40
көрсөтмө болуп калган. Ибн Синанын негизги философиялык эмгеги – «Книга
исцеления» («Шыпаа китеби») 18 томдон туруп «Логика», «Риторика»,
«Поэтика», «Физика», «Метафизиканы» камтыган. Чыгармада акыл билими
менен практиканын ортосундагы байланышты түзүүгө аракет кылган. Бул
позициясы анын илимдерди классификациясынан көрүнөт.
Ибн Сина
илимдердин баарын экиге бөлөт: теориялык жана практикалык. Теориялык
илимдер адам ишмердигине көз каранды болбогондорду изилдейт, практикалык
илимдер ишмердиктин өзүн изилдейт. Теориялык
илимдердин максаты
чындыкка жетүү, ал эми экинчиси жыргалчылыкка жетүүгө умтулат. Логика
бул классификацияга кирбейт, ал «инструменталдык»
илим катары бардык
башка илимдерден кабар берет. Теориялык билимдерге физика,
математика,
метафизика кирет. Бул илимдердин ичинде алгачкы (таза) жана экинчилик
(колдонмо) илимдер бар. «Таза» физика – материя, форма, кыймыл,
минералдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, жаныбар
жана адамдардын жаны
жөнүндөгү маселелерди камтыйт. Прикладдык физикага медицина, астрология,
физиогномика, түш жору, талисман жөнүндөгү илим, сыйкырчылык жөнүндөгү
окуу, ошондой эле алхимия да кирет. «Таза» математика – арифметика,
геометрия, астрономия жана музыка теориясын камтыйт.
Ибн Сина боюнча
акыл жаны өлбөс, түбөлүктүү. Акыл – субстанция, ал өз болмушунда телого көз
каранды эмес. Тело өлгөндөн кийин жан өз алдынча жашайт. Жандын башкага
өтүшү жөнүндөгү идеяга Ибн Сина каршы болгон.
Адам жанында теориялык
жана практикалык акыл бар. Теориялык акыл билимди,
практикалык акыл
нравалык принциптерди иштеп чыгат.
Достарыңызбен бөлісу: