72
көбүнчө: кошоктор,
армандар, сүйүү ырлары, тамсилдер, лирикалык жана
эпикалык жанрдагы чыгармаларды, аллегориялык поэмаларды жараткан.
Тоголок Молдо жаш кезинен эле элдик оозеки чыгармачылыкка көп көңүл
буруп, угуп келгендиктен анын
элдик поэзия жана жомоктор, тарыхый
санжырасы менен тыгыз байланышкан бир нече жомоктору, армандары бар.
Мейли кошоктордо болсун, мейли армандарда болсун, теңсиздик ашкереленип,
эмгек даңазаланат. Армандарында болсо көбүнчө кыргыз кыздарынын,
аялдарынын
оор турмушу баяндалып, үмүт тилектери жазылган. Тоголок
Молдо «Куштардын аңгемеси» деген чыгармасында адамдардын кадимки
турмушун сүрөттөгөн. Негизинен бул поэма ошол маалдагы бай-кедей
ортосунда жүргөн күрөштөрдү баяндайт.
Тоголок Молдо «Жер жана анын балдары» поэмасын бөтөнчө ыкма
менен
жазган. «Талым кыз менен Көбөктүн айтышында» биринин табышмагына
экинчиси жооп берип, чыныгы айтыш түрү колдонулса,
бул поэмада жердин
балдары: жамгыр, суу, шамал, от – төртөө кезек менен өз пайдасы жөнүндө сөз
кылышат. Тоголок Молдо жаратылыштагы кубулуштардын өз ара айланышы,
башкаларга тийгизген пайдасы жөнүндө поэзия аркылуу чагылдырууну
көздөгөн. Тоголок Молдонун чыгармалары бири биринен өзгөчө айырмаланат.
Достарыңызбен бөлісу: