90
Платон болмушту чечмелөөдө карама каршы келген салтты негиздеген.
Болмуш – бул идеялардын дүйнөсү, түбөлүк жашоочу, өзгөрүлбөстүк.
Чындыкка туура келген болмуш чындыкка дал келбеген болмушка каршы
коюлган. Анын астында адамдын сезимдерине жеткиликтүү болгон нерселер
жана кубулуштар түшүнүлөт. Ал эми Гераклит стабилдүү, туруктуу болмуш
жок, болмуштун маңызы анын түбөлүк орундалышында, болмуш менен
болмуш эместин биримдүүлүгүндө турат деген. Гераклиттин космостук оту
(дүйнөнүн негизи) көркөм образдуу формада болмуштун түбөлүк орундашуусу
катары кабылданган.
Заманбап философиялык ойлордо болмуштун мааниси жөнүндө карама
каршы көз караштар да бар. XX кылымдын 20-60-жж.
олуттуу таасир алган
экзистенциализм окуусу философиянын объектиси катары “экзистенция” деп
аталуучу адамдын ички болмушун эсептеген. Ал эми учурдагы диндик
окуулардын бири нетомизм жогорку реалдуулук деп “таза болмушту” билет
жана аны диний мазмунга ээ деп түшүндүрөт. Неопозитивизмдин өкүлдөрүнүн
оюу боюнча философиялык анализ объективдү реалдуулукка жайылтылбай,
түздөн түз тажрыйба менен чектелгендиктен ой жүгүртүүнүн болмушка болгон
мамилесин псевдопроблемдүү деп атаган.
Азыркы учурдагы материалисттик философия болмушту жалпы
барлыкты – материалдык да, идеалдык да феномендерди өзүнө алуучу
категория катары түшүнөт. Болмуш окшоштурулбайт жана материалдык
түзүлүштөргө деп кабылданбайт. Ал адамдын акыл оюунун дүйнөсүн, мааниси
боюнча идеалдуу болуп саналган бардык руханий кубулуштарды өзүнө
камтыйт. Ошону менен бирге болмуш кандайдыр бир аморфтуу нерсе эмес, ал
дайыма өзүнүн анын түзүмүнө ээ. Ушуга байланыштуу анын өз алдынча
формаларын белгилөөгө болот.
1.
Табияттын болмушу – деталдаштырылган жана өз кезегинде кол
тийбеген табияттын болмушу (б.а. адамдын жана анын ишмердүүлүгүнөн көз
карандысыз жашооочу нерселердин жана процесстердин болмушу) жана
адамдын колу менен жаратылган болмуш (же
болбосо адамдар тарабынан
жасалган нерселердин жана процесстердин болмушу) болуп бөлүнөт. Табият
мейкиндикте жана убакытта чексиз жана түбөлүк. Экинчи – адамга
ылайыкташтырылган табият биринчиден көз каранды. Бир жагынан, экинчи
табиятка биринчинин материалы жандандырылган. Башкача айтканда,
объективдүү башкы реалдуулук катары болгон экинчи табиятка адамдын
билимдери, эмгеги жана эрки жандандырылган. Экинчи табият – бул
эмгектенүүнүн куралдары жана шарттары, байланыш каражаттар, адамдын
муктаждыктары – цивилизацияланган болмуш,
материалдык жана акыл ой
маданияты.
2.
Адамдын болмушу. Мында адамдын денеси табияттын бир бөлүгү
катары жана анын мыйзамдарынын аракетине баш ийген буюмдардын бири же
телолордун катардагы саны болуп саналат. Ал башка телолордой эле пайда
болуу, орундашуу жана жок болуу абалдарын басып өтөт. Адам телосу
табияттын бардык телолору сыяктуу энергия жана заттын сакталуу
91
мыйзамынын аракетине кабылат, телосунун өмүр сүрүүсү үчүн аны күндөлүк
кайра калыбына келтирүү керек (тамактануу, сууктан, кырсыктан,
коркунучтардан коргоо). Материалисттик көз карашка ылайык материя
алгачкы, ал эми рух, аң сезим андан кийинки деп эсептейт Ой жүгүртүү үчүн
адам телосуна өмүрдү камсыздап берүү керек. Мындан өмүрдү коргоонун,
адамдын өзүн сактоосунун жана тирүүлүктө калуусунун керектүүлүгү келип
чыгат. Бул азык,
кийим-кече, турак-жай, таза айлана чөйрөгө болгон
муктаждыгын билдирет.
3.
Руханий болмуш индивидуалдаштырылган руханий жана объективдүү
(тышкы
индивидуалдык)
руханийлик
катары
жашайт.
Индивидуалдаштырылган руханий болмуш – бул адамдын ички жан дүйнөсү;
өзүнө аң сезимдүү жана аң сезимсиздикти да камтыйт. Мындай мамиледе рух –
бул индивидуалдык аң сезимге окшоштурулган түшүнүк. Ал эми тар мааниде –
бул ой жүгүртүү. Аң сезим – дүйнөнүн болмушун максаттуу чагылдыруу, аны
образдарга жана түшүнүктөргө айландыруу. Ал таасирлердин, туюп
сезүүлөрдүн, кайгыруу же кубануулардын, ой жүгүртүүлөрдүн көрүнбөгөн
процесси. Ошондой эле идеялардын, көз караштардын, баалуулуктардын,
көрсөтмөлөрдүн жана стереотиптердин процесси. Акыл эс, аң сезим
кайталанбас, тез жүрүүчү жана түрдүү мүнөзгө ээ. Формасы боюнча бул
процесс ар түрдүү, бирок анын белгилүү тартиби, туруктуулугу,
структурасы,
жүрүм турумунун жана эркиндигинин тигил же бул даражасы бар. Адамдын аң
сезими – анын өздүк аң сезими да болуп саналат. Б.а. өзүнүн телосун, ойлорун,
сезимдерин, башка адамдарга болгон мамилесин жана коомдогу ордун түшүнүп
билүүсү, өзүн таанып билүүсү. Өздүк аң сезим – бул биздин акыл-эсибиздин
реалдуулугу.
Индивидуалдык аң сезимдин өзгөчөлүгү – бул жеке адамга гана таандык
болгондугу, бирок анын кээ бир бөлүктөрү тышкы индивидуалдык руханий
формага айланат. Адамдын иш аракеттеринде анын аң сезиминин фрагменттери
объективдештирилет. Аны менен адамдын ойлому, мотивдери, максаттары,
идеалдары предметтешет. Тышкы индивидуалдык руханий болмуштун
өзгөчөлүгү – анын элементтеринин сакталышы, өсүп өнүгүүсү жана социалдык
мейкиндик жана убакытта реалдуулук катары көрүнүүсү.
4.
Социалдык болмуш. Коомдогу жеке бир адамдын болмушу жана
коомдун өзүнүн болмушу болуп бөлүнөт. Ар бир адам башка адамдар менен
тынымсыз байланышка кирет, ар түрдүү социалдык топтор: үй бүлө, коом
(коллектив), улуттук жалпылык ж.б. менен
мамиледе болот жана тыгыз
байланышта жашайт. Адамдардын ишмердүүлүгү коомдук мамилелердин
социумуна таандык рамкаларда жүрөт: саясат, укуктук, экономикалык,
моралдык ж.б.
Болмуш категориясы – бул жалпы философиялык абстракция, табияттагы
түрдүү кубулуштарды жана процесстерди, коомду жана адамдарды, социалдык
институттарды, адам аң сезиминин абалын, деңгээлдерин, формаларын
бириктирет. Бул кубулуштар жана процесстер болмуштун ар кандай
чөйрөлөрүнө кирсе да, алардын баары жалпы негиз менен бириккен.