Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет40/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Пико делла Мирандола (1463-1499-жж.) адам ай астындагы, асман 
астындагы, асман дүйнөсү менен катар өзгөчө төртүнчү дүйнөнү түзөрүн 


45 
далилдеген. Адам – улуу керемет. «Адамдын рухий керемети асмандын 
кереметинен өтөт. Жер жүзүндө адамдан улуу эч нерсе жок, адамда анын 
акылы менен жанынан улуу эч нерсе жок» «Адамдын жетишкендиги жөнүндө 
сөз» чыгармасы буга мисал боло алат. Кудай адамды космостун борборуна, аны 
акылмандыктын, дүйнөнүн улуулугунун жана сулуулугунун соту катары коет. 
Адамдын улуулугу, анын өзүн жарата ала тургандыгында. Мирандола 
магиянын оригиналдуу концепциясын өнүктүрөт. Ал эски «сыйкырдуулук» 
маанисине жаратылыштын сырына жетүү менен байланышкан «табигый магия» 
идеясын карама-каршы койгон.
2. Кайра жаралуу доорундагы Натурфилософия
Кайра жаралуунун маданияты адамга гана эмес, дүйнөнү жаңыча 
талкуулоого да багытталган. Орто кылым биринчи кезекте Аристотелдин 
пассивдүү материя жана анын формасы жөнүндөгү концепциясына 
негизделген. Орто кылымдын кээ бир философтору формалар материянын 
өзүнүн 
күчүндө 
камтылат 
деп 
эсептешти. 
Кайра 
жаралуунун 
натурфилософиясы үчүн төмөнкү негизги өзгөчөлүктөр мүнөздүү: 
- пантеизм, Кудай менен жаратылышты терең түшүнүү идеясы; 
- микро менен макрокосмостун ажырастыгы идеясы, натыйжасы башкалардан 
бөлөкчө органикалык жаратылышты аналогия боюнча адам аркылуу караган 
көз караш; 
- Гилозоизм бардык болмуштун тирүүлүгүнө жана жандуулугуна ишенүү; 
- Жаратылышты сапаттуу интерпретациялоо; 
- табигый илимдер менен тыгыз байланыш. 
Кайра жаралуунун натурфилософиясынын борбордук идеясы материянын 
өз аракетинин идеясы. Италиянын натурфилософиясынын башатында Николай 
Кузанский (1401-1463-ж.) турган. Эгерде Орто кылымда дүйнө чектүү, 
кыймылсыз жылдыздардын чөйрөсү, борбордо жайгашкан Жер менен 
чектелген катары каралса, Кузанский дүйнө жөнүндө эч кандай борбору жок 
чоң космостук машинадай экендигин айтат. «Дүйнөнүн машинасынын ар жерде 
өзүнүн борбору бар, айланасы болсо эч жерде эмес, же болбосо ал ар жерде 
жана эч жерде болбогондуктан Кудайдын өзү айлана жана борбор. Бул 
космостук механизмдин башталышы бар, бирок аягы жок. Кузанскийдин 
дүйнөнү 
машина 
деп 
атагандыгы, 
жаратылышты 
механикалык 
талкуулагандыкты түшүндүрбөйт, тескерисинче Кузанский жаратылышты 
органикалык түшүнөт. Ал жер жүзүндөгү жашоону жаныбарлардын 
организмине окшоштурат анда таштар – сөөктөр, дарыялар – кылдар, 
өсүмдүктөр – чачтар, жаныбарлар болсо – курт-кумурскалар. Кузанский 
дүйнөнүн «үч түзүлүшү» жөнүндө айтат: «кичине дүйнө» – адам, «чоң дүйнө» – 
универсум, «максималдуу дүйнө» – Кудай абсолют. Ошондо да «кичине 
чоңуна, чоңу максималдууга келет».
XV-XVI кылымдарда табият таанууда орчундуу өзгөрүүлөр болуп өтөт. 
Илимдин философиялык негиздерин кайрадан кароо маселеси келип чыгат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет