84
Иррационализмдин бирден бир көрүнүктүү өкүлү болуп
Фридрих
Ницше (1844-1900) эсептелет. Ницше аң сезимдин ролун төмөндөтүүгө аракет
жасайт. «Аң сезимдин абалына жана бийиктигине караганда, телонун
функциялары миллион эсе принципиалдуу маанилүү. Ал логикалуулукка,
акылга, чындыкка умтулуучулукка каршы болгон. Баалуулуктарды кайрадан
карап чыгууга чакырат. XIX-кылымдын экинчи жарымында иррационалисттик
багыттын чөлкөмүндө
жашоо философиясы пайда болгон. Анын негиздөөчүсү
болуп
Вильгельм Дильтей (1833-1911) эсептелет. Анын дүйнө таанымына
Ницше таасирин тийгизген. Ал Ницшенин пессимисттик маанайын колдойт.
Жашоо философиясынын негизги идеясы – толук бүтүндөй дүйнө карашты
билдирүүгө акылдын чамасы жетпейт, ошондуктан жашоону түшүнүү маселеси
келип чыгат. Азыр илим жашоонун үстүнөн үстөмдүк кылууда,
бул абалды
радикалдуу өзгөртүү зарыл. Бул философиянын негизги түшүнүгү – «жашоо».
Достарыңызбен бөлісу: