Постпозитивизм.
Неопозитивизмдин
«антиметафизикалык»
программасынын кризиси 60-жылдары постпозитивизм деп аталган жаңы
методологиялык концепциянын клыптанышына алып келген. Бул окуунун
башталышы катары К.Поппердин «Илимий ачылыштын логикасы» (1959) жана
Т.Кундун «Илимий революциялардын структурасы» (1963) деген эмгектеринин
жарыкка чыгышы менен байланыштуу. Постпозитивизмде илимдин ар түрдүү
образы жана анын өнүгүү модели сунушталат, илим логикасынан илим
тарыхына өтүү байкалат. Эгерде логикалык позитивизмде илимий билимдин
структурасы изилденсе, постпозитивизм илимий билимдин өнүгүшүн анализге
алат. Ушундай планда жаңы теория кантип келип чыгат, ал кантип таанылууга
жетишет,
альтернативдүү
теориянын
жактоочуларынын
ортосунда
коммуникация мүмкүнбү? Деген сыяктуу суроолорду коет.
Постпозитивизмдин көрүнүктүүү өкүлү болуп англис философу,
социолог Карл Раймунд Поппер (1902-1994) эсептелет. 1937-жылга чейин
Венада, 1937-1945-жылдары жаңы Зеландияда, 1946-жылдан баштап 70-
жылдарга чейин Лондондун экономика жана саясий илимдер мектебинде
профессор болгон. Ал философияга болгон мамилени кайрадан карап чыгат.
Философия акыл-жөндөмүнүн системасы болгону менен илимий прогрессти
стимулдаштырат, илимдин багытын жана тенденциясын көрсөтөт. К.Поппер ар
тараптан илим үчүн болгон философиянын ролун көрсөтөт: - метафизикалык
теориялар аңдалган; - алардын кээ бирлери – изилдөө программасынын
тарыхый прототиби болуп саналат, билимдин өнүгүшү менен алар
текшерилүүчү теория болуп кайра түзүлгөн (м: атомизм теориясы); -
психологиялык көз караш менен алганда ишенимсиз жаратылыш боюнча
метафизикалык болгон идеяны изилдөө мүмкүн эмес; - метафизикалык идеялар
илимге таандык эмес болуп (фальсификация болбостон) сынга таандык.
|