63
Фейербахтын бул ойлорунда дин антропологиялык жол менен
түшүндүрүлөт. Фейербах үчүн кудайдын образы – бул адамдын маңызын
алыстатуу. Кудай адамдан алыстатылат. Ага
өз алдынча жашоону таандык
кылат жана бардык нерселердин баш башталмасы деп түшүндүрүлөт. Бул
алыстатуу концепциясы Фейербахтын динди сындоого болгон негизги окуусу
болуп эсептелет. Фейербах жашап турган дин тарабынан алынып келинген
реакциячыл мүнөз менен зыяндуулукту белгилейт, ал адамдын жакшы
турмушка болгон аракетин кесип салат да чыдамкай, ишенимдүү
болууга
мажбурлайт. Фейербах мындай жыйынтыкка келет: чыныгы дин – бул кудайы
жок дин. Диндик сезим – адамдын индивидуалдуу психологиясына таандык,
аны жеңүүгө болот.
Фейербах үчүн жаратылыш – эң жогорку реалдуулук, ал эми адам –
жаратылыштын эң жогорку продуктысы. Адам менен, адам аркылуу гана
жаратылыш өзүн туюмдайт, сезет. Жаратылыштан
жогору турган жана төмөн
турган эч нерсе жок, жаратылыш түбөлүк болгон сыяктуу эле чексиз,
мейкиндик жана убакыт ар кандай болмуш менен маңыздын, ар кандай ой
жүгүртүү менен ишмердиктин, ар кандай гүлдөп өсүш
менен ийгиликтин
негизги шарттары. Чындыгында эле сырткары турган эч нерсе жок, жаратылыш
кубулуштары эки жактуу жашоого ээ эмес. Фейербах мындай дейт:
«Жаратылышта башталыш да, аякташ да жок, баары өз ара аракетте жашайт,
баары салыштырмалуу, баары бир эле убакта аракет жана себеп абалында, анда
баары ар жактуу жана өз ара жооп кайтаруу абалында турат».
Достарыңызбен бөлісу: