38
«кыймылдаткычы» эмес. Бирок анын биринчи негизги формасы (түзүлүшү).
Инсандык (личностук) Ф.Аквинскийдин оюу боюнча табияттын бардыгынын
эң акыл эстүүсү
жана асылы, интеллектиси. Интеллект – бирөөгө гана
тиешелүү, анткени абсолюттук башталыш эмес, бирок бүтүндүн бөлүгү.
Жалгыз гана
кудайда интеллектин маңызы бар, ал эми адамда – маңыздын
потенциясы болот, ошондуктан «интеллект ойлобойт», бирок адам интеллект
аркылуу, анын жардамы аркылуу ойлонот, ой жүгүртөт.
Фома Аквинскийдин философиялык принцибинин негизин ишеним менен
акыл эстин бири бирине жарашкан байланышы түзөт жана анын оюу боюнча
акыл эс кудайдын бар экендигин рационалдуу түрдө далилдейт жана
ишеничтин чындыкка болгон каршылыгын четке кагат.
Бардык ааламдагы
болгон нерселер кудай жараткан биринен кийин экинчиси болгон
тепкичтердеги тартипке сыйынышат. Фома Аквинскийдин бул схоластикалык-
философиялык концепциясы официалдуу түрдө «католицизмдин» жалгыз гана
чыныгы философиясы болуп жарыяланат.
Достарыңызбен бөлісу: