалык принципте ой жүгүртүүнүн
негиз салуучуларынын бири болуп саналат, анткени, ал өзүнүн маектешип
жаткан адамын чындыкка жетиш үчүн терең ой жүгүртүүгө, ар
кандай
маселени талдай билүүгө, алардын ичинен керектүүсүн тандап алууга жана
өзүнүн оюн ар кандай далилдер менен бекемдөөгө чакырган.
Достарыңызбен бөлісу: