Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет42/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Галилео 
Галилей 
(1546-1642-жж.) 
Кайра 
жаралуу 
доорунун 
натурфилософиясын бир жагынан аяктайт, башка жагынан Жаңы мезгилдин 
табият таануусуна негиз салуучулардын бири болуп калат. Галилей 
механиканын принциптерин иштеп чыккан, бир канча астрономиялык 
ачылыштарды жасады. Галилей жаратылышты түшүнүүдө антропоморфтук 
моменттерден баш тартат. Жаратылыш жөнөкөй жана тизмектелген жана анын 
бардык 
көрүнүштөрү 
тынымсыз 
болуп 
турат. 
Жаратылыштын 
рационалдуулугунун булагы – Кудайдык аң-сезим. Кудай дүйнөнү жаратууда 
адамдар эмгек аркылуу жетишүүчү катаал математикалык зарылдыкты салган.
Галилей жаратылышты түшүндүрүүдө атомисттик концепцияда тутунат. 
Ал материянын өлчөөгө мүмкүн болгон, андан кийин алардын ортосуна 
математикалык закондор аркылуу айтылган көз карандылыкты тургузуучу 
мүнөздөмөлөрдү бөлүп көрсөтүүгө аракет кылган. Мындай мүнөздөмөлөр 
мейкиндик убакыт, күч, импульс, тартылуу, ылдамдык, ылдамдануу, инерция 
болуп саналат.


47 
3. Кайра жаралуу доорундагы пантеисттик көз караштын өзгөчөлүктөрү. 
Кайра жаралуу доорундагы социалдык-саясий философия 
Кайра жаралуу дооруна жаңы социалдык-саясаттык көз караштар 
калыптанат. Ошол мезгилдин көрүнүктүү ойчулдардын бири Никколо 
Макиавелли (1469-1527-жж.) болгон. Ал ээлеген жерлеринен түшкөн пайдага 
чиренип бекерчилик турмуш кечкен феодалдык-дворяндык жашоого каршы 
мамиле кылган. Н.Макиавелли католиктик дин өзүнүн жашоосун жашап бүттү 
деп эсептеген. Ал баштапкы христианчылык үндөгөн идеалдарды жактабаган. 
Макиавеллини чыныгы жашоодон иренжиген, моюн сунган жоош адамдарды 
идеалдуу адам катары диний элестетүүлөр канаттандырбады.
Мамлекеттин жаңы концепциясы. Макиавелли ошол мезгилде өкүм 
сүргөн мамлекеттик теократиялык концепциясына карама-каршы келген 
мамлекеттик жаңы концепциясын иштеп чыккан. Ал адамдын кыймылынын эң 
кубаттуу стимулу – бул кызыгуу экенин айткан. Анын көрүнүштөрү көп 
образдуу, бирок ал баарынан көбүрөөк адамдардын өзүнүн байлыгын, өзүнүн 
менчигин сактоону каалоосунда көрүнөт. Мамлекет Кудайдын эрки менен эмес, 
адамдардын өзүн бири-биринен коргонуу керектигинен пайда болгон. 
Макиавелли бийлик ортоңку камтардагы кызматчы жана соодагердин мүлкүнө
таандык болуш керек болгон кубаттуу борборлоштурулган улуттук 
мамлекеттин жактоочусу. 
Макиавелли саясатчыларга чыныгы жыйынтыкка жетишүү үчүн иш 
жүзүндөгү насыяттарды берет. Макиавеллинин оюу боюнча бардык 
цивилизацияланган адамдар принципсиз, өзүмчүлдөр болуп эсептелет. 
Макиавелли саясаттын максаты – башкаруучунун жекече кызыкчылыгы эмес
«жалпы жыргалчылык күчтүү жана бирдиктүү улуттук мамлекетти түзүү» – деп 
белгилейт. Макиавеллинин кеңештери менен көрсөтмөлөрү чечмелөөдө туура 
келүүчү башкаруучуларга абсолюттук жана тоталитардык режимде кабыл 
алынган. XV кылымдын аягында гуманисттик кыймыл жалпы европалык 
мааниге өсүп чыккан. Гуманизм идеясын жайылтуу китеп басуучулукту, 
транспорт менен байланышта техникалык жаңылыктарды колдонууга 
мүмкүндүк берген. Эреже катары гуманисттер өкүм сүргөн диний көрүнүштөр 
жана аларды схоластика менен камсыз кылгандар менен чыр-чатакта болушкан. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет