48
схоластика эмес, анын нравалык, христиандык жашоосу.
Эразм сонун,
жыргалчылык жана ырахат үчүн жаралган дүйнөнүн сүрөтүн тартат.
Эразмдын жакын досу, лондондук колунда бар үй бүлөдөн чыккан
Томас
Мор (1478-1535-жж.) доордун каршылыгын мүнөздөөгө аракет кылып жана
идеалдуу коомдук түзүлүштү сунуш кылган. 1516-жылы «Пайдалуу, орундуу,
чындыгында мамлекеттин эң жакшы түзүлүшү жаңы Утопия аралы жөнүндөгү
алтын китеби» пайда болгон. Китептин биринчи бөлүгү учурдагы Англиянын
Моруна болгон сынчыл сүрөттөсүн элестеткен. Ага Англиядагы «чек аралоо»
мезгилинде койлор «элдерди жеди» деген белгилүү фраза тийиштүү. Ал
учурдагы мамлекет жөнүндө байлардын «сүйлөшүп алуулары» катары айтат.
Адамдар «эң керектүү
эмгек менен иштеген, ансыз бир да коом бир жыл да
жашай албайт» ушундай шарттарда жашашат,
аларга караганда малдын
жашаган жери жакшыраак. Бир жагынан жалкоолордун өмүрү «жыргалчылыкта
өтүп жатат». Куу жана урматы жок адамдардын колуна бардык жыргалчылык
бар, эмгекти сүйгөн жана жөнөкөй массанын тиешесине бүтпөгөн муктаждык
калат. Жамандыктын түбү эмнеде? Бардык элдердин балекеттерин Мор жеке
менчиктин болушунда деп эсептейт. Туура коом жалпы менчикке негизделиш
керек. Мындай коомдун керектигин ыйык жазуунун маалыматтарынан
негиздеген. Китептин экинчи бөлүгүндө Утопия
аралында болгон жашоо
жөнүндө айтылат. Бул жерде жеке менчик жок. Жеке менчиктин жоктугу
акчанын жоктугу менен белгиленет. Акчанын кызматын аткарган алтын жана
күмүштү утопиялыктар кооздук үчүн да колдонушпайт.
Нак ушул
металлдардан кул болгондор үчүн жынжырлар жасалган.
Идеалдуу мамлекет байлыктын жалпылуулугуна, бардык граждандардын
иштеп чыгаруучу эмгекте милдеттүү түрдө катышууга, паразиттик
катмарлардын
болушун жок кылууга, коомдун байлыгын тең бөлүштүрүүгө
негизделет.
Достарыңызбен бөлісу: